М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

16.08.2021

Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү тууралуу

2.

№-2

16.08.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө наам ыйгаруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

16.08.2021

 

Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү тууралуу

 Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 01-сентябрь 1993-жылда туулган "Собир ата" дыйкан чарбасынын мүчөсү Собиров Исломбек Махаммадиброхимовичтин, Дөң-Кыштак айыл ургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 02-апрель 2000-жылы туулган "Ал Хамид" дыйкан чарбасынын мүчөсү Розалиев Асрорбек Абдилвохидовичтин, Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 28-июнь 1967-жылы туулган "Мамасидик" дыйкан чарбасынын мүчөсү Гафуров Маөрифжон Мамасидиковичтин жана Дөң-Кыштак айыл тургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 11-март 1963-жылы туулган жеке ишкер Жораев Махамаджон Турсунмаматовичтин талапкерлигин карап чыгып, талкуулап "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 01-сентябрь 1993-жылда туулган "Собир ата" дыйкан чарбасынын мүчөсү Собиров Исломбек Махаммадиброхимовичтин, Дөң-Кыштак айыл тургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 02-апрель 2000-жылы туулган "Ал Хамид" дыйкан чарбасынын мүчөсү Розалиев Асрорбек Абдилвохидовичтин, Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 28-июнь 1967-жылы туулган "Мамасидик" дыйкан чарбасынын мүчөсү Гафуров Маөрифжон Мамасидиковичтин жана Дөң-Кыштак айыл тургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 11-март 1963-жылы туулган жеке ишкер Жораев Махамаджон Турсунмаматовичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.

2.         Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№-2

16.08.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө наам ыйгаруу жөнүндө

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө кадыр-барктуу инсан Салайдинов Сабир наамын ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2021-жылдын 15-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө жана географик жерлерге наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө эл арасында кадыр-баркка ээ болгон жана айылдын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон маркум Салайдинов Сабир наамы ыйгарылсын.

2.         Наамы ыйгарылган көпүрөөнү каттодон өткөрүү Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  төрагасы 

 

К. Сатторов                  

 

 

Назад