М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

09.02.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана пайдаланылбай калган акча каражаттарды 2021-жылда пайдаланууну багыттарын бекитүү жөнүндө

2.

№2

09.02.2021

 "CASA-1000" эл аралык долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынын "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

3.

№3

09.02.2021

    "Сахаба" эс алуу багындагы спорттук аренага наам ыйгаруу  жөнүндө

4.

№4

09.02.2021

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы  көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

5.

№5

09.02.2021

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында жер ажыратып берилиши жөнүндө

6.

№6

09.02.2021

"CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынын "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

7.

№7

09.02.2021

Жаңы-Ноокат Жайыт комитетинин 2021-жылга карата божомол бюджетин жана 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

8.

№8

09.02.2021

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5462-Шакар-Кыштак участкалык шайлоо комиссиясын мүчөлүгүнө сунушталган  талапкерлердин кошумча   тизмелерин бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

09.02.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана пайдаланылбай калган акча каражаттарды 2021-жылда пайдаланууну багыттарын бекитүү жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы Жергиликтүү бюджетинин  №1-тиркемеге  ылайык киреше боюнча маалыматын, №2-тиркемеге ылайык бюджеттин аткарылышы жана иштетилбей калган акча каражаттар, №3-тиркемеге ылайык 2021-жылга карата пайдалануу багыттарын карап чыгып, талкуулап  Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы  №1 жана №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

 

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинен пайдаланылбай калган акча каражаттарды  №3-тиркемеге ылайык 2021-жылга карата пайдалануу багыттары бекитилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго  жүктөлсүн.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин "Экономика, бюджет жана ишкердүүлук"  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

09.02.2021

 

 "CASA-1000" эл аралык долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынын "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

    "CASA-1000" эл аралык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун,  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 9-пунктунун негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000" эл аралык долбоорун ишке ашыруу үчүн №112 контурунан 0.0648 га, №124 контурунан 0.0324  га, №125контурунан 0.0324 га жалпы 0,1296 га КБФ нун кайрак айдоо жер участокторун "Айыл чарба багытындагы"  жерлер категориясынан  "Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2.         Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

3.         Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү жерге байланышкан юридикалык иш кагаздарды даярдап берүү жагы "Кадастр" малекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан суралсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

09.02.2021

 

    "Сахаба" эс алуу багындагы спорттук аренага наам ыйгаруу  жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү "Сахаба" эс алуу сейилбагында жайгашкан,  улуттук күрөш жана башка спорт оюндары өткөрүлүүчү аренанын аталышына эл арасында кадыр-баркка ээ болгон, ардагер спортчу Жаңы-Ноокат элине чоң эмгек сиңирген  "Тураев Машрабхон" атанын наамын ыйгарууну карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү "Сахаба" эс алуу сейилбагындагы спорттук аренанын аталышына эл арасында кадыр-баркка ээ болгон, ардагер спортчу "Тураев Машрабхон" атанын наамы ыйгарылсын.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

09.02.2021

 

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы  көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн Катта-Тал  айылындагы көчөлөрдүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2021-жылдын 02-февралындагы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы  Бозор Арык бөлүмүндөгү көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Мирзалиев Момин" наамы ыйгарылсын.

 

2.         Аталган көчөнү каттодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

09.02.2021

 

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында жер ажыратып берилиши жөнүндө

   Жаңы-Ноокат айылында социалдык-экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл тургундарына жумушчу иш орундарды жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундарына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында социалдык-экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, айыл тургундарына жумушчу иш орундарды жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундарына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жер Кодексинин" негизинде (аукцион, конкурс, жана башка талаптарга ылайык) жер менен камсыз кылып берилиши айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

09.02.2021

 

"CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынын "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

   "CASA-1000" эл аралык  долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн 5 даана электр аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №109,110, 19,147, 148 контурларында жайгашкан жалпы 1657 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун,  "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга  (трансформациялоого ) макулдук берилсин.

 

2.         Долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Эргашевге милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Рузалиевге тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№7

09.02.2021

 

Жаңы-Ноокат Жайыт комитетинин 2021-жылга карата божомол бюджетин жана 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

    Жаңы-Ноокат Жайыт комитетинин 2021-жылга карата божомол бюджетин жана 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  "Экономика, бюджет жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2021-жылга Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюждетинин кирешелери жана чыгашалары 460 000 (төрт жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         2021-жылга Жайыт комитетинин бюджетин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

 

3.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган Жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп түрүү жагы ЖПБнын төрагасы М.Юсуповго тапшырылсын.

 

4.         Жаңы-Ноокат Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын сураныч каты боюнча Жайыт комитетинин 2021-жылкы кирешеси Жайыт комитетине 100% кайтарылышына макулдук берилсин. 

 

5.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин  2021-жылга карата иш планы №2-тиркемеге ылайык аныкталсын жана бекитилсин.

 

 

6.         Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

 

7.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет жана ишкердүүлүк, мыйзамдуулук, айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 40 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№8

09.02.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5462-Шакар-Кыштак участкалык шайлоо комиссиясын мүчөлүгүнө сунушталган  талапкерлердин кошумча   тизмелерин бекитүү жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5462-Шакар-Кыштак участкалык шайлоо  комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин кошумча    тизмелерин карап чыгып, талкуулап бекитип берүү   максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын  "Шайлоо кодекси" жөнүндөгү  мыйзамдарын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында уюшулган  №5462-Шакар-Кыштак участкалык шайлоо  комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин кошумча    тизмелери бекитилсин.  (тизме тиркелет)

 

2.         Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Ноокат райондук  аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулук, мандат, дин, каада-салт, депутаттык этика" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад