М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

03.03.2021

   Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин депутаттарынын "Этикалык Кодексин"  кабыл алуу жөнүндө

2.

№2

03.03.2021

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

3.

№3

03.03.2021

   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына ФАП имаратын куруу үчүн  "Кызыл-Тейит" орто мектебинин жеринен жер ажыратып берилиши жөнүндө

4.

№4

03.03.2021

Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу

5.

№5

03.03.2021

"CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынын "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

6.

№6

03.03.2021

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Каллик-Тал бөлмөсүнө 100 орундуу "Нүрбөбөк" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын курулушунун долбоору жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

03.03.2021

 

   Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин депутаттарынын "Этикалык Кодексин"  кабыл алуу жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана "Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана жоболоруна таянып, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексин толук талкулоонун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарынын "Этикалык Кодекси" кабыл алынсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.(Кодекс тиркелет).

2.         Бул Кодекс депутаттын ишине керектүү маданияттын калыптанышына көмөк көрсөтүүчү, депутаттын журум-турум стандарттарын (нормаларын) белгилөөчү документ катары эсептелсин.

3.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексинин так аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.

4.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарынын "Этикалык Кодексин" Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин  жооптуу катчысы  А. Худайназаровго тапшырылсын.

5.         Бул токтомду аткаруу Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

6.         Бул токтом Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин www.nookat.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Жаңы-Ноокат айылдык   кеңешинин төрагасынын орун басары

 

М. Саттаров                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

03.03.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агроном М.Собировдун маалыматын угуп жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы №01-25/184 катын карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" №101 мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын, зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо 3000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгин талааларын дарылоо 2000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы бак-дарактарды бутоо жумуштары 30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         Жогорудагы бекитилген бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акынын өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агрономдорго жана айыл башчыларына тапшырылсын.

3.         Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат айылдык   кеңешинин төрагасынын орун басары 

 

М. Саттаров                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

03.03.2021

 

   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына ФАП имаратын куруу үчүн  "Кызыл-Тейит" орто мектебинин жеринен жер ажыратып берилиши жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылындагы ФАП имаратын эскирип калгандыгы жана айылдын этегинде жашаган элдерден алыс жерде жайгашкандыгына  байланыштуу имаратты айылдын борборуна куруп, элдерге тез жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында "Кызыл-Тейит" орто мектеби жеринен жер ажыратып берүү боюнча "Кызыл-Тейит" орто мектебинин мектеп жамаатынын кезектеги №18 протоколун карап чыгып, талкуулап,  Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана "Жер кодекси"  жөнүндөгү  мыйзамдарына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына ФАП имаратын куруу үчүн  "Кызыл-Тейит" орто мектебинин жеринен жер ажыратып берилишине макулдук берилсин.

 

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын "Кызыл-Тейит" орто мектебинин жерине  ФАП имаратын куруу үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү  жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулук жана саламаттыкты сактоо" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат айылдык   кеңешинин төрагасынын орун басары 

 

М. Саттаров                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

03.03.2021

 

Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу

     Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет жана мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары  -  КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.

3.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга бир сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.

4.         Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жоптуу катчысы А. Худайназаровго милдеттендирилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Экономика, бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат айылдык   кеңешинин төрагасынын орун басары 

 

М. Саттаров                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

03.03.2021

 

"CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынын "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

   "CASA-1000" долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагынан өтүүчү "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу үчүн тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №109 контурунан 0.0324 га, №110 контурунан 0.0324га, №19 контурунан 0.0324га, №147 контурунан 0.0324га, №148 контурунан 0.0361га, жалпы 0,1657га мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун "Айыл чарба багытындагы" жерлер категориясынан  "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

3.         Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү жерге байланышкан юридикалык иш кагаздарды даярдап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды кароо башкармалыгынан суралсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык   кеңешинин төрагасынын орун басары 

 

М. Саттаров                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 41 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

03.03.2021

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Каллик-Тал бөлмөсүнө 100 орундуу "Нүрбөбөк" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын курулушунун долбоору жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Каллик-Тал бөлмөсүнө 100 орундуу "Нүрбөбөк" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын курулуш долбоору Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык планына киргизилгендиги жана аталган долбоордун курулушун тездетүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн иш-аракетин карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана "Жер кодекси"  жөнүндөгү  мыйзамдарына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Каллик-Тал бөлмөсүнө 100 орундуу "Нүрбөбөк" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын курулуш долбоору жактырылсын.

 

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынын Каллик-Тал бөлмөсүнө 100 орундуу "Нүрбөбөк" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын курулушунун долбоорун иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат айылдык   кеңешинин төрагасынын орун басары 

 

М. Саттаров                  

 

 

Назад