М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

24.12.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2021-жылга айылдык бюджетин  жана 2022-2023-жылдарга бюджетин  болжолун  бекитүү  жөнүндө

2.

№2

24.12.2020

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" кодекси боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан иш жүргүүзү боюнча протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

3.

№3

24.12.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы  көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 39 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

24.12.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2021-жылга айылдык бюджетин  жана 2022-2023-жылдарга бюджетин  болжолун  бекитүү  жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган айылдык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын  жетекчилеринин  катышуусуунда  депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 27-статьясынын  5-пунктуна  ылайык депутаттардын  Жаңы-Ноокат  айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча долбоору  35875,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         2021-жылга айылдык  бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.  Айылдык  бюджеттин  чыгаша бөлүгү 2021-жылга түшкөн кирешелердин жана  гранттардын чегинде  ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц. Казынага чегирүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу  белгиленсин.

3.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше булактары боюнча  кен байлыктарынан түшүүчү салык 300,0 миң сом, киреше салыгынан  түшүүчү салык 1150,0 миң сом,  ыктыярдуу патент 802,0 миң сом, айыл чарба эмес жеринен алынуучу салык 259,0 миң  сомго бекитилген план 2511 миң сомго  кем  аткарылуусунун  болжолу жыл ичинде түзөтүүлөр  жүргүзүлсүн.

4.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык бюджетинин  болжолунун  негизги  көрсөткүчтөрү  №2,3 тиркемеге  ылайык  колдоого  алынсын. Кирешенин болжолу 2022-жылга 36416,6 миң сомго (Республикалык  бюджеттен алынуучу  гранттар 8250,0 мин сом менен жана 2023-жылга 36867,0 миң  сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8300,0 миң сом менен) белгиленсин,  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга айылдык бюджетинин негизги  көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү  мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

5.         Атайын каражаттарды кирешесинин  сметада белгиленген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын  чыгымдоого тыюуу  салынсын.

6.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын  2021-жылга  Республикалык  бюджети 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз Республикалык  бюджетке  алынып  коюлуусу  эскертилсин.

7.         Айыл өкмөтүнүн  башчысы  төмөнкүлөргө укуктуу:

-      ушул  токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджетинин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү  киргизүүгө;

-  ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде  тактоолорду  жүргүзүүгө;

 -      киреше  бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын  кароо.

8.   2021-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.

9.    Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансыялык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик  каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун  камсыз кылуу жагы айыл  өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө  алынсын.

 10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 39 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

24.12.2020

 

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" кодекси боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан иш жүргүүзү боюнча протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" кодекси боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан иш жүргүүзү боюнча протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин тизмесин бекитүү боюнча  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн берген сунушун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" кодекси боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан иш жүргүүзү боюнча протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин тизмеси бекитилсин. (тизме тиркелет)

2.         Ыйгарым укукка ээ болгон кызматкерлер ушул кодекстин милдеттерин, колдонулушун, принциптерин жана жаза чараларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын конституциясынын "Бузуулар" кодексинин негизинде аткарылышы камсыз кылынсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 39 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

24.12.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы  көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн Катта-Тал  айылындагы көчөлөрдүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2020-жылдын 19-декабрь жана 22-декабрындагы жалпы чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы "Мирзакаримов" атындагы орто мектебинен түндүк тарабына карай Ташкоргон 1 көчөсүнө чейинки  болгон көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон " Полковник Кочканов Маматякуб" наамы ыйгарылсын.

2.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы  Зарбдар бөлүмүнүн базар-арыктан баштап  батыш тарабына карай созулган көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Ахмаджон-Ата" наамы ыйгарылсын.

3.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы Достук бөлүмүнүн батыш тарабындагы Каллик-Тал 2  көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Мурзакулов Токторали Козубаевич" наамы ыйгарылсын.

4.         Аталган көчөлөрдү каттодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

5.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад