М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылындагы Тескей жана Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

2.

№2

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун отчету туралуу.

3.

№3

28.08.2020

   Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө сунушталган  талапкерлердин кошумча   тизмелерин бекитүү жөнүндө

4.

№4

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылындагы жаңы берилген жер тилкелери жөнүндө

5.

№5

28.08.2020

   "Бахтиңр" жеке ишкердик коомуна трансформатор оңдоо боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө.

6.

№6

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исмановга унааларга техник тейлөө көрсөтүү    боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

7.

№7

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

8.

№8

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Тепа" коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде муниципалдык жер ажыратып берүү жөнүндө

9.

№9

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов атындагы орто мектебинин спорт аянтына "Мини футбол"  аянтчасын курулушуна макулдук берүү жөнүндө

10.

№10

28.08.2020

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылындагы Тескей жана Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Тескей жана Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү көчөлөрдүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2020-жылдын 17-июлундагы жалпы чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Тескей бөлүмүндөгү көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Рузалиев Зокиржон" аты ыйгарылсын.

2.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 1-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Охунов Пазыл" наамы ыйгарылсын.

3.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 2-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Юсуфжонов Орифжон" наамы ыйгарылсын.

4.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 3-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Курбонов Фарход" наамы ыйгарылсын.

5.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 4-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Даняров Ңрмахаммад" наамы ыйгарылсын.

6.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 5-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Исмонов Омонбой" наамы ыйгарылсын.

7.         Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 6-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон "Ортиков Ортигмамат" наамы ыйгарылсын.

8.         Аталган көчөлөрдү каттодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.

9.              Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

10.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун отчету туралуу.

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун жыйынтыгы 1342900 (бир миллион үч жүз кырк эки миң) сом акча каражатын түзгөндүгүн, анын ичинен тез жардам унаасын сатып алуу үчүн 819000 (сегиз жүз он тогуз миң) сом акча каражаты сарпталгандыгын, калган 523900 (беш жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражатын тез жардам жайгашкан имараты кеңейтип оңдоо жана керектүү шаймандар сатып алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн М. Саттаров жетекчилигиндеги комиссия курамына өткөрүп берилгендигин карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамынын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(отчет тиркелет)

 

2.               Калган 523900 (беш жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражатынын жумшалышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн М. Саттаров жетекчилигиндеги комиссия курамына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

28.08.2020

 

   Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө сунушталган  талапкерлердин кошумча   тизмелерин бекитүү жөнүндө

  Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5405-Жандама, №5406-Катта-Тал, №5409-Кызыл-Тейит,  №5536-Темир-Корук жана №5573-Тескей участкалык шайлоо  комиссияларынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин кошумча    тизмелерин карап чыгып, талкуулап бекитип берүү   максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын  "Шайлоо кодекси" жөнүндөгү  мыйзамдарын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында уюшулган №5405-Жандама, №5406-Катта-Тал, №5409-Кызыл-Тейит, №5536-Темир-Корук жана №5573-Тескей участкалык шайлоо  комиссияларынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин кошумча    тизмелери бекитилсин.  (тизме тиркелет)

2.         Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Ноокат райондук  аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Мыйзамдуулук, мандат, дин, каада-салт, депутаттык этика" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылындагы жаңы берилген жер тилкелери жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтомунун негизинде калктуу коңушту кеңейтүү, турак жай менен камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү боюнча 36,02 га жер тилкеси трансформацияланган, анын ичинен 17,19 га жер тилкеси Катта-Тал айылынын Зарбдар бөлүмүнө Жаңы-Ноокат айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн атайын түзүлгөн башкы пландын негизинде өлчөмү 0,06 га болгон 227 даана жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бирок 227 даана жер тилкесинин ичинен 22 жер тилкеси тургундар тарабынан турак жай куруу үчүн ыңгайсыз деп нараазычылык билдирип башка жерден жер тилкеси ажыратып берүүнү талап кылып жаткандыктарын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси"  жөнүндөгү  мыйзамдарынын негизинде  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтому менен бекитилген жер тилкелеринен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тургундарынан 22 айыл тургуну бул жерге турак-жай куруп болбойт, турак-жай курууга ыңгайсыз деп нараазычылык билдиргендиктери үчүн аталган жер тилкелерин кайрадан карап чыгуу үчүн төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.

 

Комиссиянын төрагасы:

К. Саттаров-  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

Комиссиянын мүчөлөрү

А. Абдиназаров - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты

М. Кораболаев- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты

А. Артиков - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты

Р. Гажиров - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты

 

Ш. Кенжаев - айыл тургуну

Т. Махмудов - айыл тургуну

О. Абдулхамидов - айыл тургуну

 

2.         Тез аранын ичинде берилген жер тилкеси боюнча нараазычылык билдирген айыл тургундары  менен сүйлөшүп, жайына барып 22 жер тилкесин көрүп тиешелүү корутунду чыгарып, айылдык кеңешине сунуш даярдоо иштери комиссия курамына тапшырылсын.

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин "Айыл чарба, суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

28.08.2020

 

   "Бахтиңр" жеке ишкердик коомуна трансформатор оңдоо боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө.

   "Бахтиңр" жеке ишкердик коомунун башчысы Нурмахамадов Бахтиңр Рахматуллаевичтин 2020-жылдын 30-июнундагы каты менен таанышып чыгып, бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн борборунда муниципалдык жер болбогондуктан, жаңы трансформация болуп келетурган жерден жер ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын  "Жер кодекси" жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Бахтиңр" жеке ишкердик коомуна трансформатор оңдоо боюнча ишкана куруу үчүн муниципалдык жерден Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси" нин негизинде каралган (аукцион, конкурс) шарттары жана талаптарына ылайык  жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин "Соода, транспорт,курулуш, өнөр-жай жана кайра иштетүү" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исмановга унааларга техник тейлөө көрсөтүү    боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исманов унааларга техник тейлөө көрсөтүү    боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын  "Жер кодекси" жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исмановга унааларга техник тейлөө көрсөтүү    боюнча ишкана куруу үчүн муниципалдык жерден Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси" нин негизинде каралган (аукцион, конкурс) шарттары жана талаптарына ылайык  жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин "Соода, транспорт,курулуш, өнөр-жай жана кайра иштетүү" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№7

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасы пандемия учурунда үзүлүксүз иштеп, комфоркасы бузулуп оңдоого муктаж болгондугуна байланыштуу оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн өткөрүлгөн марафондон калган 523900 сом акча каражатынан 8800 (сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№8

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Тепа" коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде муниципалдык жер ажыратып берүү жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылына караштуу Токой бөлүмүндөгү Чили-Сай дарыясынын батыш жагындагы 0,18 га ыңгайсыз, жанбоор жерде жайгашкан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери болуп эсептелген жерди "Тепа" коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде ижарага берип түшкөн дараметтен айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык колдоо көрсөтүү шарты менен пайдаланууга берүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жана Кыргыз Республикасынын  "Жер кодекси" жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылына караштуу Токой бөлүмүндөгү Чили-Сай дарыясынын батыш жагындагы 0,18 га ыңгайсыз, жанбоор жерде жайгашкан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери болуп эсептелген жерди "Тепа" коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде 2021-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси" нин негизинде каралган (аукцион, конкурс) шарттарында  ижарага берип түшкөн дараметтен айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык колдоо көрсөтүү шарты менен пайдаланууга макулдук берилсин.

2.         Аталган жерге кароол Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтү тургундарынан дайындалсын.

3.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Айылдык кеңештин "Айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№9

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов атындагы орто мектебинин спорт аянтына "Мини футбол"  аянтчасын курулушуна макулдук берүү жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы жаштардын демилгеси менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов орто мектебинин спорт аянтына "Мини футбол"  аянтчасы курулуп жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов орто мектебинин спорт аянтына демөөрчүлүк жолу менен "Мини футбол"  аянтчасын курулушуна Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен  Мирзакаримов атындагы  орто мектебинин жамааты келишип, макулдук берилсин.

 

2.         "Мини футбол" аянтчасы үчүн ажыратылган жерди Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси" нин негизинде берилишин камсыз кылуу жагы  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин "Элге билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, миграция, туризм жана жаштар саясаты" боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№10

28.08.2020

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 70629-бөлүмүнүн 2221-беренесинен 267000 (эки жүз алтымыш жети миң) сом акча каражатын 70629-бөлүмдүн 3111-беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовга жүктөлсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин "Экономика, бюджет жана ишкердүүлук" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад