М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

11.07.2020

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залында 50 орундуу күндүзгү дарылануу  жайын уюштуруу боюнча 2020-жылкы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2.

2

11.07.2020

 Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштурууга макулдугу туралуу

3.

3

11.07.2020

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемесин пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 35 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

11.07.2020

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залында 50 орундуу күндүзгү дарылануу  жайын уюштуруу боюнча 2020-жылкы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан  Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу  жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек  атындагы орто мектебинин спорт залына бейтаптарды жаткыруу үчүн бардык шарттары менен  50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштуруп берүү максатында 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинин 701-бөлүмүнүн 2211-статьясынан 150000сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 2221-статьясынан 150000 сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 3111-статьясынан 600000сом акча каражатын,70825-бөлүмүнүн 2215-статьясынан 260000 сом акча каражатын,70911-бөлүмүнүн 2111-статясынан 30000 сом акча каражатын, 70921-бөлүмүнүн 2215-статьясынан  550000 сом акча каражатын,  бардыгы болуп 1740000 (бир миллион жети жүз кырк мың) сом акча каражаттан 70221-бөлүмүнүн 2215-статьясына 350000 сом, 70491- бөлүмүнүн 2221-статьясына 1390000 сом акча каражатын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы" жөнүндөгү  мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан  Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу  жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек  атындагы орто мектебинин спорт залына бейтаптарды жаткыруу үчүн  50 орундуу  күндүзгү дарылануу жайын уюштуруп  берүү максатында 2020-жылкы жергиликтүү бюджетинин 701-бөлүмүнүн 2211-статьясынан 150000сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 2221-статьясынан 150000 сом акча каражатын,706-бөлүмүнүн 3111-статьясынан 600000сом акча каражатын,70825-бөлүмүнүн 2215-статьясынан 260000 сом акча каражатын,70911-бөлүмүнүн 2111-статясынан 30000 сом акча каражатын, 70921-бөлүмүнүн 2215-статьясынан  550000 сом акча каражатын, бардыгы болуп 1740000 (бир миллион жети жүз кырк мың) сом акча каражаттан 70221-бөлүмүнүн 2215-статьясына 350000 сом, 70491-бөлүмүнү 2221-статьясына 1390000 сом акча каражатын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн статьяларын өзгөртүү  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн.

 

 

3.         Мирзо Улугбек атындагы орто мектебине 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын  уюштуруу үчүн керектелүүчү  каражаттарды бөлүп берүү  жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык  кеңештин  элге билим берүү,спорт, туризм,миграция, жаштар саясаты жана саламаттыкты сактоо комиссиясы менен экономика,бюджет жана ишкердүүлүк   боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 35 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

11.07.2020

 

 Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштурууга макулдугу туралуу

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн өзгөчө абал мезгилинде коронавирус (covid19) пандемиясы менен ооругандарга жана ооруган адамдар менен мамиледе болгондорго медициналык жардам көрсөтүү максатында медицина кызматкерлери менен макулдашылып Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Дөң-Кыштак" айылында жайгашкан Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына  50 орундуу бардык шарттары менен күндузгү дарылануу жайын уюштурууну карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы" жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Коронавирус (covid19) пандемиясын  алдын алуу жана илдетке каршы күрөшүү максатында Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын  уюштурууга макулдук берилсин.

2.         Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин спорт залына 50 орундуу күндүзгү дарылануу жайын уюштурууну көзөмөлдөө үчүн төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы:

Сатторов М.           Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

Комиссиянын мүчөлөрү:

 Абдусаломов А.              Дөң-Кыштак айылынын депутаты

 Махмудов М.                  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

 Абдукодиров Т.             Жандама айылынын депутаты

 Абдулкосимов М.          үДТ 12-нын үй-бүлөлүк дарыгери

 Мирзаякубов Х.            Көчө комитети

 Козибоев  Ю.                 Өкмөт адиси

3          Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жагы Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4          Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет жана ишкердүүлүк; элге билим берүү,спорт,саламаттыкты сактоо,туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 35 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

11.07.2020

 

  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемесин пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

               Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемеси уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемесине керектелүүчү материалдар менен камсыздоо, тамак-аш, балдар бакчасын штаттык  бирдиги,эмгек акы маселелери көрүлүп,жамааттар тарабынан чечим кабыл алынган. Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, айыл аймагынын Катта-Тал айылында 60 орундуу  “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемеси туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1             Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын тургундарынын демилгеси менен айыл тургуну Абдирахимова Угулойдын жеке менчик “Маданият” үйүнүн бир бөлүгүндө 60 орундуу “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемеси уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемесине керектелүүчү материалдар менен камсыздоо, тамак-аш, балдар бакчасын штаттык  бирдиги,эмгек акы маселелери көрүлүп,жамааттар тарабынан чечим кабыл алынган. Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, айыл аймагынын Катта-Тал айылында 60 орундуу  “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму” нун мекемесин пайдаланууга макулдук берилсин.

2             “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму”нун мекемеси уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемесине материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3             “Жандама мектепке чейинки билим берүү уюму”нун мекемеси мамлекеттик бюджет эсебинен айлык эмгек акылары төлөп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4             Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Экономика,бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

Номан уулу Х                 

 

 

Назад