8 |
||||
|
||||
|
||||
Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Жаңы-ноокат
айылы |
№9 |
26.06.2020 |
||
|
Жаңы-Ноокат
айылдык кеңешинин Жаңы-Ноокат айылына тез жардам унаасын сатып
алып берүү жөнүндө |
|||
Жаңы-Ноокат
айыл өкмөтүнүн тургандарына медициналык тез жардам көрсөтүүчү
автоунаа көп жылдардан бери пайдаланылып, пайдаланууга жараксыз абалга келип
калгандыгы, атайын эмеректери жоктугунан ооруп калган айыл тургундарын
айылдык ооруканага жеткирүүдө ыңгайсыз болуп
жаткандыгын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жергиликтүу өз алдынча башкаруу
жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына
таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын
отуруму |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургандарына
медициналык тез жардам көрсөтүүчү автоунаа көп жылдардан бери пайдаланылып,
пайдаланууга жараксыз абалга келип калгандыгы, атайын эмеректери жоктугунан
ооруп калган айыл тургундарын айылдык ооруканага жеткирүүдө
ыңгайсыз болуп жаткандыгына байланыштуу айыл аймагындагы демөөрчүлөрдүн
жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы тез жардам
автоунаасын сатып алууга макулдук берилсин. 2. Тез
жардам көрсөтүүчү автоунаасын сатып алуу үчүн
марафон өткөрүлсүн. 3.
Марафон өткөрүү иштери азыркы кырдаалга
байланыштуу мобильдик түрдө жүргүзүлсүн. 4. Тез
жардам автоунаасын сатып алуу үчүн байкоочу комиссия жана уюштуруу тобун түзүү
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын 5. Тез жардам автоунаасын сатып алуу үчүн
демөөрчүлөрдөн акча каражаттарын чогултуу үчүн
эл арасында түшүндүрүү жана акча чогултуу
иштерин жүргузүү жагы айыл өкмөтүнүн
аймагындагы көчө комитеттерин төрагаларына, айыл
активисттерине жана айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын. 6. Ушул
токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин
кошумча булактарынан акча каражаттарын
бөлүп берүү
жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө
тапшырылсын. 7.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет
жана ишекрдүүлүк; Элге билим берүү,
спорт, саламаттыкты сактоо, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу
комиссияларына тапшырылсын. |
||||
Жаңы-Ноокат айылдык төрагасы |
|
Номан уулу Х |
||
|
||||
|
||||