М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

27.12.2019

Ноокат райондук прократурасынын 2019-жылдын 19- декабрындагы № 1ү 1908ү19 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушу тууралуу

3.

№3

27.12.2019

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2020-жылга карата иш- планын бекитүү жөнүдө

4.

№4

27.12.2019

Жаңы-Ноокат айыл окмотунун  2020-жылга айылдык бюджети  жана 2021-2022-жылдарга бюджетин  болжолун  бекитүү  жөнүндө

6.

№6

27.12.2019

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты көрсөтүү жана кызмат көрсөтүү арекеттерди уюштурууга макулдук берүү жөнүндө

7.

№7

27.12.2019

        2019-жылдын жыйынтыгы боюнча   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  айрым депутаттарын   Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардак Грамоталары" менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө.

8.

№8

27.12.2019

Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн эсебиндеги муниципиалдык жери болгон айылдык ооруканасынын аймагына спорт зал куруу үчүн 300 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү  жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 31 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

27.12.2019

 

Ноокат райондук прократурасынын 2019-жылдын 19- декабрындагы № 1ү 1908ү19 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушу тууралуу

        Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан , Ош областтык прокуратурасынын 11-2д-953-19 саны менен чыгышталган катынын негизинде Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелеринин, чыгымдарынын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү" Мыйзамдарынын талаптарынын аткарыштары боюнча текшерүү жүргүзүлүп,төмөнкүлөр аныкталган.

         Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелеринин, чыгымдарынын ,милдеттемелерин жана мүлкүн  декларациялоо жөнүндөгү" Мыйзамдарынын 5-берене 1-б талаптарына ылайык, декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1- апрелинен кечиктирбестен декларант тарабынан, анын паспорттук маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органына бериле тургандыгы каралган.

       Көрсөтүлгөн  талаптардын негизинде, Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн корутундуларына ылайык,Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылдык кеңештин депутаттары Бахрамов Сайдамирхан Сайдахбарович жана  Кочконов Маматякуб Мирзакаримовичтер 2018-жыл үчүн 2019-жылы тапшырган  декларациялоо  өздөрүнө таандык мүлктөрүн (менчигиндеги турак жай,жер жана башка) толук көрсөтбөстөн тапшырышкан. Натыйжада,  аталган мыйзамдын талаптары бузулган.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясыжөнүндөгү мыйзамына  таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Ноокат райондук прократурасынын 2019-жылдын 19- декабрындагы № 1ү 1908ү19 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушун  аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

 

2   Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелеринин, чыгымдарынын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү" Мыйзамдарынын талаптарынын аткарыштарын камсыз кылуу боюнча айылдык кеңештин депутаттары арасында  түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

 

3 Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 31 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

27.12.2019

 

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2020-жылга карата иш- планын бекитүү жөнүдө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялып пландарынын аткарылышында Кыргыз Респулдикасынын мыйзамдарынын талаптары  негизинде иш алып барууну уюштуруу максатында иштелип чыгылган Жаң-Ноокат айылдык кенишинин 2020-жылга карата иш -планын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы  жөнүндөгү" мыйзамына таянып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2020-жылга карата иш- планын  №1 тиркемеге ылайык  бекитилсин.

 

2   Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2020-жылга карата иш- планын  өз  убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 31 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

27.12.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл окмотунун  2020-жылга айылдык бюджети  жана 2021-2022-жылдарга бюджетин  болжолун  бекитүү  жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл    2020-жылга каралган айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү  маселени "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын  жетекчилеринин  катышуусуунда  депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Эконимика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 27-статьясынын  5-пунктуна  ылайык депутаттардын  Жаңы-Ноокат  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2020-жылга Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айылдык бюджетинин кирешелери жана  чыгашалар 34802,2 миң  сом өлчөмүндө  бекитилсин.

2  2020-жылга айылдык  бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайыканыкталсын.  Айылдык  бюджетин  чыгаша бөлүгү  2020-жылга түшкөн  кирешелердин жана  гранттардын чегинде. Ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц. Казынага чегирүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу  белгиленсин.

 3 .Жаңы-Ноокат айыл окмотунун 2019-жылдын киреше булактары боюнча  кең байлыктарынан түшүүчү  салык 500,0 миң  сом, киреше салыгынан  түшүүчү салык 1064,0 миң  сом, сатуудан  алынуучу  салыктан 182,0 миң  сом, иктыярду патент 600,0 миң  сого бекитилген план 2346 миң  сомга  кем  аткарылусу  болжолу жыл ичинде түзөтүүлөр  жүргүзүлсүн.

 4. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин  болжолунун  негизги  көрсөткүчтөрү  №2,3 тиркемеге  ылайык  колдоого  алынсын. Кирешенин болжолу 2021-жылга 36615,9 миң  сомго (республикалык  бюджеттен алынуучу  гранттар 8161,1 миң  сом менен_ жана 2022-жылга 37217,0 миң   сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7940,0 миң  сом менен) белгиленсин,  Жаңы-Ноокат айыл окмотунун 2020-2021-жылдрга айылдык бюджетинин негизги  көрсөткүчтөрүнүн  болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү  жагы белгиленсин.

 5. Атайын каражаттарды кирешесинин  сметада белгиленген өлчөмүнөн  ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын. Айлылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн  тышкары, мекеменин кассасын аркылуу атайын каражаттарын  чыгымдоого тыйуу  салынсын.

 6. Атайын каражаттар казыналыктын тышкары (бюджеттик мекемелердин кассысы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын  220-жылга  республикалык  бюджети 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык булкаражаттын 100 пайыз республикалык  бюджетке  алынып  коюлары  эскертилсин.

 7. Айыл өкмөтүнүн  башчысы  төмөнкүлөргө укуктуу    ушул  токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджетинин киреше бөлүгүнөн  азайтууга алып  келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү   киргизүүгө ; -  ченемдик укуктук актылардын өзгөрүсүнүн  негизинде жыл  ичинде  тактоолорду  жүргүзүүгө ; -      киреше  бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн көбөйтүү жагын  кароо.

 8. 2019-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн  каражаттарды бөлүштүрүү  жана өзгөртүү  киргизүү  айылдык кеңешине ыйгарылсын.

 9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансыялык-экономикалы негиздерин чындоо, алардын финанссалык мамлекеттик  каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдалануусун  камсыз кылуу жагы айыл  өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы тарабынан көзөмөлгө   алынсын.

 10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү кылуу жагы депутаттардын  Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин "Экономика, бюджет, сода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу  комисиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 31 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

27.12.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты көрсөтүү жана кызмат көрсөтүү арекеттерди уюштурууга макулдук берүү жөнүндө

  "Райхон-Ноокат" такси кызмат көрсөтүүчү жеке ишкер  Х.А.Маткасимовдын 2019-жылдын  9-октябрындагы № 30ү12 отунуч катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын 15- июлундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү " № 101-сандуу  мыйзамынын негизинде  Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты көрсөтүү жана кызмат көрсөтүү  арекеттерди жүргүзүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    "Райхан-Ноокат" такси кызмат көрсөтүүчү жеке ишкер Б.Мадумаровго Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты көрсөтүү жана кызмат көрсөтүү арекеттерди уюштурууга макулдук  берилсин.

 

2       "Райхон Ноокат" такси кызмат көрсөтүүчү жеке ишкер  Х.А Маткасимовга  атайын офис ачып, ишмердүүлүктү жүргүзүшү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде  ишмердүүлүктү жүргүзүп,  салык жана башка төлөмдөрдү өз убагында жергиликтүү бюджетке төлөп турушу  тапшырылсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 31 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№7

27.12.2019

 

        2019-жылдын жыйынтыгы боюнча   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  айрым депутаттарын   Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардак Грамоталары" менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экномикалык өнүгүсүнүн стратегиялык пландарын аткарылышында  жана айыл тургундары арасында саясый- социалдык   иштерди жүргүзүүда   активдүүлүк көрсөткөн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарын Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардак Грамоталары " менен  сыйлоого сунуштоо боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясынын  отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экномикалык өнүгүсүнүн стратегиялык пландарын аткарылышында  жана айыл тургундары арасында саясый- социалдык   иштерди жүргүзүүда   активдүүлүк көрсөткөн айылдык кеңештын депутаттары   М. Нишанбаев  жана М Карабалаев      Ноокат райондук малекеттик администрациясынын  "Адак Грамотасы" менен сыйлоого  сунушталсин.

 

 

2 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экномикалык өнүгүсүнүн стратегиялык пландарын аткарылышында  жана айыл тургундары арасында саясий- социалдык   иштерди жүргүзүүда   активдүүлүк көрсөткөн  айылдык кеңештин депутаттары  К.Саттаров жана  М.Момиң ов   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн администрациясынын  "Адак Грамотасы" менен сыйлоого  сунушталсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн бюджет маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 31 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№8

27.12.2019

 

Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн эсебиндеги муниципиалдык жери болгон айылдык ооруканасынын аймагына спорт зал куруу үчүн 300 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү  жөнүндө.

        Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак  айылынын жаштары тарабынан  Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн эсебиндеги муниципиалдык жери болгон айылдык ооруканасынын аймагына спорт зал куруу үчүн 300 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап жаштардын спорт менен машыгууларына мүмкүнчүлүктар жаратып берүү  максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн   муниципиалдык жерлери   эсебиндеги айылдык ооруканасынын аймагындагы  жердин 300 чарчы метр бөлүгүнө  жергиликтүү бюджеттен, тышкы жана ички   инвесторлорду тартуу жолу менен    спорт зал курууга макулдук  берилсин.

 

2  Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн   муниципиалдык жерлери   эсебиндеги айылдык ооруканасынын аймагындагы  жердин 300 чарчы метр бөлүгүнө    спорт зал куруу үчүн  керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын .

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад