М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

26.10.2019

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча отчету  жөнүндө

2.

№2

26.10.2019

Катуу тиричилик калдыктарынын көлөмдөрүн чогултуу (түзүү) ченемдерин жана эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө

3.

№3

26.10.2019

Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жерге жылдырууга макулдук берүү жөнүндө

4.

№4

26.10.2019

"Сахаба" эс алуу багындагы арык, тратуар, жолдорду, спорт аянтчасынын салык төлөмдөрү      жөнүндө

5.

№5

26.10.2019

"Сахаба" эс алуу багынын инфраструктурасын өнүктүрүү чаралары жөнүндө.

6.

№6

26.10.2019

"Уголь Алдаяр Лимитет" ЖЧК тарабынан берилген соц пакеттен  пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

7.

№7

26.10.2019

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы)  кезектен тышкаркы сессиясынын  2015-жылдын 25- декабрындагы № 6  айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндөгү мазардын жанында жайгашкан таштак  0.16 га  жер аянтына  социалдык обөектилер куруу жөнүндөгү токтомуна   өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

26.10.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча отчету  жөнүндө

Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн камсыз кылуу максатында:

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата 32278.9 мин сом бюджет бекитилген. Анын ичинен 2019-жылдын 9 айында 18082.7 мин сом аткарылшы пландаштырылган. 2019-жылдын 9 айында аткарылганы 16843.1 мин сомду түзөт. Процент менен эсептегенде 94.2 пайызды түзөт. " Алдаяр-Уголь Лимитет" жоопкерчилиги чектелген коом менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 2 млн 920 мин сомдун ордуна табигый байлыктардан пайдалануу убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн эсебине 220 мин 400 сом акча каражаты түшкөндүгү үчүн жергиликтүү бюджет  толугу менен аткарылбаган.

 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   2019-жылдын 9- айында жергиликтүү бюджеттын аткарылышы боюнча жүргүзгөн чарбалык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп эсептелсин.

 

2   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетин аткарылышын өз убагында камсыз кылуу, бөлүнгөн каражаттарды  белгилиенген убакыттарда жана өз багыты боюнча пайдалануу  чараларын көрүү  жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүна  тапшырылсын.

 

3 Токтомду аткарылышын көзөмөлөдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

26.10.2019

 

Катуу тиричилик калдыктарынын көлөмдөрүн чогултуу (түзүү) ченемдерин жана эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө

Таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн алуучулары менен жеткирип берүүчүлөрүнүн арасындагы мамилелерин жөнгө салуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Төмөнкү катуу тиричилик калдыктарынын көлөмдөрүн чогултуу (түзүү) ченемдери айылдык аймактын аймагында бекитилисин

Кардарлар

Ченөөнүн бирдиги

Чогултуунун ченеми

 1

Турак жай объекттери

1 үйгө жолугу

0.1

 2

Соода объекттери

1 соода түйүнү

0.2

 3

ФАП

1 мекеме

0.1

 4

Больница

1 мекеме

0.3

 5

Балабакча

1 мекеме

0.2

 6

Дарыкана

1 мекеме

0.1

 

Унааларды техникалык тейлөө жайлары

1 уста/бокс

0.2

 7

Автоунааларга май куючу жайлар

1 жумуш орду

0.2

 8

Окуу жайлары

1 мекеме

1

 9

Мечит

1 мекеме

0.1

 10

Спорттук комплекстер жана (курулмалар) объекттер

1 катышуучулар

0.2

 11

Коомдук тамактануу жайлары

1 жай

0.3

 12

Офистер, конторлор жана башка объектер

1 мекеме

0.2

 13

Китепкана

1 мекеме

0.1

 14

Клуб

1 мекеме

0.2

 15

Өндүрүш объектери

1 мекеме

0.3

 16

Мончо

1 мекеме

0.1

 

 

2.         Айылдык аймактын территориясында, катуу тиричилик калдыктарын 1 куб. метрин жыйноо жана чыгаруу кызмат көрсөтүүнүн тарифи 284 сом өлчөмүндө бекитилсин   ( бир кап катуу тирикчилик калдыктары-20 сом).

3. Айыл өкмөткө,

- 2019 жылдын 1-чи декабрга чейин, катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча бекитилген ченемдерге ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык аймактын территориясында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу кызмат көрсөтүү алуучулары менен келишимдерге кол коюлуусун  камсыздасын;

- катуу тиричилик калдыктарын эсептөө тартибин кынтыксыз сактоо боюнча жана алардын  тууралыгына көзөмөл жүргүзү боюнча чараларын көрсүн;

- Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу (түзүү) жаңы ченемдерин колдонуу боюнча айылдык аймактын территориясында жайгашкан калк, чарбалык субөекттер, мекемелер менен түшүндүрмө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн;

4. Төмөнкү токтом каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү максатында, адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Төмөнкү токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

26.10.2019

 

Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жерге жылдырууга макулдук берүү жөнүндө

         Жаңы-Ноокат   аймагындагы М.Эргашов, Амир-Темур, №58 кесиптик лицейинин, №12-13 үй- бүлөөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамаатынын айыл борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жакка жылдыруу тууралуу сураныштарын карап чыгып, мал базар жана жайма базар иштеген күндөрү айыл борборунда автоуналардын тыгыны болуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы, айыл борборунда санитардык-гигиеналык абалдын бузулушуна алып келе жаткандыгын карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы  мал базар жана жайма базар иштеген күндөрү айыл борборунда автоуналардын тыгыны болуп,  жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы, айыл борборунда санитардык-гигеналык абалдын бузулушуна алып келе жаткандыгына байланыштуу башка жакка жылдырууга макулдук берилсин.

 

2  Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жерге жылдыруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

26.10.2019

 

"Сахаба" эс алуу багындагы арык, тратуар, жолдорду, спорт аянтчасынын салык төлөмдөрү      жөнүндө

"Сахаба" эс алуу багындагы жердин жалпы аянты 14.08 га жерди түзүп, анын ичинен 7.51га жерди коммерциялык багыт боюнча пайдаланылат.    3.12 га бөлүгү арык тратуар,жолдорду,спорт аянтчасын түзөт.Бул жерлерден коомчулук пайдаланып жаткандыгы үчүн салык өндүүрүүнүн мүмкүнчүлүгү  жоктугун карап чыгып Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын жана Кыргыз Респуликасынын  "Салык жөнүндөгү" мыйзамынын гегизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы "Сахаба" эс алуу багындагы жердин 7.51 гектары коммерциялык  максаты менен пайдаланып жаткандыгы,   3.12 га жер аянты арык тратуар, жолдордупорт аянтчасын түзгөндүгүна байланыштуу  ал жерден алынатурган салык суммасы коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан жер эсебинен толукталсын.

 

2     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенштин бюджет маселелери

боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

26.10.2019

 

"Сахаба" эс алуу багынын инфраструктурасын өнүктүрүү чаралары жөнүндө.

Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасында турузимди өнүктүрүү программасын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө аткарылышын иш жүзүнө ашыруу, "Сахаба" эс багына келген туристердин  саны жыл сайын өсүп бара жаткандыгы, туристердин келишинен жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан кирешелердин    суммасын көбөйтүү үчүн эс алуу багынын  инфраструктурасын жакшыртуу зарылдыгын карап чыгып, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан  белгиленген сунушту колдоо максатында:    

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан  "Сахаба" эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунушун  колдоого алынсын.

 

2  "Сахаба" эс алуу багынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

3   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карта бюджетин бекитүү убагында "Сахаба" эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыруу үчүн керектелүүчү сумманы бөлүүгө атайын көңүл  бурулсун.

 

4   Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

26.10.2019

 

"Уголь Алдаяр Лимитет" ЖЧК тарабынан берилген соц пакеттен  пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө курулуп жаткан мрамор ташты кайра иштетүүчү цех курулушу үчүн "Уголь Алдаяр Лимитет" жоопкерчилиги чектелген коом үчүн  берилген жер аянтынан пайдалалангандыгы үчүн, аталган жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан берилген  480 миң сомдук соцалдык пакеттен пайдалануу маселесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын "жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө курулуп жаткан мрамор ташты кайра иштетүүчү цех курулушу үчүн "Уголь Алдаяр Лимитет" жоопкерчилиги чектелген коом үчүн  берилген жер аянтынан пайдалалангандыгы үчүн жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан берилген  480 миң сомдук соцалдык пакет суммасы Шакр-Кыштак көчөсүнүн асфальтын ремонтоо иштерине пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2   Социалдык пакетте көрсөтүлгөн акча каражатты толугу менен Шакар-Кыштак көчөсүнүн асфальтын ремонтоо иштерине сарпталышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 29 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№7

26.10.2019

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы)  кезектен тышкаркы сессиясынын  2015-жылдын 25- декабрындагы № 6  айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндөгү мазардын жанында жайгашкан таштак  0.16 га  жер аянтына  социалдык обөектилер куруу жөнүндөгү токтомуна   өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

          Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы)  кезектен тышкаркы сессиясынын  2015-жылдын 25- декабрындагы № 6 Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндөгү мазардын жанында жайгашкан таштак  0.16 га   жер аянтын 0.12 га бөлүгүнө мечит, 0.04 га бөлүгүнө  балдар бакчасын   куруу  туралуу токтомун кайрадан  карап чыгып жана талкуулап, айыл тургундарына социалдык шарт жаратууда  мектепке чейинки балдар мекемесинин курулушу  зарыл экендигин белгилеп,  Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- ноябрындагы "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 4-9-статьяларынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1        Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышы)  кезектен тышкаркы сессиясынын  2015-жылдын 25- декабрындагы № 6 Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндөгү мазардын жанында жайгашкан таштак  0.16 га   жер аянтын 0.12 га бөлүгүнө мечит, 0.04 га бөлүгүнө  балдар бакчасын   куруу  туралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.

 

2     Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндөгү мазардын жанында жайгашкан таштак  0.16 га   жер аянтын 0.12 га бөлүгүнө мектепкечейинки балдар мекемесин, 0.04 га бөлүгүнө   мечит    курууга макулдук берилсин.

 

3   Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4   Ушул токтомдун негизинде мамлекеттик акт берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгынан суралсын.

 

5  Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү архитектуралык иш- кагаздарын даярдап берүү жагы  Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.

 

6  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад