М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

09.10.2019

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы  Дөң-Кыштак  айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндө уюштурулган "Айиша Сиддика" мектепке  чейинки балдар мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына өткөрүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 28 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

09.10.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы  Дөң-Кыштак  айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндө уюштурулган "Айиша Сиддика" мектепке  чейинки балдар мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына өткөрүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы  Дөң-Кыштак  айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндө уюштурулган  60 орунду  "Айиша Сиддика" мектепке чейинки балдар мекемесинин курулуш имараты   курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилгендиги  жана  мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына өткөрүү  тууралуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын "8" октябрындагы  № 99 токтомун бекитүү   максатында  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Дөң-Кыштак  айылынын Шакар-Кыштак бөлүмүндө уюштурулган "Айиша Сиддика" мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматчыларынын эмгек акыларын мамлекеттик бюджеттен каржыланышына өткөрүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын "  8  "   октябрындагы  №99  токтому  бекитилсин.

2  "Айиша Сиддика"  мектепке чейинки балдар мекемесинин материалдык -техникалык жактан камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп  берүү  жагы Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3  " Айиша Сиддика"  мектепке чейинки мекемесинин  курулуш имараты бүткөрүлүп пайдаланууга берилгендигине   байланыштуу,  мектепке чейинки балдар мекемесинин кызматерлерине мамлекеттик бюджет эсебинен   эмгек акыларын төлөп берүү  боюнча  тиешелүү иш- кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                      

 

 

Назад