М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндөгү  Халфа-Ата дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн  үлүш жерлерин инвентаризация жүргүзүлгөндө аныкталган  0.91га жер аянтын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштрүү фонд жеринин эсебине алуу жөнүндө

2.

№2

15.06.2019

2019-жылдын 5-6 июнь күндөрү нөөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында чыккан селден зыян тарткан айыл- чарба жерлери жана турак жайлар боюнча түзүлгөн актыларды бекитүү жөнүндө

3.

№3

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан    бош жаткан   жер аянтын эсебин чыгаруу, чек араларын аныктоо  жана айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу боюнча   комиссия курамын түзүү   жөнүндө.

4.

№4

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айылдык байланыш бөлүмүнүн имаратынын  курулушу үчүн жер аянтты ажыратып берүү жөнүндө

5.

№5

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл  айыл аймагынын Жандама айылы  Сурпа Таш бөлүмүнө мрамор ташын кайра иштетүү  цехин куруу үчүн жер ажыратылган 3,5 га жер аянтына ижара акы төлөмүн белгилөө

6.

№6

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мыйзамсыз орнотулган контейнерлерди жана кызыл сызыкка кирип калган имараттарды бузуп кайра жайына келтирүү  максатында райондук мекеме ишканаларынын өкүлдөрүнөн,  айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринен, айылдык кенештин, депутаттарынан турган  комиссия курамын түзүү жөнүндө.

7.

№7

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин   2018-жылдын 24- декабрындагы №1 токтомуно Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинине финансалык жана чарбалык маселелер боюнча келип түшкөн арыздарды негизинде өзгөртүүлөр  киргизүү тууралуу.

 

8.

№8

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин   2018-жылдын 24- декабрындагы №1 токтомуна Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинине финансалык жана чарбалык маселелер боюнча келип түшкөн арыздардын негизинде өзгөртүүлөр  киргизүү тууралуу

9.

№9

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы финансалык-чарбалык  ишмердүлүгү боюнча отчетү  жөнүндө.

10.

№10

15.06.2019

"Сахаба" эс алуу багындагы коммерциялык багыт боюнча берилген  жерлерге  ижара суммалары жөнүндө.

11.

№11

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ПРООН  долбору тарабынан  жана ата - энелерден 2019-жылга кошумча акча каражаты жөнүндө

12.

№12

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн    кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги  1011 контурунда  жайгашкан "Сахаба" эс алуу багынын аймагына     мектепке чейинки балдар мекемесин куруу үчүн 0.20 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.

13.

№13

15.06.2019

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына  турак жай  менен камсыз кылуу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

14.

№14

15.06.2019

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүнөдө курулуучу социалдык комплекс ордундагы  65 түп  алма бак -дарактарын кесүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№1

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндөгү  Халфа-Ата дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн  үлүш жерлерин инвентаризация жүргүзүлгөндө аныкталган  0.91га жер аянтын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштрүү фонд жеринин эсебине алуу жөнүндө

             Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган   "Халфа Ата"  дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн Күнгөй бөлүмүндөгү  сугат  айдоо жердеги жер үлүштөрүнүн инвентаризациялоо убагында аныкталган 0.91 га артыкча жер аянтын  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерине алуу маселесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын "жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү " мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1      Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган   "Халфа Ата"  дыйкан чарбасынын мүчүлүрүнүн Күнгөй бөлүмүндөгү сугат  айдоо жердеги жер үлүштүрүн инвентаризациялоо убагында аныкталган 0.91 га артыкча жер аянты Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү  фонд жер эсебине алынсын.

 

2   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебине алынган жер аянтын  өз багыты боюнча пайдалануу  аукцион негизде ижарага берүү  жагын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

15.06.2019

 

2019-жылдын 5-6 июнь күндөрү нөөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында чыккан селден зыян тарткан айыл- чарба жерлери жана турак жайлар боюнча түзүлгөн актыларды бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 5-6  июнуна чейин айыл аймагында мөндүр аралаш жааган жамгырдын таасиринен каттуу сел чыгып, кээ бир дыйкан чарбалардын  үлүш жерлерин, айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин, айыл тургундарынын тамарка жерлерин сел басып кеткендигинин натыйжасында төмөнкүдөй зыян  келтирилген.

        100 %   зыян тарткан  жалпы жер  35.20 га.  Анын ичинен кайра бөлүштүрүү фонд жерлери 9.50 га,  суммасы 50068 сом, дыйкандардын үлүш жерлери 25.70 га,суммасы 14860 сом. Жогруда аталган  100% зыян тарткан жерлер  боюнча  2019-жылдын 07- июунундагы түзүлгөн актты бекитүү маселесин крап чыгып Кыргыз Республикасынын " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамын таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеншинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    2019-жылдын 5-6  июнуна чейин айыл аймагында мөндүр аралаш жааган жамгырдын таасиринен каттуу сел чыгып, кээ бир дыйкан чарбалардын  үлүш жерлерин, айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин, айыл тургундарынын тамарка жерлерин сел басып кеткендигинин  натыйжасында төмөнкүдөй зыян  келтирилген.

100 %   зыян тарткан  жалпы жер  35.20 га.  Анын ичинен кайра бөлүштүрүү фонд жерлери 9.50 га,  суммасы 50068 сом, дыйкандардын үлүш жерлери 25.70 га,суммасы 14860 сом. Жогруда аталган  100% зыян тарткан жерлер  боюнча  2019-жылдын 07- июунундагы түзүлгөн акты  бекитилсин. 

2   Табыгый кырсык селдин натыйжасында 100 % зыян таркан айыл- чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынан бошотуу   жана дыйкандарга колдоо көрсөтүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан    бош жаткан   жер аянтын эсебин чыгаруу, чек араларын аныктоо  жана айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу боюнча   комиссия курамын түзүү   жөнүндө.

 

      Жаңы-Ноокат айылынын борборунда  жайгашкан айыл өкмөтүнүн  эсебиндеги  бош жаткан жер аянтын  эсебин чыгаруу,  чек- араларын  аныктоо жана  айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу иштерин уюштуруу  максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

жаткан  жер аянтын    эсебин чыгаруу ,чек- араларын аныктоо  жана Жаңы-Ноокат   айыл өкмөтүнүн муниципиалдык   менчигине алуу   боюнча   комиссия төмөнкү курамда  түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы

 Н.Рузалиев                           Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы

 

Комиссиянын  мүчөлөрү

А. Имамов                             Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

 Э.Эргашов                             Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адиси

 Х.Юлдашов                           айылдык кенештин депутаты

А. Мамажанов                      Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты

 

2   Тузүлгөн комиссиянын курамына  жогоруда аталган жер аянтын көөлөмүн,чек араларын толугу менен аныктоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы тапшырылсын.

4   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айылдык байланыш бөлүмүнүн имаратынын  курулушу үчүн жер аянтты ажыратып берүү жөнүндө

     "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын 2019-жылдын 10- июнундагы № 01-102  Жаңы-Ноокат айыл аймагында почта байланыш кызматтынын  жакшыртуу үчүн туруктуу иштөөчү имарат куруу үчүн жер ажыратып берүү тууралуу катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамынын 31- беренесинин 1- пункутуна, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19- беренесине  ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айылдык байланыш бөлүмүнүн имаратын курулушу үчүн  Жаңы-Ноокат айылынын борборунан айыл өкмөтүнүн конторасынын жаңындагы айыл өкмотүнүн муниципиалдык менчигиндеги  бош турган жерден 100 чарчы метр  жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2      Ноокат райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан почта имараты курулушу үчүн керектелүүчү архитектуралык долбоор иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

3     Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгынан ушул токтомдун негизинде  жерге байланышкан тиешелүү  иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

4    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

5  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер макселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл  айыл аймагынын Жандама айылы  Сурпа Таш бөлүмүнө мрамор ташын кайра иштетүү  цехин куруу үчүн жер ажыратылган 3,5 га жер аянтына ижара акы төлөмүн белгилөө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жылдын 7-майдагы  "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери  жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндөгү  № 216 токтомуна негиз, "Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомуна мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Сурпа-Таш бөлүмүндөгү №866, №872 контурларда жайгашкан 3,5 жер аянтына ижара акы төлөмүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесин эске алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомуна мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн №866, №872 контурларда жайгашкан 3,50 га  жер аянтын лицензияда көрсөтүлгөн мөөнөттө ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.           "Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомунун мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн №866, №872 контурларда жайгашкан 3,50 га  жер аянтына ижара акы төлөмү беш жылдык мөөнөт менен жылына 63000 сом (алтымыш үч мин) сом  өлчөмүндөгү ижара акы белгиленсин.

3.         "Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүү жагы Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

4.         Ижара келишиминин убактысы бүткөндө, жаңы ижара келишиминдеги ижара акы төлөмүн белгилөө   жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинен суралсын. 

5.         Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мыйзамсыз орнотулган контейнерлерди жана кызыл сызыкка кирип калган имараттарды бузуп кайра жайына келтирүү  максатында райондук мекеме ишканаларынын өкүлдөрүнөн,  айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринен, айылдык кенештин, депутаттарынан турган  комиссия курамын түзүү жөнүндө.

            Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мыйзамсыз орнотулгон контейнерлерди жана кызыл сызыкка кирип калган имараттарды бузуп кайра жайына келтирүү  максатында райондук мекеме ишканаларынын өкүлдөрүнөн,  айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринен,айылдык кенештин, депутаттарынан турган  комиссия курамы  Кыргыз Респупликасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Айыл аймагындагы мыйзамсыз орнотулгон контейнерлерди жана кызыл сызыкка кирип калган имараттарды бузуп кайра жайына келтирүү  максатында райондук мекеме ишканаларынын өкүлдөрүнөн,  айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринен,айылдык кенештин, депутаттарынан турган  комиссия  төмөнкү  курамда түзүлсүн.

 

1.     Х Юлдашов    Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты

 2.   Т Абдикодиров  айылдык кенештин депутаты

3.   Ф Дадахужаев        айылдык кенештин депутаты

4.   М Сабиров    айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

5.   М Жураев      райондук архитектуранын архитектору  

6.  ________________   райондук мамкаттоо башкармалыгы өкүлү

7.    Э Эргашов        айыл өкмөтүнүн жер адиси

 

2    Айыл аймагына мыйзамсыз орнотулгон контейнерлерди жана кызыл сызыкка кирип калган имараттарды аныктап, калыбына келтирүү боюнча иштерди өз убагында акырына жеткирүү боюнча аткаруучулук иштерди жүргүзүү жагы түзүлгөн комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№7

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин   2018-жылдын 24- декабрындагы №1 токтомуно Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинине финансалык жана чарбалык маселелер боюнча келип түшкөн арыздарды негизинде өзгөртүүлөр  киргизүү тууралуу.

 

      Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарынын атына    айыл аймагынын Жандама айылынын тургуну жакыр үй-бүлөө Жумаева Имихондын турак жайын кайра куруп берүү тууралуу, Катта -Тал  айылындагы М. Мирзакаримов атындагы орто мектебинин окуучуларын ысык тамак -ашка өткөрүү үчүн МЕРСИКО эл аралык фонду менен түзүлгөн долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн керектелүүчү эмеректерди сатып алуу   туралуу,Темир-Корук  мектебинин окуучуларын  ыссык-тмак-ашка өткөрүү үчүн  МЕРСИКО эл аралык фонду менен түзүлгөн долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн керектелүүчү эмеректерди сатып алуу   туралуу жазылган арыз кайрылууларды карап чыгып, канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамынын 31 беренесине  жана Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодекстын" 115-беренесине     таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын тургуну жакыр үй-бүлөө Жумаева Имихондын турак жайын кайра куруп берүү үчүн Жандама айылынын Жаш жолун ондоо үчүн бөлүнгөн 80000 сом акчадан 50 000мин сом бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

2     Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта -Тал  айылындагы М Мирзакаримов атындагы орто мектебинин окуучуларын ысык тамак- ашка өткөрүү үчүн МЕРСИКО эл аралык фонду менен түзүлгөн долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн керектелүүчү эмеректерди сатып алуу үчүн М. Мирзакаримов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын жана  тепкич  курулушу үчүн бөлүнгөн  500 000 сомдон 99 380 сом акча бөлүнүп берүүгө уруксат берилсин.

 

3     Жаңы-Ноокат айыл аймагынын  Темир-Корук   айылындагы  Темир-Корук  атындагы орто мектебинин окуучуларын ысык тамак- ашка өткөрүү үчүн МЕРСИКО эл аралык фонду менен түзүлгөн долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн керектелүүчү эмеректерди сатып алуу үчүн  Дөн-Кыштак асфальты үчүн бөлүнгөн акчадан 29 100   сом акча бөлүнүп берүүгө уруксат берилсин.

 

 

 2    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№8

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин   2018-жылдын 24- декабрындагы №1 токтомуна Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинине финансалык жана чарбалык маселелер боюнча келип түшкөн арыздардын негизинде өзгөртүүлөр  киргизүү тууралуу

     Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутатарынын атына  айыл аймагынын                      Дөң-Кыштак айылындагы Шакар-Кыштак  балдар бакчасынын курулушунун тездетүү  тууралуу жазылган арыз,кайрылууларды карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамынын 31 беренесине  жана Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодекстин" 115-беренесине     таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылындагы Шакар-Кыштак балдар бакчасынын курулушунун тездетүү үчүн Шакар-Кыштак асфальты курулушу үчүн бөлүнгөн  330000 акча толугу менен бөлүнүп берүүгө уруксат берилсин.

 

 

2 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№9

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы финансалык-чарбалык  ишмердүлүгү боюнча отчетү  жөнүндө.

        2018-жылда  сом     салык жана  салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы тапшырма   30142.9 млн сом болсо, иш жүзүндө   34245.9 млн- сомду түзүп тапшырма   113.6 % га аткарылып,  жеткирилген тапшырмадан    4 млн  142 мин  сом га көп жыйналды.   Бул көрсөткүч  2017-жылга        салыштырганда    мин сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы    17 % ды түздү.

       Анын ичинен жергиликтүү бюджетке чегирүү   13498.0 мин сомго план жекирилген болсо, иш жүзүндө    13738.9  мин сомду түзүп план тапшырма    240.8 мин сомго ашыкча аткарылган.  Бул көрсөткүч  2017-жылга      салыштырганда   375.4 мин сомго көп жыналып өсүү ыргагы   19 % ды түздү.

2018-жылда      айыл аймагына  бардыгы бөлүп   25172.2 миң    сомдук  инвестиция тартылган.  Анын ичинен тышкы инвестиция   20496.2 мин, ички инвестия   4676.0 мин сом.

Айыл өкмөтүндө  республикалык бюджеттин эсебинен түрткү берүүчү грант үчүн     даярдалган   долбоорлор  жактырылып, республикалык бюджеттен 2151.1 мин сом, жергиликтүү  бюджеттен 500.0 мин сом  бардыгы болуп 2651.0 сом болунуп    Н.Найманбаев атындагы мектепке кошумча имарат курулду. .

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнөн болгон карыз 2018-жылга     карата    280.4 миң сомду түзгөн бөлсө,  2018-жылдын    31- декабрына  карата  203.4     сомду түзүп,   77.0 миң сомго азайган.

 

    Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы финансалык-чарбалык  ишмердүлүгү боюнча отчоту   канаатандырарлык деп табылсын.

 

2      Айыл өкмөтүнүн финансалык-чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө   айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык чөйрөдөгү билим берүү жана саламаттыкты сактоо  мекемелерин курулушу жана алардын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо,  айыл аймагын санарептештирүүгө  жана негизги багыттарга өзгөчө көңүл буруу менен аткаруучулук иштерин жүргүзүү жагы  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

3  Айыл өкмөтүнүн финансалык- чарбалык ишмердүүлүгүн ачык-айкын болушу  жана жергиликтүү бюджеттин  кабыл алуу алдынан     коомдук угууларды өз убагында өткөрүп туруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

4  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№10

15.06.2019

 

"Сахаба" эс алуу багындагы коммерциялык багыт боюнча берилген  жерлерге  ижара суммалары жөнүндө.

 

           Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы "Сахаба" эс алуу багындагы айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жеринин эсебиндеги жерлерди коммерциялык багыт боюнча   пайдаланылган жерлер үчүн ижара акылары жана кошумча 20%  айыл чарба-соода чыгымдарынын ордун бастыруу үчүн өз баасына  жүктөлгөн кошумчаны карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси" жөнүндө мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   "Сахаба" эс алуу багындагы айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жеринин эсебиндеги жерлерди коммерциялык багыт боюнча   пайдалануу  үчүн      Кыргыз Республикасынын "Салык жөнүндө" кодексинде  белгиленген мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1- сентябрына чейин  белгиленип, айыл- чарба багытынде эмес  жер салыгынан чыккан суммасына кошумча 20% айыл -чарба чыгымдарынын ордун бастыруу үчүн келишим түзүп, ижара суммалары алынсын.

 

 

2  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№11

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ПРООН  долбору тарабынан  жана ата - энелерден 2019-жылга кошумча акча каражаты жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ПРООН  долбору тарабынан  жана ата - энелерден 2019-жылга кошумча акча каражатын. Айылдык кеңешинин "экономика бюджет соода жана ишкердүүүк боюнча" туруктуу комиссиясы тарабынан  каралып чыгып Кыргыз Республикасынын  бюджет кодексинин 115- беренесин 4 - пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айыл кеңеши  жалпы  кеңеште карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ПРООН  долбору тарабынан   3- траншке берүлүүчү 618,8 миң сом жана ата-энелерден мүчөлүк акынан 1131,7 миң сом 2019-жылга кошумча акча каражаттын кирешелери жана чыгашалары жалпысы 1750,5 миң сом атайын каражат эсеп счетуна кошумча планга  ктргизилсин.

2.         Ушул токтомго карап  жергиликтүү бюджетин мекеме- ишканалардын финансылык- экономикалык  негиздерин чындоо , алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу ,  сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына  финанс -экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин "экономика бюджет соода жана ишкердүүүк боюнча" туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№12

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн    кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги  1011 контурунда  жайгашкан "Сахаба" эс алуу багынын аймагына     мектепке чейинки балдар мекемесин куруу үчүн 0.20 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.

        Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын тургундары тарабынан "Сахаба" эс алуу багынын аймагына  мектепке чейинки балдар мекемесин куруу үчүн 0.20 га жер аянтын ажыратып берүү тууралуу кайрылууларын карап  чыгып  жана талкуулап   мектепке чейинки жаштагы  балдарды балдар  бакчасына тартууну уюштуруу максатында   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн    кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги  1011 контурунда  жайгашкан "Сахаба" эс алуу багынын аймагына     мектепке чейин балдар мекемеси куруу үчүн 0.20 га жер аянтын ажыратуу  үчүн жерди   трансформациялоого макулдук берилсин. 

 

2   Ушул токтомдун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмотүнүн    кайра бөлүштүрүү фонд жер  эсебиндеги  1011 контурунда  жайгашкан "Сахаба" эс алуу багынын аймагына     мектепке чейин балдар мекемеси куруу үчүн 0.20 га жер аянтын ажыратуу  үчүн жерди   трансформациялоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын

 

3   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№13

15.06.2019

 

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына  турак жай  менен камсыз кылуу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

              Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  (алтынчы чакырылышы) 21- кезектен тышкаркы сессиясынын  2019-жылдын  15- июнундагы   № 13 токтомунун негизинде  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына   айыл өкмөтүнүн                 Катта-Тал айылынан айыл өкмөтүнүн жер картасынын 638, 658, 645, 651, 663, 655, 656, 657, 662, 653 -контурларындагы 31.68 га  кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо,көп жылдык бак , таштак жайит жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын 502 контурундагы 6.12 га көп жылдык бак, Жандама айылындагы  айыл өкмөтүнүн жер картасынын 2243, 2449, 2447, 2469, 2471, 2480, 866 - 872 - контурундагы 31.46 га таштак жайыт,таштак айдоо   жеринен, Дөн-Кыштак  айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасындагы № 64, 68, 139, 138, 129, 48-49,  20.50  га   көп жылдык  бак жеринен айдоо жерден 41.58 га, көпжылдык бак жерден 28.81 га, таштак жайыт жерден 19.38 га бардыгы  болуп 89.76га жер аянты  элди турак - жай менен камсыздоо максатында  айыл- чарба жерлер  категориясынан  калктуу конуш категориясына трансформацияга которуу  максатында    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергилктүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын  43-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси13-статьясы, жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.       Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына   айыл өкмөтүнүн  Катта-Тал айылынан  айыл өкмөтүнүн жер картасынын № 228, 638, 658 ,645, 651, 663, 655, 656, 657, 662, 653 контурларындагы 31.68 га  кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо, көп жылдык бак , таштак жайит жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын 502 контурундагы 6.12 га көп жылдык бак, Жандама айылындагы  айыл өкмөтүнүн жер картасынын 2243,2449, 2447,2469,2471,2480,866-872-контурундагы 31.46 га таштак жайыт, таштак айдоо   жеринен, Дөн-Кыштак  айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасындагы №64,68,139,138,129,48-49, 20.50  га   көп жылдык  бак жеринен айдоо жерден 41.58 га, көп жылдык бак жерден 28.81 га, таштак жайыт жерден 19.38 га  бардыгы  болуп 89.76га жер аянты  элди турак- жай менен камсыздоо максатында  айыл -чарба жерлери  категориясынан  калктуу конуш категориясына трансформацияга  макулдук берилсин.

 

 2.    Ушул токтомду бекитип, 89.76 гектер жерди пайдалануу багытын  турак- жай багытына өзгөртүп,  трансформация кылып берүү   жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад

 

 

14

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№14

15.06.2019

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүнөдө курулуучу социалдык комплекс ордундагы  65 түп  алма бак -дарактарын кесүүгө макулдук берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндө курулуучу социалдык комплекс курулушу башталгандыгына байланыштуу, социалдык  коплекс  курулушу үчүн ажыратылган жердеги  алма дарактарын кесип алууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн   токтомун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндө курулуучу социалдык комплекс курулушу башталгандыгына байланыштуу, социалдык  коплекс  курулуш үчүн ажыратылган жердеги  алма дарактарын кесип алууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн   токтомунун негизинде 65 түп алма даракты кесүүгө  макулдук берилсин.

 

2  65 түп алма даракты кесүү үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жана тиешелүү  мамлекеттик органдардан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А.Имамов                     

 

 

Назад