М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

11.03.2019

Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын  8- августундагы № 3 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПо" жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 га жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитүү  жөнүндөгү  токтомуна кошумча жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

2.

№2

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 01.01.2019-жылга калдык суммасын бөлүштүрүү суммасын бекитүү жөнүндө.

3.

№3

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  борбордук жамий  мечитин  кайра курууга  макулдук берүү жөнүндө

4.

№4

11.03.2019

"Сахаба" макбарасын реконструкциялоого макулдук

 берүү  жөнүндө

5.

№5

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  айыл  аймагынынын борборундагы спирттик ичимдиктерди сатуучу дүкөндөрдүн иштөө графиги жөнүндө

6.

№6

11.03.2019

 Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин                   2018-жылда жүргүзгөн чарбалык ишмерүүлүгүнүн  отчоту  жөнүндө

7.

№7

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Дөн-Кыштак  айылынын Тескей бөлүмүндөгү  айыл тургундарына   турак-жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участоктун генералдык планын бекитүү жөнүндө

8.

№8

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  Жайыт комитетине мал жандыктарын жуундуруучу  жай  куруу  үчүн жер аянтын  ажыратуу жана Кыргыз-Ата, Найман  каналдарына   көпүрө  курууга уруксат берүү  жөнүндө

9.

№9

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  таза суу" ИСКАКБ нын  Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Кызыл-Тейит айылында таза суу менен пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

10.

№10

11.03.2019

"Сахаба" лицей мектебине М.Имамовдун атын ыйгаруу

11.

№11

11.03.2019

Исаков Каныбек Абдиваситовичке  Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө

12.

№12

11.03.2019

Жаңы-Ноокат   айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

                  Жаңы-Ноокат айыл айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  4- мартындагы   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПо" жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 га жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитүү  жөнүндөгү  токтомуна кошумча жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу катын карап чыгып, "ИнтергельПО" жоопкечилиги чектелген коомуна  Кыргыз Республикасынын  Геология жана  минералдык жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентиги тарабынан серия ТЭ № 3601 санду 2014-жылдын 6- майында берилген лицензиясынын, Ош областтык жерге жайгаштыруу боюнча   мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген 2015-жылдын 6- июнундагы №603 катын  жана түштүк аймактык агрохимиялык  станциясынын 2015-жылдын 4- июнундагы № 304 колдонулары туралуу катынын негизинде "ИнтергельПО" ишкансына 3.60 га жер аянтын ижарага берүү жана   ижара суммасын бекитип берүү тууралуу   катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8- августундагы № 3    токтомуна төмөнкүдөй кошумча жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

2 Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8- августундагы № 3                        Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПо" жоопкерчилиги чектелген коомуна 3.60 га жер аянты 5-жылдык мөөнөт менен ижарага берүүгө  макулдук берилсин.

3  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама  айылынын Сурпа -Таш  бөлүмүнөн "ИнтергельПО" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген жер аянтын суммасы  150000 (бир жүз элүү миң)  сом  кылып белгиленсин.

4 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

5   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№2

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 01.01.2019-жылга калдык суммасын бөлүштүрүү суммасын бекитүү жөнүндө.

         Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн 01.01.2019-жылга калдык суммасынын сметасын карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын боюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрациясы жөнүндөгү мыйзамына" таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1    Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн бюджетинин 01.01.2019-жылга калдык суммасы 2009.8 миң сом,  чыгашалар боюнча 2009.8 миң сомго бекитилсин.

 Р-701  100.0 миң сом

Р-704  108.0 миң сом

Р-706  1356.0 миң сом

Р-709  445.0 миң сом

2   Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максатуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жана финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысына  жүктөтүлсүн.

3  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө  жагы депутаттардын Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин Экономика  бюджет -соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№3

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  борбордук жамий  мечитин  кайра курууга  макулдук берүү жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айылындагы борбордук  жамий мечит, мурдагы союз мезгилинде курулгандыгы,  учурда бул мечиттин имараты  заманбап архитектуралык талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу мечит имаратын кайра куруу зарылдыгын карап чыгып жана талкуулап   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү"  мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Жаңы-Ноокат айылындагы борбордук  жамий мечити мурдагы союз мезгилинде курулгандыгы,     учурда бул мечиттин имараты  заманбап архитектуралык талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу, мечит имараты  бузулуп кайра курууга макулдук берилсин.

 2   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,  укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын кароо, архитектура,курулуш, транспорт, саламаттыкты сактоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№4

11.03.2019

"Сахаба" макбарасын реконструкциялоого макулдук

 берүү  жөнүндө

    Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылындагы   VIII - кылымда уюшулган "Сахаба" гөрүстөнүндөгү  тарыхый  макбараны   эл аралык долбоорлордун  каржылоосу менен учурдун талабына жооп бере турган абалда реконструкциялоо боюнча даярдалган бизнес долбоорду карап чыгып,  "Сахаба" эс алуу багына  келүүчү туристердин санын көбөйтүрүп, жергиликтүү бюджетке пайда алып келүү иштерин иш жүзүнө ашыруу максатында  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү  мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясынын   отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1   Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылындагы   VIII - кылымда уюшулган "Сахаба"  гөрүстөнүндөгү   тарыхый  макбараны   эл аралык долбоорлордун  каржылоосу менен учурдун талабына жооп бере турган абалда реконструкциялоого макулдук берилсин.

2  "Сахаба"  гөрүстөнүндөгу тарыхый  макбараны  реконструкциялоо үчүн керектелүүчү өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн  800 000 (сегиз жүз миң) сом каражаттын  иштетилиши    боюнча  төмөнкү курамда  жумушчу комиссия түзүлсүн.

Комиссиянын төрагасы  

Н.Рузалиев    айыл өкмөтүнүн  адиси

Комиссиянын мүчөлөрү

 М  Муталов                      айылдык         кеңештин депутаты

А    Яйлапов                      Жандама айылынын башчысы

Х    Мирзаякубов           айыл аксакалы

И Холбоев                        айыл аксакалы

2   Эл аралык долбоорлордун каржылоосу менен  "Сахаба"  гөрүстөнүндөгү макбараны реконструкциялоо   боюнча даярдалган   бизнес долбордо көрсөтүлгөн өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын  өз багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө жагы түзүлгөн комиссиянын  курамына тапшырылсын.

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№5

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  айыл  аймагынынын борборундагы спирттик ичимдиктерди сатуучу дүкөндөрдүн иштөө графиги жөнүндө

      Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн тургундары тарабынан  Жаңы-Ноокат  айылынын борборунда  ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан спирттик ичимдиктерди сатуу дүкөндөрү түнү-күнү иштеп жаткандыгы үчүн, коомдук тартипти бузууга себепчи болуп жаткандыгы үчүн дүкөндөрдүн  ишмердүүлүгүн чектөө боюнча келип түшкөн кайрылууларды карап чыгып, айылдын борборунда коомдук тартипти сакталышын камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясинин отуруму  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Жаңы-Ноокат  айыл аймагында спирттик  ичимдиктер менен соода кылуучу дүкөндөрдүн иштөө графиги төмөнкүчө белгиленсин.

Иштин башталышы    эртең мененки  саат   9-00 до,  токтотулушу  кечки саат 18-00 го чейин, дем алуу күнү,   аптанын жума күндөрү.

2   Спирттик ичимдиктер сатуучу дүкөндөрдү жогоруда  белгиленген график боюнча  иштешин көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

3     Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы спирттик ичимдиктер менен соода кылуучу дүкөндөрдүн иштөө графиги жана ал жерлерде коомдук тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзүү суралсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№6

11.03.2019

 Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин                   2018-жылда жүргүзгөн чарбалык ишмерүүлүгүнүн  отчоту  жөнүндө

              Жаңы-Ноокат  айыт комитетинин 2018- чарбалык жылында  жүргүзгөн чарбалык ишмердүүлүгү боюнча  отчотун угуп     жана талкуулап   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына" таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин 2018-жылда жүргүзгөн чарбалык ишмерүүлүгү тууралу отчоту канаттандырарлык деп эсептелсин.

2 Жаңы-Ноокат  жайыт комитетинин 2019-жылга карата  ишмердүүлүгүндө отчотто көрсөтүлгөн багыттар боюнча аткаруучулук иштерди жүргүзүү жагын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат  жайыт комитетине тапшырылсын.

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештинэкономика.бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

ТИРКЕМЕ №1

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№7

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Дөн-Кыштак  айылынын Тескей бөлүмүндөгү  айыл тургундарына   турак-жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участоктун генералдык планын бекитүү жөнүндө

                      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25- декабрындагы №707 "Жаңы-Ноокат   айыл өкмөтүнүн   калктуу  конуштарынын аймактарын  кеңейтүү      жөнүндөгү"  токтомунун   негизинде Жаңы-Ноокат  айыл  аймагындагы  Дөн-Кыштак  айылынын Тескей бөлүмүндө, айыл тургундарына  турак-жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участок  боюнча даярдалган генералдык планды  карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү"  мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин заседаниясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1      Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Дөн-Кыштак  айылынын Тескей бөлүмүндөгү айыл турак-жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокту генералдык планы бекитилсин. 

2    Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Дөн-Кыштак  айылынын Тескей бөлүмүндө айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участоктун генералдык планын бекитип берүү жагы суралсын.

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан суралсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№8

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  Жайыт комитетине мал жандыктарын жуундуруучу  жай  куруу  үчүн жер аянтын  ажыратуу жана Кыргыз-Ата, Найман  каналдарына   көпүрө  курууга уруксат берүү  жөнүндө

                Жаңы-Ноокат  Жайыт комиттетинин 2019-жылдын 4- мартындагы №5 сандуу  мал-жандыктарды жуундуруучу жай куруу жана Кыргыз-Ата  жана  Найман каналына көпүрө курууга уруксат берүү тууралуу катын карап чыгып, айыл аймагында эпизотикалык абалды жакшыртуу жана мал жандыктарын жайытка чыгаруу үчүн  көпүрө  зарылдыгы боюнча айыл тургундарына шарт түзүп берүү  максатында АРИС  прграммасынын долбоору менен  каржылануучу бизнес  долбоорду н башталышын карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1   Жаңы-Ноокат  Жайыт комитетине мал жандыктарын жуундуруучу     жана койлордун жүнүн кыркуучу   навес куруу  үчүн    Мечит- Миян тоосунун күн чыгыш тарабындагы таштандылар ташталган жерден       500 чарчы метр  жер аянтын  ажыратууга макулдук берилсин.

3      Кыргыз-Ата жана Найман  каналына  мал жандыктарын жайлоого чыгаруу үчүн  көпүрө  курууга уруксат берилсин.

3     АРИС программасынын долбоорунун негизинде мал жандыктарын жуундуруучу  жай  куруу     үчүн жер аянтын  ажыратуу жана Кыргыз-Ата, Найман  каналына  көпүрө  куруу үчүн керектелүүчү иш- кагаздарын жана бизнес долбоорун даярдоо жагы Жаңы-Ноокат  жайыт комитетине тапшырылсын.

4    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештинбюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№9

11.03.2019

Жаңы-Ноокат  таза суу" ИСКАКБ нын  Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Кызыл-Тейит айылында таза суу менен пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

      Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Кызыл-Тейит айылында таза суу менен пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү  тууралуу Кызыл-Тейит айылынын тургундарынын  жалпы жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мызамынын 31-беренесинин 2 -пункутунун 14-пункутчасына    таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы Кызыл-Тейит айылында таза сууну  пайдалануу үчүн ар бир кожолукка кызмат көрсөтүүнүн тарифи төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

-Суу эсептегичи бар пайдалануучуларга төлөм 1 метр куб үчүн 35 (отуз беш) сом

- Көчөлөрдөгү суу курулмаларынан  пайдалануучуларга айына төлөм 107 ( бир жүз жети)сом.

-Короого киргизилген суу түтүктөрү бар пайдалануучуларга айына төлөм 161 (бир жүз алтымыш бир) сом .

2   Бекитилген тариф боюнча иш алып баруу жагы "Жаңы-Ноокат  таза суу" ИСКАКБ нын жетекчыиси М.Моминовга тапшырылсын.

3    Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтү менен "Жаңы-Ноокат  таза суу" ИСКАКБ нын ортосунда келишим түзүлүп жана система убактылуу ижарага  берилсин.

4   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук,укук тартибинн сактоо, жарандардын укугун жана кызмачылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспопрт, саламаттыкты сактоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

10

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№10

11.03.2019

"Сахаба" лицей мектебине М.Имамовдун атын ыйгаруу

        Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы  "Сахаба" лицей мектебинин педагогикалык  жамаатынын 2019-жылдын  "17 "  январындагы   № 7   "Сахаба" лицей мектебине       М Имамовдун атын ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун токтомун карап чыгып, айыл тургуну М.Имамовдун  мурдагы "Маданият" колхозунун жетекчиси катарында Жаңы -Ноокат айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө кошкон салымын,  эл арасында тапкан кадыр- баркын, ал тарыбынан жасалган иштер,  учурда элдин турмушуна  көмөк көрсөтүп жаткандыгын карап чыгып жана талкуулап   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы Жөнүндөгү" мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин  заседаниясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1     Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы  "Сахаба" лицей мектебинин педагогикалык  жамаатынын 2019-жылдын  "17"  январындагы  № 7     жалпы чогулушунун токтомунун  негизинде  "Сахаба" лицей мектебинин аталышы Имамов Мамасалы наамы  берилсин

2     Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү иш- кагаздарын даярдоо жагы  лицей мектебинин директору М. Мамарежаповго  тапшырылсын.

3   Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

11

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№11

11.03.2019

Исаков Каныбек Абдиваситовичке  Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө

      Филология илимдеринин доктору профессор Исаков Каныбык Абдиваситовичтин Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылындагы социалдык маселелерди иш жүзүнө ашыруудагы   аткаруучулук жумуштарын жана  жаштар арасындагы үлгүүлү тарбиялык иштерин баалоо максатында Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын "Ардактуу атууллу" наамын ыйгаруу маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин заседаниясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1    Филология илимдеринин доктору профессор Исаков Каныбык Абдиваситовичке Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Кызыл-Тейит айылындагы социалдык маселелерди иш жүзүнө ашыруудагы   аткаруучулук жумуштарын жана  жаштар арасындагы үлгүүлү тарбиялык иштери үчүн   Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын "Ардактуу атуулу"  наамы ыйгарылсын.

2  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык -экономикалык маселелери боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

Назад

12

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 25 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

№12

11.03.2019

Жаңы-Ноокат   айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

      Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын угулуп жана талкууланып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин   сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1  Жаңы-Ноокат   айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитилсин.

2 Бекитилген иш планда белгиленген маселелерди өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

А.Имамов                     

ТИРКЕМЕ №2

Назад