М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

29.10.2018

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак  айылынын тургуну Абдиразакова Мавлудахондун   2018-жылдын

 24- октябрындагы № 37 каттоо номери менен катталган арызы  боюнча      комиссия күрамын түзүү жөнүндө

2.

2

29.10.2018

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак -жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

3.

3

29.10.2018

Жаңы-Ноокат айыл борборунан почта имаратын куруу үчүн 200 чарчы метр жер аянты ажыратууга  макулдук   берүү жөнүндө

4.

4

29.10.2018

Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө резервдик талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

5.

5

29.10.2018

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө бөлүп кирүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

29.10.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак  айылынын тургуну Абдиразакова Мавлудахондун   2018-жылдын

 24- октябрындагы № 37 каттоо номери менен катталган арызы  боюнча      комиссия күрамын түзүү жөнүндө

        Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак айылынын тургуну Абдиразакова Мавлудахондун арызында көрсөтүлгөн,   өзү жашап келе жаткан турак жайды ким тарабынан салынып,  кимдер жашап келе жаткандыгын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы № 59 токтомуда көрсөтүлгөн Азимова Турсунташка чыгарылган токтомдун мыйзамдуулугун текшерип берүү, бул турак жайга ким мураскор экендиги жөнүндө корутундуну  чыгарып берүү үчүн комиссия курамын түзүү  максатында  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2- бөлүгүнүн  17-пункутунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылынын тургуну Абдиразакова Мавлудахондун арызында көрсөтүлгөн   өзү жашап келе жаткан турак -жайды ким тарабынан салынып,  кимдер жашап келе жаткандыгын   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы № 59 токтомудө көрсөтүлгөн Азимова Турсунташка чыгарылган токтомдун мыйзамдуулугун текшерип берүү, бул турак жайга ким мураскор экендиги жөнүндө корутунду чыгарып берүү үчүн  төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.

 

Комиссиянын төрагасы

М. Хайдаралиев   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Комиссиянын мүчөлөрү

М.Саттаров             Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

А. Махмудов           Дөң-Кыштак айылынын айыл башчысы

А Хажимаматов    Айыл өкмөтүнүн юристи

М Муминов            Айылдык кеңештин депутаты

М Муталов             Айылдык кеңештин депутаты

Н Сулайманов      Айыл аксакалы

А Омонов                Коңшусу

 

2   Ушул токтом жөнүндө экинчи жакка билдирилсин.

 

3   Арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча адилетүүлүк менен текшерүү жүргүзүү,турак жай ким тарабынан курулган, турак жайдын мураскорлорун мыйзамдуулугун аныктоо иштери комиссия курамына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

29.10.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак -жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

           Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 25- октябрындагы № 41 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына  турак- жай куруу үчүн  Катта Тал айылынан  40.0 гектар, Дөң-Кыштак  айылынан 20.0 гектар, Жандама айылынан 30.0 гектар,Кызыл-Тейит айылынан 5.0 гектар баардыгы болуп 95.0 гектар жер аянты ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн  карап чыгып, айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж үй- бүлөөлөрдүн саны жыл сайын өсүп баражаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жергилктүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 25- октябрындагы № 41 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына  турак- жай куруу үчүн  Катта Тал айылынан  40.0 гектар, Дөн-Кыштак  айылынан 20.0 гектар, Жандама айылынан 30.0 гектар,Кызыл-Тейит айылынан 5.0 гектар бардыгы болуп 95.0 гектар жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Ушул токтомду бекитип, 95.0 гектер жерди пайдалануу багытын  турак- жай багытына өзгөртүп  трансформация кылып берүү  үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

29.10.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл борборунан почта имаратын куруу үчүн 200 чарчы метр жер аянты ажыратууга  макулдук   берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл тургундарына почта кызматынын көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу үчүн  айылдык почта  байланыш түйүнүнө  жер участок ажыратып берүү тууралу  айыл тургундарынын   кайрылууларын канаттандыруу максатында   айыл борборундагы Т.Эргашов атындагы көчөөнүн четиндеги  Амир Темир атындагы орто мектебинин аймагынын бурчунан  200 чарчы метр жер участогун ажыратып берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негизденип

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Жаңы-Ноокат айыл борборуна почта имаратын куруу үчүн 200 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө  макулдук берилсин 

 

2     Айылдык почта байланыш түйүнү  курулушу үчүн керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

 

3   Айылдык почта байланыш түйүнү  курулушу үчүн керектелүүчү  жерге байланышкан иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук  кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгынан  суралсын.

 

4   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо  жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

5  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                      

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

29.10.2018

 

Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө резервдик талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

          "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, " Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү", " Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгу" жобоолордун талаптарына ылайык  Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы

  Дөң-Кышытак  айылында жашоочу шайлоочулардын  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине   Холбоев Зафарбек Жумавоевичти  көрсөтүү жөнүндөгу 2018-жылдын 19- октябрындагы №1 протоколун,  Темир-Корук  айылында жашоочу шайлоочулардын  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине    Эркебаева Абыдахон Кадыровнаны  көрсөтүү жөнүндөгү 2018-жылдын 18- октябрындагы №1 протоколун,  Жандама  айылында жашоочу шайлоочулардын  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине    Исмонова Бумалика  Тагдиралиевнаны  көрсөтүү жөнүндөгү 2018-жылдын 20- октябрындагы №1 протоколун карап чыгып,

 резервдик  мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлерди карап чыгып жана талкуулап

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы  Дөң-Кышытак  айылында жашоочу шайлоочулардын  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине   Холбоев Зафарбек Жумавоевичты  көрсөтүү жөнүндөгү 2018-жылдын 19- октябрындагы №1 протоколун,  Темир-Корук  айылында жашоочу шайлоочулардын  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине    Эркебаева Абыдахон Кадыровнаны  көрсөтүү жөнүндөгу 2018-жылдын 18- октябрындагы №1 протоколун,  Жандама  айылында жашоочу шайлоочулардын  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине    Исмонова Бумалика  Тагдиралиевнаны  көрсөтүү жөнүндөгү 2018-жылдын

 20- октябрындагы №1 протоколдорун бекитүү менен аталган айыл тургундары Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резерв мүчөлүгүнө сунушталсын.

 

2    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

29.10.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө бөлүп кирүү  жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 13- беренесине,  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин   2018-жылдын 02-майындагы  № 05-00-2 ү5186 катына  ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзуга мүчөлөлук төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларды карап чыгып талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы   отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жаңы-Ноокат айыл өкмөту Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  өз алдынча  башкаруулардын Союзуна мүчө болуп  кирсин.

 

2    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.

 

3     Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Жаңы-Ноокат айыл өкмөт башчысы Н.Юлчиевге  жүктөлсүн.

 

4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад