М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

03.08.2018

Дөн-Кыштак айылында селдин кесепетинен  зыян тарткан  айыл чарба жерлери боюнча   түзүлгөн актынын негизинде жер салыгынан бошотуу тууралуу.

2.

2

03.08.2018

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди   пайдалануу үчүн ижарага берүү  жөнүндө

3.

3

03.08.2018

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн Жандама  айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПО" жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

03.08.2018

 

Дөн-Кыштак айылында селдин кесепетинен  зыян тарткан  айыл чарба жерлери боюнча   түзүлгөн актынын негизинде жер салыгынан бошотуу тууралуу.

               2018-жылдын 10- июнунда болгон табыйгый кырсыктын натыйжасында Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын   айылдарында  сел чыгып үйлөрдү,эгин эгилүүчү жерлерди жууп кеткен. Натыйжада 60.37 га жер  жараксыз абалга келген, анын ичинен КБФ жерлери 1.61 га, үлүш жерлер 56.05 га, тамарка жерлер 2.34га . Анын ичинен 100% зыян тартканы  КБФ жери 1.61 га, үлүш жер 34.42 га,  тамарка жер 3.34 га. 

      Табигый кырсык селдин натыйжасында зыян тартылган жерлерди жер салыгынан бошотуу маселеси каралып жана талкууланып Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     2018-жылдын 10- июнунда болгон табигый кырсыктын натыйжасында  100% зыян тарткан   1.61 га  кайра бөлүштүрүү фонд жери  14490 сомдук,   34.42 га  үлүш жери  17059 сомдук,    3.34 га тамарка жери 2340 сомдук  бардыгы  33889 сомдук  жер салыгынан  жана ижара акысынан бошотулсун.

 

2   Табыгый кырсыктан  100%  зыян тарткан жерлерди жер салыгынан бошотуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

03.08.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди   пайдалануу үчүн ижарага берүү  жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы "Сахаба" эс алуу багындагы жер аянты айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фонд жерлери  эсебинде тургандыгына байланыштуу аталган жер аянтын    Кыргыз Респупликасынын  мыйзамдарынын негизинде 5 жылдык мөөнөткө  ижарага берүү  боюнча  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Сахаба" эс алуу багындагы пайдаланылып жаткан 14.08 га жер аянтындагы мурдагы союз мезгилинде курулган имараттар,эс алуучу жайлар,ири жана майда дүкөндөр, дааратканалар жана башка ишкерлерге келишим түзүү боюнча комиссиясынын  2018-жылдын 16- июнундагы   жалпы чогулушунун №1 протоколунун негизинде ,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине  көптөгөн кирешелер  түшөөрүн эсепке алып Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жанамамлекеттик администрациясы  жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз-Республикасынын "Жер кодекси" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди конкурс  аукцион  жол менен  5 жылдык мөөнөт  менен пайдалануу үчүн  ижарага берүүгө макулдук берилсин. 

 

2  "Сахаба" эс алуу  багындагы жерлерди ижара акысы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү жана Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн кызматкерлеринен турган убактылуу  түзүлгөн комиссиясы тарабынан ижарага берилүүчү жерден пайдаланууда ижарачылардын   ишмердүүлүгүнө карап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде    чечилсин.

 

3   Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди     5 жылдык мөөнөт  менен пайдалануу  үчүн   конкурс-аукцион жолу менен  ижарага берүү иштери Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

03.08.2018

 

 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн Жандама  айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПО" жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 жер аянтын ижарага берүү жана ижара суммасын бекитүү жөнүндө

      Ноокат райондук прократурасынын 2018-жылдын 18- майындагы № 1ү436-18 Мыйзам бузуучулукту четтетүү жана мындан ары болтурбоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө ТАЛАПын негизинде айыл аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндөгү 3.60 га жер аянты  "ИнтергельПО" жоопкерчилиги чектелген коомунан  кайтарып, айыл өкмөтүнүн балансасына  алуу боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн   2018-жылдын 25- майындагы №54 токтому  кабыл алынган.

     Айыл өкмөтүнүн  балансасына кайтарып алынган 3.60 га жер аянтын 1.90 га бөлугүн "ИнтергельПо" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берүү жана ижара суммасынын тараптардын макулдугу менен ижара суммаларын бекитип берүү тууралуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 7- августундагы № 285 сураныч катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн Жандама  айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПО" жоопкерчилиги чектелген коомуна 1.90 жер аянты 5 (беш) жылдык мөөнөт менен  ижарага  берүүгө макулдук берилсин.

2      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама  айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн "ИнтергельПО" жоопкерчилиги чектелген коомуна  ижарага берилген  1.90 жер аянтын ижарага  суммасы тараптардын макулдугу менен жылына 120000 (бир жүз жыйырма миң) сом  кылып белгиленсин.

3     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

      Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                        А Имамов

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад