М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

12.07.2018

Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарыясынан агып келген таш-шагал топтолуучу көл жерди "Алтын-Бешик-плюс" жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ээлеп алынгандыгы жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн билдирүүсү жөнүндө

2.

2

12.07.2018

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

12.07.2018

 

Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарыясынан агып келген таш-шагал топтолуучу көл жерди "Алтын-Бешик-плюс" жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ээлеп алынгандыгы жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн билдирүүсү жөнүндө

            Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарысынан агып келген таш-шагал топтолуучу көл жерди Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер картасынында   турат. Бул жер айыл өкмөтүнө караштуу  Ош областтык жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө карашту экендигин  тастыктоо мүмкүн.

          1961  жылда Найман каналы курулуп,каналдын башталышына шагал-таш топтолуучу жол курулган. 1961-жылдан бери бул шагал таш топтоолуучу  көл  жерди тазалоо иштери  Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мурдагы Маданият колхозу тарабынан,1996-жылдан баштап Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп келинген.   Чили-Сай дарыясынан агып келген шагал -таш өз убагында тазаланылбаса, айыл аймагындагы сугат айдоо жерлерди кум-шагал басып,жердин кыртышы бузулат. Ошондуктан көлдү тазалоо иштери жергиликтүү бийлик тарбынан аткарылган.   

 

            Кыргыз Республикасынын өнөр-жай энергетик жана жер казнасынан пайдалануу мамлекеттик агентиги тарабынан "Алтын-Бешик-плюс" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген лицензия боюнча   маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылында жайгашкан Чили-Сай дарысынан агып келген таш-шагал топтолуучу көл жерде   геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү максатында лицензия алып, алынган лицензиянын  багыты боюнча иш жүргүзбөй карьер багытында пайдаланып шагал-ташты сатуу иштерин жүргүзүп, шагал таштын баасын жогорулатып, эл арасында нааразычылыктарды келтирип чыгарган "Алтын-Бешик-плюс" жоопкерчилиги коомунун ишмердүүлүгүн токтоту  боюнча жогору турган укук коргоо органдарына кайрылышсын.

 

2  Ушул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

12.07.2018

 

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мызамын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттаын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын" жетекчиликке алуу менен Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Муниципалдык кызматкөрсөтуулөрдүн кошумча тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).

2.         Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин (№1, 2,3,4,5,6,7,8,9 тиркемелер).

3.         Аталган токтом Ноокат районундагы www.Nookatkg  веб-сайтына жарыялансын.

4.         Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

5.         Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырам.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад