М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

02.06.2018

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди   пайдалануу үчүн ижарага берүү  жөнүндө.

2.

2

02.06.2018

"ТАБАРАК" кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  жетекчиси Турсумаматова Майрам Эргашовнага Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" деген наам ыйгаруу жөнүндө.

3.

3

02.06.2018

Чили-Сай дарыясына  көпүрөө  курулушу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын А.Каратаев атындагы көчөөгө таза суу түтүгүн тартуу үчүн  пайдаланууга уруксат берүү тууралуу

4.

4

02.06.2018

 М.Улугбек  атындагы орто мектебинин 1-4-класс            окуучулардын  тамактануусу үчүн  ашкана имаратына 

 " БУУ азык түүлүк "  программасынан  эмеректер сатып алып  пайдаланууга макулдук берүү  жөнүндө

5.

5

02.06.2018

М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4-класс окуучуларын тамактанусу үчүн  ашкана имаратына    "МЕРСИКО" фондуна эмеректер сатып алууга пайдаланууга макулдук берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

02.06.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди   пайдалануу үчүн ижарага берүү  жөнүндө.

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы "Сахаба" эс алуу багындагы жер аянты айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фонд жерлери  эсебинде тургандыгына байланыштуу аталган жер аянтын    Кыргыз Респупликасынын  мыйзамдарынын негизинде 5 жылдык мөөнөткө  ижарага берилсе, жергиликтүү бюджетке көптөгөн кирешелер  түшөөрүн эсепке алып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы  жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз-Республикасынын "Жер кодекси" мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди конкурс  аукцион  жол менен  5 жылдык мөөнөт  менен пайдалануу үчүн ижарага берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чегинде макулдук берилсин. 

 

2   Жаңы-Ноокат айыл аймагынын "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди     5 жылдык мөөнөт  менен пайдалануу  үчүн   конкурс-аукцион жолу менен  ижарага берүү иштери Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

02.06.2018

 

"ТАБАРАК" кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  жетекчиси Турсумаматова Майрам Эргашовнага Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" деген наам ыйгаруу жөнүндө.

         "ТАБАРАК" кайрымдуулук фондунун Кыргызыстандагы өкүлчүлүгү  тарабынан  айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндө 2,5 млн сомдук мечит курулушу жана башталгыч мектеп курулушу аткарылды.  Айыл аймагынын Токой бөлумүндө  мечит жана   үч  бөлмөдөн  турган 2,5 млн сомдук   аялдар үчүн окуу корпусу курулду,Шакар-Кыштак  бөлүмүндө таза суу түтүгүн куруу иштери  үчүн  800 мин сом  жардам көрсөтүүнү пландаштырган.    

         Мындан  ары ушул сыяктуу  социалдык имараттарды куруп берүү боюнча иштерди пландаштырылган "ТАБАРАК" кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  жеткчиси Турсумаматова Майрам Эргашовна     бул иштердин башында тургандыгын карап чыгып Турсумаматова Майрам Эргашовнага     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардактуу Атуулу"  деген наам ыйгарууну   талкуулап  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы  жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   "ТАБАРАК" кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  жеткчиси Турсумаматова Майрам Эргашовнага  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" деген наам  ыйгарылсын.

 

 

2    Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

02.06.2018

 

Чили-Сай дарыясына  көпүрөө  курулушу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын А.Каратаев атындагы көчөөгө таза суу түтүгүн тартуу үчүн  пайдаланууга уруксат берүү тууралуу

      Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак  айылынын   Миң-Тамыр мааласынын тургундарынын 2018-жылдын  25-майиндагы  № 1 жалпы чогулушунун протоколун карап чыгып, Чили-Сай дарыясына көпүрөө курулушу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 100000 сом акча каражатын Миң-Тамыр мааласындагы А.КАратаев атындагы көчөөгө таза суу түтүгүн тартуу үчүн пайдаланууга уруксат берүү туралуу суранышты карап чыгып аталган аймакта жашаган тургундарга таза суу жеткирип берүүнү камсыз кылуу максатында  Кыргыз Респуликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак  айылынын   Миң-Тамыр мааласынын тургундарынын 2018-жылдын 26- июунундагы   № 1   "Чили-Сай" дарыясына  көпүрөө  курулушу үчүн бөлүнгөн 100000 сом  акча каражаттарын А.Каратаев атындагы көчөгө таза суу түтүгүн тартуу үчүн  пайдаланууга  макулдук   берилсин.

 

2   Жергиликтүү бюджеттен  Чили-Сай дарыясына  көпүрөө  курулушу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын А.Каратаев атындагы көөчөгө таза суу түтүгүн тартуу үчүн  бөлүнгөн 100000      сом акчаны  2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетке кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттарынын эсебинен толтурулушу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

02.06.2018

 

 М.Улугбек  атындагы орто мектебинин 1-4-класс            окуучулардын  тамактануусу үчүн  ашкана имаратына 

 " БУУ азык түүлүк "  программасынан  эмеректер сатып алып  пайдаланууга макулдук берүү  жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү  М.Улукбек атындагы орто мектебинин 1-4- класс окуучулардын тамактануусу үчүн ашкана имаратына " БУУ азык түүлүк "  программасынынан ашкана эмеректерин сатып  алуу үчүн даярдалган бизнес долбоордо көрсөтүлгөн  200000 (эки жүз мин) сомдук өздүк салым акчаларын өз убагында өткөрүп берүүнү тездештирүү максатында   Дөң-Кыштак  айыл башчысынын  кабинетинин курулушу үчүн  жергиликтүү бюджеттен ажыратылган  70000 (жетимиш мин) сом акчанын, Дөң-Кыштак айылынын Тескей жана Кароол -Дөбө бөлүмдөрүнө ЛЭП тартуу   үчүн ажыратылган 650000  (алты жүз элуу мин) сом акчанын  эсебинен  130000 (бир жүз өттүз мин) сом акчаны, ашкана  имараты үчүн   бардыгы болуп 200000 (эки жүз мин) сом акчаны  М Улукбек  атындагы орто метебинин ашканасы үчүн эмеректер алуу иштерине сарпталышы боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   М.Улукбек атындагы орто мектебинин 1-4- класс окуучуларын тамактануусу үчүн ашкана имаратына " БУУ азык түүлүк "  программасынынан ашкана эмеректерин сатып алуу үчүн даярдалган бизнес долбоордо көрсөтүлгөн  200000 (эки жүз мин) сомдук өздүк салым акчаларын өз убагында өткөрүп берүүнү тездештирүү максатында   Дөң-Кыштак  айыл башчысынын  кабинетинин курулушу үчүн  жергиликтүү бюджеттен ажыратылган  70000 (жетимиш мин) сом акчанын, Дөң-Кыштак айылынын Тескей жана Кароол -Дөбө бөлүмдөрүнө  ЛЭП тартуу   үчүн ажыратылган 650000  (алты жүз элуу мин) сом акчанын  эсебинен  130000 (бир жүз отуз мин) сом акчаны, ашкана  имараты үчүн   бардыгы болуп 200000 (эки жүз мин) сом акчаны  М Улукбек  атындагы орто метебинин ашканасы үчүн, эмеректер алуу иштерине сарпталышына макулдук берилсин.

2   Жергиликтүү бюджеттен   Дөң-Кыштак  айыл башчысынын  кабинетинин курулушу үчүн  жергиликтүү бюджеттен ажыратылган  70000 (жетимиш мин) сом акчанын, Дөн-Кыштак айылынын Тескей жана Кароол-Дөбө бөлүмдөрүно ЛЭП тартуу   үчүн ажыратылган 650000  (алты жүз элуу мин) сом акчанын  эсебинен  130000 (бир жүз өттүз мин) сом акчаныакчаны  2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетке кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттары эсебинен толтурулушу  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

02.06.2018

 

М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4-класс окуучуларын тамактанусу үчүн  ашкана имаратына    "МЕРСИКО" фондуна эмеректер сатып алууга пайдаланууга макулдук берүү  жөнүндө

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4- класс окуучуларын тамактанусу үчүн ашкана имаратына "МЕРСИКО" фондунан эмеректер алуу үчүн даярдалган бизнес долбоордо көрсөтүлгөн 238000 сомдук өздүк салым акчаларын өз убагында өткөрүп берүүнү тездештирүү максатында  "Сахаба" эс алуу багындагы ажаткананын ремонту үчүн  жергиликтүү бюджеттен ажыратылган 100 000  сом акчанын,  Навроз  мааласынын таза суу түтүгүн ремонту үчүн ажыратылган акчанын  эсебинен 45000 сом акчаны, ашкана  имараты үчүн ажыратылган 70000 сом  акча бардыгы болуп 215000 сом акчаны  М Эргашов атындагы орто метебинин ашканасы үчүн эмеректер алуу иштерине сарпталышы боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  М.Эргашов атындагы орто мектебинин 1-4- класс окуучуларын тамактанусу үчүн ашкана имаратына "МЕРСИКО" фондунан эмеректер алуу үчүн даярдалган бизнес долбоордо көрсөтүлгөн 238000 сомдук өздүк салым акчаларын өз убагында өткөрүп берүүнү тездештирүү максатында  жергиликтүү бюджеттен "Сахаба" эс алуу багындагы ажаткананы ремонту үчүн    ажыратылган 100 000  сом акчанын,  Навроз  мааласынын таза суу түтүгүн ремонту үчүн ажыратылган акчанын  эсебинен 45000 сом акчаны, ашкана  имаратыын  ремонту үчүн ажыратылган 70000 сом  акчаны бардыгы болуп 215000 сом акчаны  М. Эргашов атындагы орто метебинин ашканасы үчүн эмеректер алуу  үчүн өздүк  салым катарында  сарпталышына макулдук берилсин.

 

2   Жергиликтүү бюджеттен "Сахаба" эс алуу багындагы ажаткананын ремонту үчүн    ажыратылган 100 000  сом акчаны,  Навроз  мааласынын таза суу түтүгүн ремонту үчүн ажыратылган акчанын  эсебинен 45000 сом акчаны  2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетке кошумча булактардан түшүүчү акча каражаттары эсебинен толтурулушу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад