М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

2

18.04.2018

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүнүн уюштуруу стратегиясын жана стратегиянын иш жүзүнө ашыруу боюнча Жоболорду  бекитүү жөнүндө

2.

3

18.04.2018

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын  Сурпа- Таш бөлүмүнө мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн  жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат            айылдык   Кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрындагы №1 токтомуна өзгөртүү  жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

3.

4

18.04.2018

Жаңы-Ноокат   айыл аймагынын  Күнгөй  айылын

ФАП   жана мечит куруу үчүн жер аянты  ажыратып берүү    жөнүндө

4.

5

18.04.2018

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Рузалиев Нодирбек Зокиржоновичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

18.04.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүнүн уюштуруу стратегиясын жана стратегиянын иш жүзүнө ашыруу боюнча Жоболорду  бекитүү жөнүндө

              Стратегия  муниципалитеттин туруктуу өнүгүсүнүн  ишке ашыруу механизимдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлдөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот.  Алар   белгилүү бир ресурстар менен  бекемделип,алдыга коюулган маселелерди чечүү боюнча  иш-аректтерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруу үчүн жоопкерчилик  алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңкү жыйынтыгы болуп эсептелет. Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана бекитилген Жоболорду негизинде иш жүзүнө ашырылат. Инфраструктуралык өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-арекеттерди караштырбайт.

    Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"  Мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүнүн уюштуруу стратегиясы  жана Жоболору бекитилсин

2.   Кызмат көрсөтүүнүн уюштуруу стратегиясынын   тизмегинде көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруу   боюнча  иш-чараларды өз убагында  бекитилген Жоболордун негизинде  аткарылышы камсыз  кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин  мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                              А Имамов

Жаны-Ноокат айылдык аймагынын

айылдык кеңешинин

2018-жылдын "18" апрелинин

№ 2 токтому менен бекитилди

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

18.04.2018

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын  Сурпа- Таш бөлүмүнө мрамор ташын кайра иштетүү цехин куруу үчүн  жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат            айылдык   Кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрындагы №1 токтомуна өзгөртүү  жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

"Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомуна мрамор ташын кайра иштетүү  цехин куруу үчүн  Жаны-Ноокат айылдык аймагынын Сурпа-Таш бөлүмүндөгү  №866,   №872 контурларда жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги 4.0 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан   "Өнөр жайдын,  транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө  Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрында №1 токтому кабыл алынган. Бирок,  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  бизге 2018-жылдын 16- апрелиндеги жазган катына ылайык Кыргыз Республикасынын өнөр- жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 1-январындагы №02-6ү385 сандуу катында Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндөгү  4.0 га жердин аянтынын чектери геологиялык чалгындоо  иштерин  жүргузүү  үчүн   "УРИМ" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялык аянтынын ичине киргендиги тууралуу маалымат көрсөтүлгөн. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  4,0 га жер аянтын 3,5 га жер аянтына өзгөртүп  берүү жөнүндөгү  кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  №169 токтому менен бекитилген "Жер участокторун

которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүңдө  убактылуу "Жобого" жана Жер кодексинин 13-беренесине ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

"Алдаяр-Уголь Лимитед" жоопкерчилиги чектелген коомунун мрамор ташын кайра иштетүү  цехин куруу үчүн  Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүнөн  №866, №872 контурларда жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун эсебиндеги 3,50 га жер аянтын "Айыл- чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 3,50 га жер аянтын "Айыл -чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Айыл- чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп  иш алып баруу жагы Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

4.         Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

18.04.2018

 

Жаңы-Ноокат   айыл аймагынын  Күнгөй  айылын

ФАП   жана мечит куруу үчүн жер аянты  ажыратып берүү    жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25- декабрындагы №707 "Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   калктуу  конуштарынын аймактарын  кеңейтүү    жөнүндөгү"  токтомунун негизинде   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн борборунан алыста жайгашкан   Катта-тал  айылынын Күнгөй  бөлүмүнөн ажыратылган жерден  ФАП жана мечит куруу үчүн  жер аянтын   бөлүп  берүү тууралуу айыл тургундарынын  суроо-талаптарын  канаатандыруу  максатында жана  ошол аймакта жашоочу тургундарга  социалдык шарт түзүп берүү үчүн  ФАП курулушу үчүн 700  чарчы метр, мечит курулушу үчүн 1400 чарчы метр жер аянты ажыратып  берүүгө макулдук берүү жөнүндөгу  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып,  Кыргыз Республикасынын "жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын "Жер кодекси" жөнүндагы мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25- декабрындагы №707 "Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   калктуу  конуштарынын аймактарын  кеңейтүү      жөнүндөгү"  токтому менен Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал  айылынын Күнгөй бөлүмүнөн ажыратылган жер аянтынын  700 чарчы метр бөлүгүнө ФАП курулушуна, 1400 чарчы метр бөлүгүнө мечит курулушуна   Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарынын негизинде  макулдук берилсин. 

 

2   Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал  айылынын Күнгөй  бөлүмүндө жашоочу айыл тургундарына социалдык шарт түзүү максатында  бөлүнүп  берилген жер аянтына курулуучу ФАП жана мечит үчүн архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

 

3   Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал  айылынын Күнгөй  бөлүмүндө жашоочу айыл тургундарына социалдык шарт түзүү максатында  бөлүнүп  берилген жер аянтына курулуучу ФАП жана мечит үчүн  жерге байланышкан иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз Жаңы-Ноокат айыл аймагыны      Катта-Тал  айылынын Күнгөй  бөлүмүндө жашоочу айыл тургундарына социалдык шарт түзүү максатында  бөлүнүп  берилген жераянтына курулуучу ФАП жана мечит үчүн архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана  мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгынан суралсын.

 

5   Токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

18.04.2018

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Рузалиев Нодирбек Зокиржоновичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жөнүндө

    Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Рузалиев Нодирбек Зокиржоновичтин 2018-жылдын 17- апрелиндеги муниципиалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу айылдык кеңештин депутаттык ыйгарым укугун мөөүөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  кезектен тышкаркы  сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Рузалиев Нодирбек Зокиржоновичтин   муниципиалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу  жазган  арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда  токтотулсун.

 

2. Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад