М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

26.10.2016

АРИСтин АИД-3 долборунун конкурсуна катышыуу үчүн түзүлгөн комиссия тарабынан берилген бааны бекитүү жөнүндө

2.

2

26.10.2016

Темир-Корук  орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгаруу тууралу Темир орук  айылынын тургундарынын №1 жана Темир -Корук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2016-жылдын 28- июнундагы №1 жалпы чогулушунун протоколу жөнүндө

3.

3

26.10.2016

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Сурпа- Таш бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 12 га кайрак айдоо жер аянтын бак дарак жер аянтынын категориясына которуу жөнүндө

4.

4

26.10.2016

Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы " Малина" балдар бакчасынын сураныч катын канааттандыруу жөнүндө

5.

5

26.10.2016

Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы "   Рахат аңы" МЧББ  мекемесинин  сураныч катын канааттандыруу жөнүндө

6.

6

26.10.2016

2016-жылда  жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын көйгөйлүү маселелерге жумшоо жөнүндө

7.

7

26.10.2016

2016-жылда  жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын көйгөйлүү маселелерге жумшоо жөнүндө

8.

8

26.10.2016

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта ал  айылындагы М Мирзакаримов атындагы орто мектебинин  кошумча имаратынын  эшик терезелерин,полун, дувалдын шывагын  мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү үчүн өздүк салым ажыратып берүү жөнүндө

9.

9

26.10.2016

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак айылындагы Тажибай, Янги -Арик дыйкан чарбасынын  мүчөлөрүнүн үлүш жери боюнча  каттоого алынбаган жер аянты боюнча түзүлгөн акт жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

26.10.2016

 

АРИСтин АИД-3 долборунун конкурсуна катышыуу үчүн түзүлгөн комиссия тарабынан берилген бааны бекитүү жөнүндө

АРИСтин АИД-3 долборунун конкурсуна катышыуу үчүн түзүлгөн комиссия тарабынан көйгөйлүү маселелерге  берилген бааны  карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негизденип Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин   сессиясынын  заседаниясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    АРИСтин АИД-3 долборунун конкурсуна катышыуу үчүн түзүлгөн комиссия тарабынан  көйгөйлүү маселелер боюнча берилген баа бекитилсин.(тиркелет)

 

2    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

26.10.2016

 

Темир-Корук  орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгаруу тууралу Темир -Корук  айылынын тургундарынын №1 жана Темир -Корук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2016-жылдын 28- июнундагы №1 жалпы чогулушунун протоколу жөнүндө

       Темир Корук  орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгаруу тууралу Темир -Корук  айылынын тургундарынын  2016-жылдын 25-октябрындагы №1 жана Темир -Корук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2016-жылдын 28- июнундагы №1жалпы чогулушунун    протоколун карап чыгып жана талкуулап  Темир Корук мектебинде үзүрлүү эмгектенген педагог Эшматов Аттокурдун өмүр жолун жаштарга үлгү болушу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз кылып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаныясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Темир-Корук  айылынын тургундарынын жана Темир орук орто мектебинин педагогикалык кеңешинин жалпы чогулуштарын протоколунун негизинде Темир Корук  орто мектебинин аталышын Эшматов Аттокурдун атына ыйгарууга макулдук берилсин. 

 

2   Ушул токтомдун негизинде керектелүүчү иш кагаздарды даярдап берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

26.10.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Сурпа- Таш бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жери эсебиндеги 12 га кайрак айдоо жер аянтын бак дарак жер аянтынын категориясына которуу жөнүндө

Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фонд жеринын эсебиндеги пайдаланууга жараксыз экономикалык жактан ынгайсыз 12 га кайрак айдоо жер аянтын, өздөштүрүп,суу чыгарып бак-дарак жерге айлантыруу боюнча айыл тургундары тарабынан 2016-жылдын 19-октябрындагы № 269 санду каттоо менен катталган    сунушту карап чыгып, айыл тургундары бул ишти иш жүзүнө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базасы бар экендигин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартиндагы "жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү убактылуу Жобога негиз кылып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фонд жери эсебиндеги пайдаланууга жараксыз экономикалык жактан ынгайсыз 12 га кайрак айдоо жер аянтын, өздөштүрүп,суу чыгарып бак дарак жер категориясына которууга макулдук берилсин.

2   Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Жандама айылынын Сурпа-Таш бөлүмүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фонд жеринын эсебиндеги пайдаланууга жараксыз экономикалык жактан ынгайсыз 12 га кайрак айдоо жер аянтын бак дарак жер категориясына которуу боюнча тиешелүү  юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

4   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

26.10.2016

 

Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы " Малина" балдар бакчасынын сураныч катын канааттандыруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын  Жандама   айылынын  Даштубала бөлүмүндө 2016-жылдын  октябрь айындан баштап,Н Найманбаев атындагы толук эмес орто мектеби алдында,  " Малина" балдар бакчасы уюштурган. Азыркы күндө  50 бала  тарбияланып жатат. Балдар бакчасында  иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын толоп берүүдө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетынде жетышсыз экендигин эсепке алып балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекеттик бюджет эсебинен  каржылоосуна өткөрүп берүү боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама    айылынын  Даштубала бөлүмүндө

 Н Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин алдында уюштурулган

 " Малина " балдар бакчасында иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын төлөп берүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жетишсиздигин эсепке алып, мамлекеттик бюджеттен каржыланышына сунуш берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.    .

 

2    Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Жандама  айылынын  Даштубала бөлүмүндө 

Н Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин алдында уюштурулган " Малина  " балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн керектелүүчү каражаттар Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен  каржылансын.        

3  Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүна тапшырылсын.

4   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

26.10.2016

 

Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы "   Рахат -Таңы" МЧББ  мекемесинин  сураныч катын канааттандыруу жөнүндө

          Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү айыл аймагынын  Темир-Корук    айылында    2016-жылдын   сентябрь айындан баштап,  " Рахат -Таңы"  М Ч Б Б мекемесинде    25 баладан турган кошумча тайипа  уюштурулган. Азыркы күндө  бул мекемеде 75  бала  тарбияланып жатат.  МЧББ мекемесинде  иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын толоп берүүдө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетынде жетишсиз экендигин эсепке алып  МЧББ мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекеттик бюджет эсебинен  каржылоосуна өткөрүп берүү боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына таянып  Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Темир-Корук    айылында   уюштурулган

"  Рахат- Таңы "  МЧББ мекемесинде иштеп жаткан тарбиячылардын эмгек акысын төлөп берүүдө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жетишсиздигин эсепке алып, мамлекеттик бюджеттен каржыланышына сунуш берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.     .

 

2    Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын   Темир -Корук  айылында    уюштурулган "  Рахат -Таңы  "  МЧББ мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыөдоо үчүн керектелүүчү каражаттар Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен  каржылансын.

        

3  Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

6

26.10.2016

 

2016-жылда  жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын көйгөйлүү маселелерге жумшоо жөнүндө

        Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда  Дөн-Кыштак  айылынын аймагы Шакар-Кыштак бөлүмүнө спорт зал куруу бөлүнгөн    300000 сом акча эсебинен  250000 сом акчаны Р.Маматисманов атындагы көчөгө таза суу түтүгү куруу үчүн,  50000 сом акчаны М Улугбек мектебинин жасалгалоо иштери үчүн   пайдалануу    маселесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз кылып  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезетен тышкаркы сессиясын заседаныясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда  Дөн-Кыштак  айылынын аймагы Шакар-Кыштак бөлүмүнө спорт зал куруу   болунгон 300000 сом акча эсебинен  250000 сом акчаны Р.Маматисманов атындагы көчөгө таза суу түтүгү куруу үчүн,  50000 сом акчаны М Улугбек мектебинин жасалгалоо иштери үчүн   пайдаланууга   уруксат берилсин.   .

 

2  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери

боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

7

26.10.2016

 

2016-жылда  жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын көйгөйлүү маселелерге жумшоо жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда  Катта Тал айылынын аймагындагы таза суу түтүктөрү үчүн бөлүнгөн 300000 сом акча эсебинен 100000 сом акчаны Чабелекей балдар бакчасынын спорт залынын  курулушу үчүн пайдалануу,  Адыр жолун ремонттоо үчүн бөлүнгөн 50000 сом акчанын эсебинен 50000 сом акчаны "Нур Бөбөк" балдар бакчасын ремонтоо иштерине пайдалануу маселесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз кылып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезетен тышкаркы сессиясын заседапниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда  Катта Тал айылынын аймагындагы таза суу түтүктөрү үчүн бөлүнгөн 300000 сом акча эсебинен 100000 сом акчаны Чабелекей балдар бакчасынын спорт залынын  курулушу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.

 

2  Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнүн Адыр жолун  ремонтоо үчүн бөлүнгөн 50000 сом

акчанын эсебинен 50000 сом акчаны "Нур Бөбөк" балдар бакчасын ремонтоо иштерине пайдаланууга уруксат берилсин.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери

боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

8

26.10.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта -Тал  айылындагы М Мирзакаримов атындагы орто мектебинин  кошумча имаратынын  эшик терезелерин,полун, дувалдын шывагын  мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү үчүн өздүк салым ажыратып берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта -Тал  айылындагы М Мирзакаримов атындагы орто мектебинин  кошумча имаратынын  эшик терезелерин,полун, дувалдын шывагын  мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү үчүн өздүк салым ажыратып берүү боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджетик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын  берген  тактамасын  карап чыгып кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкары сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта -Тал  айылындагы М Мирзакаримов атындагы орто мектебинин  кошумча имаратынын  эшик терезелерин,полун, дувалдын шывагын  мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү үчүн 400000 (төрт жүз миң) сом өздүк салым  жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен  кошумчв түшкөн акча каражаттарынын эсебинен ажыратылып берилсин.

 

2  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 33 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

9

26.10.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак айылындагы Тажибай, Янги -Арик дыйкан чарбасынын  мүчөлөрүнүн үлүш жери боюнча  каттоого алынбаган жер аянты боюнча түзүлгөн акт жөнүндө.

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак  айылындагы Тажибай дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүн инвентаризациялоо убагында  0.82 га жер аянты ашыкча чыккандиги боюнча 2016-жылдын 13- октябрында  түзүлгөн  актты карап чыгып, 2016-жылдын 20- октябрында  Янги-Арик дыйкан чарбасынын м?ч?л?р?н?н жер ?л?шт?р?н инвентаризациялоо убагында артыкча чыккан  0.62 га жер боюнча актын  жана каттоого алынбай калган таштак 0.28 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун эсебине алуу жөнүндөгү маселени карап чыгып Жаңы-Ноокат айыл  айылдык кеңешинин сессиясинин заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак  айылындагы Тажибай дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүн инвентаризациялоо убагында  0.82 га жер аянты ашыкча чыккандиги боюнча 2016-жылдын 13- октябрында  түзүлгөн  актты карап чыгып, 2016-жылдын 20- октябрында  Янги-Арик дыйкан чарбасынын м?ч?л?р?н?н жер ?л?шт?р?н инвентаризациялоо убагында артыкча чыккан  0.62 га жер боюнча актын  жана каттоого алынбай калган таштак 0.28 га жер аянты жалпысы болуп 1.72 га жер аянты  айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун эсебине алынсын. 

 

2    Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жеринен эсебине алынган 1.72 га жер аянты  мындан ары мыйзам чегинде пайдалануу,керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо  иштери  жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

         

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад