М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндө

2.

2

15.09.2016

 "БУУОП нын " Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү" программасына катышуу үчүн айылдарды тандоо жана тандалган айылда жергиликтүү өнүгүү комитетини түзүү жөнүндө

3.

3

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек араларын бекитүү жөнүндөгү токтому тууралуу

4.

4

15.09.2016

Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2016-2018-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

5.

5

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Темир-Корук жолун ремонтоо  үчүн бөлүнгөн 100000 сом акчану Темир Корук  трансформатору үчүн сараптоого уруксат берүү жөнүндө

6.

6

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн  бөлүнгөн 50000 сом акчаны   спорттун жеке күрөшү   боюнча Азия мелдешинин  женүүчүсү М. Балатаевге   ыйгарууга  уруксат берүү  жөнүндө

7.

7

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылуучу чарба малдардан алынуучу  жыйым  акчасынын суммасын бекитүү жөнүндө

8.

8

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборунун түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгү Жобону бекитүү, жарандарды кабыл алуу борборунун кабыл алуу каналарын жайгашуу  тизмегин жана жарандарды кабыл алуу борборун куруу үчүн өзүмдүк салым кошуу жөнүндө

9.

9

15.09.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак  айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1 Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн атын Байматов    Тешабайдын атына ыйгаруу жөнүндөгү   токтому тууралуу

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндө

             Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын  биринчи жарым жылдыгында киреше салыгы    25947.0 сом  пландаштырылып, аткарылганы  13108.8 сомду түзөт. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылга сметасы Р-7015239.7 сом  пландаштырылып, аткарылганы   449.6 сомду түзөт. Р-704   780.0  сом  пландаштырылып, аткарылганы 510.0 сомду түзөт. Р-706 9424.6  сом  пландаштырылып, аткарылганы  2796.0 сомду түзөт. Р-708508.0 сом  пландаштырылып, аткарылганы  30.3 сомду түзөт. Р-709  4648 сом  пландаштырылып, аткарылганы  1410.0 сомду түзөт. Р 710   2010.0 сом  пландаштырылып, аткарылганы  70.0 сомду түзөт.

         Жаңы-Ноокат    айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы

бюджетинин аркарылышын жана келечектеги  милдеттерин карап чыгып Кыргыз

 Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү

 мамлекеттик администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамын негизинде   Жаңы-Ноокат

 айылдык  кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында

бюджетинин   киреше  бөлүгү 12395.0 миң  сомгоыгаша бөлүгү 8387.0 миң сомго

 аткарылгандыгы белгиленип аткарылган иштер канааттандырылдуу деп табылсын. 

 

2  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндөгү  иш арекеттери бекитилсин.

 3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2016-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттери жөнүндөгү  иш арекеттерин өз убагында актарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

4   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

15.09.2016

 

 "БУУОП нын " Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү" программасына катышуу үчүн айылдарды тандоо жана тандалган айылда жергиликтүү өнүгүү комитетини түзүү жөнүндө

2016-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн жумушчу чогулушунда бекитилген критерийлерге карата баа берүүнүн негизинде айылдарды  тандоонун жыйынтыгы жана Жаңы-Ноокат, Кызыл-Тейит айылдарынын жашоочулары тарабынан жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамын шайлоо жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Н Юлчиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Критерийдин негизинде 3 айылдын ичинен 31 жана 22 балл алган Жаңы-Ноокат жана Кызыл-Тейит айылдары БУУОП нын "Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү"  программасына катышуу үчүн максатуу айыл деп табылсын( Баалоонун жыйынтыгы 1-тиркеме тиркелет).

 

2    Жаңы-Ноокат жана Кызыл-Тейит айылдарынын жашоочулары сунушталган жергиликтүү өнүгүү комитетинин курамы 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.ир тиркеме тиркелет)

 

3  БУУОП нын " Ош областынын аймагын интеграциялап өнүктүрүү" программасынын алкагында тандалган айылдарды өнүктүрүү максатында натыйжалуу ишмердүүлүктү жүргүзүнүн уюштуруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

4 Бул токтомду ишке ашырууну көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                  А.Имамов

 

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек араларын бекитүү жөнүндөгү токтому тууралуу

    "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош областтык жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын айыл аймактарын сырткы чекарасын аныктоо жана бекитүү жөнүндөгү катында белгиленген көрсөтмөлөрүн иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу максатындагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек араларын бекитүү жөнүндөгү токтому  жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13- беренесинин 3-пункутунун  негизинде  аныкталган Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек арасы боюнча маселени карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош областтыкжерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан белгиленген тартип негизинде даярдалган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18- декабрындагы № 90 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын сырткы чек аралары бекитилсин. 

 

2    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.     

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2016-2018-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

           Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюштурулган жайыт комитети тарабынан  Кыргыз Республикасынын "Жайыт жөнүндө" мыйзамынын негизинде " Коомчулук менен жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү" 2016-2018-жылдага карата иштелип чыгылган  стратегиялык  планын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамын негизинде   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюштурулган жайыт комитетинин     " Коомчулук менен жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү" 2016-2018-жылдага карата иштелип чыккан  стратегиялык  планы бекитилсин.

 

2   Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин " Коомчулук менен жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү" 2016-018-жылдага карата иштелип чыккан стратегиялык пландарында белгиленген чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана  аткарылган жумуштар боюнча белгиленген убакытта отчетторду берип туруу жагы  жаңы-Ноокат жайыт комитетинин жетекчиси М.Юсуповго тапшырылсын.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Темир-Корук жолун ремонтоо  үчүн бөлүнгөн 100000 сом акчану Темир Корук  трансформатору үчүн сараптоого уруксат берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Темир Корук жолун ремонтоо үчүн  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн 100000 сом акча каражатын  Темир Корук айылына трансформатор орнотуу үчүн сарптоого уруксат берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясынын заседаниясы  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Темир-Корук жолун ремонтоо  үчүн бөлүнгөн 100000 сом акчаны Темир Корук  трансформатору үчүн сараптоого уруксат  берилсин.

 

2   Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

6

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн  бөлүнгөн 50000 сом акчаны   спорттун жеке күрөшү   боюнча Азия мелдешинин  женүүчүсү М. Балатаевге   ыйгарууга  уруксат берүү  жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн  бөлүнгөн 50000 сом акчаны   спорттун жеке күрөшү   боюнча Азия мелдешинин  женүүчүсү М. Балатаевге   ыйгаруу боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап айыл жаштарын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинен "Мыкты көчө" үчүн  бөлүнгөн 50000 сом акчаны   спорттун жеке күрөшү   боюнча Азия мелдешинин  женүүчүсү М. Балатаевге   ыйгарууга  уруксат берилсин.  

 

2   Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

7

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылуучу чарба малдардан алынуучу  жыйым  акчасынын суммасын бекитүү жөнүндө

Мал  базарында сатылып жаткан малдар үчүн Кыргыз Республикасынын баалар боюнча антимонополия комитети тарабынан    10 сомдон 70 сомго чейин  белгиленген жыйымдардын суммасын   карап чыгып,  орточо бир суммада сатылып жаткан    мал жандыктарынан жыйымдар алынышы боюнча  маселени  талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамын негизинде   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1 Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылып жаткан ири мүйүздүү малдар  жана жылкылар үчүн 50 сомдон, кой-эчкилер үчүн 20 сомдон жыйым  топтолушу белгиленсин.

 

 2  Жаңы-Ноокат айылындагы мал базарда сатылып жаткан мал жандыктары үчүн  айылдык  кеңеши тарабынан белгиленген суммада   жыйымдарды топтоо жана белгиленген тартипте финансалык иш арекеттер жүргүзүү жагы мал базарынын жетекчилигине тапшырылсын.

 

3  Токтоммдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

8

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборунун түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгү Жобону бекитүү, жарандарды кабыл алуу борборунун кабыл алуу каналарын жайгашуу  тизмегин жана жарандарды кабыл алуу борборун куруу үчүн өзүмдүк салым кошуу жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү  тарабынан айыл тургундарын  ар түдүү маселелери менен кайрылууларын өз убагында чечүү максатында   "Жарандарды кабыл алуу" борборун уюштуруу маселесин карап чыгып жана колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрациясыны жөнүндөгү мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборунун (ЖКАБ) түзүүнүн тартиби жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү  Жобо бекитилсин.

2   ЖКАБ нын жоопту адиси болуп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы  Т Ниязалиева бекитилсин.

 

3  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борбору курулушу  үчүн жай  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имаратынын 1- кабатынан ажыратылсын.

 

 

 1    Жооптуу катчы

 2   Социалдык кызматкер

 3    Жер адиси

 4    ВУС кызматкери

5     Салыкчы

6     Инвестиция боюнча адис

7    Архитектор

8    Жайыт комитиети

9    СООВП

10   Айыл башчысы

11   Айыл башчысы

 

5    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборунун жооптуу адистигине  Т Ниязалиева бекитилисин.

 

6  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборуна төмөнкү инвентарлар  сатып алынсын

 

1 Компютер  8 даана

2  Стол          11 даана

3 Стул            31 даана

4  Шкааф       10 даана

5  Принтер     3 в 1-1  1 даана

6  Телевизор   1 даана

7   ДВД            1 даана

8    ФАКС       1 даана

 

7  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборунун интернет  түйүнү менен байланышы камсыз кылынсын.

 

 

 

 

8  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдындагы "Жарандарды кабыл алуу" борборунун  курулушу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 672849 (алты жүз жетымыш эки миң сегиз жүзкырк тогуз) сом акча каражаттары бөлүштүрүп берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.  

 

9   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаны-Ноокат  айылдык кенешинин кезектеги V чакырылышынын 32 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

9

15.09.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак  айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1 Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн атын Байматов    Тешабайдын атына ыйгаруу жөнүндөгү   токтому тууралуу

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак  айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1 Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн атын Байматов Тешабайдын атына ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Ленин орденинин кавалери  Байматов Тешабайдын үзүрлүү эмгектерин айыл жаштарына жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамын негизинде   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөн-Кыштак  айылынын тургундарынын 2016-жылдын 30-августундагы № 1- токтомунун негизинде Дөң-Кыштак айылынын Темир Корук жолундагы көчөнүн аты Байматов Тешабайдын атына ыйгарылсын. 

 

2    Аталган көчөдө жайгашкан турак жай жана имараттарды номерациялоо, керектелүүчү көрсөткүчтөрдү орноту иштерин  уюштуруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын. 

 

 3    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаны-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад