М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

02.07.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына балдар бакчасын куруу үчүн   ажыратылган  0.23 га жер аянтын  максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүп балдар бакчасын куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык кенешинин кезексиз V чакырылышынын 30 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

02.07.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына балдар бакчасын куруу үчүн   ажыратылган  0.23 га жер аянтын  максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүп балдар бакчасын куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө.

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тейит тургундарынын социалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу,элге социалдык шарт түзүү  максатында 2015-жылдын 20- ноябрындагы №1 жалпы чогулушунун протоколунун жыйнтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2- декабрындагы №550  токтому менен көрүстөнгө ажратылган 1.10 га жердин айылдын Беш-Коргон тарабындагы турак жай үйлөрдүн күн батыш жагында жайгашкан 0.40 бөлүгүнүн 0.23 га жер аянты  азыркы күндүн зарылчыгына байланыштуу Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын №100 30- июнь 2016-жылдагы корутундусуна тапянып пайдалануу багытын өзгөртүп, балдар бакчасын куруу маселесин карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл Тейит айылында балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылган 0.23 га жер аянтын максатуу пайдалануу багыты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде  өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2   Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3      Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл Тейит айылынын Беш-Коргон бөлүмүнө балдар бакчасы куруу үчүн керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан   суралсын.

4     Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кызыл Тейит айылынын Беш-Коргон бөлүмүнө балдар бакчасы куруу үчүн керектелүүчү  жерге байланышкан юридикалык иш кагаздарын  даярдап берүү жагы Ноокат райондук   жер кадастри жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

5     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери жана мыйзамдулук  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад