М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

14.06.2017

Жаңы-Ноокат жайыт комитетинен  2016-жылда жүргүзгөн  финансалык жана чарбалык иштеринин отчету   2017-жылга карата бюджети  жана   жайыт жерлери  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

14.06.2017

 

Жаңы-Ноокат жайыт комитетинен  2016-жылда жүргүзгөн  финансалык жана чарбалык иштеринин отчету   2017-жылга карата бюджети  жана   жайыт жерлери  жөнүндө

      Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2016-жылда жүргүзгөн финансылык жана чарбалык иштерин  угуп, жайыт жерлеринен пайдалангандыгы боюнча алынуучу төлөмдөр таксаларын талкуулап  жана Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы жайыт жерлер 1991-жылда  жүргүзүлгөн  инвентаризацияга ылайык    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жайыт жерлер 6183 га жер аянтын түзгөн. 

Ушул инвентаризациянын негизинде  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү бардык жайыт жерлерди   2010-жылы 15-сентябрьындагы акт менен жайыт комитетине өткөрүп берген.  Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан  түзүлгөн атайын комиссия мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр натыйжасында  Кайынды жайлоосундагы жерлер кайра такталып чыгылганда 434 га жайыт жер техникалык каталык менен айыл өкмөтүнүн балансысына кирип калгандыгы аныкталып Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлер жалпысы болуп  5730.58 га   жер аянтын түзгөндүгү жөнүндө тастыктоочу документер даярдалгандыгын карап чыгып Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы"  жөнүндөгү мыйзамынын негизинде   Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин  сессиясынын кезектеги заседаниясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат жайыт комитетенен 2016-жылда жүргүзгөн финансалык жана чарбалык иштери боюнча отчету канаттандырарлык деп эсептелсин   .

 

2   Жаңы -Ноокат жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети  450030  сомго жана жайыт жерлеринен алынуучу жыйымдар таксасы бекитилсин.(тиркелет)

 

3  Ноокат  райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан тастыкталган Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин жайыт жерлеринин көлөмү 5730.58 га кылып бекитилсин.

 

4   Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыттардан пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Жайыт жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн  талаптар боюнча иш жүргүзүү жагы Жаңы-Ноокат жайыт пайдалануучулар бирикмесине тапшырылсын.

 

5  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                      

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад