«БЕКИТЕМИН»

Ош областынын Ноокат районунун Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин

2017-жылдын  4-МАРТ  №3 токтому

           

БУУӨПтун  «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү » долбоорун ишке ашырууга көмөктөшгүү  боюнча Кызыл-Тейит айылынын өнүктүрүү  комитети жөнгүндө

ЖОБО

I. ЖАЛПЫЖОБО

1.1.            Кызыл-Тейит айылынын жергиликтүү өнүктүрүү  комитети (мындан ары – өнүктүрүү  комитет) дайыма аракеттенген коллетивдүү  кеңешүүчү  орган болуп эсептелинет. Өнүктүрү  комитети БУУӨПтун «Ош областын интеграциялап өнүктүрүу» долбоорун Кызыл-Тейит айылынын денгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүүгө  максатында түзүлдүү.

1.2.            Өзүнүн  ишмердүүлүгүндө өнүктүрүү  комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.

1.3.            Өнүгүү комитети өзүнүн  милдеттерин акы төлөөсүз  негизде аткарат.

1.4.            Өнүгүү  комитетинин мүчөөлөрү  айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.

1.5.            Айылдын коомдук иштерине активдуу катышкан, көйгөйлөрдү  жана аларды чечүүнүн  жолдорун жакшы билген ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө  шайлануусу мүмкүн.

1.6.            Өнүгүү  комитетинин ушул жобосу жана анын курамы айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.

1.7.            Өнүгүү комитетинин ишине кенешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын Өкүлдөрү  тартылышы мүмкүн .

II. ЖЕРГИЛИКТУУ ӨНҮГҮ  КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ

2.1 Жергиликтуу өнүгүү  комитетинин функциялары:

a)                 Долбоорду натыйжалуу ишке ашырууга карата чечим кабыл алууга таасир тийгизүүнү  жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү  жергиликтүү  жамааттын алкагында өз алдынча башкарууну жүргүзөт.

b)                Айылдын маанилүү  көйгөйлөрүн  БУУӨПтун долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү  жана коюлган милдеттерди ишке ашыруу ну уюштуруу.

c)                 БУУӨПтун долбоорунун колдоосуна сунуштала турган айылдын социалдык- экономикалык Өнүгүүсүнө багытталган долбоордук билдирмелерге карата алгачкы тандап алууну жүргүзүүнү;

ё) Арыз ээлеринин социалдык-экономикалык долбоордук билдирмелери боюнча БУУӨПтун долбоорунун колдоосуна талапкерлике сунуштоо же сунуш берүүдөн  баш тартуу жөнүндө  чечим кабыл алуу;

е) Колдоо алуунун түрдүү  формаларына (гранттык, техникалык, кеңеш алуу ж.у.с.) сунуштоого социалдык, инфраструктуралык, экономикалык, ивестициялык жана башка долбоорлордун арасында конкурс өткөзүунүн  зарылдыгы жөнүндө  сунуштарды иштеп чыгуу;

)Социалдык-экономикалык долбоорлорду жана башка айыл деңгээлиндеги иш- чараларды ишке ашыруу процессине карата такай мониторинг өткөзуп  туруу жана зарыл чечимдерди тез арада кабыл алуу максатында БУУӨПтун долбооруна өз убагында маалыматтарды берүү.

Ь) БУУӨПтун долбоорунун иш-чараларын айыл деңгээлинде координациялоо, анын ичинде БУУӨПтун долбоору аркылуу өткөзүлгөн  иштер жөнүндө  жергиликтүү коомчулукту маалыматтар менен камсыздоо иш аракеттерин жүргүзүү.

Ш. ЖЕРГИЛИКТУУ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ

1.8.            Өнүгүү комитетинин заседаниеси анын негизги ишмердүүлүгү , ал кароого чыгарылган бардык маселелерди коллегиалдуу кенешүүнү  камсыздайт.

1.9.            Өнүгүү комитетинин заседаниеси зарылдыка жараша 3 күндүк  мөөнөттө төраганын  төрайымдын  жеке демилгеси же өнүгүү комитетинин мүчөөсүнүң  сунушу боюнча чакырылат.

1.10.        Өнүгүү комитетинин төрагасы/төрайымы

d)                Өнүгүү комитетинин ишин уюштурат;

e)                 Өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү  күнүн , убактысын белгилейт;

f)                  Өнүгүү комитетинин заседаниесин  өткөзүү  чакырат;

g)                 Өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча чечим кабыл алуу процесстерин уюштурат;

h)                заседаниенин протоколун жүргүзүүнү  уюштурат;

i)                  заседаниеде төрагалыкты/ төрайымдыкты жүргүзөт.

1.11.        Өнүгүү комитетинин секретары

j)                  Өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинин долбоорун даярдайт;

k)                Өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү жөнүндө  Өнүгүү комитетинин мүчөлөрүн  өз убагында кабарлоону камсыздайт (2 күндөн  кеч эмес мөөнөттө);

l)                  Өнүгүү комитетинин заседаниесинин протоколун жүргүзөт;

m)              Өнүгүү комитетинин кабыл алган чечимдери жөнүндө  бардык кызыкчылык тараптарды кабарлайт.

IV. ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

4.1.           Өнүгүү комитетинин чечимин кабыл алуу анын заседаниесине катышкан көпчүлүктүн  добушу менен кабыл алынат.

4.2.           Күн тартибиндеги маселеге карата добуш берүүдө  өнүгүү  комитетинин ар бир мүчөөсү  бир  добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда өнүгүү  комитетинин заседаниесиндеги төраганын төрайымдын добушу чечүүчү  добуш болуп эсептелинет.

4.3.           БУУӨПтун долбоору үчүн  Өнүгүү комитетинин заседаниесинин чечими сунуштоо   мүнөөзүнө ээ.

V. ЗАСЕДАНИЕНИН ПРОТОКОЛДОРУ

5.1             Өнүгүү комитетинин чечимдери протокол менен жазылат

5.2             Заседаниенин протоколу заседание өткөндөн  3 күндөн  кем эмес мөөнөттө жазылып   даярдалат.

Протоколдо көрсөтүлөт :

n)                заседаниени өткөрүү  күнү;

o)                заседаниеге катышкандардын тизмеси;

p)                заседаниенин күн тартиби;

q)                чыгып сүйлөгөндөрүн  негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, аларга карата добуш берүүнүн  жыйынтыктары;

r)                  кабыл алынган чечимдер.

5.3 Заседаниенин протоколдоруна заседаниенин төрагасы/төрайымы жана өнүүгү комитетинин секретары кол коёт.

 

 

 

 

«БЕКИТЕМИН»

Ош областынын Ноокат районунун Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин 2017-жылдын  4 март № 3  токтому

 

БУУӨПтун «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбооруна колдоо көрсөтүү боюнча Кызыл-Тейит айылынын жергиликтүү  өнүктүрүү  комитетинин

 

КУРАМЫ

 

Жергиликтуу өнүүгү  комитети, Кызыл-Тейит айылы, Жаңы-Ноокаг АА, Ноокат району

 

1.       

Токталиева С

 

 

 

2.       

Арынов А

 

 

 

3.       

Нишанбаев М

 

 

 

4.       

Садыков А

 

 

 

5.       

Алибаева М

 

 

 

 

    Жергиликтүү  өнүүгү  комитетинин курамы боюнча сунуш Мүчөөлөрүнүн  жалпы саны - 5-7 киши

-ушул айылдан шайланган айылдык кенештин депутаты 1-2

-аксакалдар сотунан -1

-аялдар кеңешинен - 1

-жаштар уюмдарынан -1

-коммерциялык эмес уюмдардан -1

-ишкердик чөйрөсүнөн -1

-айыл өкмөтүнөн - 1