Кыргыз Республикасы Ош облусу

Ноокат району

 

 

 

 

 

 

 

 

2018-2020-ЖЫЛДАРГА

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН  

СТРАТЕГИЯЛЫК ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагы 2017-жыл

 

 

 

Киришүү.

 

Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу, салык салуу, коомдук коопсуздук тармагында, калктын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бир катар реформалар журуп жатат. Алардын жыйынтыгы катары бир топ жетишкендиктер болду, бирок буга карабастан , бугунку куну олуттуу проблемалар айыл аймактарында дале чечилбей келүүдө, мисалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: мектепке чейинки  жана мектептеги билим алуу мүмкүнчүлүгү, медициналык кызматтардын шарттары жана чектелгендиги; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу;    инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы.

Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу иш аракеттерди камтыган стратегиялык программа иштеп чыгуу жана иш жүзүнө  ашыруу зарыл.

Айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну максаттайт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.

Бул максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердүүлүгүнөнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт.

Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан каржыланып жана БУУОП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү» программасынын негизинде, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Стратегиялык Туруктуу Өнүгүү Планы иштелип чыгылды. Бул Стратегиялык Туруктуу Өнүгүү Планы, эксперттер тобу айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү комитетеринин мүчөлөрү менен биргеликте, Туруктуу өнүгүүнун максаттарына таянып, 2018-2022 жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясы  жана “Өкмөттүн 2018-2022-жылдардагы программасын” жетекчиликке алуу менен, айыл аймагынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтүү калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды. 

Бул айыл аймактын Стратегиялык Туруктуу Өнүгүү Планы орто мөөнөттүү жана 2017-2020-жылдарды гана камтыйт. Алыскы мөөнөттөгү Стратегиялык максат катары “Калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүнү  камсыз кылуу” болуп белгиленген.

 

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын туруктуу 

өнүгүүсү үчүн жергиликтүү потенциалы

1.1. Географиялык жайгашуусу:

Жаны-Ноокат айыл  аймагы 1996-жылы  түзүлүп, Жаңы-Ноокат, Темир-Корук жана Кызыл-Тейит үч айылдарынан турат. Айыл аймагы Ош облусунун Ноокат районунун борбору Ноокат шаарынын батыш жагында 7км аралыкта, деңиз  деңгээлинен  орточо 1230 метр бийиктикте  жайгашып, Гулистан, Бел, Кара-Таш айыл аймактагы  менен чектешет жана жалпы  аянты  26.11  км  кв  тузот.

1.2. Климаттык шарттары:

Жаңы-Ноокат айылдык  аймагындагы аба-ырайынын шарттары   континенталдуу, кышы өтө катуу эмес, орточо 15-20 градус суук болуп, 3,5-4 айга созулат. Жай мезгилинде орточо температура 30-36градуска жетип, орточо кургак келет. Орточо жамгырдын нормасы 150 дон 200мм чейин болот, тоолуу аймакта 600-700 мм жетиши мүмкүн.

Табигий шарты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Өзгөчө буудай, картошка, жүгөрү, тамеки жана жашылча жемиштерди, мөмө берүүчү дарактардан алма, өрүк, шабдаалы, алчадан  жакшы түшүм алууга болот.

1.3. Жер  жана суу ресурсдары:

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн  жалпы аянты 27588 га, ал эми айыл чарба багытындагы  жерлер 3532 га, анын ичинен 1428 га сугат айдоо, кайрак айдоо аянттары 2104 га ды түзөт.

Аймактын негизги ресурсдарынын бири - кайра болуштуруу фондунун жерлери 774,5: 

 Суулуу айдоо:      -156,5 га

              Кайрак айдоо:      - 433 га

              Көп жылдык бак - 178 га

              Чөп чабынды:      - 7 га

              Жайыт:                 -5983га

  Бул маалыматтан корунуп тургандай, суулуу жер аз (үлүш жер бөлүнгөндө суулуу жер ар бир жанга болгону 0,05 - 0,15га чейин бөлүнгөн), көпчүлүк  жер жайыт категориясында.

 

1.4. Демографиялык  көрсөткүчтөр  жана  эмгек ресурсдары

Калкынын  саны боюнча 28272 киши болуп, райондогу экинчи орунда, ал эми калктын жыштыгы боюнча биринчи орунда турат. Кожолуктардын  саны 5100. Айта кетчү көрсөткүч Жаңы-Ноокат айылы 3 участкага бөлүнүп, аймактын 88% калкы ушул айылда жайгашкан.

Айылдын аталышы

Кожолуктун саны

Калктын саны

Жалпы калктын санына %

1

Жаны-Ноокат

3987

24737

88

2

Темир-Корук

485

1207

4

3

Кызыл-Тейит

507

2328                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                        

8

 

Жалпы калктын саны

4979

28272

100

Калктын этникалык курамы: кыргыздар-13,3 %, өзбектер- 85,6%, башкалар -1,1%.

Жаш курактары боюнча:

0 жаштан 7 жашка  чейинкилер 5999,  8 жаштан 16 жашка  чейинкилер 2376, 17 жаштан 60 жашка чейинкилер  18083,  60 жаштан жогоркулар – 1814 адам.

 

УЧУРДАГЫ АБАЛДЫ БААЛОО

 

Айыл чарба тармагы

 

1994–жылы айыл өкмөтүнүн балансындагы жерлер 3 айылдын жергиликтүү тургундарына үлүш катары бөлүнүп берилген. Айыл аймактын 3 айылында Дөң-Кыштак участкасында 0,05 га сугат жер, жана 0,075 га кайракы жер, Катта-Тал участкасында 0,07 га сугат, 0,12 га кайракы,  Жандама участкасында 0,05 га сугат, 0,12 га кайракы, ал эми Кызыл-Тейит 0,15 га сугат, 0,04 га кайракы жерлер ар бир жан үчүн бөлүнүп берилген.

Жылдан жылга жергиликтүү  дыйкандар бир түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдө.Кандайдыр бир башка жаңы технлогияларды колдонулбай келет. Көпчүлүк учурларда болжолдонгон көлөмдөгү түшүм жыйналбайт. Ал эми түшүм мол жыйналган жылдары дыйкандар өз продукциясын төмөнкү баада сатууга дуушар болушат. Себептери:

·         Фермерлер айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүдө агротехнология эрежелерин, мисалы которуштуруп айдоо эрежелерин сакташпайт, мунун натыйжасында жерлер деградацияга учуроосуна жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келип жатат.

·         Сапаттуу урөндөрдүн жетишсиздиги;

·         Сугат суунун жетишсиздиги (сугат системасынын эскилиги жеткен);

 

Суу ресурстары

 

Aйыл аймакта сугат тармактары боюнча 70,2 км системасы бар,алардын ичинен 17 км чарбалар аралык.

53,2 км СПАнын балансында турат. Жер-канал тармагы көбүнчө сел жүргөн учурларда жуулуп, бүтүндөй сугат каналдары кумга толуп калат. Ушуга байланыштуу, аларды жыл сайын оңдоо жүргүзүү талап кылынат.

Сугат суу кызматын көрсөтүүчү мекеме Сугат Сууларын Пайдалануучулардын Федерациясы болуп саналат. Сугат суу керектөөчүлөрдүн Федерациясына СПА "Гезарт" (2185 га) кирет. Алар: "Кыргыз-Ата" жана "Найман" каналынын алынган сугат суунун эсебинен жергиликтүү дыйкандарга кызмат көрсөтүшөт. 1 куб сугат суу жеткирүү боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм -15 тыйын болуп саналат.

 

Жайыт

                Айыл аймактын балансында 5983 га жайыт бар. Жайыттар экиге бөлүнөт жакынкы жана алыскы болуп. Жакынкы жайыттар негизинен айылдарга жакын жайланышып жаз жана кеч күз айларынын 70-90 күнүнө чейин пайдаланууга мүмкүн болот. Ал эми алыскы жайыттар жай жана күз айларында 120-150 күнгө чейин пайдаланылат. Жайыт кызматтын көрсөтүүчү болуп АА Жайыт Комитети болуп эсептелет. Жайыт пайдалануу үчүн сезонуна, Ири мүйүздүү малдардын жана жылкылардын башына 120 сом, ал эми майда жандыктар үчүн башына 63 сом алынат. Бул төлөмдөр айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. Чогулган төлөмдөр Жайыт комитетинин кызматкерлеринин айлык маяналары жана жайыттарды пайдалануудагы шарттарды жакшыртууга багытталат (жол, көпүрө, мал ичүүчү суу ж.б.). жайыт пайдаланууда төмөндөгү көйгөйлөр бар:

·         «Гезарт» участкасында Ноокат токой чарбасы менен 2597 га талаш жайытты бар. Бир нече жолу малчылар арасында чыр-чатактар чыккан. Бул маселени кароо үчүн жайыттар боюнча райондук комиссиясына кайрылуу болуп, азыркы күнгө чейин чечилбей келет;

·         Мындан сырткары жайыттардын аянттарын тактоо боюнча да бир топ тоскоолдуктар бар. Мисалы: 1991-жылдагы жер бөлүштүрүүдө үй-жай салуу үчүн жер тилкелери жана бак өстүрүүгө багытталган жер тилкелери                                                             

Өнөр жай тармагы

Айыл аймакта жалпы болуп 506 жеке ишкерлер, 4 кичи завод, 2 базар, 3 техсервис, 1 ветсервис, 22 тегирмен, 4 май куйуучу түйүндөр иштейт. Негизинен  ишкердүүлүктүн соода, кызмат көрсөтүү, туризм тармагы жакшы  өнүккөн.

Аймакта туризм тармагын өнүктүрүүгө тарыхый, мусулмандардын сыйынуучу жайлар орун алган. Тамактануучу жайлардагы шарттарын жакшыртса, транспорт жүрүүчүлөр жолдор салынса туризмди өнүктүрүү үчүн географиялык жайгашуусу ынгайлуу.

Өндүрүштү өнүктүрүү боюнча мини ГЭС, тоо зонасында мрамор таш ресурсдары бар. Ошондой шагал, таш, кум ресурсдары кичи ишканаларын иштетүү жетиштүү көлөмдө.

 

Курулуш тармагы

 

Жалпысынан айыл аймакта 2466 кожолук бар. Турак жайларды ынгайлаштыруу учун ичуучу суу, жолдорду ремонттоо, электр линияларын тартуу, жаны электр транформаторлорун орнотуу, коомдук жайларды жашылдандыруу боюнча бир топ иштерди аткаруу керек.

Жергиликтуу бюджеттин эсебинен айылдарды көрктөндүрүүгө, жолдорду оңдоо, тазалоо-актоо, гүлдөрдү, дарактарды өстүрүүгө бөлүнүүчү бюджеттин көлөмү көбөйүүдө. Ошондой эле мындай иштер жергиликтүү жамааттын салымы менен дагы ишке ашырылып жатат. 

СОЦИАЛДЫК ТАРМАК

 

Билим берүү:

Айыл аймакта 8 орто мектеп, 1 лицей-мектеп, 6 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме иштейт. Алардын ичинен 4 мектеп кыргыз тилинде, 4 мектеп өзбек тилинде окутуу жүргүзүшөт. 2017-окуу жылына окуучулардын саны 5344га жетти, ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучулардын саны 794. Айыл аймакта райондогу жалгыз мектеп-санаторий жайгашкан. Жогорудагы маалыматтар көрсөткөндөй Жаңы-Ноокат айылында аймактын 88% калкы жашайт. Ошондуктан айылдагы мектептерде орун жетишпейт, мектепте балдар 2 сменада окушат. Көпчүлүк окучуулар башка участкадагы мектептерге барып билим алышат.

            Билим  берүү тармагындагы  негизги көйгөйлөр: 

·         Найманбаев Н, Темир-Корук Лицей Сахаба, Профлицей-58 окуу жайларында спортзалдар жок. Дене тарбия сабагы аба ырайына байланыштуу өткөрүлүп келет.

·         Найманбаев Н мектебинде класстык кабинеттер жетишпейт;

·         Күнгөй участкасында мектеп жоктугуна байланыштуу, окуучулар 3 км алыстыкта жайланышкан мектепке барып билим алышат;

·         Мектептерде маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттар жок;

·         Музыкалык аспаптардын жоктугунан көпчүлүк мектептерде музыка сабагы өткөрүлбөйт;

·         Китептердин эскилиги жеткен, окуу китептери жетишпейт;

·         Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде орундуктар жетишпейт. Азыркы күндө балдар бакчалары айыл аймак боюнча 15% гана балдарга билим берүүгө мүмкүнчүлүгү бар;

 

Саламаттыкты сактоо:

Айыл аймак боюнча 1 айылдык оорукана, 1 поликлиника жана 4 ФАП 28272 жергиликтүүтургундарга медициналык кызмат көрсөтүп келет. Ошондой эле 8 жеке менчик даарыканалар иштейт. Орточо эсеп менен бир медициналык кызматкерге 150-200 адамды тейлөө туура келет. Айылдын жашоочуларынын санына салыштырмалуу медициналык кызматкерлердин саны жетишпейт. Мындан сырткары;

·         Толук камдуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн медициналык мекемелердин саны жетишпейт;

·         Иштеп жаткан медициналык мекемелердин медициналык жабдууларынын эскилиги жеткен;

 

Ичүүчү суу

Ичүүчү суу тармагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында 1971-жылы курулган. Анын узундугу 19 км түзөт. Азыркы күндө бардык суу тутумдары жарактан чыгууда. Мындан сырткары тармактын долбоору же картасы жок, суу түтүктөрү кайсыл жерде кандайча жайланышкандыгы жөнүндөгү маалымат эч кимде жок. Жалпы айыл аймак менен алганда жергиликтүүтургундардын 80% ичүүчү менен камсыздалган эмес. Жаңы түшкөн конуштарын 100% таза сууну алыскы аралыктан ташып келип ичишет.

 

Маданият тармагы

Айыл аймагында бир гана маданият борбор бар. Имарат азыркы күндө толук капиталдык оңдоп түзөөнү талап кылат. Маданий иш-чаралар же мектепте же башка бир коомдук жайларда өткөрүлүп келинет.  

        Акыркы 30 жыл имаратында капиталдык ремонттору жүргүзүлгөн эмес,

        Керектүү музыкалык аспаптар жана жабдуулар жок;

        Айнек жана эшиктердин эскилиги жеткен;

 

Коммуналдык инфраструктура.

 

Айыл аймагында  стат  боюнча  үч  айыл  бар.   2015-жылдан  Темир-Корук айылынан  60 үй  бүлөгө , Жаны-Ноокат айылынын тургундарына 870  үй-бүлөгө, Кызыл-Тейит  айылына 140 үй –бүлөгө, жалпы  айыл  аймак  боюнча  1070 үй – бүлөгө үй  куруу  үчүн  жер  участоктору  берилген. 300   үй-бүлө  турак  жай  куруу  менен өз алдынча  электр  чубалгыларын  тартып  алышкан, бирок  бул талапка  жооп  бербегендиктен үч  үй-бүлөдөн  өрт  кырсыгы  катталды. Андан  сырткары  жаз, кыш  мезгилдеринде  жаан-чачын  көп болгон  учурда электр  чубалгылары  үзүлүп, жашоочулар  үчүн кооптуу абал  жаратат. Себеби   бүгүнкү  күндө бул жер  участокторуна  эч  кандай электр  чубалгылары тартылган эмес, жашоочулар турак  жай куруу  үчүн  электр  линиясын тартып  берүү  үчүн айыл  өкмөткө көп жолу  кайрылышкан, бирок натыйжасыз.

Мындан сырткары ушул эле жаңы конуштардын автоунаа жолдору аябай өкүнүчтүү абалда. Башкача айтканда бул конуштарда жол салынган эмес. Жергиликтүү жамаат өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жолдорду шагылдап, бирок азыркы күндө талапка жооп бербей.

 

СТРАТЕГИЯЛЫК  МАКСАТЫ:

2020 жылга Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы сугат суунун жоготуусун 30% кыскартуу менен аймактагы өсүмдүктөрдү өстүрүү тармагын өнүктүрүү жана жайыттарды туура пайдалануу менен мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн 10% жогорулатуу жана жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу.

 

 

 

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ:

 

v  Дыйканчылык, багбанчылык жана мал чарбасындагы продукциянын көлөмүн көбөйтүү;

v  Жергиликтүү  жарандарды жумуш орундары  менен  камсыздоо;

v  Муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу;

 

Артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу боюнча милдеттер:

 

Багыт: Дыйканчылык, бакчылык жана мал чарбасындагы продукциянын көлөмүн көбөйтүү

 

Милдеттер:

1.      Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукциясын өндүрүүнү 15% га жогрулатуу менен жергиликтүү калктын үй-бүлөлүк кирешесин 9% жогорулатуу.

 

Иш-чаралар:

1.1.         2018-жылы био жер семирткичтерди даярдоо жана колдонуу боюнча дыйкандарды 10 окутуу (тренинг/семинар) өткөрүү;

1.2.         2018-жылы айыл өкмөтүн балансында муниципалдык үрөн чарбасын (семеноводческое хозяйство) уюштуруу жана Ош облусундагы ийгиликтүү үрөн чарбалары менен келишимдерди түзүү;

1.3.         Сунуш- 7 км Базар-Арык каналын толугу менен капиталдык оңдоо;

1.4.         Дөң-Кыштак айылындагы Тескей участкасындагы 4км сел каналын капиталдык оңдоо, сел тосмолорун куруу;

1.5.         Дон-Кыштак Коен участкасындагы 2,5 км сел каналын капиталдык оңдооо; Экспортко ылайыкташтырылган тамеки өсүмдүктөрүн өстүрүү аянтынын көлөмүн 2018-2020-жылдары 100 га көбөйтүү;

1.6.         Катта-Тал айылындагы 28 га жерге дренаждык системаны казуу жана жердин деңгээлин көтөрүү (20000 м/куб топурак төгүү);

1.7.         Чили-Сай дарыясынан 20 км 150 диаметириндеги өлчөмдө суу түтүгүн тартуу менен Дөң-Кыштак участкасындагы Тескей бөлүмүндөгү 100 га кайракы жерди суулу жерге айландыруу;

1.8.         Жандама айылындагы Сурпа-Таш участкасындагы топурак алынуучу 3,7 га карьерди тегиздөө жана айыл чарба багынтындагы жерге айландыруу;

1.9.         ПК-15 каналданн жаңы ачылган 1050 метр бөлүмүн бетондоо;

1.10.     Айыл аймактагы каналдарда, сууну бөлүүчү 12 дарбаза орнотуу;

1.11.     Таш-Коргон айылын сугат суу менен камсыздоо үчүн Базар-2 каналына жаңы бөлүүчү канал куруу;

1.12.     Катта-Тал участкасындагы Калик-Тал бөлүмүндө Базар-2 каналындагы сел жууп кетчү жайларды бетондоо;

 

2.      Мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн 10%га жогорулатуу менен жергиликтүү калктын үй-бүлө кирешесин 5%га  жогорулатуу.

 

Иш-чаралар:

2.1.              Айыл аймагындагы  чарба  малдарды жасалма жол менен уруктандыруу Пункттарын керектелүүчү жабдуулар менен  камсыздоо;

2.2.              Эт жана сут азыктары боюнча кошумча нарк чынжырын түзүү;

2.3.              Жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, көп жылдык чөптөрдүн үрөнүн себүү жана корук уюштуруу;

2.4.              Мал сугаруучу жайлардагы булактарды иретке келтирүү жана суу ичүүчү жабдууларды куруу;

 

 

3.      Айыл аймактагы бактарды кеңейтүү жана өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү жарандардын үй-бүлө кирешесин 15%га жогорулатуу

Иш-чаралар:

3.1.                 Айыл аймактагы бак өстүргөн багбандарды бакты жаратуу жана сапаттуу мөмө-жемиш алуу эрежелери боюнча практикалык окууларды өткөрүү;

3.2.                      Айыл аймагындагы түшүмдүлүгү төмөн болгон көп жылдык бак даракттардын ордуна, эрте бышуучу мөмө берүүчү бак даракттарды 150 га аянтка кеңейтүү жана сугат сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу системасын 30га аянтка орнотуу.

3.3.                 Жер көчкү коркунучу бар 7 га жерлерге бадам, миста, өрүк жана башка мөмөлүү дарактарды отургузуу

3.4.                 Адыр участкасына 2 скважина орнотуу менен 2га жерди түшүм берүү багын олтургузуу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу;

3.5.                 Абылгазы участкасында 2 скважина орнотуу менен 4га жерди түшүм берүү багын олтургузуу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу;

3.6.                 Жандама айылындагы Жаш участкасындагы фондтун жерине 1200 метр аралыктан сугат суу чыгаруу менен 9,5 га түшүм берүү багына айландыруу;

3.7.                 Жандама айылындагы Жаш участкасында 1,5га жер аянтына мөмө берүүчү көчөтөрүн өстүрүү питомнигин уюштуруу;

 

 

Багыт: Жергиликтүү жарандары жумуш орундары менен камсыздоо

 

Милдеттер:

1.      Өнөр жай ишканаларынын өнүктүрүү жолу менен айыл аймакта жумушсуздукту 10% га азайтуу;

Иш-чаралар:

1.1.   Дөң-Кыштак айылында кам кыш чыгаруучу цехтерин кайра ишке киргизүү жана бышкан кыш чыгаруучу цехке которуу;

1.2.   Жандама айылында пескоблок чыгаруучу цехтин өндүрүү көлөмүн кеңейтүү үчүн жер аянт маселесин чечүү жана ишке киргизүү;

1.3.   Найман каналына чакан ГЭС куруу;

1.4.    Жандама айылына таш майдалоочу ишкана ачуу;

 

2.      Айыл аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүүчү чакан ишканаларды ачуу менен жергиликтүү жарандардын 7% жумуш орду менен камсыздоо;

Иш-чаралар:

2.1.   Дөң-Кыштак айылында алма ширесин чыгаруучу цех ачуу;

2.2.   Катта-Тал айылында Эт жана сүт продукциияларын кайра иштетуучу цех уюштуруу;

2.3.   “Сахаба” эс алуу багына келуучу туристерге кызмат көрсөтүүнү заманбап түрлөрүн көбөйтүү жолу менен жаңы жумуш  орундорун түзүү.

2.4.   Жандама айылында келиндердин себин даярдоочу тигүү цехин ачуу;

2.5.   Айыл аймактагы 3 айылга темир иштетүүчү цех ачуу;

2.6.   Дөң-Кыштак айылындагы тамекини кайра иштетүү ишканасын кайра ишке киргизүү;

2.7.   Жаңы-Ноокат айылына брусчатка чыгаруучу цех ачуу;

 

Багыт: Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу

 

Милдеттер:

1.        Жергиликтүү тургундардын 80% таза ичүүчү суу менен камыздоо жана санитардык гигиеналык абалды жакшыртуу;

Иш-Чаралар:

1.1.       Дөң-Кыштак муниципиалдык таза суу ишканасы аркылуу Доң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүндө скважина орнотуу жана 200 кожолука 10 км суу түтүктөрүн орнотуу менен таза ичүүчү суу менен камсыздоо;

1.2.       Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндө 2,5 км суу түтүгүн орнотуу менен 215 кожолукту суу менен камсыз кылуу

1.3.       Темир-Корук айылында 2 км суу түтүгүн орнотуу менен 60 кожолукту суу менен камсыз кылуу

1.4.       Тазалык муниципиалдык кызмат көрсөтүү ишканасын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн керектелүүчү техникалар менен камсыздоо

1.5.       Катта-Тал айылындагы Шалдирима-Зарибдор бөлүмүнөдөгү жергиликтүүтургундарды таза суу менен камсыздоо үчүн 4.1 км суу түтүктөрүн тартуу;

1.6.       Жандама айылында 2 скважина казуу менен 550 кожолук таза ичүүчү суу менен камсыздоо;

1.7.       Катта-Тал айылындагы Күнгөй бөлүмүнөдөгү жергиликтүүтургундарды таза суу менен камсыздоо үчүн 4,5 км суу түтүктөрүн тартуу;

 

2.      Мектепке чейинки жана орто билим беруу мекемелериндеги жарандарга кѳрсѳтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

Иш-чаралар:

2.1.       Бардык жалпы билим берүү мектептеринде жана балдар бакчаларында билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн компьютердик иновациялык ыкмаларды колдонуу;

2.2.       Дөң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүнө 225 орундуу мектеп куруу;

2.3.       Найманбаев орто мектебин толук куруп бүтөрүү;

2.4.       Темир-Корук мектебинде спортзал куруу;

2.5.       Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө 225 орундуу мектеп куруу;

2.6.       Мирзакаримов айтындагы орто мектетеги курулуп жаткан кошумча бөлмөлөрдүтолугу менен куруп бүтүү жана ажааткана куруу;

2.7.       Катта-Тал айылынын Таш-Коргон бөлүмүнө 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2.8.       Дөң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүнө 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2.9.       Шакар-Кыштак участкасында 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2.10.   Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2.11.   Жандама айылындагы Жаш жана Водокачка бөлүмдөрүндө 80 орундуу 2 балдар бакчасын куруу;

 

3.      Айыл аймактын тургундары үчүн медициналык кызматтарды өз убактысында алуусуна шарт түзүү жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

Иш-чаралар:

3.1.            Жандама айылынын Тамак жана Жаш бөлүмдөрүндө ФАП куруу;

3.2.            Катта-Тал  айылынын Күнгөй жана Ташкоргон бөлүмдөрүндө ФАП куруу;

3.3.            Дөң- Кыштак айылындагы Тескей жана Кароол-Добо бөлүмдөрүндө ФАП куруу;

3.4.            Шакар-Кыштак айылында ФАП куруу;

3.5.            Тез жардам көрсөтүү имаратын кайра куруу,2 техника менен камсыздоо;

3.6.            70 орундуу оорукана имаратын куруу

3.7.            Иштеп турган оорукананы капиталдык ремонто,медициналык жабдуулар менен камсыздоо.

3.8.            Айылдык поликлиниканы заманбап медициналык аппараттар менен камсыздоо.

4.      Айыл аймакта жергиликтүү жарандардын бош убактыларын тура пайдалануу боюнча жана маданияттуулугун көтөрүү:

4.1.Маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү;

4.2.Жаңы-Ноокат айылына Кинотасмаларды көрүүчү жай уюштуруу;

4.3.Аймактагы борбордук көчөлөрдү көрктөндүрүү жана жарыктандыруу;

4.4.Жандама айылында спортзал куруу;

4.5.“Сахаба” эс алуу жайынжа күрөш боюнча машыгуу залын ачуу;

4.6. 

5.      Айыл аймактын ичиндеги айылдар арасындагы карым катнашты жакшыртуу үчүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү;

5.1.Тескей участкасында 10 км аралыктагы жолду шагылдоо;

5.2.Кароол участкасында 7,5 км аралыктагы жолду шагылдоо;

5.3.Темир-Корук участкасынын 2,5 аралыктагы жолду асфальттоо

5.4.Жандама айылындагы Жаш бөлүмүндө 6,5 км аралыктагы жолду шагылдоо;

5.5.Жандама айылында 2,5 км аралыктагы жолду асфальттоо

5.6.Тескей участкасында 10 км аралыгына электр чубалгыларын тартуу;

5.7.Жандама айылында Жаш жана Водокачка бөлүмдөрүндө 6,5 км электр чубалгыларын тартуу жана 5 электротрансформатор орнотуу;

5.8.Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө 4,5 км жана Каллик-Тал бөлүмүнө 2 км электр чубалгыларын тартуу;

5.9.Ташбулак айылынын 2,6 км жолун толук капиталдык ремонттон өткөрүү;

5.10.       Катта-Тал айылындагы Жаңы конуштардагы 20 көчөнү шагылдоо;

6.      Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу

Иш-чаралар:

6.1.Көрсөтүлүп жаткан кызматтар боюнча стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү

6.2.Кызматтарды көрсөтүү жумуш процессин жөнөкөйлөтүү боюнча административдик жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү

6.3.Иштелип чыккан стандарттарга ылайык кызмат көрсөтүү үчүн документтерди жөнөкөйлөтүү (нускамаларды, мыйзамдын чегинде маалыматтарды жайгаштыруу жана жайларды даярдоо, ж.б.).

6.4.Кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча АӨ кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн окууларды өткөрүү

6.5.Кызматтардын сапатын көзөмөлдөө боюнча ички системаны иштеп чыгуу жана бекитүү

6.6.Кызматтарды жакшыртууга багыталган иш-чаралар менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн таанышштыруу максатында маалымат жыйындарын өткөрүү.

 

 

 

Туруктуу Өнүгүү Стратегиялык Планын иш жүзүндө ашыруунун негизиндеги күтүлүүчү натыйжалары:

 

Ø  Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн реалдуу секторунда экономикалык олуттуу өнүгүүлөр камсыздалат, экономикалык  потенциалы жогорулайт;

Ø  Айыл чарба тармагында жерди иштетүүнүн натыйжалуулугу, түшүмдүүлүк жогорулайт, ирригациялык тармак жакшырат;

Ø  Мал чарбачылыгында малдын асылдуулугу, продуктуулугу жогорулайт, ветеринардык тармактын жана куут пунктунун тейлөөсү жакшырат.

Ø  Кайра иштетүүчү кичи, орто өнөр жай ишканалары пайда болот;

Ø  Айыл чарба продукцияларынын кошумча нарк чынжыры иштелип чыгат;

Ø  Калкка кызмат көрсөтүү, соода тармактары өнүгөт, жаңы объектилер курулат;

Ø  Жаңы жумуш орундар пайда болуп, жумушсуздук азаят;

Ø  Балдарды бала бакчага тартуу денгээли жогорулайт;

Ø  Мектептерде билим берүү жана калкты медициналык тейлөө сапаттары жакшырат;

Ø  Улуттар аралык мамиле бекемдейт, гендердик тең салмактуулук сакталат, өнүгөт;

Ø  Калктын кирешелүүлүгү жогорулайт;

Ø  Экология жакшырат, калкка коопсуз чөйрө түзүлөт.

 

ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ БААЛОО

Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүндо пайда болушу мүмкүн болгон коркунучтар:

·         Кызыкдар тараптардын кызыкчылыгынын төмөндугу;

·          Жергиликтүү бюджет, донорлор жана жергиликтүү ишкерлердин каржылоосунун чектелүүлүгү;

·         Стратегиясынын иш  чараларын ишке ашыруу процессинде башкаруу жана уюштуруунун натыйжасыздыгы, начарлыгы.

 

РЕСУРСТАРДЫ БААЛОО

Каржылоо планы ар кандай булактардан камсыз кылынат. Жергиликтүү бюджет маанилүү кажылоо булагы болуп саналат, ошондой эле каржылоонун башка маанилүү булагы болуп эл аралык долбоорлор жана жергиликтүү дыйкандардын жана бизнес-коомчулуктун  каражаттары  саналат. Жергиликтуу бийлик ишкерлерди тартып, колдоо корсотуу учун муниципалдык –жеке оноктоштуктун принциптерин колдонот .

 

МОНИТОРИНГ жана БААЛОО

Стратегиялык Планын ишке ашыруусу үзгүлтүксүз мониторингдин, макулдашылган индикаторлордун негизинде жүзөгө ашырылат.

Мониторинг   Көрсөткүчтөрдүн Матрицасындагы белгиленген  жыйынтыктары менен иш жузундогу көрсөткүчтөрдү салыштыруу аркылуу жана айырмачылыктардын себебин аныктоо  менен жүзөгө ашырылат.

Мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнун натыйжалары жергиликтүү кенештин жыйналыштарында каралып, бардык кызыкдар тараптардын жана топтордун катышуусун камтыйт.


СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТИН ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

 

п.п

Милдеттер

Иш-Чаралар

Мөөнөтү

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуу аткаруучулар

1

        2

3

4

5

6

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:  Дыйканчылык, бакчылык жана мал чарбасындагы продукциянын көлөмүн көбөйтүү

1

Өсүмдүк өстүрүүдөгү продукциянын өндүрүмдүүлүгүн 15% га көбөйтүү менен жергиликтүү калктын үй-бүлө кирешесин 9% жогорулатуу

1.1.Дыйкандарды био жер семирткичтерди даярдоо жана колдонуу боюнча 10 окутуу (тренинг/семинар) өткөрүү;

2018-жылы

Айылчарба осумдукторунон алынуучу тушумдуулуктун жогорулашууна шарт жаратылат

Айыл башчылар

1.2.Айыл өкмөтүн балансында муниципалдык үрөн чарбасы (семеноводческое хозяйство) боюнча мекеме ачуу жана Ош облусундагы ийгиликтүү үрөн чарбалары менен келишимдерди түзүү;

2018-жылы

Жогоркуу канденсиядагы  урондорго болгон талап кыскарат

Жер адиси

1.3.Сугат суу боюнча 7 км Базар-Арык каналын толугу менен капиталдык ремонтоо;

2019-жылы

700га сугат айдоо жердеги суу танкыстыгынан богот коюлат

СПА Гезерт

1.4.Дөң-Кыштак айылындагы Тескей участкасындагы 4км селовой каналды капиталдык ремонтоо, сел тосмолорун куруу;

2018-жылы

Дон-Кыштак, Темир-Корук болумдорундагы 280га жердеги табгый кокустуктардын алдын алынат

Айыл башчы, СПА Гезарт

1.5.Дон-Кыштак Коен участкасындагы 2,5 км селовой каналды капиталдык ремонтоо;

2019-жылы

Хуян, Боз болумдорундагы 240га жердеги табгый кокустуктардын алдын алынат

Айыл башчы, СПА Гезарт

1.6.Экспортко ылайыкташтырылган тамеки өсүмдүктөрүн өстүрүү аянтынын көлөмүн 2018-2020-жылдары 300 гадан 400 га көбөйтүү;

2018-2020-жылы

Жаны-Ноокат айылы 2000 киши жумуш менен камсыздалып, эканомика осот.

Жер адиси жана айыл башчылыр

1.7.Катта-Тал айылындагы 28 га жерге дренаждык системаны казуу жана жердин деңгээлин көтөрүү (20000 м/куб топурак төгүү);

2019

Суу чыгып кетγγнγ алды алынат

 Жер адиси

1.8.Чили-Сай дарыясынан 20 км 150 диаметириндеги өлчөмдө суу түтүгүн тартуу менен Дөң-Кыштак участкасындагы Тескей бөлүмүндөгү 100га кайракы жерди суулу жерге айландыруу;

2019-2020

100га жер аянтына сугат жерге айлантырылып, 40мин даана кочоттор эгилип момо жемиш бак тигилет.

Айыл башчы

1.9.Жандама айылындагы Сурпа-Таш участкасындагы топурак алынуучу карьерди 3,7 га жерди тегиздөө жана айыл чарба багынтындагы жерге айландыруу;

2018-2019

Дан экиндери учун керек болгон жер аянты тузулот

Жер адиси Айыл башчы

1.10.        ПК-15 каналдын бөлүмүнөн жаңы ачылган отводко 1050 метр бетондук лоток куюу;

2018 -2019

 Сугат суу менен камсыздоо жакшыланат

 АВП Гезарт

1.11.        Айыл аймактагы каналдардагы сууну бөлүүчү 12 дарбаза орнотуу;

2018

 Сугат суу менен камсыздо жакшыланат

 АВП Гезарт

1.12.        Таш-Коргон айылын сугат суу менен камсыздоо үчүн Базар-2 каналына жаңы отвод куруу;

2018

 Сугат суу менен камсыздо жакшыланат

 АВП Гезарт

1.13.        Катта-Тал участкасындагы Калик-Тал бөлүмүндө Базар-2 каналындагы сел жууп кетчү жайларды бетондоо

2018

 Табыгый кырсыктардын алды алынат

 АВП Гезарт

2

Мал чарбасынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн 10%га жогорулатуу менен жергиликтүү калктын үй-бүлө кирешесин 5%га  жогорулатуу

2.1. Айыл аймагындагы  чарба  малдарды жасалма жол менен уруктандыруу Пункттарын керектелүүчү жабдуулар менен  камсыздоо;

2018

 Чарба малдарын асылдγγлγгγ жакшыланат

 Мал чарбачылыгы боюнча адис

2.2. Жайыттардагы мал жебей турган өсүмдүктөрдү жок кылуу жана ал өсүмдүктөрдүн ордуна көп жылдык тоют чөптөрүн өстүрүү;

2018-2019

 Мал жандыктарын тоюут менен камсыздоо жогорулайт

 Жайыт комитети

2.3. Эт жана сут азыктары боюнча кошумча нарк чынжырын түзүү;

2018-2020

 Айылдын экономикасын ѳнγгγсγнѳ шарт тγзγлѳт

 Мал чарба боюнча адис

2.4. Мал сугаруучу жайлардагы булактардын иретке келтирүү жана суу ичүүчү жабдууларды куруу;

2018

Жайыт жерлерде мал жаныбарларына шарт тγзγлѳт

Жайыт комитети

3

Айыл аймактагы бакчылыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү жарандардын үй-бүлө кирешесин 15%га жогорулатуу

3.1.Айыл аймактагы бак өстүргөн бакчыларды бакты жаратуу жана сапаттуу мөмө-жемиш алуу эрежелери боюнча практикалык окууларды өткөрүү;

2018

Тушум алууно денгелин жогорулатат, момо жемиштер томон экспертке чыгышы кутулот.

Жер адиси Айыл башчы

3.2.Айыл аймагындагы түшүмдүлүгү төмөн болгон көп жылдык бак даракттардын ордуна тез мөмө берүүчү бак даракттарды 150 га аянтка эгүү жана сугат сууну үнөмдөө үчүн тамчылатып сугаруу системасын 30га аянтка орнотуу.

2019-2020

Тушуму жок жаткан  жер аянттары тушум беруу жер тилкеси кенирет

Жер адиси

3.3.Жер көчкү коркунучу бар 7 га жерлерге бадам, миста, өрүк жана башка мөмөлүү дарактарды отургузуу;

2018-2019

 Жаратылыш жана экологиялык абалды жакшыланышына алып келет

 Жер адиси

3.4.Адыр участкасына 2 скважина орнотуу менен 2га жерди түшүм берүү багын олтургузуу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу;

2019-2020

Айылдын ичинде жок болгон момо жемиштер тушумуу кенирет

Жер адиси Айыл башчы

3.5.Абылгазы участкасында 2 скважина орнотуу менен 4га жерди түшүм берүү багын олтургузуу жана тамчылатып сугаруу системасын орнотуу;

2018-2020

Айылдын ичинде жок болгон момо жемиштер тушумуу кенирет

Жер адиси Айыл башчы

3.6.Жандама айылындагы Жаш участкасындагы фондтун жерине 1200 метр аралыктан сугат суу чыгаруу менен 9,5 га түшүм берүү багына айландыруу;

2018-2020

Тушуму жок жаткан  жер аянттары тушум беруу жер тилкеси кенирет

Жер адиси Айыл башчы

3.7.Жандама айылындагы Жаш участкасында 1,5га жер аянтына мөмө берүүчү көчөтөрүн өстүрүү питомнигин уюштуруу

2018-2019

Жергиликтуу жамаатти жумуш орду камсыз камсыздалат

Жергиликтуу жамаат

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:  Жергиликтүү жарандары жумуш орундары менен камсыздоо

1

Өнөр жай ишканаларынын өнүктүрүү жолу менен айыл аймакта жумушсуздукту 10% га азайтуу;

1.1.Дөң-Кыштак айылында кам кыш чыгаруучу цехтерин кайра иштетүү жана бышкан кыш чыгаруучу цехке которуу;

2018-2019

Айылдын жарандарын жумуш менен камсыдап, эмиграттар азайтылат

Жер адиси жана жеке ишкерлер

 

1.2.Жандама айылында пескоблок чыгаруучу цехтин өндүрүү көлөмүн кеңейтүү үчүн жер аянт маселесин чечүү жана ишке киргизүү;

2018-2019

Айылдын жарандарын жумуш менен камсыдап, жергилуктуу жарандарды курулуш материалдары менен камсыздап алысын жакындатылат

Жер адиси жана жеке ишкерлер

 

1.3.Найман каналына чакан ГЭС куруу;

2019-2020

Жаны-Ноокат айылында элект энергиясын кениртуу жана энергиянын камсыздалат

Айыл окумот жана инвесторлор

 

1.4.Жандама айылына таш майдалоочу ишкана ачуу;

2019-2020

Курулуш имаараттарын тезрек бутууруго мумкунчулук жаратылат

Жеке ишкер жана айыл башчылар

 

2

Айыл аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка жарандарга кызмат көрсөтүүчү чакан ишканаларды ачуу менен жергиликтүү жарандардын 7% жумуш орду менен камсыздоо

2.1.Дөң-Кыштак айылында алма ширесин чыгаруучу цех ачуу;

2019-2020

Момо жемиштнрдин баасы осот

Айыл окумот жана жеке ишкер

2.2.Катта-Тал айылында Эт жана сүт продукциияларын кайра иштетуучу цех уюштуруу;

2019-2020

Мал чарба продукциясын баасы осот

Вет сервис

2.3.“Сахаба” эс алуу багына келуучу туристерге кызмат көрсөтүүнү заманбап генплан боюнча куруу.

2018-2020

Туристерге жана жашоочуларга заманбап кызмат корсотуу жогоруланат

Айыл окумот менен инвемторлар

2.4.Жандама айылында кийимдерди даярдоочу тигүүчүлүк цехин ачуу;

2018-2020

Аялдарга жумуш орду тузулот, жарандарга кийим кечек баасы арзандайт

Аялдар кенеши жана жеке ишкерлер

2.5.Айыл аймактагы 3 айылга темир иштетүүчү цех ачуу;

2018-2020

Мекеме ишканаларын имараттарына заманбап дизайында буюмдар жасалат

Жеке ишкерлер

2.6.Дөң-Кыштак айылындагы тамекини кайра иштетүү ишканасын кайра ишке киргизүү

2018-2020

Темекини айылдын озундо кайра иштелсе тамеки продуксасын онуктрууго талап кучойот

Ферментация завоттору

2.7.Жаңы-Ноокат айылына брусчатка чыгаруучу цех ачуу;

2018-2020

 Элди курулуш материалдары менен камсыздоо жогорулайт

 Айыл башчысы

Артыкчылык ѳнүгүү багыты:  Муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу

1

Жергиликтүү тургундардын 80% таза ичүүчү суу менен камыздоо жана санитардык гигиеналык абалды жакшыртуу;

1.1.Дөң-Кыштак муниципиалдык таза суу ишканасы аркылуу Доң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүндө скважина орнотуу жана 200 кожолука 10 км суу түтүктөрүн орнотуу менен таза ичүүчү суу менен камсыздоо;

2018-2020

500дан артык уй було таза суу менен камсыз болот оорулар алдыны алынат

Айыл башчысы

1.2.Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндө 2,5 км суу түтүгүн орнотуу менен 215 кожолукту суу менен камсыз кылуу

2017-2019

215дан артык уй було таза суу менен камсыз болот оорулар алдыны алынат

Айыл башчысы

1.3.Темир-Корук айылында 2 км суу түтүгүн орнотуу менен 60 кожолукту суу менен камсыз кылуу

2017-2019

64 дан артык уй було таза суу менен камсыз болот оорулар алдыны алынат

Айыл башчысы

1.4.Тазалык муниципиалдык кызмат көрсөтүү ишканасын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн керектелүүчү техникалар менен камсыздоо

2018-2020

Айыл аймагында санитардык гигеналык аабал жакшыланип ар турдуу жугуштуу орулардын алды алынат

МП Жаны-Ноокат  тазалик ишканасы

1.5.Катта-Тал айылындагы Шалдирима-Зарибдор бөлүмүнөдөгү жергиликтүү тургундарды  таза суу менен камсыздоо үчүн 4.1 км суу түтүктөрүн тартуу;

2018-2020

Элдин таза ичимдик суу менен камсыдоо иштери бюнча койгойлор чечилет

МП Жаыны-Ноокат таза суу ишканасы

1.6.Жандама айылында 2 скважина казуу менен 550 кожолук таза ичүүчү суу менен камсыздоо;

2018-2020

Элди таза суу менен камсыздоо кѳйгѳйлѳрγ чечилет

Айыл башчысы

1.7.Катта-Тал айылындагы Күнгөй бөлүмүнөдөгү жергиликтүү тургундарды  таза суу менен камсыздоо үчүн 4,5 км суу түтүктөрүн тартуу;

2018-2020

Элди таза суу менен камсыздоо кѳйгѳйлѳрγ чечилет

Айыл башчысы

 Таза суу ишканасы

2

Мектепке чейинки жана орто билим беруу мекемелериндеги жарандарга кѳрсѳтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

2.1. Бардык жалпы билим берүү мектептеринде жана балдар бакчаларында билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн компьютердик иновациялык ыкмаларды колдонуу;

2018-2020

Жаштарды учурдун талабына ылайык билим алыштарына мγмкγнчγлγк жаралат

Билим берγγ мекеме жетекчилери

2.2. Дөң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүнө 225 орундуу мектеп куруу;

2018-2020

Окуучулардын мектепке катоосундагы аралык кыскарат

Айыл башчысы

2.3. Найманбаев орто мектебин толук куруп бүтөрүү;

2018-2019

Мектепте кабинет системасында окутулушуна шарт тγзγлѳт

Айыл башчысы

2.4. Мирзакаримов айтындагы орто мектетеги курулуп жаткан кошумча бөлмөлөрдүтолугу менен куруп бүтүү жана ажааткана куруу

2018-2019

Мектепте кабинет системасында окутулушуна шарт тγзγлѳт,санитардык абал жакшыланат

Айыл башчысы

2.5. Темир-Корук мектебинде спортзал куруу;

 2018-2020

 Кγз-кыш мезгилинде дене тарбия сабактарын ѳтγшγнѳ шарт  тγзѳлѳт. Балдардын ден соолугун  чындоого мγмкγнчγлγк жаратылат

Айыл башчы

2.6. Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө 225 орундуу мектеп куруу;

2018-2020

 Кγнгѳй айылындагы балдарга шарт тγзγлѳт

 Айыл ѳкмѳтγ

Айыл башчысы

2.7. Катта-Тал айылынын Таш-Коргон бөлүмүнө 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2018-2020

   Мектепке чейинки билим берγγ иштери жакшыланат

  Айыл ѳкмѳтγ

Айыл башчысы

2.8.Дөң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүнө 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2018-2020

   Мектепке чейинки билим берγγ иштери жакшыланат

  Айыл ѳкмѳтγ

Айыл башчысы

2.9.Шакар-Кыштак участкасында 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2018-2020

   Мектепке чейинки билим берγγ иштери жакшыланат

  Айыл ѳкмѳтγ

Айыл башчысы

2.10.        Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө 60 орундуу балдар бакчасын куруу;

2018-2020

   Мектепке чейинки билим берγγ иштери жакшыланат

  Айыл ѳкмѳтγ

Айыл башчысы

2.11.        Жандама айылындагы Жаш жана Водокачка бөлүмдөрүндө 80 орундуу 2 балдар бакчасын куруу;

2018-2020

   Мектепке чейинки билим берγγ иштери жакшыланат

  Айыл ѳкмѳтγ

Айыл башчысы

3

Айыл аймактын тургундары үчүн медициналык кызматтарды өз убактысында алуусуна шарт түзүү жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

3.1.Жандама айылынын Тамак жана Жаш бөлүмдөрүндө ФАП куруу;

2018-2020

 Медициналык кызмат кѳрсѳтγγнγ денгээлы жогоруланат

 Айыл башчы

3.2.Катта-Тал  айылынын Күнгөй жана Ташкоргон бөлүмдөрүндө ФАП куруу;

2018-2020

 Медициналык кызмат кѳрсѳтγγнγ денгээлы жогоруланат

Айыл башчы

3.3.Дөң- Кыштак айылындагы Тескей жана Кароол-Добо бөлүмдөрүндө ФАП куруу;

2018-2020

 Медициналык кызмат кѳрсѳтγγнγ денгээлы жогоруланат

Айыл башчы

3.4.Шакар-Кыштак айылында ФАП куруу;

2018-2020

 Медициналык кызмат кѳрсѳтγγнγ денгээлы жогоруланат

Айыл башчы

3.5.Тез жардам көрсөтүү имаратын кайра куруу, 2 техника менен камсыздоо;

2018-2019

 Медициналык тез жардам кѳрсѳтγγ сапаты жакшыланат

 Айыл башчы

3.6.70 орундуу оорукана имаратын куруу

2018-2020

 Медициналык тез жардам кѳрсѳтγγ сапаты жакшыланат

 Айыл башчы

3.7.Иштеп турган оорукананы капиталдык ремонто, медициналык жабдуулар менен камсыздоо.

2018-2020

    Медициналык кызмат кѳрсѳтγγ денгээлы жогорулайт

 Айыл башчы

3.8.Айылдык поликлиниканы заманбап медициналык аппараттар менен камсыздоо

2018-2019

Медициналык кызмат кѳрсѳтγγ денгээлы жогорулайт 

 Айыл башчысы

4

Айыл аймакта жергиликтүү жарандардынбош убактыларын тура пайдалануу боюнча жана маданияттуулугун көтөрүү

4.1.Маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү;

2018-2019

  Элге маданият кызматын кѳрсѳтγγнγ сапаты жакшыланат

 Маданият кызматкери

4.2.Жаңы-Ноокат айылына Кинотасмаларды көрүүчү жай уюштуруу;

2018-2020

  Элге маданият кызматын кѳрсѳтγγнγ сапаты жакшыланат

 Маданият кызматкери

4.3.Аймактагы борбордук көчөлөрдү көрктөндүрүү жана жарыктандыруу;

2018-2019

  Айылдын инфраструктурасы жакшыланат

 Айыл башчылар

4.4.Жандама айылында спортзал куруу;

2019-2020

 Жаштардын наркомания жана башка жолдорго кирип кетишин алды алынат

 Айыл башчысы

4.5.“Сахаба” эс алуу жайынжа күрөш боюнча машыгуу залын ачуу;

2019-2020

 Жаштардын наркомания жана башка жолдорго кирип кетишин алды алынат

 Айыл башчысы

5

Айыл аймактын ичиндеги айылдар арасындагы карым катнашты жакшыртуу үчүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү

1.1.            Тескей участкасында 10 км аралыктагы жолду шагылдоо;

2018-2019

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

1.2.            Кароол участкасында 7,5 км аралыктагы жолду шагылдоо;

2018-2019

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

1.3.            Темир-Корук участкасынын 2,5 аралыктагы жолду асфальттоо

2018-2020

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

1.4.            Жандама айылындагы Жаш бөлүмүндө 6,5 км аралыктагы жолду шагылдоо;

2018-2019

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

1.5.            Жандама айылында 2,5 км аралыктагы жолду асфальттоо

2018-2020

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

1.6.            Тескей участкасында 10 км аралыгына электр чубалгыларын тартуу;

2018-2019

 Элди элекр энергия менен камсыз кылуу кѳйгѳйγ чечилет

 Айыл башчы

1.7.            Жандама айылында Жаш жана Водокачка бөлүмдөрүндө 6,5 км электр чубалгыларын тартуу жана 5 электротрансформатор орнотуу;

2018-2019

 Элди элекр энергия менен камсыз кылуу кѳйгѳйγ чечилет

 Айыл башчы

1.8.            Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүнө 4,5 км жана Каллик-Тал бөлүмүнө 2 км электр чубалгыларын тартуу;

2018-2019

 Элди элекр энергия менен камсыз кылуу кѳйгѳйγ чечилет

 Айыл башчы

1.9.            Ташбулак айылынын 2,6 км жолун толук капиталдык ремонттон өткөрүү;

2018-2020

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

1.10.        Катта-Тал айылындагы Жаңы конуштардагы 20 көчөнү шагылдоо;

2018-2019

 Автоуна жана жγргγнчγлѳргѳ ынгайлык жаралат

 Айыл башчы

6

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү систмасын жакшыртуу

6.1. Көрсөтүлүп жаткан кызматтар боюнча стандарттарды иштеп чыгу жана бекитүү

2018-ж

-       Муниципалдык кызматтар боюнча стандарттар бекитилди

6.2. Кызматтарды көрсөтүү жумуш процессин жөнөкөйлөтүү боюнча административдик жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү

2018-ж.

-       Жоболор бекитилди

6.3.-Иштелип чыккан стандарттарга ылайык кызмат көрсөтүү үчүн документтерди жөнөкөйлөтүү (нускамаларды, мыйзамдын чегинде маалыматтарды жайгаштыруу жана жайларды даярдоо, ж.б.).

2018-ж

-       Маалымат тактайлары жаңыланды;

-       Кызматкерлердин милдеттери такталды;

6.4.Кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча АӨ кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн окууларды өтүү

2018-ж

-       Атайын окуулар өткөрүлдү

6.5.Кызматтардын сапатын көзөмөлдөө боюнча ички системаны иштеп чыгуу жана бекитүү

2018 г

-       көзөмөлдөө боюнча ички системанын иштеп чыгылышы жана бекитилиши

6.6.Кызматтарды жакшыртууга багыталган иш-чаралар менен жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн таанышштыруу максатындаа маалымат жыйындарын өткөрүү. 

2018 г

-       кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболору жөнүндө маалымат жыйындары өткөрүлдү;