М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

22.12.2017

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы  айылдык бюджеттин аткарылышы, 2018-жылга айылдык бюджети жана 2019-2020- жылдарга  бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

2.

2

22.12.2017

Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы айыл чарба жерлери үчүн төлөнүүчү жер салыгы жана таштанды  төлөмдөрү  жөнүндө

3.

3

22.12.2017

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин кошумча окуу имаратын толуктоо үчүн  мамлекеттик түрткү берүүчү  гранттын эсебинен бүтүрүү   үчүн  өздук салым ажыратып берүү  жөнүндө

4.

4

22.12.2017

Жаңы-Ноокатайыл аймагынын   2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүнүн стратегиялык планынын   бекитүү жөнүндө

5.

5

22.12.2017

Жаңы-Ноокат   атындагы айыл өкмөтү  USAID дин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин  натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиясы жөнүндө Жобоону бекитип берүү жөнүндө.

6.

6

22.12.2017

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердеги "Камкорчулар"  кеңешинин ишмердүүлүгүн токтотууга сунуш берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

22.12.2017

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы  айылдык бюджеттин аткарылышы, 2018-жылга айылдык бюджети жана 2019-2020- жылдарга  бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы,2017-жылга каралган айылдык бюджетинин аткарылшы 2017-жылга каралган айылдык бюджети жана 2019-2020-  жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджеттин  жана 2019-2020-жылдарга болжолу  жөнүндөгү "Мыйзамынын негизинде  иштелип  чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердуулук" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 27- статьясынын 5- пункутуна ылаыйк депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     2018-жылга Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 30149.9 мин  сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2     2018-жылга   айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджетин чыгаша болугу 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегиндешону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча ( эмгек акы, соц. казынага чегирүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу  белгиленсин.

 

3   Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше булактары   боюнча кен байлыктарынан түшүүчү  салык 2600.0 мин сом,киреше салыгынан түшүүчү салык  1563.0 мин сом,сатууддон алынуучу салыктан 453.0 мин сом бекитилген план 4616.0 мин сомга кем аткарылуу  болжолу жыл ичинде түзөтүүлөр жүргүзүлсүн.

 

4 Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнүн 2019-2020- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2.3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2018-жылга 26117.7  мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу грантар  9686.7 мин сом  менен)  жана 2019-жылга 26130.7 мин сомго  (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9031.7 мин сом менен) белгиленсин.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

 

5 Атайын каражаттардын кирешесинин сметада белгиленген өлчөмүнөн ашыкча болүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин  каржылоосуна калары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары,мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыйуу салынсын.

 

6 Атайын каражаттар казыналыктын тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2018- жылга республикалык бюджети 2019-2020- жылдарга болжолу жөнүндөгү Мыйзамынын 14- беренесинин 2- пункутуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары  эскертилсин.

 

7   Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу

-ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджетинин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө

- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө

-  киреше бөлүгүнөн  белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо

 

8  2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

 

9  жергилктүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

10  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

22.12.2017

 

Жаңы-Ноокат  айыл аймагындагы айыл чарба жерлери үчүн төлөнүүчү жер салыгы жана таштанды  төлөмдөрү  жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагын социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүн   айыл  аймагын санитардык жана экологиялык  тазалыгын мындан ары жогорулатуу максатында  кыргыз Республикасынын "Жергиликтү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл аймагын социалдык жана экономикалык жактан өнүгүсүн   камсыз кылуу максатында айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринен алынуучу салыктын көлөмү 20 % жогорулатылсын.

 

2  Жаңы-Ноокат айыл аймагында санитардык жана экологиялык  тазалыгын мындан ары жогорулатуу максатында  таштандылар боюнча төлөмөлөрдүн суммасы 100 (жүз) сом кылып белгиленсин.

 

3  Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өмөтүнө тапшырылсын.

 

4  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

22.12.2017

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин кошумча окуу имаратын толуктоо үчүн  мамлекеттик түрткү берүүчү  гранттын эсебинен бүтүрүү   үчүн  өздук салым ажыратып берүү  жөнүндө

   Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы  Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин кошумча окуу имаратын толуктоо үчүн  мамлекеттик түрткү берүүчү  гранттын эсебинен бүтүрүү  үчүн өздүк салым ажыратып берүү боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджетик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы     .

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин кошумча окуу корпусун  имаратын толуктоо үчүн мамлекеттик түрткү  берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү  үчүн  500 000 (беш жүз миң) сом өздүк  салым Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын бюджетинин акча каражаттарынын эсебинен ажыратылып берилсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык  кеңештин  бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын

 

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

22.12.2017

 

Жаңы-Ноокатайыл аймагынын   2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүнүн стратегиялык планынын   бекитүү жөнүндө

 

      Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Жаңы-Ноокатайыл аймагынын   2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүнүн стратегиялык планынын долбоорун  карап чыгып жана талкуулап

 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү"  мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясинын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Жаңы-Ноокатайыл аймагынын   2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүнүн стратегиялык планы  бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2     Жаңы-Ноокатайыл аймагынын   2018-2020- жылдарга карата айыл аймагынын  социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүнүн стратегиялык планында көрсөтүлгөн жумуштарды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

 

3     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

22.12.2017

 

Жаңы-Ноокат   атындагы айыл өкмөтү  USAID дин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин  натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиясы жөнүндө Жобоону бекитип берүү жөнүндө.

   Жаңы-Ноокат   атындагы айыл өкмөтү  USAID дин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин  натыйжалуулугун жогрулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобону бекитүү  максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектеги сессиясинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат   атындагы айыл өкмөтү  USAID дин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2    Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун  жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө  Жобоо бекитилсин.(жобоо тиркелет)

 

3   Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

6

22.12.2017

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердеги "Камкорчулар"  кеңешинин ишмердүүлүгүн токтотууга сунуш берүү жөнүндө

               Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептерде уюштурулган "Камкорчулар"  кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Билим  жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыгылган айтайын Жобоонун жана иш мерчимдеринин талаптары  негизинде иштебей жаткандыгы жөнүндөгү ата-энелердин нааразычылыктарын, иш уюштурууда кемчилдиктерге жол берилип жаткандыгы, айрым иштерде мыйзамдардан четтенүгө    жол берилип жаткандыгын  карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептерде ата-энелер тарабынан уюштурулган "Камкорчулар"  Кеңешинин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын      Билим жана илим министрлиги тарабынан бекитилген көрсөтмөлөр жана Жоболордун талаптары толугу менен аткарылбай жаткандыгы,ишмердүүлүктө мыйзамдан четтенүүлөргө жол берилип жаткандыгы боюнча ата-энелердын нааразычылыктары болуп жаткандыгы үчүн  "Камкорчулар"  кеңеши үчүн ата-энелерден акча чогулту иштерин убактылуу токтотуу жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүна   сунушталсын.

 

2   Айыл аймагындагы   мектептерде уюштурулган "Камкорчулук"  кеңештеринин 2014-2018-жылдар аралыгындагы  акча каражаттарын жыйналышы жана сарпталышы боюнча ишмердүүлүгүн  текшерүү максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңештын депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлүпекшерүү иштерин жүргүзүү    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3  Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад