М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

05.08.2017

2017-жылдын жаз айында болгон табыгый кырсыктан жапа тарткан айыл чарба  жерлерии жер салыгы жана ижара акыларынан бошотуу жөнүндө.

2.

2

05.08.2017

"Сахаба" эс алуу  багындагы кайра бөлүштүрүү фонд жеринин ижарага берүү  чаралары жөнүндө

3.

3

05.08.2017

М. Улукбек атындагы орто мектебинин  директору Абдукаххарова Чаманханды "Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим" наамына көрсөтүү  жөнүндө

4.

4

05.08.2017

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык    жери эсебиндеги айыл борборундагы 40.5 чарчы метр жер аянтын     аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга  макулдук берүү жөнүндө

5.

5

05.08.2017

Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дөн-Кыштак айылынан "Сай Гузар" бөлүмүндөгү А Хажимаматов атындагы көчөнүн батыш жагындагы четинде жайгашкан 36 чарчы метр бош жаткан жер тилкесине убактылуу жеңил типтеги контейнердик курулманы орнотуп пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 8 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

05.08.2017

 

2017-жылдын жаз айында болгон табыгый кырсыктан жапа тарткан айыл чарба  жерлерии жер салыгы жана ижара акыларынан бошотуу жөнүндө.

2017-жылдын 1- июлунда болгон табыгый кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жууп кеткен   11.13 га  айыл чарба эгиндери зыян тарткан. Анын ичинен кайра бөлүштүрүү фонд жерлери 3.62 га, үлүш жерлер 6.35 га, тамарка жерлер 1.16 га  жалпы суммасы 36288 сом,  2017-жылдын 23- июлунда болгон табыгый кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жууп кеткен   24.28 га  айыл чарба эгиндери зыян тарткан. Анын ичинен кайра бөлүштүрүү фонд жерлери 5.58 га, үлүш жерлер 17.10 га, тамарка жерлер 1.60 га жалпы суммасы 47341 сом. Аталган жерлерге айдалган айыл чарба эгиндери толугу менен жараксыз абалга келип калган.  Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан  жеткирилген зыян аныкталып, дыйкандарга аз болсодо колдоо көрсөтүү  максатында,  зыян тарткан дыйкандарды жер салыгынан жана ижара төлөмүнөн бошотууну карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  кезектен тышкаркы сесиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     2017-жылдын  июл айында  болгон табигый кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жүрүп  35.41 га  айыл чарба эгиндери зыян тарткан. Анын ичинен кайра бөлүштүрүү фонд жерлери 9.20   га, үлүш жерлер 23.45 га, тамарка жерлер 2.76 га  бардыгы 83629 сом жер аянты жер салыгынан жана ижара төлөмүнөн бошотулсун.

 

2    Табигый кырсык  натыйжасында зыян тарткан  35.41 га жер   боюнча түзүлгөн актынын негизинде зыян тарткан дыйкандардан  түзүлгөн акттын негизинде жер салыгынан жана ижара төлөмүнөн бошотуу  жагы  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 8 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

05.08.2017

 

"Сахаба" эс алуу  багындагы кайра бөлүштүрүү фонд жеринин ижарага берүү  чаралары жөнүндө

         "Сахаба" эс алуу багынын жалпы көлөмү 14.08 гектарды түзөт. Анын ичинен 3.47 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясы боюнча 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген.  10.98 га  болүгүнүн  ичинен 3.10 га аянты жол арык тратуар жана башкаларды түзгөн жерлер  7.51 га  антына  айыл тургундары өз алдынча  уруксатсыз жеңил конструкциядагы курулуштарды куруп алышкан аянты түзөт.

            Кыргыз Республикасынын "Салык кодексинин" 334-336- беренелерин негизинде  7.51 га жерлерден пайдаланган  өз алдынча  жеңил конструкциядагы курулуштарды куруп алган айыл тургундары   пайдаланган жери үчүн   айыл чарба багыты эмес жерлер категориясы боюнча   жер салыгы төлөнүшү керек жана     коммерциялык жол менен пайдалангандыгы  айыл чарба багытындагы  жерлер үчүн белгиленген салыктын 20% өлчөмүндө ижара суммалары белгилениши керек.        

          Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясы заседаниясы "Сахаба" эс алуу багындагы кайра бөлүштүрү  фонд жерлерин ижарага пайдалануу боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Салык кодексинин" 334-335-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерлери эсебиндеги "Сахаба " эс алуу багындагы жердин 10.98 болугунун ичинен  7.51 га аянтына  айыл тургундары өз алдынча уруксаатсыз женил конструкциядагы курулуштарды куруп  алып пайдалангандыгы себептүү, пайдаланган жерлери үчүн   Кыргыз Республикасынын "Салык кодексинин" 334-336- беренелерин негизинде  айыл чарба багыты эмес   категориясы боюнча жер салыгы  алынсын

 

2   Өз алдынча уруксатсыз женил конструкциядагы курулуштар курулган жерлердин   ижара суммасы   айыл чарба багыты эмес  жерлер үчүн белгиленген салыктын 20% өлчөмүндө ижара    суммалары    алынсын.

3    "Сахаба" эс алуу багындагы жерлерди ижарага берүү үчүн өз алдынча уруксатсыз женил конструкциядагы курулуштар курулган жерлерден башка  бош жаткан жердин  ар бир сотигинен  орточо 80 сомдон белгиленип ижара келишимдери түзүлсүн.

 

4  Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

5 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 8 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

05.08.2017

 

М. Улукбек атындагы орто мектебинин  директору Абдукаххарова Чаманханды "Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим" наамына көрсөтүү  жөнүндө

       Абдукаххарова Чаманхан  1977-жылы Фергана мамлекеттик педагогикалык институтунун анлис тили факультетин 1977-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, ошол эле жылы жаны-Ноокат айыл аймагындагы Хамза атындагы орто мектебинде эмгек жолун баштап 1989-жылда М Улукбек атындагы орто мектебине диретор кызматына дайындалып ушул күнгө чейин аталган метептын эмгек жамаатын башкарып келе жатат. Эмгектеги ийгиликтери үчүн  Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин,Ноокат райондук кенешинин депутаты болуп шайланган. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын "Ардак Грамотасы" менен,Ош областтык мамлекеттик администрациясынын "Ардак Грамотасы" менен, Кыргыз Республикасынын "Эл агартуунун мыктысы" төш белгиси менен,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин " Курманжан Датка медалы" менен сыйланган.

   Эл аралык фондтор менен тигиз байланышта болуп "МерсиКО" фондусунун грантын утуп мектептин чатырын жабууда 1 млн сомдук иш аткарды. АКШнын "Балдардын коргоо" фондусунан грант утуп мектептин 34 кабинетин полдорун, Республикалык бюджеттен   14 млн 500 мин сомдук акча каражаттарын алып   метептын жана жылытуу системасын капиталдык ремонттон чыгарууга жетишти. Ушул менен бирге айыл аймагында "Азиз бала" атуу балдар бакчасын уюштуруп,эл аралык фондттор менен байланышып, заманбап талаптарга жооп бере турган  мектепке чейинки билим берүү мекемесы даражасына чыгырып  райондогу алдынгы балдар бакчасы катарына кошуу.

        М. Улугбек  атындагы орто мектебинин директору Ч. Абдукаххарованын  билим берүү чөйрөсүндагы үзүрлүү эмгектерин   эсепке алып Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   М. Улукбек атындагы орто мектебинин  директору Абдукаххарова Чаманхан "Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим" наамына көрсөтүлсүн 

 

2     М. Улукбек атындагы орто мектебинин  директору Абдукаххарова Чаманханды "Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим" наамына көрсөтүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 8 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

05.08.2017

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык    жери эсебиндеги айыл борборундагы 40.5 чарчы метр жер аянтын     аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга  макулдук берүү жөнүндө

          Жаңы-Ноокат айылынын борбордук мечитинин жаныдагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык  жери эсебиндеги  Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөөтү көрсөтүлбөгөн)пайдалануу укугу жөнүндөгы серия Б  №026225 мамлекеттик  актда көрсөтүлгөн 40.5 чарчы метр жер аянтын аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын жергилктүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына негиз Жаңы-Ноокат   айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык    жери эсебиндеги айыл борборундагы 40.5 чарчы метр жер аянтын     аукцион жолу менен жеке менчикке сатууга  макулдук берилсин. 

 

2   Айыл борборундагы  40 чарчы метр жер аянтын аукцион жолу менен керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 8 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

05.08.2017

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дөн-Кыштак айылынан "Сай Гузар" бөлүмүндөгү А Хажимаматов атындагы көчөнүн батыш жагындагы четинде жайгашкан 36 чарчы метр бош жаткан жер тилкесине убактылуу жеңил типтеги контейнердик курулманы орнотуп пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө

    Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Каримбердиев  Одилдын Жаңы-Ноокат айылдык кенешине берген арызын карап чыгып Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2016-жылдын 30-июнундагы № 102ү16 корутундусун,  Ноокат райондук өрткө каршы мамлекетик кызмат бөлүмүнүн №118 6-ж  "16"06 корудундусунун Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун 2016-жылдын 24-июнундагы №06-12 корутундусунун, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча малекеттик агентигинин Ош областтык аймактык башкармалыгынын 2016-жылдын 8- июнундагы № 108 корутундусунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Каримбердиев Одилга Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дөң-Кыштак айылынан "Сай Гузар" бөлүмүндөгү  А Хажимаматов атындагы көчөнүн батыш жагындагы четинде жайгашкан 36 чарчы метр бош жаткан жер тилкесине убактылуу жеңил типтеги контейнердик курулманы орнотуп пайдаланууга уруксат берилсин.

 

2     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча труктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А Имамов                     

 

 

Назад