М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

04.03.2017

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   2015-жылдагы

айылдык' бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга

айылдык бюджеттин  жана 2018-2019-жылдарга

бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө "

4.

4

04.03.2017

ОсОО "ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД" ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө  иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

04.03.2017

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн   2015-жылдагы

айылдык' бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга

айылдык бюджеттин  жана 2018-2019-жылдарга

бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө "

          Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнү 2015-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджета жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү  маселени "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети

жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү " Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана

ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү " Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык

депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2017-жылга Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери

жана чыгашалары 21109,2 мин сом өлчөмүндө  бекитилсин.

 

       2.  2017-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү  булактары жана

чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

       Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү  2017-жылга түшкөн  кирешелердин жана

гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча

(эмгек акы, соц. фондко чегерүү , тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга)

каржылануусу белгиленсин.

 

        3. Жаны-Ннокат  айыл өкмөтүнүн  2017 жылдын киреше булактарынан киреше

салыгы боюнча 2268,0 мин сом, саатудан алинуучу салыктан  1300,0 мин сом бекитилген

план 3568,0 мин сомга кем аткарылуусу болжолу бардыгынан жыл ичинде түзөтүүлөр

жүргүзүлсүн

 

     4. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин

болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

        Кирешенин болжолу 2018-жылга 17158,5 мин сомго (республикалык бюджеттен

алынуучу гранттар 3107,5 мин сом менен) жана 2019-жылга 16867,4 мин сомго

(республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2768,4 мин сом менен) белгиленсин.

       Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги

Көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү  мезгилде кабыл

алууда тактоо жүргүзүү  жагы белгиленет.

 

     5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн  ашыкча

Бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык болумдорунон

тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыйуу

салынсын.

 

   6.  Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы

аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын

2017-жылга республикалык бюджетте  2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү "

Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз

республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

 

      7.   2017-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жугуртулуучу кассалык

накталай акча 80,0 мин сом суммасында белгиленсин.

 

      8.  Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө  укуктуу:

      - Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул

айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн  азайтууга алып келбесе ушул токтомдун

тиркемелерине өзгөртүүлөрдү  киргизүүгө ;

      - ченемдик укуктук актылардын    озгөрүүсүнү  негизинде жыл ичинде тактоолорду

жүрүзүүгө

     - киреше бөлүгүнүн белгиленген пландан ашыкча тушкон каражаттын эсебинен

чыгаша бөлүгүнүн  өлчөмүн  көбөйтүү  жагын кароо;

 

     9. 2017-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан ашыкча

аткарылышынан түшкөң каражаттарды  бөлүштүрүү  жана өзгөртүү  киргизүү  айылдык

Кеңешке ыйгарылсын.

 

    10. Жергиликтүү  бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык

негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,

сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн  жана финансы-

экономикалык бөлүмүнүн  башчысы тарабынан көзөмөлгө  алынсын.

 

     11. Ноокат районунун 2014-жылдагы айылдык  бюджеттин киреше белугу 24381,4

мин сомго, 1 январь 2015 жылга калдык 2793,0 менен чыгаша бөлүгү  25571,5 мин сомго

же кирешенин чыгашадан 1622,9 мин сомго кем аткарылгандыгы 4,5 тиркемеге

ылайык белгиленсин.

 

   12. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк  кылуу жагы депутаттардын Жаңы

Ноокат айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча"

туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имамов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

04.03.2017

 

ОсОО "ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД" ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө  иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү  жөнүндө

     Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу 437.3 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө  иштерин жүргүзүгө  макулдук берүү  маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренесинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1-апрель 2006-жылдагы № 261 токтомунун жана ОсОО "ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД" ишканасына берилген №5138 АП лицензиянын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1          ОсОО "ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД" ишканасына Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу 437.3 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологыялык изилдоо иштерин жүргүзүгө  макулдук берилсин.

 

2          Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө  иштери мыйзам чегинде жүргүзүлушүн  камсыз кылуу жагы  Жаңы -Ноокат айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

 

3          Токтомдун аткарылышын кеземелдее жагы айылдык кенештын жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имамов                    

 

 

Назад