М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

21.01.2016

Ноокат районундагы коңшулаш Бел айыл өкмөтү  менен талаш жер аянты жөнүндө.

2.

2

21.01.2016

 Ноокат райондук аймактык шайлоо  комиссиясынын   мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талепкерлерди бекитүү жөнүндө.

3.

3

21.01.2016

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейин акысыз  пайдаланууга  берүү жөнүндө

4.

4

21.01.2016

Жаңы-Ноокат айыл аймагында 40 чөрө группасынын иштерин жандандыруу  жөнүндө.

5.

5

21.01.2016

  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына балдар бакчасын куруу үчүн  калтырылган  0.23 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

6.

6

21.01.2016

  Улуу Ата Мекендик  согуштун  катышуучуларына  коюлган эстеликти башка жайга көчүрүү иштери   боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө.

7.

7

25.12.2015

  Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат айылдык  Кеңешинин (бешинчи чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

21.01.2016

 

Ноокат районундагы коңшулаш Бел айыл өкмөтү  менен талаш жер аянты жөнүндө.

  Көңшулаш Бел  айыл өкмөтү тарабынан мурдагы союз  мезгилинде “Бел-Өрүк” колхозу менен  Маданият колхозунун башкармалыгынын макулдугу менен, чек арада жайгашкан жерлерди пайдаланууда эки тарапка тең жеңилдиктер болушу жана  өз ара пайдалуу шарттардын негизинде алмаштырылган. Азыркы күндө Бел айыл өкмөтү тарабынан бул жер маселеси көтөрүлгөн. Кыргыз  мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо инстутуту “Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана тарабынан 2014-жылдын 14- майындагы №256 катта көрсөтүлүшүнча 1991-жылда даярдалган Ноокат районуна караштуу Маданият колхозунун жерлерин инвентаризациялоо (архив №1299-4\5-99 китепчесинын жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн чарбалык субъектилеринин жерлердин корректировкалоо (архив №5709 шифр №3586) китепчеси   материалдарында  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта Тал  айылынын “Күнгөй” участкасындагы жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн балансында катталгандыгы аныкталган. Ош областтык жерге жайгаштыруу бөлүмү тарабынан  түзүлгөн акт боюнча чийилген карталарда бул жер аянты көрсөтүлгөн.  Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматчы адистери менен 2014-жылдын 15- майында жер тилкеси боюнча түзүлгөн актта мурдагы колхоздор ортосунда жер алмаштыруу боюнча түзүлгөн кат туура экендиги белгиленген.       

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22– августундагы № 632 токтомунда  колхоздордун  балансасында  1991-жылга чейин катталган жер тилкелери ошол колхоздун эсебинде калышы белгиленген.

        Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы жогоруда аталган маселени карап чыгып, азыркы күндө өз ара талаш-тартыш болуп турган жер аянтында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундары турак-жай куруп жашап жаткандыгын карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    МурдагыБелорук  колхозу менен Маданият колхозу ортосунда    алмаштырылган жер  аянты  Кыргыз  мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо инстутутуКыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана тарабынан 2014-жылдын 14- майындагы №256 катында белгиленген тартипте калтырылышы  мыйзамдуу экендиги белгиленсин. (тиркеме тиркелет)

 

2    Бел айыл өкмөтү тарабынан көтөрүлгөн маселени туура эместиги, азыркы күндө Жаңы-Ноокат жана Бел айыл өкмөттөрүнүн тургундары өз ара келишүү жолу менен алмаштырылган жер тилкесинде турак-жай куруп жашап жаткандыгын эсепке алып, ушул маселени токтотуп эки айыл өкмөтү ортосунда өз ара наразычылыктар чыкпастыгын алдын алуу чараларын көрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат айылдык   төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

21.01.2016

 

Ноокат райондук аймактык шайлоо  комиссиясынын   мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талепкерлерди бекитүү жөнүндө.

   Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө жергиликтүү жамааттардан, эмгек жаматтарынан көрсөтүлгөн талепкерлер боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 16- ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамынын 2 бөлүгүн 2- статьясынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө жергиликтүү жамааттардан, эмгек жаматтарынан көрсөтүлгөн  төмөнкү талепкерлер бекитилсин.

 

    1   Кызыл-Тейит айылындагы Кызыл-Тейит мектебинин эмгек жамаатынан  көрсөтүлгөн Нажимбаев Ташбай

 

    2  Катта –Тал айылынын  Т Эргашов  көчөсү шайлоочуларынын жергиликтүү жамаатынан көрсөтүлгөн  Юлдашов Рузали Турсуналиевич

 

 

3     Катта Тал  айылынын Б Жалилов көчөсү шайлоочуларынын жергиликтүү жамаатынан көрсөтүлгөн Гофуров Марипжон Мамасидикович

 

2   Суралсын Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан жогоруда көрсөтүлгөн талепкерлерди аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө бекитип берүү жагы.

 

3    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

21.01.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейин акысыз  пайдаланууга  берүү жөнүндө

   Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58 кесиптик лицейин 2016-жылдын 15-январындагы № 21\1 катын карап чыгып, айыл  жаштарына кесиптик билим берүүнү деңгээлин жогорулатуу, кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучуларга шарт жаратип берүү максатында айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинин эсебиндеги айылдык  поликлиника имаратын подвал бөлүгүн узак мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүү максатында   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” мыйзамынын 43-статьясына негизденипЖаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги айылдык поликлиника имаратын подвал бөлүгүн №58 кесиптик лицейине  ижара акы албастан, акысыз  пайдаланууга, келишим түзүү жолу менен  берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

2   №58 –кесиптик лицейдин билдирүүсүндө белгиленген мөөнөтө, аталган ремонт иштери 2 (эки) жылдын ичинде аткарылбаса, түзүлгөн келишим өзүнүн күчүн жоготушу кесиптик лицейдин директору А. Туланбаевге эскертилсин.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

21.01.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагында 40 чөрө группасынын иштерин жандандыруу  жөнүндө.

    Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти  чыңдоо, коомдук жайларда ар түрдүү мыйзамсыз иштерди болтурбоо, жаштар арасындагы  ынтымактуулукту жакшыртуу, этностар аралык мамилелерди жөнгө салуу, өткөрүлүп жаткан ар түдүү марекелерде тынчтыкты сактоо иштерин жогорулатуу,     жакшыртуу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7- октябрындагы “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” № 747-токтомунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти  чыңдоо, коомдук жайларда ар түрдүү мыйзамсыз иштерди болтурбоо жана  жаштар арасындагы  ынтымактуулукту жакшыртуу, этностар аралык мамилелерди жөнгө салуу иштерин жогорулатуу  максатында  40 чөрө группасынын  курамы жаңыланып, группанын иштөө ишмердүүлүгү күчөтүлсүн.

 

2    Жаңыланылган  40 чөрө группасын ишин кординациялоо, группанын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн   керектелүүчү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттен  бөлүп берүү иштерин камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жана айыл өмөтүнүн  алдында  түзүлгөн КААБ нун төрагасы А Хажимаматовго тапшырылсын.

 

3   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

21.01.2016

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылына балдар бакчасын куруу үчүн  калтырылган  0.23 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын тургундары тарабынан балдар бакчасын куруу боюнча кайрылууларын, Кызыл-Тейит айылынын айыл башчысы А Матисманов жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Эргашовдун  2016-жылдын 20-январындагы билдируүүсүн,  Кызыл Тейит айылында уюштурулган “Ак-Жол” дыйкан чарба  бирикмесинин 2004-жылдын 10-апрелиндеги №1   Кызыл-Тейит айылынын тургундарын социалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу, элге социалдык шарт түзүү максатында дыйкан чарба эсебиндеги   социалдык объектилер,  балдар бакчасы,ФАП куруу үчүн калтырылган 0.23 га жер аянты жөнүндөгү  токтомунун негизинде  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципииалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын  2013-жылдын 15- ноябрындагы “Мулккө  муниципиалдык менчикжөнүндө”  мыйзамынын 4-9- статьларынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылында уюштурулган   “Ак-Жолдыйкан чарба бирикмесин 2004-жылдын 10- апрелиндеги №1 токтому менен   калтырылган  0.23 га жер аянты социалдык объект балдар бакчасы,ФАП куруу максатында айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

2   Өткөрүлүп берилген 0.23 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алып, балдар бакчасы, ФАП куруу үчүн мамлекеттик акт алуу жана керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

6

21.01.2016

 

  Улуу Ата Мекендик  согуштун  катышуучуларына  коюлган эстеликти башка жайга көчүрүү иштери   боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө.

   Жаңы-Ноокат айылынын борборунда  Улуу  Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү үчүн коюулган эстеликти башка жакка жылдырууну уюштуруу  иштерин иш  жүзүнө ашырууну камсыз кылуу  боюнча  сунушталган комиссия курамын карап чыгып жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жөнүндөгу мыйзамынын 43- статьясынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясинин заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

    Улуу Ата Мекендик  согуштун  катышуучуларына  коуюлган эстеликти башка жайга көчүрүү иштери  боюнча комиссия  төмөнкү курамда бекитилсин.

 

Комиссиянын төрагасы    А Хажимаматов  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Комиссиянын мүчөлөрү

Х.Эргашов                             айылдык кеңештин депутаты

А Мамажанов                      көчө комитетинин төрагасы

Д  Мамажонов                       айылдык кеңештин депутаты

 М Узаков                               айылдык кеңештин депутаты

 М Абдулкосимов                 Аксакалдар кеңешинин төрагасы

М Сабиров                             айыл башчысы

Э Эргашов                                айыл өкмөтүнүн жер адиси

 

2    Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына коюулган эстеликти башка жайга көчрүү үчүн эстелик  орнотуучу жайды аныктоо иштери түзүлгөн комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

3   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

7

25.12.2015

 

  Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары  жөнүндө

  Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербоо чаралары  жөнүндө  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары катышуусунда өткөрүлгөн  жалпы чогулуштарда   жана  Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясында талкууланып, тиешелуу токтомдор кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдор боюнча маалыматтар  айыл тургундарына жеткирилген.

        Айыл аймагында   өткөрүлүп жаткан той-марекелерге баруучу адамдар дасторкон жасап барбастан жөн эле барышы, мүмкүнчүлүгүнө карап той өткөрүп жаткан адамга акчалай  формада той белегин  берүү   жолу  менен өткөрүлүп жаткан той-марекелердеги артыкча чыгымдарды   карап чыгып жана талкулап   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (төртүнчү ) чакырылышы  2012-жылдын 13- мартындагы кезектеги 18- сессиясынын  заседаниясынын № 3 токтому менен бекитилген, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын    Курултайынын  2010-жылдын 9- февралындагы № 2 токтомунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары  жөнүндө  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары катышуусунда өткөрүлгөн  жалпы чогулуштарда   жана  Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясын токтомдорунун негизинде той-мареклерди өткөрүүдө төмөнкү  иштер иш жүзүнө ашырылсын.

  -  Көчө комитеттеринин төрагалары тарабынан нике каттоосунан өтүүчү айыл тургундарынын арыздарына кол коюлгандан кийин  нике актыларын түзүү жана нике күбөлүктөрүн берүү жагын камсыз кылу жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т Ниязалиевага тапшырылсын.

-   Өткөрүлүпжаткан той-марекелерге ар түрдүү дасторкон менен баруу токтотулуп, той-мареке өткөрүчү  айыл тургунуна мүмкүнчүлүккө жараша накталай акча белегин берүү иш жүзүнө ашырылсын.

-  Нике тойлорунун өткөрүү убактысы кыш мезгилинде түнкү саат 18.00 до, жайкы мезгилинде түнкү  саат 21.00 го чейин белгиленсин.

 

2  Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана  Жаңы-Ноокат   айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

3  Ушул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад