М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин кирешесинин  аткарылышы  жөнүндө

2.

2

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөрдү укуктарын коргоо жана мектептерде окуу тарбия  билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу

3.

3

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл  жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир келишпочүлүктү алдын алуу чаралары жөнүндө

4.

4

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамын кайрадан бекитүү жөнүндө

5.

5

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары  жөнүндө

6.

6

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак  айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү   16  (он алты) сотик жер аянтын  пайдалануу багытын жана   айыл өкмөтүнүн муниципиалдык  менчигине өткөрүү жөнүндө

7.

7

25.12.2015

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну  Нажимов   Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун  300 чарчы метр  бөлүгүн  айыл өкмөтүнүн муниципиалдык  менчигине өткөрүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

1

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин кирешесинин  аткарылышы  жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын бюджетин   киреше  бөлүгү  боюнча жүргүзүлгөн финансалык иштердин натыйжасында  2015-жылдын11 айында  сметада көрсөтүлгөн 14427.1 сом  ордуна 12749.5 миң сомга аткарылды. Мындайча айтканда 1678.5 миң  сомго аз аткарылды. Теңдештируучу грант акчаларын кошуп эсептегинде смета боюнча 21344.9  миң сом болсо аткарылганы 199117.5 миң сом.  Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше салыгынан 415.4 миң сом,юридикалык жактардын жер салыгынан 46.5 миң сом, сатуудан салык 5.5 миң сом КБФ ижарасынан 46.0 миң сом кен байлыктарын казуу  үчүн лицензии 174.6 миң сом  өндүрүлгөн эмес. Айыл өкмөтү 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча  жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен өндүрүү иштерин жүргүзүп жатат

Угулуп жана талкууланган маселе боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын бюджетин   киреше  бөлүгү  теңдештирүүчү  грант акчаларын кошуп эсептегинде смета боюнча 21344.9  миң сом болсо, аткарылганы 199117.5 миң сом экендиги белгиленсин. 

 

2   Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн  2015-жылдын бюджетин   киреше  бөлүгү жылдын жыйынтыгы менен  толугу менен аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмотунүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын. 

 

3  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

Жаны -Ноокат айыл окматунун 2015-жылдын 11-айында киреше боюнча маалыматы

к/р

Салыкдооломдардын

аталышы

2015-жылга

смета

11-айда

аткарылганы

+ -

айырмасы

%

1

Киреше салыгы (подоход)

5858,0

3442,6

-2415,4

 

2

Милдеттуу патент

61,0

126,4

65,4

 

3

Ыхтыярдуу патент

1670,0

1968,9

298,0

 

4

Кыймылсызмулкке салык (имущества)

225,0

282,7

57,7

 

5

Кыймыллдуу мулкке салык( транспорт)

1704,0

2022,6

318,6

 

6

Жер салыгы фыз лиц

320,0

455,2

135,2

 

7

Жер салыгы юридлиц

722,1

675,6

-46,5

 

8

Жер салыгы а/чарба эмес багыт

385,0

588,9

203,9

 

9

Сатууден салык

1950,0

1697,5

-252,5

 

10

роялти

40,0

61,4

21,4

 

11

ижар насление пункт

82,0

92,6

10,6

 

12

Ижара КБФ

900,0

854,0

-46,0

 

 

Таштанды салыгы

160,0

163,5

3,5

 

14

Г ос. пошлина

120,0

175,1

55,1

 

15

Адим. штраф

25,0

117,1

92,1

 

16

Кен байлыктарды казуу учун лизензии

200,0

25,4

-174,6

 

17

Жер ижара присел пастбищ

5,0

 

-5,0

 

18

Атаын счет

 

 

 

 

 

Бардыгы м/бюджет

14427,1

12749,5

1678,5

 

19

Выранивающие грант

6917,8

6368,0

549,8

 

 

Бардык киреше

21344,9

19117,5

2227,4

 

2415,4+174,6+5+252,5+46,5+46=2940 -1261,5=1678,5

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

2

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөрдү укуктарын коргоо жана мектептерде окуу тарбия  билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу

        Жаңы-Ноокат айыл аймагында 7 орто мектеп,1 толук эмес орто мектеп, 1 башталгыч мектеп,1 сантаториялык мектеп, 1 кесиптик окуу жайы  болуп,бул билим беруу мекемелеринде Мектептерде 5068  окуучу, кесиптик лицей 404окуучу, санаториялык мектепте 224  окуучу билим алат. Айыл аймагында 7 балдар бакчасы бар бөлүп аларда 611  бала тарбия алат. Мектепке чейинки жаштардын 20%  балдар бакчасына тартылган. 80% бала үй бүлөө тарбиясында. Айыл аймагында жашоочу 18- жашка чейинки балдардын саны 8266 киши.

         Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү 18 жашка чейинки балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарылуучулук иштерди жүргүзүп, балдар тарабынан мыйзам бууларды алдын алуу максатында мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары коомчулук менен жер жерлерде үзгүлтүүсүз менен иш алып барууда.           

          Айыл аймагындагы № 58 кесиптик окуу жайында 407 кесиптик билим алууда. Кесиптик билим алуу  үчүн компютердык техникалар компютер,электрондук доска жана башка эмеректер бар

        Мектептерде окуу тарбия  иштери жакшы жолго коюулгандыгы менен жогорку класс окучуларын сабактарга катышуусу жакшы эмес. Бул  Амир Темур, М Эргешов, Сахаба,Н Найманбаев мектептеринде көзгө көрүнарлык денгээлде.  Окуучулар менен маектешуу өткөрүлгөндө эркек жынысындагы балдардын негизги бөлүгү келечекте жогорку окуу жайларына  окууга барууну ордуна Россия, Казакстан мамлекеттерине иштегени барууну каалап жатат. 2014-2015- окуу жылын бүтүргөндар  жогорку окуу жайларына окууга барышы үчүн буткүл республикалык тестрилөөсүнө катышкан окуулар арасында 110 балдан жогорку бал алган окуучулар  бардык окуучулардын санына караганда жок  экендиги аныкталган.

       Мамлекет тарабынан түзүлгөн шарттарга караганда окуучулардын билим сапаты төмөн. Окуучулар орус,англис тилдерин жакшы өздөштүргөн эмес. Окуучулардын кругозору жакшы эместигинен маектешүү убагында, бар билген билимдерин ачык-айкын билдире алышпайт. Окуучулар менен сабактан кейинки иштерди жүргүзүлүшүнө көнүл буруу зарыл. Мектептерде билим берүүнү

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөрдү укуктарын коргоо жана мектептерде окуу тарбия  билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде кемчилдиктерге жол коюулуп жаткандыгы белгиленсин.

 

2    Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөр  арасында диний экстримистик, радикалдык агымдардын мыйзамсыз арекеттерине берилип кетүүсүн алды алуу чаралары  айылдык кеңештин депутаттары,айыл өкмөтү, билим берүү мекемелерин директорлору, мечиттердин имамдарына тапшырылсын

 

3      Айыл аймагындагы Амир Темур, М Эргешов, Сахаба,Н Найманбаев атындагы мектептерде жүргүзүлүп жаткан иштердин денгээли жакшы эместиги, окуучулар сабактарды көп калтырып жаткандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн  коллегиясында каралышы сунуш кылынсын.

 

4    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

3

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл  жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир келишпочүлүктү алдын алуу чаралары жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл  жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир келишпочүлүктүн натыйжасында  ар түрдүү мыйзам бузуулар болупжаткандыгы бардыгыбызге белгилуу. Жакында Шалдырама, Даштубала  мааласындагы жаштар ортосунда болгон  талаш-тартыш,өз-ара келишпочүлүктар жаштар арасында тарбиялык иштерди күчөтүү керектигин билдирди.  .

      Жаштардын  келишпочүлүк, өз ара   тартыштарынын натыйжасында көптөгөн мыйзам бузуулары Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн  жаштарга көңүл бурбай койгондугун. Жаштар менен ар түдүү иш чараларды өткөрүү, алардын бир-бирине болгон жакындыктары жакшыланып өз ара пикир келишпочүлүктар болбосуна алып келет. Жаштар ортосунда спорттук жана маданий ич-чараларды тез-тез өткөрүү керек. Айыл аймагынын Шалдырама,Даштубала маалаларында, мечиттерде бул туура эмес арекет боюнча  айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчылары, коомчулук түшүндүрүү иштерин жүргүзү менен өз ара  келишпочүлүктөрдү токтотууга жетишилет.

 

Угулуп жана талкууланган маселе боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1     Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл  жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир  келишпочүлүктардын алдын алуу  максатында Шалдырама жана Даштубала айылдарында   түшүндүрүү  иштерин жүргүзү  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарына,  айыл башчыларына , көчө комитеттеринин төрагаларына ,мечиттердин имамдарына тапшырылсын.

 

2     Шалдырама жана Даштубала маалаларындагы жаштардын өз ара пикир  келишпочүлүктарын  терс таасири мектеп окуучуларына таасир көрсөтпөстүгү үчүн  айылдардагы мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мектептердин директорлорына тапшырылсын.

 

3   Жаңы-Ноокат айыл аймагында   коомдук  тартипти сактоо, жаштар арасында тарбиялык иштерди жүргүзүүдө айылдык милиция бөлмөчөсүнүн участкалык милиция кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүү чаралары көрүлсүн.

 

4   Жаңы-Ноокат айылдык КААБ тарабынан  жаштардын укук бузуу иштерин болтурбоо  боюнча комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу  жагы камсыз кылынсын.

 

5   Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

4

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамын кайрадан бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамынбекитүү маселесын карап чыгып жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамы төмөнкүдөй бекитилсин.

 

Мадаев И

Холбоев М

Курбонов А

Сатторов М

Мирзаякубов Х

,Назаров А

 Шерматов Х

 Хамролиев Ё

Каримбердиев О

Абдувопов А

Чалабаев Ю.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

5

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары  жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербоо чаралары  жөнүндө  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары катышуусунда өткөрүлгөн  жалпы чогулуштарда   жана  Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясында талкууланып, тиешелуу токтомдор кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдор боюнча маалыматтар  айыл тургундарына жеткирилген.

        Айыл аймагында   өткөрүлүп жаткан той-марекелерге баруучу адамдар дасторкон жасап барбастан жөн эле барышы, мүмкүнчүлүгүнө карап той өткөрүп жаткан адамга акчалай  формада той белегин  берүү   жолу  менен өткөрүлүп жаткан той-марекелердеги артыкча чыгымдарды   карап чыгып жана талкулвп Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1  Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары  жөнүндө  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары катышуусунда өткөрүлгөн  жалпы чогулуштарда   жана  Жаңы-Ноокат  айылдык Кеңешинин  мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясын токтомдорунун негизинде той-мареклерди өткөрүүдө төмөнкү  иштер иш жүзүнө ашырылсын.

  -  Көчө комитеттеринин төрагалары тарабынан нике каттоосунан өтүүчү айыл тургундарынын арыздарына кол коюлгандан кийин  нике актыларын түзүү жана нике күбөлүктөрүн берүү жагын камсыз кылу жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т Ниязалиевага тапшырылсын.

-   Өткөрүлүпжаткан той-марекелерге ар түрдүү дасторкон менен баруу токтотулуп, той-мареке өткөрүчү  айыл тургунуна мүмкүнчүлүккө жараша накталай акча белегин берүү иш жүзүнө ашырылсын.

-  Нике тойлорунун өткөрүү убактысы кыш мезгилинде түнкү саат 18.00 до, жайкы мезгилинде түнкү  саат 21.00 го чейин белгиленсин.

 

2  Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана  Жаңы-Ноокат   айыл өкмөтүнө тапшырылсын

 

3  Ушул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

6

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак  айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү   16  (он алты) сотик жер аянтын  пайдалануу багытын жана   айыл өкмөтүнүн муниципиалдык  менчигине өткөрүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак  айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндө жашоочулар атынан 2015-жылдын 14- декабрында аталган аймактагы 16 сотик жер аянты тууралуу арыз боюнча    Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы төмөнкүлөрдү белгилейт

          Бул жер  мазардын жанында  таштак жерде жайгашкан болуп, мурдагы колхоз мезгилинде  1991-жылы үгүт нассаат үйүн куруу үчүн калтырылган. Ноокат райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын системный группасы тарабынан кайра каттоогө алынган.

      Арызда көрсөтүлгөн жай, калктуу конуштун ичинде жайгашкан бөлүп,мурда бул жерде мазар болгон. Мазардын айлана чөйрөсү таштак жер болуп, айыл чарба  багыты боюнча пайдаланылган эмес. Эл бул 16 сотик жердеги таштардан тазалап, тегиздеп   ,пайдаланууга жарктуу абалга келтирип,жерди пайдалануу багыты үгүт наасат үйүн ордуна мечит жана башка социалдык объектилер үчүн пайдаланууну сурап  арыз менен кайрылган     

 

       Угүт насаат үйү, мечит булардын бардыгы бир максат жолунда иш алып баруучу жамааттык жай. Аталган  жерды көлөмү мечит курууга жана социалдык объектилер курууга  жетиштүү экендигин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак  айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү   16  (он алты) сотик жер аянтын үгүт насаат үйү багытынан мечит,социалдык объектилер багыты боюнча  пайдаланууга  жана  айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине  өткөрүүгө  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде  макулдук берилсин.

 

2   Жаңы-Ноокат айыл  аймагынын  Дөн-Кыштак  айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү   16  (он алты) сотик жер аянты үгүт насаат -үйү багытынан, мечит,социалдык объектилер багыты боюнча  пайдаланууга  жана  айыл өкмөтүнүн  муниципиалдык менчигиние өткөрүү   үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

 

3  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы) 25- кезектен тышкаркы       сессиясынын

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

7

25.12.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну  Нажимов   Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун  300 чарчы метр  бөлүгүн  айыл өкмөтүнүн муниципиалдык  менчигине өткөрүгө  макулдук берүү жөнүндө

Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 24 сентябрындагы №82 токтомдун негизинде  5-05-06-1001-4340 каттоо менен каттого алынган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну  Нажимов   Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун  300 чарчы метр  бөлугүнө  курулган  Нажим Ата  мечитин жер участоктун эсебинен чыгарып  айыл өкмөтүнүн муниципиалдык  менчигине өткөрүп берүү боюнча  айыл тургуну Нажимов Юлдашмамат Холмирзаевичтин    арызында көрсөтүлгөн  300 чарчы метр жер аянты жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык        менчигине өткөрүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндөгу арызды карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну  Нажимов   Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун  300 чарчы метр  бөлугү   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  муниципиалдык  менчигине өткөрүгө  макулдук берилсин.

 

 2   Ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 3    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад