Өлкөдө санариптештирүү иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан "InfoDocs" электрондук документ жүгүртүү тутуму иштелип чыгарылып, колдонууга киргизилген.

          Аталган тутумду ишке киргизүү боюнча иштер өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүзөгө ашырылууда документ жүгүртүү технологиясын өнүктүрүүгө, аларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө, чыгашалануучу материалдарга карата чыгымдарды кыскартууга, контролдоочулар тарабынан мөөнөтү өтүп кеткендиги тууралуу фактыларын аныктоого багытталган.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы КРӨнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун аткарылышы жана жогорку органдардын актыларын, протоколдук тапшырмаларын, өздөрүнүн чечимдерин ишке ашырууну камсыз кылууда жана жарандардын кайрылууларын кароодо райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бир катар уюштуруучулук жана аткаруучулук иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт.

Ноокат райондук мамлекттик администрациясы «Infodocs» тутумуна 2021-жылдан тартып кошулган. Тутум ишке киргизилгенден бери 681 кириш документтери, 900 чыгуу документтери жана 62 жарандардын кайрылуулары катталган.

Ноокат районунун аймагындагы 17 ЖӨБО болсо, алардан 11 айыл өкмөтү жана Ноокат шаардык мэриясы  «Infodocs» тутумуна кошулушкан. Калган айыл өкмөттөрүнүн башчылары, орун басарлары бүгүнкү күндө жетекчилери электрондук кол тамгаларын алышкан. «Infodocs» тутумуна кошулууга керектүү техникалык каражаттары(микротик) орнотулуп, "Инфоком" мамлекеттик ишканасына тутумга туташтыруу боюнча кат жолдонгон. Алар тутумга кошуп беришсе, калган айыл өкмөттөрү тутумга кирип иш алып барууга даяр.

Мекеме, ишканалардан  Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалы, калкты тейлөө борбору, райондук социалдык фонд бөлүмдөрү электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы аркылуу иштерин алып барышууда.

Бул тутумду ишке киргизүү жана колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 токтому менен "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобо бекитилген.

Аталган токтомдун 5-пунктуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана  мамлекеттик органдарга сунушталган.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын облустагы тренери менен биргеликте "InfoDocs" электрондук документ жүгүртүү тутуму кошулуу, аталган тутумда иш алып барууну ишке ашыруу максатында бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчыларынын жана иш кагаздарын жүргүзүүчү адистеринин катышуусунда бир катар окуу семинарлары өткөрүлгөн.

Өткөрүлгөн семинарда, көрсөтүлгөн усулдук жардамдарга жана "InfoDocs" электрондук документ жүгүртүү тутумун кыска убакыт аралыгында ишке киргизүү иштерин көзөмөлгө алуу жөнүндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жөнөтүлгөн 2021-жылдын 10-августунда № 971 жана ушул эле жылдын 03-сентябрында № 1068 каттары жөнөтүлүп, аткарылышы көзөмөлгө алынган. 2021-жылдын 30-ноябрында кезектеги райондук коллегиялык отурумда "InfoDocs" электрондук документ жүгүртүү тутумуна кошулуп иш алып баруу маселеси каралып  № 74-к токтому кабыл алынып, аны аткаруу боюнча мекеме, ишканалар жана ЖӨБО аткаруу үчүн жеткирилген.