Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратман" программасында белгиленген максаттуу

көрсөткүчтөрдү ишке ашыруу боюнча Ноокат  райондук мамлекеттик администрациясынын

башчысы-аким Д.Иманалиевдин 2022- жылга карата иш

ПЛАНЫ

(долбоор)

Коюлган маселенин мазмуну

 

Аткаруу боюнча иш-чаралар

 

Күтүлүүчү натыйжа

 

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу

 

I. Экономика

 

1

Ноокат  районунун финансылык көз карандысыздыгын жогорулатуу

Мамлекеттик  бюджеттин  киреше бөлүгүн 2021-жылга салыштырмалуу 5 % чейин көбөйтүү

Жергиликтүү бюджеттин кирешеси көбөйөт жана өзүн өзү камсыздоо пайызы жогорулайт.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, Ноокат райондук салык кызматы, Ноокат райондук финансы бөлүмү, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

Жергиликтүү бюджетке салыктарды жана  жыйымдарды толугу менен  чегерүү 5 % жогорулатуу

Өндүрүлбөгөн салыктын көлөмүн жыл аягына чейин 15 % пайызга чейин кыскартуу.

Дотациянын көлөмүн былтыркы жылга салыштырмалуу 3,0 % азайтуу.

2

Социалдык- экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүү темпин камсыз кылуу

Экономика тармактарынын өсүү темпин төмөндөгү пайыздан кем болбогон деңгээлде камсыз  кылуу:

- өнөр-жай    5  %

- айыл чарба  1,5 %

- курулуш    -  5 %

- товар жүгүртүү -5 %

- кызмат көрсөтүү -3 %

 

 

Райондун социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсү камсыздалат

31-декабрь

2022-ж

II. Айыл чарба

3

Айыл чарбасы боюнча дүн жыйымдын көрсөткүчтөрүн өсүүсүн камсыз кылуу

Айыл чарбасы боюнча дүң жыйымдын өсүү темпин 2021-жылга салыштырмалуу 1,5 % га чейин жогорулатуу.

Айыл чарбасынын бардык тармагында өсүүсү камсыздалат

31-декабрь 2022-жыл

Ноокат РМА, ЖӨАБ органдары,  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

4

Райондун  дыйкан  фермерлерине  женилдетилген пайыздык насыялардын  жетишин  камсыздоо

Райондун аймагындагы банктар менен тыгыз иштешүү, банктардан ай сайын  маалымат  алуу  жана  көзөмөлдөө.                                                                        

Дыйкан  фермерлердин  ишмердүүлүгүн  алдыга  жылдырууга  шарт  түзүлөт

2022-жыл  ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары,  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы , банктар (макулда-шуу боюнча

5

Айыл чарба продукцияларын экспортоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Айыл чарба продукцияларын алма – 1500 тонна,  картошка 500 тонна  айыл чарба продукцияларын  экспортоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Россия, Казакстан, Өзбекистан  Республикаларынын  рыногуна   чыгуу.

 

Айыл чарба продук-цияларын экспорттоо жакшырат. Дыйкан фермерлердин кирешеси көбөйөт.

2022-жылдын 3-4 – кв.

ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары,  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

6

Айыл чарба жерлеринен пайдаланууну  жакшыртуу

 

 Райондо суу жетпеген кайрак жерлерге тамчылатып сугаруу методун  колдонуу  аркылуу суу менен камсыздоо.

Экспорт жакшырат. Азык түлук коопсуздугу камсыздалат.

2022-    -жылдын март-июнь

айлары

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары,  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

7

Логистика  борборлорун жана атайын сактоочу кампаларды куруу

 

 Райондун аймагындагы ишкерлерге, дыйкан-фермерлер менен иштешүү аркылуу  жагымдуу жагдайларды түзүү.

 

 

 

Сактоочу  жайлар-дын саны өсөт, дыйкандарга жеңилдик болот.

 

 

2022-    -жылдын март-июнь

айлары

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары,  Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы

 

8

Элди сугат суу менен камсыз кылуу, сугат суу жетишсиз

жерлерге суу жеткирүүгө көмөк көрсөтүү. 

Сугат мезгилине карата суу бөлүштүрүүчү курулмаларды, каналдарды кезектеги жана капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча  жалпы каралган иш-пландагы сумма   4071, 57 миң сом болсо, анын ичинен:

-       механизмдин күчү менен каналдардын 3,3 км аралыгын 23,4 миң  мерт куб  тазалоо иштерине 1317,0 миң сом;

-       каналдардын 3,2 км аралыгын 354,55 метр куб бетондоого 2184,1 миң сом;

-       30 даана  суу тосмолоду оңдоого (ГТК) 358,6 миң сом;

-       7 даана суу өлчөөчү постторду оңдоого (ГП) 211,9 миң сом.

- Сугат суу менен камсыздоо жакшырат,

- суу үнөмдөлөт,

- түшүмдүүлүк жогорулайт,

- суу боюнча талаш-тартыш жоюлат.

Сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

2022-жылдын 15-майы-на чейин

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, Райондук суу чарба башкармалыгы

9

Ветеринардык кызматты өнүктүрүү

Ветеринардык сервистердин ишин жакшыртуу жана жасалма жол менен уруктандыруу пункттары менен иш алып барууну жолго коюу. Жаны-Ноокат, Көк-Жар жана Т.Кулатов атындагы  айыл аймактарына ветсервис куруу.

Малдын асылдуулугу жана азыктуулгу жогорулайт.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук ветерина-рия жана фитосани-тария кызматы

10

Кара малдарды идентификациялоо боюнча пилоттук программаны ишке ашыруу

Ири мүйүздүү малдарды  жана   жылкыларды идентификациялоону (чип коюуну) улантуу.

 

 

Кара мал эсепке алынат. Этти экспортко чыгарууга шарт түзүлөт.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук ветеринария жана фитосанитария кызматы

III. Өнөр жай

11

 

 

 

Өнөр  жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн 5 % га жогорулатуу.

 

- Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн   103,5 % га жогорулатуу . Физикалык индекстин көлөмүн 100 % дан жогорулатуу

Жыл сайин продук-циянын көлөмү  5 % га жогорулашы күтүлөт.

Жаны жумуш орун түзүлөт.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

- Токтоп турган ишканаларды  ишке киргизүү  менен жаны өнөр жай багытындагы ишканаларды ишке киргизүү жана аларды  каттоого тургузуу чараларын көрүү:

- Калктын өнөр жай тармагы менен алектенген ишкерлер аркылуу өндүрүлүүчү өнөр жай продукциясынын (ПДН) көлөмүн  5 % га  жогорулатуу.

 

 

- Жыл ичинде 11 өнөр жай  багытындагы ишканаларды ишке киргизүү менен  жаны 586  жумуш орундарды түзүү:

1.Н.Исанов айыл аймагына таш майдалоочу цех куруу,  жеке ишкер тарабынан 12 жумушчу орун тузулот.

2.Бел айыл аймагынын Бел айылына таш майдалоочу цех куруу, жеке ишкер тарабынан курулат,10 жумушчу орун тузулот. 7,5га жер аянтына документация иштери  даярдалышы керек.

3.Т.Зулпуев айыл аймагынын Жаман-Адыр участкасына таш майдалагыч цех (дробилка) куруу жеке ишкер тарабынан курулат, 12 жумушчу орун тузулот.

4.Т. Зулпуев айыл аймагынын Жатан участкасына көмүр кенин казуучу ишкана ачуу “Май-Эр”жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулат,  15-25 жумуш орун пайда болот.

5.Ынтымак айыл аймагынын Сары-Талаа участкасына кубаттуулугу  жылына 1000 миң  тонна цемент чыгаруучу завод куруу, “Стандар-Цемент”  ЖЧК тарабынан курулат, 300 жумушчу орун тузулот 

6.“Агро-Доор”  ЖЧК  тарабынан Беш-Арча участкасына  көмүр чыгаруучу ишканасын ачуу,   25  жумушчу орун тузулот.

7.Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылында тигүү цех куруу. Сметалык баасы 4738,0  миң. сом,  Корея мамлеке-тинин “КОЙКА” уюму тарабынан курулат,  10 жумушчу орун тузулот.

8.Кыргыз-Ата айыл аймагына 50 орундуу тигүү цехин  ачуу.Жеке ишкер тарабынан ачылат, 50 жумушчу орун тузулот.

9.Көк-Жар айыл аймагына 70  орундуу  тигүү цехин  ачуу. Жеке ишкер тарабынан, 70 жумушчу орун тузулот.

10. Т.Зулпуев атындагы  айыл аймагынын Жаман - Адыр участкасына кыш заводун куруу.  Жеке ишкер тарабынан, 30 жумушчу орун тузулот.

11.Көк-Жар айыл аймагынын Сары-Каңды участкасына кыш заводун куруу. Жеке ишкер тарабынан, 25  жумушчу орун тузулот.

 

 

IV.Капиталдык курулуш

12

Калктуу конуштарды кенейтүү жана элдин  турак жайга болгон муктаждыгын  каанааттандыруу чараларын көрүү

 

 

Башкы пландын негизинде турак жай курууга жер аянтын трансформациялоо чараларын көрүү, документтерди даярдоо:

-Ноокат шаарынын башкы планын толугу менен аягына чыгаруу

Элдин турак жайга болгон муктаждыгы чечилет, өнөр жай ишканалары курулуп, экономика көтөрүлүп, жумуш орду менен камсыз болушат.

 

2022-жыл

ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

- Көк-Бел айыл аймагында  турак-жай курууга, 43 га кайрак айдоо жер аянты.

Төөлөс айыл аймагында  турак-жай курууга, 33 га жер аянты 341 адамга берилет.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө турак-жай курууга, 112,0 га кайрак айдоо жер аянты, 0,10 га дан 800 адамга берилет.

13

Логистикалык индустраилдык борборду куруу

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында трансформацияланган 10,0 га жер аянтына логистикалык индустриалдык борбордун курулушун баштоо

Райондун борбо-рундагы базар жылдырылат, баш -аламан соода сатык иретке келип, авто-тыгын маселеси чечилет, жагымдуу шарт түзүлөт.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА

14

Ноокат шаарына саркынды сууларды чыгаруу долбоор менен иш алып баруу

Ноокат шаарына саркынды сууларды чыгаруу маселеси боюнча конкреттүү иштерди алып баруу

Көп кабаттуу үйлөр курула  баштайт, шарт түзүлөт.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА, ноокат шаар мэриясы

16

Билим берүү         обьекттерин жана спорттук залдарды  куруу

Кара-Таш айыл аймагындагы 375 орундуу А.Мамыров атындагы орто мектебин пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 56,7 млн. сом. Республикалык бюджет.

Мектеп окуучу-ларына жагымдуу шарт түзүлөт.

 

 

 

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, Райондук билим берүү бөлүмү

Көк-Жар айыл аймагынын Сарыкаңды айылындагы “Маданият” орто мектебинин курулушун аяктап, пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 64 млн. Республикалык бюджет.

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 375 орундуу К.Каримов атындагы  орто мектебинин курулушун бүткөрүп, пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 75 млн. Арабдардын “Саудия өнүктүрүү фонду” тарабынан курулууда.

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 190 орундуу Курак-Тектир орто мектебинин курулуш иштерин бүткөрүп, пайдаланууга берүү.

Жаны-Ноокат  айыл аймагындагы Күнгөй айылына “Араб Катар” фонду тарабынан сметалык басы 30 млн. сомдук комплекс (мектеп, бала бакча, ФАП, мечит) куруу

17

Балдар бакчаларын куруу үчүн долбоорлорду даярдап сунуштоо

Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Байыш айылындагы балдар  бакчасынын курулушун толук аягына чыгаруу 3200,0 сом. Дем берүүч гранттын эсебинен

Мектепке  чейинки билим берүүт армагы өнүгөт, балдардын мектепке чейинки билим деңгээли жогорулайт.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, Райондук билим берүү бөлүмү

Кара-Таш айылында курулуп жаткан “Бурабия” балдар бакчасын пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 32 млн. Жеке жактар

Найман айыл аймагынын  Улуу-Тоо айылындагы 20 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 2,2 млн. Корея мамлекетинин “КОЙКА” уюму тарабынан.

Төөлөс айыл аймагынын Кеңеш айыл айылына 90 орундуу бала бакчаны куруп, пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 6 млн. сом. Каржылоо булагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен.

18

Саламаттыкты сактоо обьекттерин куруу

Көк-Жар  айыл аймагынын Көк-Жар айылына көп профилдүү поликлиниканын   курулуш иштеринин журушун  көзөмөлгө алуу

Саламаттыкты сактоо мекеме-леринин элди медициналык жак-тан сапатуу тейлөө-сү жогорулайт.

 

Элдин ден соолу-гуна кам көрүлөт

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, саламаттыкты сактоо мекемелери

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы Кара-Кокту айылына ФАП куруу. Сметалык баасы 3 млн. сомдук, Арабдардын кайрымдуулук уюму тарабынан  каржыланат.

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы Капчыгай айылына ФАП куруу, Сметалык баасы 2 млн сомдук,  Арабдардын кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланат.

Көк-Бел айыл аймагындагы Кайыңды айылына ФАП куруу. Сметалык баасы 2 млн сомдук.

Ноокат  районунун  жалпы  дарыгердик  практика  борборуна    саркыңды сууларды тазалоочу курулма куруу.

Ноокат  районунун  жалпы  дарыгердик  практика  борборуна    кычкылтек иштеп чыгаруучу кичи завод куруу.

 

V. Инвестиция жана ишкердүүлүк

19

Инвестиция тартуунун көлөмүн жогорулатуу.

 

- Донор уюмдар менен иштөө жана алар үчүн инвестициялык ыңгайлуу шарт түзүү,  тоо кен тармагындагы иштетүүчү ишканаларды ачууга көмөк көрсөтүү, ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу.

- инвестиция тартуунун көлөмүн  былтыркы жылга салыштырмалуу 10% га жогорулатуу, анын ичинен сырткы инвестиция 9% га,   ички инвестицияны 11% га жеткирүү.

Райондун социалдык-экономикалык абалы жакшырат. Жаны жумушчу орундар түзүлөт.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

20

Ишкердүүлүктүн өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарт жаратуу

- 2022-жылы 102,0 % га жеткирүү. Чакан жана орто ишкерликтин товар (чекене жана дүн соода) жана кызмат көрсөтүү көлөмүн жогорулатуу.

 

Ишкерлердин иш жүргүзүүсү үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрү жаралат, сапат жакшырат

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

 

VI. Инфраструктура

21

Республикалык жана жергиликтүү маанидеги авто-мобиль жолдор-дун техникалык абалын  жакшыртуу.

Ош-Исфана автоунаа жолунун 28-75 чакырым аралыгын ондоо иштерин баштоо боюнча иш алып баруу

Инфраструктура жакшырат. Жолдор оңолот. Көчөлөр жарыктандырылат

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖТМ-37

 

Ноокат районундагы  16 айыл аймакка Республикалык бюджеттин эсебинен 16 км жолдорго темир бетон асфальтын жаткызуу

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Тескей-Кожоке айылына 250 метр, Жар-Коргон айылына 300 метр аралыгына асфальт жаткызуу

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы Аэропортная көчөсүнүн 1 км. аралыгына асфальт бастыруу

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын  Катта-Тал айылына 0,5 метр, Темир-Корук айылына 0,7  метр асфальт бастыруу

Төөлөс айыл аймагынын Толман, Айтамга айылдарынын жолдоруна 1,5 км. асфальт жаткызуу.

 

 

VII. Энергетика

 

22

Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону жакшыртуу.

Айылдык аймактардагы электр энергиясынан болгон дебитордук карыздарды  азайтуу чараларын көрүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен 10 % га кыскартуу.

Дебитордук карыз кыскарат.

Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоосу жакшырат.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА, Райондук электр тармактары ишканасы

Район боюнча  катардагы  ондоодон 905 чордон(КТП)  өткөрүлөт.

 

Район боюнча электрочубалгыларын техникалык  ондоодон өткөрүү:

-        ВЛ 04/кВт  боюнча катардагы оңдоолор 520  чакырым, дасмий оңдоолор 110,76 чакырым өткөрүлөт.

-        ВЛ 10/кВт  боюнча катардагы оңдоолор  627,295 чакырым, дасмий оңдоолор 65 чакырым өткөрүлөт.

-        Райондо ВЛ 10/кВ 3,5 чакырым,  ВЛ 04/кВт  боюнча  7 чакырым электрочубалгыларын жаңыдан тартуу

Жаныдан   А.Мирмахмудов, Т.Зулпуев, Көк-Жар, Он-Эки-Бел жана  Т.Кулатов  айыл аймактарында 15 даана  КТП ларды орнотуу.

VIII. Экология

23

Район боюнча токойлордун  аянтын көбөйтүү

- мамлекеттик токой фондунун жерлерине экме токойлорду олтургузууну 25,0 га жеткирүү, бадам, мисте көчөттөрүн тигүү;

- токойлордун табыйгий  жаңылануусуна көмөк көрсөтүүгө 300 га жерге жеткирүү;

- токой чарбанын көчөтканаларындагы көчөттөрдү өстүрүүнү 40 000 түпкө жеткирүү  жана жаңы көчөттөрдүн түрлөрүн өстүрүү

Токойлордун аянты 4 % га өсүүсү күтүлөт.

2022-жылдын март-май айлары

ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , Ноокат токой кызматы

IX.Өзгөчө  кырдаалдар  боюнча

24

Табигый кырсык-тардан калкты жана аймактарды коргоо жана  өрт кырсык-тарын алдын алуу.

Кыргыз Республика-сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунушталган обьектилердин өз мөөнөтүндө аткарылышына жетишүү жана ага көмөктөшүүгө элди тартуу

Жээктерди бекемдөө жана башка коргоо иш-чараларынын планынын негизинде аткарылуучу авариялык ондоп-түзөө жана коргоочу курулмаларын куруу боюнча  КР ӨКМнин Капиталдык курулуш департаментине сунушталган   Обьектилер (АБР) - Чыгымдардын болжолдуу баасы 39, 906  млн. сом:

1.     Н. Исанов ат.а-а, Тескей-Кожоке айылына Алчалуу” селкананы  куруу . Суммасы  20 млн.  сом;

  1. Т. Зулпуев ат а-а,Жатан айылы Кыркол-Сай дарыясынын нугун тазалоо жана жээгин бекемдөө. Сметалык баасы 10 млн.  сом;
  2. Кара-Таш а-а,  Кара-Таш айылы . Капка сел өткөрүүчү каналды оңдоо.Сметалык баасы 3,306 млн сом;
  3. Жаны-Ноокат а-а. Катта-Тал айылы. “Кызыл-2” сел откорүүчү  темир-бетон каналын куруу 1148 метр.Баасы 4млн. 500 миң сом;
  4. Бел а-а.Бел айылы.“ Койбасар” көпүрөңүн жээктерин бекемдөө. Сметалык баасы 1 млн. 300 миң сом.

 

Табигый кырсыктар

алдын алынат

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокат райондук бөлүмү

Калктуу конуштарды жана турмуш-тиричиликти камсыздоочу обьектилерди сел сууларынан жана ташкындарынан коопсуз өткөрүү жана башка табигый кырсыктарынан коргоо үчүн КР ӨКМ тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүү менен жергиликтүү бийликтин күчтөрү менен аткарылуучу “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” боюнча  иш-чаралары (СПЛМ)- Чыгымдардын болжолдуу баасы   

4 обьект үчүн  660 миң сомду түзөт:

 

     1.  Кыргыз-Ата айыл аймагынын   Ак-Булак айылындагы “Ак-Булак” сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө, 400 миң сом;

       2.  Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын  Үч-Бай айылындагы  Кош-Чан дарыясына  орнотулган көпүрөнүн жээгин бекемдөө, 160 миң сом;

       3.  Жаны-Ноокат айыл аймагынын  Мончок-Дөбө айылындагы “Мончок-Дөбө “ сел өткөрүүчү сайга  темир бетон шакекчесин орнотуу, 40 миң сом;

        4.  Бел айыл аймагынын   Жаш  айылындагы  “Жаш” сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө, 60 миң сом.

 

X. Таза суу

 

25

 

Калкты таза суу менен камсыздоо

Калкты таза суу менен камсыздоо багытында  АРИС, Агахан, Борбордук Таза Суу Алянсы,  Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин жана ички ресурстарды пайдалануу аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлор менен иштөө:

Район боюнча элди таза суу менен камсыздоонун көрсөткүчү 2019-жылдын жыйынтыгы менен 69,7 % га, 2020-жылга 73,7 % га өстү, 2021-жылы 74,0 % түзгөн. 2022-жылга 75 % жеткирүү.

Эл таза суу менен камсыздалат

Негизги суу түтүгү алмашат

Таза суу менен камсыз болот.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

Көк-Бел айыл аймагындагы айыл элин таза суу менен камсыздоо максатында 25 млн сомдук долбоор .

 

2022-жыл ичинде

Көк-Бел айыл аймагында айыл ичиндеги таза суу линиясын реконстркуциялоо боюнча сметалык баасы 46 млн сомдук  долбоор

2022-жыл ичинде

«Ноокат шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо жана саркынды суулардын системаларын куруу» долбоору

2022-жыл ичинде

 

 

XI. Коомдук коопсуздук

26

Укук бузууларды  алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо, диний-экстремизмдин алдын алуу жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешип иш алып баруу

 

Районубуздун жашоочулар арасында 2021-жылдын 1-декабрынан баштап колдонууга алынган КЖК. КЖПК, Укук бузуулар кодекстери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Укук коргоо органдары менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларына коомчулукту тартуу.

    Стратегиялык обьектилердин корголушун күчөтүү, укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын чындоо, кылмыштуулуктун, үй-булөлүк зордук-зомбулуктун, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана өз убагында бетин ачуу, диний-экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу  мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусун камсыздоо

Мамлекеттин коопсуз өнүгүүсүнө жана стабилдүүлүгүнө өбөлгө түзүлөт

2022-жылдын   31-дека-брына   чейин

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук ички иштер бөлүмү

Райондук улуттук коопсуздук кызматы, РИИБнүн 10-бөл. менен биргеликте жашоочуларыбыз арасында массалык чыгууларга алып келүүчү нааразылыктарды пайда кылуучу  факторлорду аныктап, өз убагында жоюу.

Ички иштер бөлүмүнун, билим берүү бөлүмүнүн жана дин кызматкерлеринин катышуусунда жаш өспүрумдөр арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу максатында каршы жолугушууларды өткөрүү менен ар кандай ишчараларды уюштуруу.

Кылмыштуулук кыскарат.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук ички иштер бөлүмү

Райондун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында “Коопсуз шаар” долбоору менен биргеликте жол коопсуздугунун  толук санариптештирүүгө жетишүү.

Жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын ден-соолугун сактоо

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук ички иштер бөлүмү

 

XII. Чек ара коопсуздугу

27

 

КРнын аймактык биримдүүлүгүн жана чек ара коопсуздугун сактоо жана коргоо максатында  эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Өзбек Республикасы менен чектешкен чек ара айыл аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, көзөмөлдөгөн «Улуу-Тоо» чек ара тозотунун материалдык-техникалык базасын чындоого жардам көрсөтүү менен чек-ара кайтарууну да санариптештирүугө жетишүү.

Чек-ара түзүмдөрүнүн калыптанышына жетишүү

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

XIII.    Коррупция

28

 

Коррупцияга каршы иш-аракеттерди күчөтүү.

 

 

Коррупциялык схемаларды жана коррупция көрүнүштөрү көп учуроочу калкты тейлөөчү субьектилерди толук санариптештирүүнү камсыздоо, коррупцияга   каршы күрөшүүнүн жыйынтыгы  боюнча маселелерди  Координациялык кенештин жыйынында кароо жана анын чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана тиешелүү мекеме уюмдар менен тыгыз кызматташуу

Коррупциянын денгээли төмөндөйт

 

 

 

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

 

 Социалдык тармак

 

 

XIV. Билим берүү

29

Бардык билим берүү мекемеле-риндеги билим сапатын жакшыр-туу, бүтүрүүчү класстардын окуучуларынын ЖРТ га  катышуу пайызын жогору-латуу , интернет байланышы жана китеп менен камсыз кылуу

-Жаңы технологияны (компьютер, интерактивдүү доска)  өнүктүрүү жана аны мамлекеттик стандартка ылайык окутуу, ийримдердин иштерин жандандыруу. Окуучулардын катышуусуна, жетишүүсүнө, социалдык абалына мониторинг жүргүзүү, билим сапатын  жогорулатуу. Олимпиадаларга  катышуу менен жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздоо.

 

 

Окуучулардын билим сапаты

 48,4 % га жетет, билим берүү мекемелеринде жетишпеген адистерди толуктоого, мектептерди компьютер менен толук камсыздоого жетишүү. 119  мектеп интернет менен камсыздалып   99% ды түзөт,  окуу китептери менен камсыздоо 89,2% га жетет, интерактивдүү доска 110 мектепке коюлуп, ал   93,5% ды түзөт.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , райондук билим берүү бөлүмү

30

Мугалимдердин билим берүү сапатын жакшыртуу

- Мугалимдердин билим сапатын өркүндөтүүдө “Электрондук Мугалим”   долбоорунун алкагында жаш мугалимдерди, информатика мугадимдерин окуу бөлүмдөрүнүн  башчыларын, балдар бакчаларынын тарбиячыларынын медиа сабаттуулугун арттыруу максатында окуу курстарын  уюштуруу. Химия, физика, билогия предметтеринин мугалимдерине  окуутуунун элетектрондук  лабораторияларын  пайдаланууну  үйрөтүү.

 

 

31

Акылдуу мектеп

- Билим берүү мекемелеринде китепканаларды санариптик колдонууга өткөрүү максатында 51 мектепте “Электрондук китепкана" уюштуруу жана ишке киргизүү.

-Мектеп-ата-энелер-окуучулар менен байланышты камсыздоо үчүн "СМС мектеп" долбоорун ишке ашыруу.

- Билим берүү мекемелеринин 50%  ата-энелер менен байланышты тереңдетүү максатында “Электрондук байланыш” усулун ишке киргизүү.

“Электрондук китепкана” 51 мектепте уюштурулат, 44,3% камсыз болот.

 “Электрондук күндөлүк” 62 мектепте уюштурулат. Ата-эне-окуучу-мектеп арасындагы байланыш күчөйт.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары,  райондук билим берүү бөлүмү

32

Мектептердеги 1-4 класстын окуучуларына  берилүүчү ысык тамак берүүнү уюштуруу

Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, ата-энелер комитети, бейөкмөт уюмдарды тартуу менен тийиштүү чараларды көрүү, 2021-жылы 65 мектепте ысык тамак уюштурулган болсо, 2022-жылы  70 мектепте ысык тамак берүү уюштурулат.

Окуучулардын  ден-соолугу чыңдалат, билим сапаты жогорулайт,  70 мектепте ысык тамак берүүуюштурулат

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук билим берүү бөлүмү

33

КРнын 2017-жылдын  27-апре-линдеги № 63 "/й-бүлөлүк  зомбу-луктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйза-мын аткаруу жана экстремизмдин алдын алуу макса-тында профилак-тикалык иштерди алып баруу

Райондук балдар иштери боюнча комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык өнүгүү башкармалыгы, саламатыкты сактоо, билим берүү жана ички иштер бөлүмдөрү менен биргеликте иш алып барууну күчөтүү;

 

Райондун аймагында үй-бүлөгө жана балдарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер уюштурулуп, бөгөт коюлат;

 

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы

34

Окуучулардын коопсуздугун сактоо максатын-да 79  билим берүү мекемелерине видео көзөмөл орнотууга жетишүү

Видео көзөмөл орнотулат.

Окуучулардын коопсуздугу үчүн  көзөмөл жүргүзүлөт

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук билим берүү бөлүмү

 

XV. Балдар бакчалары

35

Балдар бакчаларында тарбияланган  жаш наристелерди камсыздоону 45,7% га жеткирүү

Бала бакчалардагы тарбияланган балдардын пайыздык саны жогорулайт, 2021-жылга 43,7% жеткен болсо, 2022-жылы 45,7% га жеткирүү.

- Райондун борборунда жана калк жыш жайгашкан   10 айыл аймактарында жайгашкан балдар бакчаларына электрондук кезек  киргизүү.

2022-жыл ичинде бала бакчага тартылган балдардын саны 45,7 % түзөт.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук билим берүү бөлүмү

 

 XVI. Саламаттыкты сактоо

36

Коронавирус илдетинин жана жугуштуу оорулардын алдын алуу жана кыскартуу багытында конкреттүү иш алып баруу

Бардык медицина кызматкерледи КОВИД илдетин амбулатордук деңгээлде жетектөө жана дарылоо  боюнча окутуу-

 Ковид илдетине каршы  медицина кызматкерлерин 100%, калкты 70%  эмдөөну камсыз кылуу.

КОВИД илдетин дарылоо боюнча дары-дармектердин бир жылдык керектелүүчу көлөмүн эсептеп чыгып, 3 айлык дары-дармектердин, коргонуу каражаттарынын запасын камсыз кылуу

Эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу, санитардык гигиеналык эрежелерди сактоону көзөмөлдөө;

- Санитардык гигиеналык алгоритмди сактоону көзөмөлдөө

- Телемедицинаны колдонууда дарт аныктоо, дарылоо жана оорулардын алдын-алуу боюнча жаңы маалыматтар менен алмашууну, телеконсультация, телелекция, дистанттык окууларды  өркүндөтүү;

 

Жугуштуу оорулардын алдын алат

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, саламаттыкты сактоо мекемелери

37

Кыргыз Республи-касынын  "АИВ ИЖЖС жөнүндө мыйзамын жана Кургак учук V программасынын негизинде иш алып баруу

Бардык медицина кызматкерлерди окутуу, аттестациядан өткөрүү.

95-95-95  стратегиясын ишке ашыруу.

Кош бойлуу аялдарды эки жолу, алардын өнөктөштөрүн бир жолу АИВ инфекциясына тестирлөөдөн өткөрүү менен инфекциянын энеден балага өтүүсүнө бөгөт койуу.

Кургак учук диспансеринин жойулгандыгына байланыштуу, ал жерде иштегендерди иш менен камсыз кылуу.

Кургак учук менен ооругандарды амбулатордук деңгээлде дарылоону жакшыртуу.

ЖӨБО, билим берүү, Ички иштер, АДК, ОАА жана МСЭКБлору менен биргеликте иш алып баруу;

Мыйзам талаптары сакталат, програм мада көрсөтүлгөн иш чаралар жүзөгө ашырылат.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, саламаттыкты сактоо мекемелери

38

Алыскы аймакта жайгашкан /БДТ, ФАП интернет менен камсыз кылуу

Бардык ҮДТ ФАПтарда интернет байланышы менен камсыз кылуу

Ооруунун үйүнө баруу мезгилинде телемедицинаны пайдалануу

Комьютердик  техникалары  менен камсыз болот

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,
Ноокат ЖДПБу

 

 

 

XVII. Маданият

39

Райондук маданият үйүнүн Б.Абдыраимов атындагы БИМдин жана тарых музейинин  жылытуу системасын ондоо

Райондук  маданият үйүнүн, борбордук китепкананын Б.Абдыраимов атындагы балдар искусство мектебинин, тарых музейинин  жылытуу системасын өрт коопсуздугун алдын алуу жана болтурбоо, электр энергиясын үнөмдүү иштеттүү максатында ондоо иштерин жүргүзүү;

Кышкысын иштөө үчүн ынгайлуу шарт түзүү, электр энергиясы үнөмдүү пайдаланылат.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук маданият бөлүмү

40

Райондогу 5 балдар искусство мектептерин ремонтто

Балдар искусство мектептери ондоодон өтөт. Балдардын музыкалык билими терендейт.

Сабак өтүүгө шарттар жакшырат

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА, ЖӨБО, маданият бөлүмү

41

Райондук маданият үйүн камиталдык ремонттон өткөрүп ишке киргизүү

Райондун калкы  маданий жактан тейленет. Чон форматтагы иш-чаралар өткөрүлөт

Иш чаралар, жыйындарды өткөрүү үчүн шарт түзүлөт

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА, демөөрчүлөр, райондук маданият бөлүмү

42

Айылдык китепканаларды ремонтто

Айыл аймактарында жаштарды китеп окууга тартуу, жаштардын билим денгээлин көтөрүү;

Окурмандарга шарт түзүү

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА, ЖӨБО

 

XVIII. Дин тармагы

41

Райондун аймагында диний экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу жана диний мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө

- Профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Диний мекемелерине мониторинг жүргүзүү.

 

Диний мекемелердин ишмердүүлүгү жолго салынат

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , имам-хатиб

 

XIX. Спорт

42

“Спорттук Кыргызстан” программасынын алкагында кабыл алынган иш чараларды аткаруу

 

Спорттун массалуулугун 17 % га жеткирүү, жалпы коомчулукту дене тарбия жана спортко тартуу,  уюштуруу жана жандандыруу

Элдин  ден соолугу чыңдалат

Спорт тармагы өнүгөт. Жаштардын ар кандай диний агымдарга  кошу-луусуна бөгөт коюлат.

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук жаштар жана спорт комитети

Спорттун  волейбол баскетбол,футбол,эркин күрөш, улуттук күрөш ,тогуз коргооол,женил атлектика ,шахмат,көк-бөрү түрлөрү   боюнча республикалык мелдештерге катышууга жетишуу

43

Спорт тармагында курулуш иштерин колго алуу

Гулистан айыл аймагындагы борбордук стадионду реканструкциялоо

Айыл аймакта-рында калкты спортко тартуу, жаштар үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү

2022-жыл ичинде

Айыл өкмөтү, Демөөрчүлөр жана райондук спорт комитети

А.Мирмахмудов атындагы Киров   айыл аймагындагы спорттук залдын курулушун бүткөрүү

Демөөрчүлөр,

Спорт комитети

 

 

XX. Социалдык өнүгүү

44

Социалдык төлөмдөр жана жакырчылыктын денгээлин кыскартуу багытында иштерди жүргүзүү;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кепилденген төлөмдөрдү (пособия.компенсация ж.б.)  өз убагында чектөө. Жарандарга, калктын аярлуу катмарына социалдык жардам көрсөтүүдө кагаз түрүндөгү маалымкаттарды талап кылууну жеңилдетүү; жумушсуздардын санын  анализдөө, жумушсуздук жөлөк пулдарын дайындоо жана төлөө, коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жарандарды тартуу.

Элдерди тейлөө жакшырат;

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы

КРдин Мамлекеттик  кепилденген төлөмдөрдү (пособия, социалдык пенсия, компенсация ж.б.) “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы  жана Банктар аркылуу өз убагында даректүү төлөөнү жүргүзүү. Калк алуучу социалдык төлөмдөрү “Элкарт” улуттук төлөм карталарына которуу, бийик тоолуу алыскы аймактарда жашаган жарандардын  жөлөкпулдарын банк  кызматы  жеткирип берүү жумуштарын уюштуруу.

 

Аз камсыз болгон үй бүлөлөр көзөмөлгө алынат.

2022-жыл ичинде

- Жакырчылыкты 5 % га кыскартуу

Элдин жашоо денгээли көтөрүлөт.

2022-жыл ичинде

45

Ден соолугунан  мүмкүнчүлүгүчек-телүүжарандарды камкордукка алуу, жумуш орундарын түзүү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайган жарандар, социалдык колдоого муктаж болгон үй жайсыз адамдардын эсебин СЖКМС базасына киргизүү аркылуу жардам көрсөтүү. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген   улгайган  адамдарга  майыптык коляскалардын жана санаториялык курорттук  жолдомолорду өз убагында даректүү берилишин камсыздоо.

 

 

 

Даректүү жардамдар, жумуш менен камсыз кылынат.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы

 

 

XXI. Этностор боюнча

 

46

Улуттар аралык биримдикти, ынтымакты жана достукту чыңдоо иштерин жүргүзүү

- Ар түрдүү этностордун өкүлдөрү менен бирге иш-чараларды өткөрүү (Жаңы-Ноокат, Гулистан, А.Мирмахмудов айыл аймактарында, Ноокат шаарында)

Райондун аймагын-дагы элдердин ынтымагы жана биримдиги чыңдалат

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

 

XXII. Миграция

 

47

Райондун аймагын-дагы жарандардын түрдүү өлкөлөргө эмгектик миграция-га барууну каалаган жарандарга укуктук кенеш берүү

Чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен келишим түзүп, анын  негизинде жумушсуздарды  жумушка жөнөтүү;

 

 

Элдин жашоо абалы жакшырат, жумушсуздар жумуш менен камсыз болот

 

2022-жыл ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы.

 

 

 

 

 

 

XXIII. Туризм

48

Туристтик зоналарга туристтердин эс алуусуна шарт түзүү камсыз кылуу

 

 

 

 

 

 

 Эс алуу аймактарына баруучу жолдорду оңдоодо республикалык бюджеттин эсебинен :

1. “Кара-Кой” улуттук жаратылыш паркына  баруучу жолго 1,0 км. асфальт төшөө;

2. Т.Кулатов айыл аймагындагы “Абшыр-Ата” эс алуучу жайына барчу жолуна 1 км асфальт төшөө

 

Эс алуучулардын саны көбөйөт,  аларга шарт жакшырат.

2022-жыл ичинде

 

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары , ЖТИ-37

 Эс алууга келген туристердин санын былтыркы жылга салыштырмалуу 10 % га жогорулатуу:

 

 

Туристердин саны көбөйөт.

 

 

                  XXIV. Эл менен жолугушуу

49

Эл менен болгон жолугушууларды өткөрүү

Райондун аймагындагы бардык жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарында  акимдин эл менен болгон жолугушууларын өткөрүү

Эл менен түздөн-түз байланыш болот, маселе чечилет. Калктын көйгөйүн угууга шарт түзүлөт.

2022-жылдын 1 - кв.

ичинде

Ноокат РМА,  ЖӨАБ органдары

Бардык   тармактар  боюнча  48 пункт  124  тапшырма.

 


 

Каримберди каналы боюнча

Ноокат райондук суу чарба башкармасына караштуу Каримберди каналынын жалпы узундугу 12,4км, кубаттуулугу 3,0м3/сек, 868га жер аянтын сугат суу менен камсыз кылып 1982 жылы эксплуатацияга киргизилген.

Каримберди каналынын 12,4км ичинен, 2,7км бөлүгү Өзбекстандын тосмосунун ичинде калган. Ошол бөлүктө 4 (төрт) даана суу бөлүүчү курулмалар калып жана Өзбекстандын тургундары өз алдынча, уруксатсыз 4 (төрт) даана труба, 3 (үч) даана суу бөлүштүрүүчү курулма орнотуп алышкандыктан Өзбекстан тараптан сугат суусун алууда бир топ кыйынчылыктар жаралууда.

Каналдын ичинде калган 2,7км аралыктагы тосмону жылдыруу маселеси боюнча делимитация жана демаркация иштери бүтүп, чек-ара кызматкерлери тарабынан жылдыруу жумуштары аткарылып, чек-ара маселеси чечилип калса, жогорудагы Өзбекстанга кетүүчү 11 суу бөлүштүрүүчү курулмаларын көзөмөлдөп ыӊгайлуу шартта сууну дыйкандарга жеткирүүгө өбөлгө түзүлөт.

Төөлөс, Караван, Ак-Улак, /ч-Коргон айыл окруктарынан чыккан кара суулар баары Караван-Сайга чогулуп орто эсеп менен 1м3/сек, жаан-чаачын көп учурда 5м3/сек. чейин кара суу токтобой Өзбекстан мамлекетине өтүп кетүүдө. Бул сууну Өзбекстан тараптын өкүлдөрү эске алышпайт.

             Тактап айтканда жыл сайын март, апрель, май айларында тоолордон Исфайрам-Сайга суу аз келгендигине байланыштуу Кадамжай районунун дыйкандарына суу жетпей, Өзбекстан Республикасына караштуу “Полман” суу бөлүштүрүүчү башкы курулмасында суу аз болгондугунан, Каримберди бөлүмүндөгү жашаган жашоочулардын эгин талааларына суу жетпей калууда. Өз убагында керектүү көлөмдө сугат сууну алышпай, айыл-чарба эгиндерине терс таасирин тийгизип жатат.

            Караван-Сай сброснойдон Каримберди каналына чейин жалпы узундугу болжол менен 11,5-12,0 км аралыка өзүбүздүн Кыргызстандын жерлери аркылуу сууну өткөрүп, бул аймакты толук сугат суу менен камсыздай турган болсок Ынтымак айыл округуна караштуу 600га жана токой чарбасына караштуу 1500га кайрак жерлерди суулуу аянтка айландырууга жана 868га сугат жерлерин суу менен камсыздандыруу жагы жогорулашына мүмкүнчүлүк жаралып кошумча 1800га жаӊы жер аянты кошулат.

            Жаӊы каналды куруу боюнча техникалык-экономикалык изилдөө иштери 2012-жылы башталган жана бул каналдын курулушу Кыргыз Республикасынын 2012-2015 жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясында белгиленген жол картасына кирген. Каналдын курулушунун болжолдуу долбоору алгачкы 360,0млн. сомдун тегерегинде болоору эсептелген, андан кийин техникалык-экономикалык эсептөөсү боюнча болжолдуу 600,0млн сомго чыккан.