Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин 

2021-жылдын    жыйынтыгы  боюнча   иш-аракеттери/милдеттеринин аткарылышы төмөндөгүчө болгон.

 

 

Райондун аталышы

Милдеттердин саны

Аткарылган милдеттердин саны

Аткарылганы

%  пайызы менен

1.

Ноокат району

48  пункт

   45  пункт

93,75

106 тапшырма

   100  тапшырма

         94,34

 

 

1-пункт:

Калктуу конуштарды кенейтүү  жана элдин  турак жайга болгон муктаждыгын  каанааттандыруу чараларын көрү:

 

1-тапшырма:

Т.Кулатов атындагы айыл аймагына өнөр жайга,  жер семирткич заводун курууга  88 га жер аянтын ажыратып берүү.

Аткарылышы:

Иш – планда көрсөтүлгөн айыл  аймактарынын жер аянттары боюнча  трансформациялоого тийиштүү  иш-кагаздары даярдалып,  тийиштүү жогорку органдарга жиберилген.

 

2-пунт:

Логистикалык индустраилдык борборду куруу:

 

2-тапшырма: 

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында трансформацияланган 10,0 га жер аянтына логистикалык индустриалдык борбордун курулушун баштоо.

 

3-тапшырма:

Кара-Таш айыл аймагындагы 375 орундуу А.Мамыров атындагы орто мектебин пайдаланууга берүү. Сметалык баасы 56,7 млн. сом. республикалык бюджет.

Аткарылышы: Кара-Таш айыл аймагындагы  А.Мамыров атындагы орто мектебинде  республикалык бюджеттин  өткөн жылдагы калдык эсебинен кафель бастыруу иштери жүрүп жатат.

 

 

4-тапшырма:

Көк-Жар айыл аймагынын Сарыкаңды айылын-дагы “Маданият” орто мектебинин курулушун аяктап, пайдаланууга берүү.

Сметалык баасы 64 млн.  сомдук.

Аткарылышы: Көк-Жар айыл аймагынын Сарыкаңды айылындагы “Маданият” орто  мектебинин 2-кабатына плита бастыруу  иштери республикалык бюджеттин эсебинен  жүргүзүлүүдө.

 

3-пункт:

Республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдордун техникалык  абалын  жакшыртуу.

5-тапшырма:

Ош-Исфана автоунаа жолунун 28-75 чакырым аралыгын ондоо.

 

6-тапшырма:

Оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн райондун борборун айланып өтүүчү альтернативдик жол ачуу, Т.Зулпуев, А.Мирмахмудов, Гулистан, Жаны-Ноокат айыл аймактары

 

 


 

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Б.Иманалиевдин 2021-жылдын жыл жыйынтыгы боюнча маалыматы.

 

Ноокат районунун аймагында жалпы калктын саны- 304290. Административдик аймакта 16 айыл өкмөтү, 1 шаар жана 96 айыл бар.  Райондун жалпы аянты 4044 чарчы км квадрат.

Өнөр жай: Райондун аймагында  жалпысы болуп  33 өнөр жай ишканалары  иштейт. Анын ичинен негизги 10 ишкана, 23 кичи ишканалар. Ошону менен катар 240 калктын өнөр жай тармагы боюнча иш жүргүзгөн жеке ишкерлер өнөр жай продукциясын өндүрүшүп, иш алып барышат. Алар: тегирмендер, пластик эшик, терезе жасаган ишкерлер, мебель, жыгач буюмдарын жасаган усталар, пескоблок чыгаруучу, кондитер азыктарын чыгаруучу  цехтер.

2021-жылдын 12 айында  алдын ала райондо жалпысы 4 млрд 164 млн 554,3 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, 2020-жылдын 12 айына  салыштырганда 1 млрд 685 млн 522,3 миң сомдук продукция көп өндүрүлүп, өсүү темпи 168,0  % түзүп, ал эми 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 1 млрд. 381 млн.344,9 миң сомго көп өндүрүлүп, өсүү темпи 149,6 % ды түздү. ИФО  (физикалык көлөмдүн индекси) 153,3%ды түздү.

Райондо  жаңы өнөр жай ишканаларын ачуу багытында 2021-жылга  8 өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү пландаштырылса, 2021-жылдын 12 айында  11 жаңы ишкана ишке киргизилип, жаңы жумушчу орду менен 218 адам камсыз болуп, жалпысы 36 млн 100 миң сомдук инвестиция тартылды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу суммасы  23,1 млн сомго жана 180  жаңы жумуш орунга,ал эми 2019-жылга салыштырмалуу (2019-ж. 12 ишкана , суммасы 33 млн.600 миң сом, 72 жумуш орун) суммасы  2 млн 500 миң сомго,  146 жумуш орунга көп.

Андан сырткары, жылдын аягында  Көк-Жар айыл аймагынын Сарыкаңды айылына жеке ишкер тарабынан 13 млн сомдук кыш заводу курулду.  2022-жылдын башынан толук кандуу ишке киргизилип, жаңы 25 жумуш оруну пайда болот.

Райондун экономикасын көтөрүүдө эн негизги орунду ээлеген   салык жана салык эмес төлөмдөр боюнча токтолуп кетсек:

Ноокат районунда 2021-жылдын 12 айында салык жана салык эмес жыйымдарга жеткирилген жалпы тапшырма 918 млн 219,2 миң сом болсо, иш жүзүндө 952  млн  736,5 миң сомду түзүп,  тапшырма 103,8 % га аткарылды. Жеткирилген план тапшырмадан 34 млн 517,3  миң сомго көп жыйналды. Бул көрсөткүч 2020-жылдын 12 айына салыштырганда (2020-жылдын 12-айында 507 млн 666,5 миң сом болгон)  445 млн 070,0 миң сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 187,7 % ды түздү. Ал эми 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 288 млн 103,9 миң сомго көп жыйналып, өсүү темпи 143,3 % ды түздү.

Анын ичинен, жергиликтүү бюджетке чегерүү 294 млн 340,1 миң сомго план жеткирилген болсо,  иш жүзүндө 327 млн 971,8 миң сомду түзүп, план тапшырмадан 33 млн 631,7 миң сомго ашыкча аткарылып, өсүү темпи 111,4 % ды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырганда (2020-жылдын 12-айында  252 млн 630,2 миң сом болгон) 75млн 341,6 миң сомго көп  жыйналып, өсүү темпи 129,8 % ды түздү. Ал эми 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 82 млн 155,0 миң сомго көп жыйналып, өсүү темпи 133,4 % ды түздү.

Ал эми, республикалык бюджетке болгон чегерүүлөрдүн тапшырмасы 623 млн 879,1 миң сом жеткирилсе, аткарылганы 624 млн 764,7 миң сомду түзүп, тапшырма 100,1 % га  аткарылган, же пландан 885,6 миң сомго көп жыйналган,  ал эми  өсүү ыргагы былтыркы жылдын 12 айына салыштырмалуу 245,0 % ды түзүп,  369 млн 730,9 миң сомго көп жыйналып, ал эми 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 205 млн 948,9 миң сомго көп жыйналып, өсүү темпи 149,2 % ды түздү.

Жергиликтүү салыктар  2021-жылдын 12 айында салык жана салык эмес жыйымдарга айыл өкмөттөргө жеткирилген жалпы тапшырма 94 млн. 768,5 миң сом болсо, иш жүзүндө 100 млн 514,7 миң сомду түзүп,  тапшырма 106,1 %га аткарылды, башкача айтканда, жеткирилген план тапшырма 5 млн 746,2 мин сомго көп жыйналды. Айыл өкмөттөр тарабынан 2021-жылдын 12 айында жергиликтүү салыктын план тапшырмалары  толук аткарылган, бирок район боюнча милдеттүү патент боюнча план аткарылган эмес.

Киреше бөлүгү: Райондо жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгү трансферттерди кошпогондо 373 млн 176,5 миң сом план жеткирилсе, иш жүзүндө аткарылганы 404 млн 590,5   миң сомду түзүп,  план 108,4 % га аткарылып, былтыркы жылга салыштырмалуу (2020-ж 12 айында 291 млн 289,8 миң сом) 35 млн 164,5 миң сомго көп жыйналган.  Ал эми 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу (2019-ж. 12 айда 315 млн.624,4 миң сом) 88 млн 966,1 миң сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 128,2 %га көп аткарылган.

Дотациянын көлөмү боюнча  райондун көрсөткүчү 2020-жылдын 12 айына 28,4 % ды түзсө, 2021-жылдын 12 айына 21,4 % ды түзүп, 7,0 % пайызга  азайган. Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  5.9 % га азайган.

Инвестиция: Ноокат районунда жалпысынан 2021-жылдын 12 айында  тартылган инвестициянын жалпы суммасы   972 млн 252,6 миң сом болсо, анын ичинен республикалык бюджеттен 164 млн 806,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 84,1 млн 613,4 миң сом, жамааттардан  87 млн 118,7 миң сом жана жеке ишкерлерден  404 млн 604,5 миң сомдук инвестиция тартылып былтыркы жылга салыштырмалуу өсүү бар. Ал эми жумушчу орун менен 1312 адам камсыз болгон. Тышкы инвестициянын суммасы 231 млн 149,5 миң сомду,  ички инвестиция 741 млн 103,1 миң сомду түздү. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 440 млн 611,2 миң сомго көп инвестиция  тартылган. Ал эми, жалпы 1631 адам жумуш менен камсыз болуп, (2020-жылдын 12 айында 531 млн.641,5 миң сом, 972 адам жумуш менен камсыз болсо, 2019-жылдын 12 айында 1 млдр 8 млн 656,0 миң сом, 1580  адам жумуш менен камсыз болгон) 2019-жылдын 12 айына салыштырмалуу 51 адамга көп болуп, сумммасы 36 млн.403,4 миң сомго азайган.

Капиталдык курулуштар:

Райондук статистика башкармалыгынын маалыматына ылайык  2021-жылдын 12 айында район боюнча негизги капиталга  703  млн. 422,9   миң сомдук инвестициялар негизги капиталга  тартылып, 2020-жылдын 12 айында 303 млн 999,0 миң сом болуп,  салыштырмалуу өсүү  темпи 231,1 % түзгөн. (2019-жылдын 12 айында 722 млн. 697,4 мин сом болгон). Ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 97,4% түзгөн. 

2021-жылы 12 айында 8 социалдык обьекттер бүткөрүлүп пайдаланууга берилди:

2019-жылы курулушу башталган Бел айыл аймагындагы  275 орундуу   сметалык  баасы 75 млн. сомдук  Н.Жолдошов атындагы “Жаш”  орто мектеби  республикалык бюджеттен,  Жаңы-Ноокат айыл аймагынын  Жандама айылындагы Н.Найманбаев атындагы 240 орундуу, Катта-тал  айылындагы М.Мырзакаримов атындагы 240 орундуу  орто мектептери  түрткү берүүчү гранд, жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп, пайдаланууга берилди. Ал эми, Гулистан айыл аймагынын Бостон айылындагы Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму тарабынан курулган комплекстин  (медресе, мечит, ФАП) 150 орундуу медресеси  200 орундуу мектепке айлантылып,  пайдаланууга берилсе, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Баглан айылындагы 100 орундуу “Баглан” атындагы  орто мектебинин  сметалык баасы 8 млн. сомдук кошумча имаратынын  курулушу Бүткүл Дүйнөлүк жаштар Ассамблеясы, жергиликтүү бюджет тарабынан  каржыланып,  пайдаланууга берилди. Көк-Бел айыл аймагынын  Көк-Бел айылындагы  сметалык баасы 4,5 млн. сомдук  100 орундуу  башталгыч класс мектеби жеке ишкер тарабынан курулуп, жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилди.

Сметалык баасы 16 млн. сомдук Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Жатан айылындагы  320 орундуу “Ысмайыл” атындагы орто мектебинин  спорт залынын курулушу  2018-жылы башталып,  учурда 100% бүткөрүлдү.    

Сметалык баасы 58 млн. сомдук Кыргыз-Ата айыл аймагынын  Кара-Кой айылындагы  190 орундуу Курак-Тектир  орто мектебинин курулушу  2021-жылдын сентябрь айында башталып, иш учурда кызуу жүрүүдө.

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы 375 орундуу  сметалык баасы 75 млн. сомдук  К.Каримов атындагы орто мектебинин курулушу Арабдардын «Саудия өнүктүрүү» фонду  тарабынан каржыланып, курулууда. Учурда курулуш иштери  90% аткарылды.

Жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 1 бала бакча, республикалык бюджеттен 1 бала бакчанын кошумча корпусу курулуп пайдаланууга берилсе, 1 бала бакча республикалык бюджеттен, 1 бала бакчанын курулушу чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан бүткөрүлдү.

Атап айтканда,  Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Ак-Чал айылындагы сметалык баасы 22 млн. сомдук   75 орундуу бала бакчанын имараты  толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы 2019-жылы курулушу башталып, түрткү берүүчү  гранд, жергиликтүү бюджеттин эсебинен сметалык баасы 16 млн. сомдук 60 орундуу “Жылдызча” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кошумча корпусу курулуп, пайдаланууга берилди. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Байыш айылындагы түрткү  берүүчү гранд, демөөрчүлөр тарабынан 50 орундуу сметалык баасы 4,5 млн. сомдук  бала бакчанын имараты бүткөрүлгөн. Учурда, оңдоп түзөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылындагы Корея мамлекетинин “Coica” уюмунун каржылоосу менен курулган 25 орундуу бала бакчанын имараты толугу менен бүткөрүлдү. Жакынкы  күндөрү пайдаланууга берилет.  

Көк-Бел айыл аймагынын Көк-Бел  айылындагы жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 100 орундуу сметалык баасы 48 млн. сомдук бала бакчанын курулушу 2018-жылы башталып, учурда 1-2кабатынын дубалы урулуп, чатыры жабылып, имараттын ичи, сырты шыбалып, терезелери салынды, курулуш иштери 70 %га бүткөрүлдү.

Саламаттык сактоо тармагында Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы сметалык баасы 5 млн. сомдук  поликлиниканын курулушу “Ас-сафа” кайрымдуулук уюмунун каржылоосу астында бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе,  Көк-Жар айыл аймагынын  Көк-Жар айылындагы сметалык баасы 152 млн. сомдук көп профилдүү поликлиниканын курулушу республикалык бюджеттин эсебинин, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын  Абшыр-Ата айылындагы  сметалык баасы 21,5 млн. сомдук үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имаратынын курулушу жергиликтүү бюджеттен жүрүп жатат.

Көк-Жар айыл аймагындагы  калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Борбаш айылына 1000 м3 көлөмүндөгү суу сактоочу кампа жана Борбаш, Алашан, Каранай, Көк-Жар жана Сарыкаңды айылдарына баруучу таза суу түтүктөрүнүн  курулуш долбоору республикалык бюджеттен колдоого алынып, тендерден “Алга Билд” ЖЧКсы 10 млн. 944миң 842 сомго утуп алган. Учурда, курулуш иштери толугу менен аяктап сыноо иштери жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Ноокат районунун аймагындагы билим берүү тармагындагы сметалык баасы 315,2  млн сомдук 6 объекттин курулушу башталып токтоп турат. Ал эми, сметалык баасы 87,1 млн сомдук  6 объектини  капиталдык оңдоп түзөтүүдөн өткөрүү иштеринде 4 объектиде башталып аягына толук  чыгарылбай турса, 2 имараты быйылкы жылга республикалык бюджетке киргизүүгө сунуш берилген. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ноокат районунун аймагындагы 13 мектепке авариялык абалда деген корутундусу чыгарылган.

Таза суу: Көк-Жар айыл аймагындагы  калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Борбаш айылына 1000 м3 көлөмүндөгү суу сактоочу кампа жана Борбаш, Алашан, Каранай, Көк-Жар жана Сарыкаңды айылдарына баруучу таза суу түтүктөрүнүн  курулуш долбоору республикалык бюджеттен колдоого алынып, тендерден “Алга Билд” ЖЧКсы 10 млн. 944миң 842 сомго утуп алган. Учурда, курулуш иштери толугу менен аяктап сыноо иштери жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

2020-жылдын 1-январына карата район боюнча элдин таза суу менен камсыздоонун көрсөткүчү  73,7 %   түзсө,  2022- жылдын 1-январына карата 74%ды  түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу  0,3 % га жогорулаган.

 Санарипке  өтүү максатында  2021-жылдын  май  айында жалпы сметалык баасы 1 млн 885,6 миң сомдук акча каражатын каржылоо менен Ноокат  районунун  Т.Зулпуев айыл аймагында калкты тейлөө  борборун (ЦОН) ачылып, бүгүнкү күндө калкты тейлөө кызматы жакшыртылды. 

Ноокат райондук мамлекттик администрациясы «Infodocs» тутумуна 2021-жылдын сентябрь айынан тартып кошулган. Тутум ишке киргизилгенден бери 681 кириш документтери, 900 чыгуу документтери жана 62 жарандардын кайрылуулары катталган.

Ноокат районунун аймагындагы 17 ЖӨБО болсо, алардан 11 айыл өкмөтү жана Ноокат шаардык мэриясы  «Infodocs» тутумуна кошулушкан. Калган айыл өкмөттөрүнүн башчылары, орун басарлары бүгүнкү күндө жетекчилери электрондук кол тамгаларын алышкан. «Infodocs» тутумуна кошулууга керектүү техникалык каражаттары(микротик) орнотулуп, "Инфоком" мамлекеттик ишканасына тутумга туташтыруу боюнча кат жолдонгон. Алар тутумга кошуп беришсе, калган айыл өкмөттөрү тутумга кирип иш алып барууга даяр.

Мекеме, ишканалардан  Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалы, калкты тейлөө борбору, райондук социалдык фонд бөлүмдөрү электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы аркылуу иштерин алып барышууда.

 “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат системасы боюнча: Район боюнча чарба китептериндеги маалыматтар 40% киргизилди. Кожолуктун 36,42%, калктын 26,22% камсыздалды.  Учурда системада катталган жана түзүлгөн маалыматтар боюнча жарандарга  үй-бүлөсү тууралуу, жашагандыгы тууралуу ж.б маалымкаттар “Бирдиктүү терезе” кызматтары аркылуу берилип, тиешелүү стастикалык отчеттор алынып  жатат.

Ошондой эле системада баардык айыл өкмөтү жана Ноокат шаарынын паспортторун түзүү процессин автоматташтыруу боюнча жеткиликтүү иштер алып барылууда.

Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат системасына чарба китептерин толук киргизилбей жаткандыгынын  обьективдүү жана субьективдүү себептери бар.

Биринчиден турак жайы каза болгон кожолуктарды системага каттоого мүмкүн эмес. Алар алгач турак жайларын мыйзамдаштырып, тирүү адамга мамлекеттик каттоодон өткөзүшү керек.

Экинчиден 2003-жылдан 2015-жылдарга чейинки айрым балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү отцифровка болгон эмес. Аларды системага каттоого мүмкүн эмес. (Бул жерде отцифровка кылыш үчүн ЦОНдор ошол жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, кээде ата-энесинин паспорту, нике күбөлүктөрүн да сурап жатышат)

Үчүнчүдөн турак жайлардын үй номерлери иш жүзүндөгүсү менен дал келбейт. Анын айынан кээ бир турак жайлар дарек каттоосунан чыкпай аларды да каттоого мүмкүнчүлүк болбойт. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик каттоо кызматы менен инвентаризация жүргүзүп, үй номерлерин иш жүзүндөгүсү менен дал келтирүүсү керек.

Учурда элге дагы колунда сапаттуу документ болгондо гана сапатуу кызмат алууга болоорун  түшүндүрүп, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү аракеттерин күчөтүп жатабыз.

“Е- Kyzmat” бирдиктүү  маалыматтар базасын түзүүнү  жолго коюу райондун аймагында 100 пайызга  толук камсыздалган.

  Атап айтсак, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында иштеп жаткан кызматкерлердин,  мамлекеттик жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарында иштеп жаткан кызматкерлердин  маалыматтары толук киргизилген. 

Мындан сырткары, “Коопсуз мектеп” программасын ишке ашыруу багытында  учурда 71 мектепте жана 31 бала бакчага видео көзөмөлдөр уюштурулду. 17 мектепте видеокөзөмөл кайтарым байланышы  менен иштейт. 

Бүгүнкү күндө каржылоонун түрдүү булактарынан 98 мектепке 176  даана, 19 бала бакчага 19 даана интерактивдүү доскалар алынды. 36 мектеп “Айбилим”, 53 мектеп “Билим булагы” электрондук порталдары жана ютуб каналдары аркылуу окуучуларга мугалимдер электрондук материалдар менен сабак өтүүдө. Райондун аймагындагы 54 мектепте «Электрондук журнал», Электрондук күндөлүк”, ”Электрондук почта кызматы” ж.б электрондук программалар менен иш алып барышууда.

  Фискализация боюнча: Бүгүнкү күндө Көзөмөл кассалык аппараты 245 даана бар. Анын ичинен 192и аппараттык, 53 программалык. Биллайн  тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп,  ай сайын абаненттик төлөм 300 сом.  Жалпысынан районго 1735 даана көзөмөл кассалык аппараты керектелет.  Көзөмөл кассалык аппараттарды ишке ашырууда 19 техникалык тейлөө борборлору болуп,   анын ичинен Ноокат районунда ОсОО “Мастер”, ОсОО “Торговые технологии”, ОсОО “Шабдан сервис”, ОсОО “Мастер”, ОсОО “Прибороремонт” техникалык тейлөө борборлору иш алып барууда.

Электр тармактары: 2021-жылдын 12 айында район боюнча 251  млн.543,0 миң кВтс  электр энергиясын алуу планы болсо, иш жүзүндө 282 млн.090,4 миң кВтс алынган, башкача айтканда берилген лимиттен 4 млн.300 миң  кВтс көп алынган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млн.909,6 миң кВтс көп алынган.

Жалпы жоготуу  факты боюнча  былтыркы жылдын ушул мезгилинде 36 млн.895,8 миң кВтс болсо, 2021-жылдын 12 айында 36 млн.031,8 миң кВтс түзүп, 864,0 миң кВтс саатка азайып,, башкача айтканда  пайыздык көрсөткүчү  -0,5 % га азайган.

Техникалык жоготуу факт  жүзүндө 36 млн.930,7 миң кВтс (2020-ж 12 ай 36 млн. 845,9  миң кВт с)түзүп былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 84,9 миң кВтс жогорулаган, бирок пайыздык көрсөткүчү  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,2 % га азайган.

Факты түрүндө берилген электр энергиясынын планына жалпы төлөнгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилинде 252 млн. 855,34 миң сом болсо, 2021-жылдын 12 айында  262 млн.205,79 миң сомду түзүп былтыркы жылга салыштырмалуу 98 млн.350,5 миң сомго көп жыйналган.

Дебитордук карыздар боюнча алып караганда былтыркы жылдын ушул мезгилинде 18 млн.663,6 миң сомду түзсө, 2021-жылдын 12 айына  карата 17 млн.591,9 миң сомду түзүп, 1 млн. 071,7  миң сомго азайып, дебитордук карыздарды өндүрүү пайызы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.1 % га азайган.

Айыл чарба: Айыл    чарба   багытында райондо  жалпы айдоо аянты 37413.0 га (анын ичинен 16611.0 га суулуу, 20802.0 га кайрак). Бак 1175.5 га. Чөп орунду 3216,0 га, жараксыз жерлер  33 га.

Жайыт жер жалпысы 118427,0 га (ургалдуу жайыт 69462,0 га, жакынкы жайыт 48965,0 га)болсо, анын ичинен айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жайыт жерлери 88373,0 га (жакынкы жайыт 47503.0 га, ургалдуу жайыт 40870,0 га).

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ)  бардык  жери  7655,22 га,  анын ичинен  айдоо  жери  6497,0 га, анын   1938,5 га суулууда, (а. и. насос менен 175,0 га),  4558,5 га кайракта. Бардык бак   368,22 га,   (а. и.  насос менен  145,0 га).  Чөп  жай 757,0 га.  Жараксыз  жер 33,0 га.

Жазгы    талаа   иштери  тууралуу жаздык буудай эгүү  10272,0га  жер аянты божомолдонсо, 10272,0 га себилип, 100 пайызга аткарылды. Ал эми  күздүк  буудай  менен кошкондо 2021-жылдын түшүмү үчүн  жалпысы  15328,0 га аянт божомолдонсо, бүгүнкү күнгө 15328,0 га  буудай эгилип, божомолдонгон 15328,0 га буудай эгүү 100 пайызды түздү.

Банк   тарабынан   айыл   чарба  тармагына  КР  Өкмөтү  тарабынан   женилдетилген  10 пайыздык   насыяларды алуу боюнча  район  аймагындагы  дыйкан  фермерлерге  жалпысы болуп  214 тарап  115 113 200 сом алды. Анын ичинен 159 тарапка фермер категориясына (мал чарбачылыгы)  66 843 200 сом, ал эми  9 тарапка кайра иштетүүгө  25 800 000 сом, 46 тарапка талаачылык 22 470 000 сом берилди. 2020-жылга салыштырмалуу 233 фермер 98 196,0 сом алган болсо, салыштырмалуу  16 917 200 сомго көп алынды.

Оруп жыйноо  боюнча 2021-жылдын түшүмү үчүн   15328,0 га  буудай  аянты  орулуп, 29832,7 тонна  түшүм алынып, орточо  түшүмдүүлүк  19,5 центнерден  берди  (өткөн жылга салыштырмалуу бирдей).

Тамчылатып   сугаруу   ыкмасын   колдонуу боюнча 2020-жылга  карата  жалпы  район  боюнча  49  тарап  105,35 га  жер  аянтына  тамчылатып  суугаруу  аркылуу  бактарды  олтургузушкан болсо, 2021-жылдын аягына чейин тамчылатып сугаруу системасы аркылуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 2 тарап 6,0 га жер аянтына бак отургузушту, ал эми Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө 1.0 га жер аянтына  Павлония дарагын отургузган, бардыгы болуп  2021-жылга 52 тарап 112.35 га  жер аянтына колдонууда.                   

Күнөскана    куруу  боюнча 2020-жылга  карата  жалпы  район  боюнча  26  тарап,  2,60 га  жер  аянтына  күнөскана  иштетип,  2021-жылга 2 тарап 0,8 сотых жерге  күнөскана куруп  иштетүүдө. 2021-жылдын  аягына  карата  28 тарап 2,68 га жер аянтына  күнөскана курулуп жашылчаларды өстүрдү.

Мал  баш  саны боюнча ири  мүйүздүү  малдар  боюнча  2021-жылдын  1-январына  карата  73146 баш  болсо,  2022-жылдын  1-январына  карата  74298 баш  болуп,  3292 башка  көбөйгөн. Ал  эми  кой-эчкилер  боюнча  2021-жылдын  1-январына  карата  167776 баш  болсо,  2022-жылдын  1-январына  карата  168442 баш  болуп,  666 башка  көбөйгөн. Жылкы  боюнча  2021-жылдын  1-январына  карата  10173 баш  болсо,  2022-жылдын  1-январына  карата 10278 баш  болуп,  105 башка  көбөйгөн. үй-канаатуулары  боюнча  2021-жылдын  1-январына  карата  205387 баш  болсо,  2021-жылдын  1-январына  карата  207623 баш  болуп,  2236 башка  көбөйдү.                  

Мал  чарба  продукциясы  эт  боюнча  2021-жылдын  31-декабрына  карата 15151,8 тонна  болсо,  2020-жылдын  31-декабрына  карата  14973,8  тонна  болуп,  101,2 пайыз. 

Сугат суу боюнча: 2021-жылдын сугат мезгилине карата кезектеги жана капиталдык оңдоого карата иш планы 4071,57миң сомдук жумуштар каралып, аткарылганы 5408,8миң сомду түзүп 122%га аткарылган.  Мындан сырткары бүгүнкү күндө сыртан инвестиция тартуу боюнча  райондук суу чарба башкармасы “Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы MSDSP KG” коомдук фонду тарабынан 2019-жылы  “Сапарбаев-2” каналынын Тешик-Таш бөлүмүнү калыбына келтирүү максатында,  11866,033 миң сомдук долбоор боюнча жумуштар башталып 11613,1миң сомдук иштер болуп,  98%га аткарылган.

Райондук суу чарба башкармасы  2022-жылдын сугат мезгилине карата кезектеги жана капиталдык оңдоого карата иш планы 4071,57миң сомдук жумуштар каралып, жылдын май айына чейин аткарууга  бекитилген.

Мындан сырткары Бел айыл аймагындагы Күнгөй каналы жана Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Базар-2 каналдарын капиталдык оңдоого 1200,0миң сомдук долбоор даярдалып, бүгүнкү күндө керектелүүчү материалдарды алып камсыздоо максатында тендер жарыяланган.

2021-жылдын сугат мезгилине карата райондун аймагындагы түзүлгөн суу пайдалануучулар ассоциациялары менен сугат суу алуу үчүн 83801миң м3, акчалай эквивалентте 2321,98миң сомго сугат сууга келишим түзүлүп,  бүгүнкү күндө аткарылганы 77615миң м3, акчалай 2178,93миң сомдук 93%га суу пайдаланылган.

Бүгүнкү күндө Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Керегеташ -1 км, Ходжа-1,3 км жана Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Ак-Чабуу каналы-500 метр ички чарбалык каналдардарында оңдоо тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

Билим берүү тармагы: райондогу 120   мектепте (орто мектеп -94, толук эмес орто мектептер 18, башталгыч мектептер- 7, 1 сырттан окуу мектеби)  58171окуучуга 4227   мугалим билим жана тарбия беришип, билим сапаты  47,9% ды түзөт. Окуу китептер менен камсыздоо 86,9 % түзөт. 2021-2022-окуу жылында Көк-Бел айыл аймагындагы “А.Раев”  атындагы башталгыч мектеби жеке демөөрчүлөр тарабынан, ал эми Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы “Ак ниет-Нуру” балдар бакчасынын имараты жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, Кыргыз-Ата айыл аймагында "Жылдызча Нур” балдар бакчасынын кошумча имараты, Бел айыл аймагындагы “Жаш”  орто мектебинин жаны имараты Республикалык бюджеттин  эсебинен курулуп пайдаланууга берилди.

Ноокат районунун аймагынан жалпысынан 2988 бүтүрүүчүнүн ичинен 1388 окуучу 2020-2021-окуу жылында Жалпы Республикалык тестирлөөгө катышып, натыйжада  орточо балл 116,4 ны түздү.  Босого баллдан жалпысынан тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн  52,9%, же 733 бүтүрүүчү өтүп, жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк алышты.      2020-2021-окуу жылында өткөрүлгөн Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Ноокат билимканасы жатак лицейинин бүтүрүүчүсү Нурмаматова Нурбүбү жалпысынан 226 упайды камсыздап “Алтын сертификаттын” ээси болду.

Районубуздагы  мектеп  бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТга  катышуу  пайызы 2019-2020-окуу жылында  59,7% ды түзсө,  2020-2021-окуу жылында 63% түздү.

2020-2021-окуу жылында 2988 бүтүрүүчүдөн  90 бүтүрүүчү “Алтын тамга”   артыкчылык аттестатына талапкер болуп, жыйынтыгында 22 бүтүрүүчү "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Райондо билим берүү  мекемелери 99%  интернет менен камсыз болгон, компьютерлер, электрондук доска менен камсыз болуусу 82% түзөт, “электрондук журнал”, “электрондук күндөлүк” системаларын жана санарип технологияларын  колдонууда.

Ысык тамак: Ноокат районунун аймагында учурда 120 жалпы билим берүү мекемелеринин ичинен бардык ашканалардын саны-73, буфеттердин саны-20, ыңгайлаштырылган пункттарда ичүүчү мектептердин саны -17. Райондо 65 мектепте   ысык тамак берүү уюштурулуп, анда 20846 окуучу ысык тамак ичет.Бул жалпы 1-4 класстардын окуучуларынын 78,1% ын түзөт.

Бала бакча: Райондун аймагында  100 мектепке чейинки билим берүү мекемеси болсо, анын ичинен  96 мамлекеттик, 2  муниципалдык, ал эми 2 бала бакча жеке менчик болуп эсептелет. Бул балдар бакчаларында 360  тайпадагы 9465  балдарга 452  тарбиячы билим жана тарбия берүүдө. Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине   балдарды  тартуу 41,1 % ды  түздү. (3,5 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 23050.)

Саламаттыкты сактоо: Медициналык мекемелердин саны-84, үй-бүлөлүк медицина борбору-2, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ГСВ)-27,дарыгерлердин саны-215, кенже медицина кызматкерлеринин саны-460, орто медициналык персоналдын  саны- 833, ФАПтын саны-54 түзөт.

COVID-19  вирустук инфекциясы боюнча  COVID-19 илдети катталгандан бери  район боюнча бул инфекция аныкталып катталганы 1072 жаран  катталган. Районго жалпы Кытайдын «Синофарм» компаниясынан 111312 доза жана Россиядан «Спутник V» вакцинасынан 2150 доза, Казакстан Республикасынан QAZ Vac 1000 доза жана чет мамлекеттик сертификат алган вакциналардан Астра Зенека, П.Файзер, Модерна вакциналары  келип райондун калкын эмдөө иштери эки этап менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле сасык тумоо оорусуна каршы эмделүүчү “Гриппол плюс” вакцинасы 4000 доза келген. Жалпы 159090 доз вакцина келип, биринчи жана экинчи доза вакцина алып, базага киргизилген жарандардын саны 141546.

Калктын социалдык жактан аярлуу катмардагы пенсионерлер саны 28871, аз камсыздыгы боюнча пособие алуучулар -9360, майып жарандар 7330, анын ичинен  майып балдар -1226, эмгектин жана согуштун ветерандары 351, жалгыз бой-кары-картандар-155, жумушсуздар (официалдуу катталгандар) 7536.

Жакырчылык деңгээли: пенсионерлер саны 28871, аз камсыздыгы боюнча пособие алуучулар -9360, майып жарандар 7330 (анын ичинен соц защитадагы  майып балдар -1226 ,18 жаштан жогорку майыптар- 1434, ал эми социалдык фонд башкармалыгында каттоодо турган майыптар 4670)  эмгектин жана согуштун ветерандары 351, жалгыз бой-кары-картандар-155, жумушсуздар (официалдуу катталгандар) 7536.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк: райондун  аймагындагы өздүгүн тастыктаган документтери жок, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпай жүргөн 56 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын ичинен   2021-жыл ичинде 27 жашы жете элек балага керектүү иш кагаздары даярдалып, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү алынган. Бүгүнкү күндө 29 баланын  керектүү иш кагаздары толук эместигине жана төрөт үйүнүн аныктаманын жоголуп кеткендигине байланыштуу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда бир топ көйгөйлөр жаралууда. 

Пенсионерлер: 2021-жылдын 1-январына  карата жалпы пенсионерлердин саны 28871 адамды түзүп, анын ичинен карылыгы боюнча 21321, майыптыгы боюнча 4529, багуучусунан ажырагандыгы үчүн 1379 пенсионер бар.

 

Каримберди каналы: Ноокат райондук суу чарба башкармасына караштуу Каримберди каналынын жалпы узундугу 12,4км, кубаттуулугу 3,0м3/сек, 868га жер аянтын сугат суу менен камсыз кылып 1982 жылы эксплуатацияга киргизилген.

Каримберди каналынын 12,4км ичинен, 2,7км бөлүгү Өзбекстандын тосмосунун ичинде калган. Ошол бөлүктө 4 (төрт) даана суу бөлүүчү курулмалар калып жана Өзбекстандын тургундары өз алдынча, уруксатсыз 4 (төрт) даана труба, 3 (үч) даана суу бөлүштүрүүчү курулма орнотуп алышкандыктан Өзбекстан тараптан сугат суусун алууда бир топ кыйынчылыктар жаралууда.

Каналдын ичинде калган 2,7км аралыктагы тосмону жылдыруу маселеси боюнча делимитация жана демаркация иштери бүтүп, чек-ара кызматкерлери тарабынан жылдыруу жумуштары аткарылып, чек-ара маселеси чечилип калса, жогорудагы Өзбекстанга кетүүчү 11 суу бөлүштүрүүчү курулмаларын көзөмөлдөп ыңгайлуу шартта сууну дыйкандарга жеткирүүгө өбөлгө түзүлөт.

Төөлөс, Караван, Ак-Улак, Үч-Коргон айыл окруктарынан чыккан кара суулар баары Караван-Сайга чогулуп орто эсеп менен 1м3/сек, жаан-чаачын көп учурда 5м3/сек. чейин кара суу токтобой Өзбекстан мамлекетине өтүп кетүүдө. Бул сууну Өзбекстан тараптын өкүлдөрү эске алышпайт.

   Тактап айтканда жыл сайын март, апрель, май айларында тоолордон Исфайрам-Сайга суу аз келгендигине байланыштуу Кадамжай районунун дыйкандарына суу жетпей, Өзбекстан Республикасына караштуу “Полман” суу бөлүштүрүүчү башкы курулмасында суу аз болгондугунан, Каримберди бөлүмүндөгү жашаган жашоочулардын эгин талааларына суу жетпей калууда. Өз убагында керектүү көлөмдө сугат сууну алышпай, айыл-чарба эгиндерине терс таасирин тийгизип жатат.

  Караван-Сай сброснойдон Каримберди каналына чейин жалпы узундугу болжол менен 11,5-12,0 км аралыка өзүбүздүн Кыргызстандын жерлери аркылуу сууну өткөрүп, бул аймакты толук сугат суу менен камсыздай турган болсок Ынтымак айыл округуна караштуу 600га жана токой чарбасына караштуу 1500га кайрак жерлерди суулуу аянтка айландырууга жана 868га сугат жерлерин суу менен камсыздандыруу жагы жогорулашына мүмкүнчүлүк жаралып кошумча 1800га жаңы жер аянты кошулат.

  Жаңы каналды куруу боюнча техникалык-экономикалык изилдөө иштери 2012-жылы башталган жана бул каналдын курулушу Кыргыз Республикасынын 2012-2015 жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясында белгиленген жол картасына кирген. Каналдын курулушунун болжолдуу долбоору алгачкы 360,0млн. сомдун тегерегинде болоору эсептелген, андан кийин техникалык-экономикалык эсептөөсү боюнча болжолдуу 600,0млн сомго чыккан.

  Ушул күндө изилдөө жумуштарынын токтоп калгандыгынын себеби, каналдын башкы бөлүгү Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн үлүш жерлери аркылуу курула турган болгондуктан, жер ээлери макулдугун бербей долбоор токтоп турандыгын ААК “Кыргыз суу долбоор” билдирип, долбоорлоо жумуштарына башка варианттарын изилдеп жаткандыгын билдиребиз.

Райондун инфраструктурасын жана турак-жай маселесин чечүү.

Т.Зулпуев атындагы айыл аймактын Жаман -Адыр участкасындагы 267 га жер участкасына жаңы типтеги заманбап шаар куруу (өндүрүш обьектилерин куруу) максатында жер аянтын трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Бул жер аянты элдин үлүш жерине туура келгендиктен, жогорудагы жер аянтын өкмөттүн фондунун жеринен алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Мына ошондон кийин бул жер аянтын трансформациялоо маселеси чечилсе, 2022-2026-жылдар аралыгында ишке ашырылат.

Бел айыл аймагына логистикалык борбору куруу. Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртып, өнүктүрүү максатында, Бел айыл аймагындагы Бел айылынын Тегирмен-Башы бөлүмүндөгү  айыл өкмөттүн фондундагы №390 контурунан 15га кайрак айдоо жер аянты логистикалык борбор куруу үчүн ажыратылган. Ошондой эле бул жер аянтын Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 50 токтомунун негизинде “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  категориясына  которуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралган.

Азыркы учурда трансформациялоого керектелүүчү бардык документтер жөнөтүлүп, жыйынтыгын күтүүдөбүз. Бул жер аянты райондук борбордон 12-13 км аралыкта жана Ош-Исфана эл аралык жолунан 600 метр жогору жагында жайгашып, логистикалык борбор куруу үчүн бардык шарттар бар (электр энергия, суу маселелери). Бардык тиешелүү мекеме ишканалар тарабынан  макулдук берүү боюнча оң корутунду алынган.

Бул долбоор Ноокат районунун 2022-2026-жылдар арлыгындагы  социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген.

Жол маселеси. Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун Ноокат районунан өткөн аралыктын узундугу 47 чакырым түзөт. Категориясы эл аралык болуп, техникалык категориясы III.  Жалпысынан 11 көпүрө болсо, анын ичинен 2 көпүрө авариялык абалда. Бул жол 1963-1971-жылдары курулуп,  ушул күнгө чейин бир да капиталдык оңдоп түзөтүүдөн өтө элек, абалы өтө начар. Бул жолдон Баткен облусунун эли, ошондой эле коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө жүргүнчүлөрдү жана элдин күнүмдүк керектөөлөрү ташылып турулат. Суткасына статистикалык маалыматтар боюнча  10 миңге жакын техникалык транспорттор  өтүп турат. Жолдун эскилиги жеткендиктен  райондук №37-жолдорду тейлөө мекемеси тарабынан утурумдук  оңдоо иштери жаз-жай айларында жүргүзүлүп гана чектелүүдө.

Оор жүк ташуучу техникалардын тынымсыз өтүүсүнүн натыйжасында утурумдук оңдоо иштери жакшы натыйжа бербей жаткандыгынан  автотыгындар жаралып, транспорт кырсыктары катталган учурлар көп кездешүүдө.                   

          Жолдун 28-75 чакырымына чейинки аралыкты реаблитациялоо Япония мамлекетинин “Jica” уюмунун долбооруна киргизилип, долбоорлоо жумуштары аяктаган. Жалпы сметасы 116 млн АКШ долларын түзөт. Жолду реконструкциялоо иштери Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык быйылкы жылы башталат.  

           Ноокат районунда бүгүнкү күндө көйгөй болуп жаткан маселелердин бири.

Ноокат районунда ВИЧ СПИД илдетине  кабылган балдар 2007-жылдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин жалпы 339 оорулуу каттоого алынган, каттоого алынгандардын ичинен 13 жыл аралыгында 66 бейтап каза болгон. 44 бейтап турмуштук түрдүү себептер менен башка жактарда каттоодо турат.

 

Жалпы район боюнча жашы жана жынысы боюнча караганда:

 

 

Эркектер

Аялдар

Бардыгы

Чоңдор

28

68

96

Балдар

73

39

112

Бардыгы

101

107

209

 

Медицина шартында 2006-2007-жылы бул илдетке кабылган балдардын саны-112, учурда эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган ВИЧ менен ооруган балдардын саны- 112. Алардын ичинен 1 бала 18 жашка толгондугуна байланыштуу, мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулу токтоп калды, учурда 111 бала жөлөк пул алат. Район боюнча 14 жашка чейинки балдар-51, алардын ичинен кызы -8,   эркек бала -20, 15-17 жаштагы балдар - 60, алардын ичинен кызы - 21,  эркек балдар -39, 18 жашта 1 эркек бала.

            Балдар мамлекет тарабынан 4000 сомдон жөлөкпул жана ПРООНдон дарыларын өз убагында ичкендиги үчүн квартал сайын 700 сомдон  алышат.

            Учурда бул илдетке оорукана шартында кабылган балдар 18 жашка толуп, мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөк  пулдар токтоп жатат. Ошондуктан бул илдет менен оорукана шартында жабырланган 112 баланын ата –энелеринин койгон талаптары:

1.     Мамлекет тарабынан берилип жаткан жөлөк пул алуу мөөнөтүн өмүр бою алуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2006-жылдын 25-апрелиндеги №296 токтому менен бекитилген “ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө  социалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү”  Жобонун  2.2  “Мамлекеттик жөлөк пулдар” пункттарына өзгөртүү киргизүү;

2.     Мамлекет тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун 18 жашка чейинки чектөөсүн алып, өмүр боюу берүүсүн  мыйзамдаштыруу;                                          

3.     Бул балдарга бир жолку берилчү мамлекеттик компенсация, же турак жай менен камсыз кылуу;

4.     Турак жай салуу үчүн жер берүүдө жеңилдиктерди киргизүү, мындайча айтканда 18 жашка толгондо кезексиз жер берүү же болбосо квартира берүү;

5.     Жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык (жеңилдик) берүү же атайын квота берүү;

6.     Аскердик билет боюнча маселелерди чечүүдө “Кыргыз Республикасынын                2005-жылдын 13-августундагы №149 “Кыргыз Республикасындагы  “ВИЧ-СПИД жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

7.     Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич менен жолугушуу