М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№34-1

05.11.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын бюджети жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №28-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү" жөнүндө

2.

№34-2

05.11.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылындагы "Улук апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу " жөнүндө

3.

№34-3

05.11.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Саитов Маматмусанын жеке менчигиндеги 1500,0 ч.м соода-сатык багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын турак жай курууга өзгөртүү " жөнүндө

4.

№34-4

05.11.2022

"Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо " жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 34 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№34-1

05.11.2022

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын бюджети жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №28-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү" жөнүндө

 Айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетинин 10 айлык аткарылышын алып караганда чыгаша жагында кээ бир жумуштар мамлекеттик сатып алуу порталына берилгенде баа төмөн болгондон эч ким кирген эмес. Ошондуктан жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин " Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3- бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып 4- бөлүгүнүн негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетинин чыгашасынын 10 айлык аткарылышын алып караганда Кожоке айылына асфальт төшөөгө, Федоров атындагы айылдын эки көчөсүнө трансформатор алууга, Чеч-Дөбө айылынын Бак көчөсүнө мамыча, чубалгыга жана 2022-жылда таштанды таштоочу авто унаа алууга каралган акча каражаттарынан айыл өкмөттүн борбордук жолдоруна видео көзөмөл орнотууга, Аппарат кызматкерлерине компьютер жана эмеректерди алууга бөлүнгөн акча кражаттарын ушул эле бөлүмдөрдүн беренелеринен жылдырбастан башка материалдарга жана жумуштарга №1 тиркеменин негизинде жылдырылып берилсин.

 2. Өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каражаттарынан Ноокат-Папан чоң жолунан жүк ташуучу HOWO үлгүсүндөгү авто унааны жолду буздурбоо максатында, Ноокат районунун акиминин 28-декабрь 2020-жылдагы № 219-б буйругунун негизинде уюштурулган постогу кызматчынын акысына 80,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.

 3. Жогоруда көрсөтүлгөн аткарылбай жаткан акча каражатын №1 тиркеменин жана ушул токтомдун 2 пункта негиз чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 34 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№34-2

05.11.2022

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылындагы "Улук апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу " жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылындагы "Улук апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу " жөнүндөгү элдик жыйындын протоколуна негиз, М.Ысмановдун билдирүүсүнө ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылына "Улук апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу " жөнүндөгү М.Ысмановдун билдирүүсүнө ылайык, элдик жыйындын протоколу канааттандырылып, кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.

 

2.         Байыш айылындагы"Улук апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча ачылуучу тайпаны Республикалык бюджетке киргизүү айыл өкмөтүнө, 3-тайпага алынып жаткан балдар үчүн шарт түзүү балдар бакчасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

3.         .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин социалдык -маданий, билим берүү, миграция, туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Карыбековго жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 34 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№34-3

05.11.2022

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Саитов Маматмусанын жеке менчигиндеги 1500,0 ч.м соода-сатык багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын турак жай курууга өзгөртүү " жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Саитов Маматмусанын билдирүүсүнө негиз, Ноокат райондук ооруларды адын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 04.11 2022-жылдын №04-1-265 корутундусуна , Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарынын 2022-жылдын 04-ноябрындагы №275 корутундусуна, Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2022-жылдын 04-ноябрындагы №245 корутундусуна ылайык, Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Саитов Маматмусанын жеке менчигиндеги 1500,0 ч.м соода-сатык багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын турак жай курууга өзгөртүү " жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Саитов Маматмусанын жеке менчигиндеги 1500,0 ч.м соода-сатык багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын турак жай курууга өзгөртүү " жөнүндөгү , Ноокат райондук ооруларды адын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 04.11 2022-жылдын №04-1-265 корутундусуна , Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарынын 2022-жылдын 04-ноябрындагы №275 корутундусуна, Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2022-жылдын 04-ноябрындагы №245 корутундусуна "Турак жай" кодексинин 13-88-беренесине ылайык, өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Саитов Маматмусанын жеке менчигиндеги 1500,0 ч.м соода-сатык багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын турак жай курууга өзгөртүлгөн жер аянтынын юридикалык иш кагаздары "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунушталсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жолдошовго жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз 34 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№34-4

05.11.2022

 

"Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо " жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө"Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине таянып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:

Толук аталышы:

 Мамлекеттик тилде:"Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши" мекемеси;

 Расмий тилде: Учреждение "Н.Исановский айылный кенеш".

 Кыскартылган аталышы:

 Мамлекеттик тилде: "Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши" м-е,

 Расмий тилде: У-е "Н.Исановский айылный кенеш".

2.         "Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши" мекемесинин регламенти бекитилсин.

3.         "Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши" мекемесинин аткаруучу органы-төрагасы болуп Жолдошов Нургазы Жумабаевич дайындалсын.

4.         "Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши" мекемесинин юридикалык дареги(жайгашкан жери) Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Н.Исанов атындагы айыл аймагы, Жаңы-Базар айылы, Н.Исанов көчөсү 84

5.         "Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши" мекемесинин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана өткөрүү айылдык кеңешинин төрагасы Жолдошов Нургазы Жумабаевичке жүктөлсүн.

 

Ушул чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталган жана мыйзамда белгиленген учурларда , юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад