М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№32-1

30.07.2022

"Чеч-Дөбө айылынын жайыт багытындагы 1,0 га жер тилкесине жаңы типтеги мектеп жана 0,30 га жер тилкесине бала бакча куруу" жөнүндө

2.

№32-2

30.07.2022

Кичик-Алай айылындагы Кашка-Суу бөлүмүндөгү Кичик-Алай башталгыч класс мектеби пайдаланып жаткан 0,3808 га жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө

3.

№32-3

30.07.2022

"Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожеке айылынын тургуну Р.Сулаймановдун жайыт эсебиндеги 1,5 га өздөштүрүлгөн жер тилкесин өз менчигине өткөрүп берүү" арызы жөнүндө

4.

№32-4

30.07.2022

" Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында жайгашкан "Достук" көчөсүндөгү Карабаев Мамадиладан, Осмоналиев Каныбекке чейин , Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү" жөнүндө

5.

№32-5

30.07.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2023-2025-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолу" жөнүндө

6.

№32-6

30.07.2022

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2022- жылдын бюджети жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №28-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

30.07.2022

№32-1

Жаны- Базар айылы

 

"Чеч-Дөбө айылынын жайыт багытындагы 1,0 га жер тилкесине жаңы типтеги мектеп жана 0,30 га жер тилкесине бала бакча куруу" жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын айыл башчысы С.Рахмановдун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 22.06. №01-8/505-10/163 сандуу чыгыш катына таянып , жайыт эсебинде турган №620 контурундагы 1,0 га жер тилкесин, № 594 контурундагы ыңгайсыз жер эсебиндеги 0,30 га жер тилкесин трансформациялап (максаттуу багытын которуп) жаңы типтеги мектеп жана бала бакча куруу жөнүндөгү билдирүүсүө негиз, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө жайыт эсебинде турган № 620 контурундагы 1,0 га жер тилкесин, № 594 контурундагы ыңгайсыз жер эсебиндеги 0,30 га жер тилкесин мектеп жана бала бакча куруу максатында трансформациялоо (максаттуу багытын которуу) үчүн макулдук берилсин,юридикалык иш кагаздары даярдалып, райондук жер комиссиясына сунушталсын.

2.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө жайыт эсебинде турган № 630 контурундагы 1,0 га жер тилкесин, № 594 контурундагы ыңгайсыз жер эсебиндеги 0,30 га жер тилкесин трансформациялагандан соң (максаттуу багытын которгон соң) жаңы типтеги мектеп жана бала бакча курууга уруксат берилсин.

3.         Мектеп жана бала бакча куруу үчүн берилип жаткан жер тилкеси үчүн Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан ,керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер боюнча башкы адис М.Маликов жана ВУС кызматкери М Айдаровго милдеттендирилсин .          

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

30.07.2022

№32-2

Жаны- Базар айылы

 

Кичик-Алай айылындагы Кашка-Суу бөлүмүндөгү Кичик-Алай башталгыч класс мектеби пайдаланып жаткан 0,3808 га жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жолдошевдин , "Кадастр" мамлекеттик мекмесинин Ноокат райондук филиалында 505-10-1007-0054 сандуу коддогу Кичик-Алай башталгыч мектебинин пайдалануусундагы 0,3808 га жер тилкеси, Ош облусунун жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 22-июнундагы № 01-6/505-10/161 сандуу чыгыш катына негиз,жайыт эсебинде туруп, № 71 контурунда жайгашкан, бирок токтом чыкпай калгандыктан ,0,3808 га жер тилкесин трансформациялап (максатуу багытын которуп) , мектептин менчигине берүү жөнүндөгү билдирүүсүнө,айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын протоколуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кичик-Алай айылындагы жайыт эсебинде турган № 71 контурундагы учурда мектептин пайдалануусундагы 0,3808 га жер тилкесин трансформациялоо (максаттуу багытын өзгөртүү) үчүн макулдук берилсин, юридикалык иш кагаздары даярдалып, трансформациялоо үчүн райондук жер комиссиясына сунушталсын.

2.         Мектеп үчүн берилип жаткан жер тилкеси үчүн, Н Исанов айыл өкмөтүнөн, Ноокат районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинеи, Ноокат райондук филиалынан керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Жолдошевге жүктөлсүн.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин, айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

30.07.2022

№32-3

Жаны- Базар айылы

 

"Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожеке айылынын тургуну Р.Сулаймановдун жайыт эсебиндеги 1,5 га өздөштүрүлгөн жер тилкесин өз менчигине өткөрүп берүү" арызы жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожеке айылынын тургуну Р.Сулаймановдун 1,5 га жайыт эсебиндеги таштак жерди көп жылдан бери өздөштүрүп келе жаткандыгы жөнүндөгү арызын угуп, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30- Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 1- пункутуна, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарын жетекчиликке алып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Күнгөй-Кожеке айылынын тургуну Р.Сулаймановдун 1,5 га жайыт эсебиндеги өздөштүрүлгөн жер тилкеси, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30- "Жайыттар" жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 1- пункутуна, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарына негиз, Р.Сулаймановдун жеке менчигине берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылган жок.

2 . Н.Исанов атындагы айыл аймагынын тургуну Р Сулаймановдун жайыт эсебиндеги 1,5 га жер тилкесин көп жылдан бери өздөштүрүп келе жаткандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар" жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, жайыт комитети менен көп жылдык мөөнөткө эки тараптуу ижаралоо келишими түзүлүп, пайдаланууга сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин "айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

30.07.2022

№32-4

Жаны- Базар айылы

 

" Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында жайгашкан "Достук" көчөсүндөгү Карабаев Мамадиладан, Осмоналиев Каныбекке чейин , Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү" жөнүндө

 Н.Исанов атындагы Жаңы-Базар айылынын Алике бөлүмүнүн " Достук" көчөсүндөгү Карабаев Мамадиладан, Осмоналиев Каныбекке чейин, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү элдик чогулуштун 25.05.2022-жылдагы протоколуна негиз, Жумабаев Атабектин билдирүүсүнө ылайык, айылдык Кеңештнн депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы, Алике бөлүмүнүн, Достук көчөсүндөгү Карабаев Мамадиладан, Осмоналиев Каныбекке чейин Эшматов Кубаталинин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2.         Жаңы-Базар айылынын Алике бөлүмүнүн "Достук" көчөсүндөгү үй номерлерин тактап, мыйзамдуулугун аныктап, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан каттоодон өткөрүү үчүн бардык иш кагаздарын даярдоо жагы, айыл башчы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин "Мыйзамдуулук, укук, диний, депутаттык этика, коомдук тартип" боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

30.07.2022

№32-5

Жаны- Базар айылы

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2023-2025-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолу" жөнүндө

 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесин колго алып, жергиликтүү бюджеттин 2023-2025-жылдарга орто мөөнөттүү болжолдуу долбоору, тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыгылгандыктан, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-2025- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2 тиркеменин негизинде жактырылсын.

 2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 32 сессиясы

Т О К Т О М

30.07.2022

№32-6

Жаны- Базар айылы

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2022- жылдын бюджети жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №28-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

 Айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетинин 7 айлык аткарылышын алып караганда, киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыкча, кээ бир салыктар кем аткарылган. Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин " Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3- бөлүгүнүн жана 115-беренесинин 4- бөлүгүнүн негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетинин 7 айлык аткарылышын алып караганда, киреше бөлүгүндө киреше салыгы 2876,3 миң сом акча каражаты ашыкча түшкөндүктөн, планга кошумча киргизилип, кайра бөлүштүрүү фонду (ижара) салыгынын планынан 145,5 миң сом кыскартылсын.

 2. Жогоруда көрсөтүлгөн кошумча түшкөн акча каражаттарын, аткарылбай жаткан салыктарды пландан кыскартылгандан кийин, ашкан 2730,8 миң сом акча каражатын №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Н. Жолдошов                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад