Н.Исанов  атындагы  айылдык  Кеңешинин айыл аймагындагы  калктуу  конуштарында  үй-бүлөлүк  салтанаттарды  жана маркумду  эскерүү  үрп-адаттарын, ырым-жырымдарды  өткөрүүнүн   тартиби  жөнүндөгү

Типтүү  жобосу

1.     Жалпы  жоболор

2.     Жобону  иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө  киргизүүнүн  тартиби.

3.     үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн  тартиби

4.     Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн  тартиби

5.     үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана  маркумду  эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү  Жергиликтүү  комиссия

6.     Жобонун  талаптарын  бузгандык  үчүн  жоопкерчилик

 

1.     Жалпы  жоболор

1.1.  Бул ЖОБО « Кыргыз  Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана  маркумду  эскерүү үрп-адаттарын  тартипке  келтирүү  боюнча  чаралар жөнүнүдө»  Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022- жылдын  24-февралындагы  ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын  өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында  кабыл  алынган  эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты  айылдарда  жана калктуу  конуштарда  коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен  элдин жашоо турмушундагы  улуттук  каада-салттарды  жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө  убаракерчиликке, өлүм  ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө  умтулууга,башка адамдардын социалдык  абалын тоготпоого,ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого  жол бербөө, ата салттын  жат,  терс жөрөлгөлөрдүн  күндөлүк турмушта  жайылышына бөгөт коюу,элибиздин нукура  салт-санаасын жана ырым-жырымдарын  кеңири  пропагандалоо жана жайылтуу  болуп эсептелет.

2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө  киргизүүнүн тартиби

2.1. Жобону  иштеп чыгуу үчүн  айыл өкмөтүнүн  буйругунун  негизинде, айыл  өкмөтүнүн кызматкерлеринен,жергиликтүү  кеңештин  депутаттарынан, ардагерлерден, аялдар жана жаштар кеңешинен,аксакалдар сотунан,  диний жана жергиликтүү  коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ  түзүлөт.

2.2. Жумушчу топ  тарабынан иштелип  чыккан жобонун долбоору элдик жыйындарда талкууланып, берилген сунуштардын  негизинде киргизилет жана  Жергиликтүү  кеңеште  бекитилет.

3. үй-бүлөлүк  салтанаттарды  өткөрүүнүн  тартиби

үй-бүлөлүк бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө  отургузуу, үйлөнүү той, куда тосуу, кыз узатуу , ата көрдү, күйөө чакырык той жана башкалар кирет.

3.1.үйлөнүү той эки тараптын макулдугу менен  ашыкча чыгымга жол берилбестен 200 адамга чейин конок тосуу менен  Салттуу той  формасында  өткөрүлөт. Бодо мал,жылкы союуга уруксат берилет.Меймандарга себет тартылбайт,тойго себет  көтөрүп келүүгө  тыю салынат, себеттин ордуна той ээсине  акчалай  берилет.

3.2. Кудаалашкан  тараптарга  сый  кийимдерди кийгизүүгө  тыюу салынат,кыз-жигитке жана алардын  ата-энелерине  гана сый кийимдерди берүүгө уруксат берилет.Кызга калың  150,0 миң сомго чейин, 4 союш, 100 кг (2 таңгак) пахтадан  ашырылбайт.Ал эми  кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан-төшөк берилбейт (6 көрпө,6 төшөк,10 жакандос,2 одеяло,8 жуп жаздык) турмуш-тиричиликке  керектүү зарыл буюмдар гана берилет.

3.3. Тойдон кийинки  салттык отко кирүү, кыз көрүү,төркөлөтүү,бешик той сыяктуу кечелер  өз ыктыярлары менен эки кудаанын  үй-бүлөөсүнүн арасында 12 ден ашпаган  адамдын катышуусунда өткөрүлөт.  Ашыкча ысырапкерчиликке  жол  берилбейт.

3.4. Кыз тарапка  бата той алып барганда 12 адам,  күйөө жолдоштор 10дон ашпоосу керек.

3.5.Никени мамлекеттик каттодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга  тыюу салынат.

3.6. Расмий молдолорго гана 18ге толгон кыз-жигитке нике кыюуга  уруксат берилет жана нике күбөлүк жазууга уруксат берилет.Жашы жете элек кыз-жигитке  молдолор тарабынан нике кыюга  тыю салынат.

3.7. Кыз узатуу тоюунда ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбейт.

3.8. Чоң жана кичи ажы сапарынан  келгенде, чоң тойго айландырбастан жакын  туугандарынын катышуусунда  гана ашыкча  чыгымсыз өткөрүлөт.Себет көтөрүп келүү,нан-пакет,белектер, жайнамаз,жоолук,тесбе,калпак,материалдар  берилбейт жана  таркатылбайт.

3.9. Сүннөт той жакын  туугандардын арасында эки жашар музоо же майда жандык  союп өткөрүлөт.Сүннөткө отургузулган балага майда белектерди берсе болот.

3.10.Юбилейлик жашты белгилөөдө  жакын туугандары жана достору арасында ашыкча чыгымсыз үй-бүлөлүк майрам катары белгилөөгө уруксат берилет.

4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын  өткөрүүнүн  тартиби.

4.1. Маркум чыккан үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай бодо мал,жылкы же жандык союлбайт,алыс жууктан келген  кудаа-сөөктөргө кошуна  үйлөрдө дасторкон салынып,жеңил  тамак-аш  берилет.

4.2. Сөөк  коюуда жана аза күтүүдө кийит  кийгизүүгө,кездеме,ар түрдүү идиш аяктарды таратууга тыюу салынат.

4.3. Маркумга ар түрдүү эстеликтерди коюп,кабырын тургузууга шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.

4.4. Аза күндөрү  бүткөндөн  кийин сөөк чыккан  үйдө ошол үйдүн экономикалык абалына  жараша карыз албастан бир жолу ихсан иретинде куран окутууга уруксат берилет.

4.5.Маркумга атап  бейшембилик,кырктык,жылдык,айттыктарды белгилөө шариятта жок нерсе, ошондуктан дасторкон даярдоого, кой жетелеп барып чай ичирди кылууга тыюу салынат.Айт күндөрү  таза кийинип туугандарыныкына  майрамдоого уруксат берилет.

5. үй-бүлөлүк салтанаттарды жана  маркумду  эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү нү  иретке  келтирүүчү,көзөмөлдөөчү жергиликтүү комиссия.

Жобого ылайык  үй-бүлөлүк салтанаттарды  жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын  өткөрүүнү  иретке келтирүүчү,көзөмөлдөөчү органдарга жана  кызмат  адамдарына,айыл өкмөтүнүн  башчысы жана кызматкерлери,мечиттин имамдары,ардагерлер кеңеши,аялдар кеңеши,жаштар кеңеши,айылдык кеңештин депутаттары,аймактык участкалык инспекторлор,аксакалдар соту кирет.Жергиликтүү  комиссия айыл өкмөтүнүн  башчысынын буйругу менен бекитилет.

5.1. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү  маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү  иштерин жүргүзөт,сөөк ээсин жобонун талаптары менен  тааныштырып ал тууралуу журналга кол койдурат,жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл  жүргүзөт.Жобону  бузган адамдарга тийиштүү чаралар көрүлөт,отурумда каралат .Комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ишин  документтештирет.

6. Жобонун  талаптарын  бузгандыгы  үчүн жоопкерчилик.

Айыл  аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын  өткөрүү боюнча  жобонун талабын бузгандык үчүн  Кыргыз Республикасынын  укук бузуулар жөнүндө  кодексинде, жергиликтүү  жамааттын УСТАВында  жана айылдын жыйынынын протоколунун жергиликтүү кеңеш тарабынан  кабыл алынган айып жазаларынын өлчөмдөрү (30000-40000)  сомго чейин каралат.Салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

Комиссия мүчөлөрү;

-        М.Маматов- айыл аймагынын  башчысы,комиссиянын төрагасы

-       А.Жолдошев- башчынын орун басары,комиссиянын төрагасынын  орун басары

-       Н.Атаканова-комиссиянын  жооптуу  катчысы

-       Мүчөлөрү;

-       Н.Жолдошов-айылдык Кеңештин  төрагасы

-       С.Абдураманов-Аймактык МУУ кызматкери

-       А.Кармышаков –Аксакалдар сотунун төрагасы

-       Б.Казыканова-Аялдар кеңешинин  төрайымы

-       У.Карыбеков-Көк-Бел ооруканасынын   башкы дарыгери

-       Э.Эргешов-мектеп директору

-       Б.Абдибаитова-Маданият үйүнүнүн директору

-       К.Жолдошов-имам

-       У.Абдурахманов,С.Рахманов,К.Каленов,М.Мөнөков,М.Насиров,С,Орозматов-айыл башчылар

-       А.Абдыкеримов-Жаштар комитетинин төрагасы.

 

 

Катчы                                                                                                  Г. Байышова