М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№15

26.12.2020

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын  бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү" жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги №15 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№15

26.12.2020

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын  бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү" жөнүндө

           Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт комитетинин төрагасынын ден соолугуна байланыштуу жылдык отчету берилбей, бюджети тууралуу так маалымат жок болгондуктан,  айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевдин билдирүүсүнө негиз, депутаттардын  сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

       1. Жайыт комитетинин  төрагасынын аткарган  ишинин натыйжасы жоктугунан, жылдык бюджети   тууралуу так маалымат болбогондуктан, Жайыт комитетинин төрагасы М.Мамановдун иши "канааттандырарлык эмес" деп  белгиленсин. 

         2.  Жайыт комитетинин төрагасы М.Мамановго 28-декабрь мүчөлөрү менен чогулуш өткөрүп, жылдык отчетун берип, 2021-жылга карата бюджетин бекитип берүүсү милдеттендирилсин.

        3. Жайыт комитетинин төрагасы чогулушка келбесе, 28-декабрь саат 10-00 гө алып келүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго тапшырылсын.

         4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын  бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү Жайыт комитетинин бюжетине карап кийинки отурумга калтырылсын.

                                         

        5. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы депуттардын  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

 

 

Назад