М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№16-1

31.12.2020

 "Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жайыт комитетинин 2021- жылдын  бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү" жөнүндө

2.

№16-2

31.12.2020

" Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    2021-жылга  бюджетин жана 2022-2023- жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

3.

№16-2/1

31.12.2020

   "Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги №16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№16-1

31.12.2020

 

 "Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жайыт комитетинин 2021- жылдын  бюджети жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү" жөнүндө

           Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт комитетинин төрагасы М.Мамановдун   бюджети тууралуу билдирүүсүнө негиз,  депутаттардын  сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

       1. Жайыт комитетинин  2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалары 388,0 миң сом өлчөмүндө    бекитилсин. 

        2. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы депуттардын  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевге жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги №16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№16-2

31.12.2020

 

" Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    2021-жылга  бюджетин жана 2022-2023- жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

                 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2021-жылга каралган айыдык бюджети  жана 2022-2023- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  78-бренесинин  негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелеүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  депутаттардын  Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. 2021-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  23458,4  миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

          2. 2021-жылдын бюджетинин кирешесиндеги  тамарка салыгынан  293,8 га жер аянтына жеңилдик  берилсин.

              Тактап айтканда 866 жаран  пенсионер 179,05 га, 396 жаран көп балалуу 55,38 га, 156 жаран мүмкүнчүлүгү чектелгендер  25,11 га, Авган согушунун катышуучусу 17 жаран 2,78 га , Тажик Авган согушунун  катышуучусу  5 жаран 0,77га , Баткен коогалаңынын  катышуучулары 19 жаран  3,08 га, ЧАЭС   6 жаран  1,13га.  жер аянтына жеңилдик  берилсин.

           3. 2021- жылга  3669 кожолук такталган, бирок 1589  кожолук  үй салынбай бөлүнүп калгандыгы үчүн таштанды салыгынан бошотулсун.

            Айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 коэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин.

            Айыл чарба багытындагы суулу жерлердин  базалык ставкасы  63,5 % пайызга жогорулатылсын.  Жогорулатылгандан чыккан 146,4 миң сом акча каражаты КР ФМ Ноокат башкармалыгнан кирешсин жана чыгашасын  планга кошумча киргизип берүүсү суралсын.

             Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2021-жылга  түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча  (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.         

          4. Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2022-2023- жылдарга айылдык  бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

 Кирешенин болжолу  2022-жылга  14811,6 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 9526,0 миң сом менен) жана 2023-жылга   15079,6 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар  9575,3 миң сом менен) бекитилсин.   Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2022-2023- жылдарга айылдык  бюджетинин негизги  көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.

          5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген  өлчөмүнөн  ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык  бюджеттик мекеменин каржылоосуна  калаары аныкталсын.

          Айылдык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атйын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

           6. 2021-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык  накталай  акча 80,0 миң сом  суммасында белгиленсин.

           7. 2021-жылда  айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү  айылдык  Кеңешке ыйгарылсын.

           8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына  жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

           9. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги №16 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№16-2/1

31.12.2020

 

   "Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө"

            Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын бюджетин бөлүүдө,

айлдык Кеңештин " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып  чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин  айыл  аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап  чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн  жумуштарга 6071072  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.

  -   400000 сом      Өрт өчүрүүчү жай куруу үчүн өздүк салымга

 -    200000 сом      Жарандык  коргоого жана өзгөчө кырдаалдарга

 -    258700 сом      Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка чыгымдарына

 -    469422 сом     Долбоорлорду  даярдаганга                                                               

 -    200000 сом     Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн

 -    23000 сом       Кожоке  айылынын Маматкулов көчөсүнө бетон шакекче алууга               

 -   200000 сом     Федоров айылынын Карабаш участкасына тазасууга                          

 -   238500 сом     Жаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга                                              

 -   200000 сом      Федоров атындагы айлынын Ынтымак 1,2, Бак көчөлөрүнө

                               мамыча алууга  

 -   550000 сом      Федоров атындагы Төш участкасына таза сууга                        

 -   208750 сом      Кичик-Алай айылына жарыктандырууга                                             

 -   120000 сом      Чеч-Дөбө айылынын Мамыров Н көчөсүнө электр мамыча

                              жана чубалгы алууга           

 -  200800 сом      Жар-Коргон  айылын  Жапаров М көчөсүнө мамыча, чубалгы алууга         

 -  1000000 сом    Кожоке айылынын Эрешов,Матибаев,Мырза-Дөбө көчөлөрүн                                                                                                   

             асфальтоого                                                                                                          

 -  96000 сом     Кожоке айылынын Култаев  көчөсүнө электр мамыча                                     

 -  56000 сом     Кожоке айылынын Койчукулов  көчөсүнө электр мамыча                             

 -  32000 сом     Кожоке айылынын Акматов  көчөсүнө электр мамыча                                   

 -  32000 сом     Кожоке айылынын Эргешов  көчөсүнө электр мамыча                                

 -  122000 сом   Кожоке айылынын Сай  көчөсүнө электр мамыча                                            

 -  40000 сом     Кожоке айылынын Ауканов  көчөсүнө электр мамыча                                    

 -  40000 сом     Кожоке айылынын Матисаков  көчөсүнө электр мамыча                               

 -  40000 сом     Кожоке айылынын Шерматов  көчөсүнө электр мамыча                                

 -  40000 сом     Кожоке айылынын Надиров  көчөсүнө электр мамыча                                   

 -  270800 сом  Жар-Коргон  айылын  Сулайманов Ш көчөсүнө мамыча, чубалгы,

              трансформатор  алууга                                                                                        

-          44000 сом    Чеч-Дөбө айылынын Ысакбаев С  көчөсүнө электр мамыча

              жана чубалгы алууга                                                                                  

 -  233600 сом  Чеч-Дөбө айылынын Мамыров Н көчөсүнө копүрө курууга               

 -  265500 сом   Федоров айылынын Карабаш участкасына мамыча жана

                           чубалгыларды алууга         

 -   120000 сом  Федоров айлынын Төш участкасына трансформатор алууга               

 -   120000 сом  Федоров айлынын Сапаров көчөсүнө трансформатор алууга                 

 -   250000 сом Федоров айлынын  Карабаш көчөсүнө трансформатор алууга            

 

           2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин  мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

           3. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

 

 

Назад