М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№14-1

21.11.2020

"Жарандардын арыз,кайрылуулары " жөнүндө

2.

№14-2

21.11.2020

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун 9 айлык отчету " жөнүндө

3.

№14-3

21.11.2020

 "Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  вет инспекторунун кызмат орду" жөнүндө

4.

№ 14-4

21.11.2020

"Н.Исанов атындагы  айыл кеңешинин 2018-жылдын 24-мартындагы №20-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү" жөнүндө

5.

№ 14-5

21.11.2020

 "Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу "УСМ Водстрой" көмүр кенинин келишимин түзүү" жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№14-1

21.11.2020

"Жарандардын арыз,кайрылуулары " жөнүндө

       К-Кожоке айылынын тургуну Кеңеш Абдраимовдун маданият үйүнүн  2-кабатындагы  быткомбинатты келишим баада муниципалдык менчикке сатып алуусу жөнүндө, К-Кожоке айылына караштуу Кудайкулов көчөсүндөгү жарыктандыруунун алсыздыгы боюнча арыздарына негиз, Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби  жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык,  Н.Исанов  айылдык  кенешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу К-Кожоке айылынын тургуну К.Абдраимовдун жана Кудайкулов көчөсүнүн жарандарынын арыз,кайрылуулары мыйзам чегинде каралсын. 

2.         К.Абдраимовдун  маданият үйүнүн  2-кабатындагы  быткомбинатты  келишим баада муниципалдык менчикке сатып алуу үчүн  комиссия түзүлүп,баасы  мыйзам чегинде каралып,2021-жылдын  бюджетине калтырылсын.

3.         Тургундардын арызы тууралуу тактап,сметасын түзүп келип,2021-жылдын бюджетине киргизүү  айылдык кеңештин депутаты Жакыпбек кызы Турсунайга милдеттендирилсин.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп, иш алып баруу Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика,коомдук тартип боюнча комиссиянын  төрайымы М.Ташбаевага милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

М.Тойчуев                    

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№14-2

21.11.2020

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун 9 айлык отчету " жөнүндө

       Н.Исанов атындагы айыл өкмтүнүн башчысы М.Маматовдун 2020-жылдын 9 айлыгында аткарылган иштери жөнүндө отчетун угуп,  Н.Исанов  айылдык  кенешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.             Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун 2020-жылдын 9 айлыгында аткарылган иштери боюнча  отчету жылдык отчетко кемчиликтерди  эскертүү менен "канааттандырарлык" деп табылсын. 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика,коомдук тартип боюнча комиссиянын  төрайымы М.Ташбаевага милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

М.Тойчуев                    

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№14-3

21.11.2020

 "Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  вет инспекторунун кызмат орду" жөнүндө

   Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  вет инспекторунун кызмат  ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын №451 токтомунун 3-пунктуна ылайык келишимдин негизинде карап берүү жөнүндө Жооптуу катчы Н.Атаканованын билдирүүсүнө негиз, Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин  угуп жана талкуулап,айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  вет инспекторунун кызмат  ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын №451 токтомунун 3-пункту 2020-жылдын 27-октябрда чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №518 токтому менен өзгөртүүгө алынсын.

2.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  вет инспекторунун кызмат  ордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын №451 токтомунун 3-пунктуна ылайык М.Абдыкайымовду келишимдин негизинде  "башкы адис" менен тендештирилген вет инспектор кызматына кабыл алган чечими жокко чыгарылсын.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук,диний депутаттык этика,коомдук тартип боюнча комиссиянын  төрайымы М.Ташбаевага милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

М.Тойчуев                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№ 14-4

21.11.2020

"Н.Исанов атындагы  айыл кеңешинин 2018-жылдын 24-мартындагы №20-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү" жөнүндө

Н.Исанов атындагы  айыл кеңешинин 2018-жылдын 24-мартындагы №20-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ж.Нурмаматовдун  билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Исанов айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Н.Исанов атындагы  айыл кеңешинин 2018-жылдын 24-мартындагы "Байыш участкасындагы балдар бакчасынын  атын коюу жөнүндө"  №20-4 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2.         Н.Исанов атындагы  айыл кеңешинин 2018-жылдын 24-мартындагы "Байыш участкасындагы балдар бакчасынын  атын коюу жөнүндө"  №20-4 токтомунун 1-пунктундагы балдар бакчасынын  "Маматов Улук" атын алып, "Улук апа" атына  өзгөртүлсүн.

3.         Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

М.Тойчуев                    

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 14 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

№ 14-5

21.11.2020

 "Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу "УСМ Водстрой" көмүр кенинин келишимин түзүү" жөнүндө

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу "УСМ Водстрой" көмүр кенинин келишимин кайра түзүү жөнүндө көмүр кендин директору Уларбек Аттокуровдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Исанов айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу "УСМ Водстрой" көмүр кенинин келишимин кайра түзүү үчүн 2020-жылга чейинки карыздарын көмүр кендин директору Уларбек Аттокуровго 27-ноябрга чейин төлөө милдеттендирилсин.

2.         "УСМ Водстрой" көмүр кенинин келишимин жаңыдан түзүү үчүн комиссия курам тиркемеге ылайык түзүлсүн.Тиркеме тиркелет.

ТИРКЕМЕ №1

Назад