М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

7-1

28.12.2019

       Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    2020-жылга  бюджетин жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

2.

7-1/1

28.12.2019

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө

3.

7-2

28.12.2019

"Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы жолдорду ,ички жолдорду жана арыктарды кеңейтүү" жөнүндө

4.

7-3

28.12.2019

"Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чынкараев атындагы орто мектебинин  эски имаратын жана ордун бала бакчага берүү  " жөнүндө

5.

7-4

28.12.2019

"Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы муктаж болгон үй бүлөлөргө берилүүчү көмүр маселеси" жөнүндө

6.

7-5

28.12.2019

"Социалдык маселелер боюнча адистерди келишимдин негизинде бекитип берүү" жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

7-1

28.12.2019

 

       Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    2020-жылга  бюджетин жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

                 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2020-жылга каралган айыдык бюджети  жана 2021-2022- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  78-бренесинин  негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  депутаттардын  Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. 2020-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  23661,9  миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

          2. 2020-жылдын бюджетинин кирешесиндеги  тамарка салыгынан  280,4 га жер аянтына жеңилдик  берилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

7-1/1

28.12.2019

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө

            Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2020-жылдын бюджетин бөлүүдө,

айлдык Кеңештин " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып  чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин  айыл  аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап  чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн  жумуштарга 8351,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

7-2

28.12.2019

 

"Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы жолдорду ,ички жолдорду жана арыктарды кеңейтүү" жөнүндө

       Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ар бир айылдагы башкы  жолдор ,ички жолдор жана арыктын четине  эгилген бак-дарактардын кесепетинен арыктар ,жолдор тарып кеткендиктен, айылдык кеңештин депутаттарынын  сунуш-пикирлерин, угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ар бир  айылдын  башкы жолдору, ички жолдору,арыктардын четиндеги  бак-дарактар алынып, кеңейтүү  жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине мыйзам чегинде милдеттендирилсин.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

7-3

28.12.2019

 

"Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чынкараев атындагы орто мектебинин  эски имаратын жана ордун бала бакчага берүү  " жөнүндө

       Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чынкараев атындагы орто мектебинин  эски имаратын жана ордун бала бакчага берүү жөнүндө аталган мектептин окуу бөлүм башчысы М.Ташбаеванын сунуш катына  негиз, ,айылдык кеңештин депутаттарынын  сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чынкараев атындагы орто мектебинин  эски имаратын жана ордун бала бакчага берүү жөнүндө аталган мектептин окуу бөлүм башчысы М.Ташбаеванын сунуш катына  негиз,балдар бакчасына берүү каралсын.

2.         А.Чынкараев атындагы орто мектебинин имараты жана ордунун иш кагаздарын тактап,мыйзам чегинде иш алып баруу ,айыл өмөтүнүн Жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.

3.         .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

7-4

28.12.2019

 

"Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы муктаж болгон үй бүлөлөргө берилүүчү көмүр маселеси" жөнүндө

       Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы  күз-кышка кам көрүүдө муктаж болгон үй бүлөлөргө берилүүчү көмүр тууралуу айылдык кеңештин депутаттарынын  сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу ар бир айылдагы  муктаж болгон үй бүлөлөр көмүр менен камсыз кылынсын.

 

2.         Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдардагы муктаж болгон үй бүлөлөрдү 20-январга  чейин  көмүр менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине  милдеттендирилсин.

 

3.         .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 7 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

7-5

28.12.2019

 

"Социалдык маселелер боюнча адистерди келишимдин негизинде бекитип берүү" жөнүндө

       Н.Исанов атындагы айыл аймагынын  социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.Амитованын билдирүүсүнө жана социалдык  өнүгүү башкармалыгынын катына  негиз, жардамчы адистерди келишимдин негизинде бекитип берүү  жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын  сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагынын  социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.Амитовага жардамчы адистер келишимдин негизинде бекитип берилсин.

 

2.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү менен социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте келишими бекитилип,Ноокат райондук өнүгүү башкармалыгына тапшыруу жагы социалдык  маселелер боюнча башкы адис А.Амитовага милдеттендирилсин.

 

3.         .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин социалдык-маданий,билим берүү миграция, ,туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы У.Карыбековго  жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

М.Тойчуев                     

 

 

Назад