М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

26-1

22.12.2018

2018-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча Н.Асановдун отчету

2.

26-2

22.12.2018

       Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    2019-жылга  бюджетин жана 2020-2021 жылдарга  бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

3.

26-2/1

22.12.2018

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө

4.

26-3

22.12.2018

Улуттук фондунун жана муниципалдык менчиктеги жерлердин комиссия курамын түзүү  жөнүндө

5.

26-4

22.12.2018

АРИС программасынан алынган  техниканын механизатору М.Амировдун аткарган иштери боюнча маалымат

6.

26-5

22.12.2018

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун аянтын тактоо жөнүндө

7.

26-6

22.12.2018

Н.Исанов атындагы  айыл аймагынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө

8.

26-7

22.12.2018

Н.Исанов атындагы  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  2018-жылга   жайыт   жерин

пайдаланууда  жургузгон  иштеринин   аткарылышы   жана 2019-жылга  карата  тузулгон  божомол  бюджети  жонундогу  №1 жалпы  жыйынынын токтомун   бекитуу  жонундо

9.

26-8

22.12.2018

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылына Беккари чункурчасын куруу жөнүндө

10.

26-9

22.12.2018

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими  жөнүндө

11.

26-10

22.12.2018

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    аймагында социалдык колдоо жана балалык спортту өнүктүрүү   жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-1

22.12.2018

 

2018-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча Н.Асановдун отчету

    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун 2018-жылда 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына карап,Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш,сын-пикирлерин угуп талкуулап, жылдык отчетко толук маалымат берүүнү эскертүү менен  Айылдык Кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.             Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун 2018-жылда 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына карап,эскертүү менен "Канааттандыраарлык" деп табылсын.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагын Этика боюнча Туруктуу  комиссиясынын төрайымы Н.Кулушовага тапшырылсын.

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-2

22.12.2018

 

       Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    2019-жылга  бюджетин жана 2020-2021 жылдарга  бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

                 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2019-жылга каралган айыдык бюджети жана 2020-2021- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  депутаттардын  Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. 2019-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  23408,0 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

          2. 2019-жылдын бюджетинин кирешесиндеги  тамарка салыгынан  289,2 га жер аянтына жеңилдик  берилсин.

              Тактап айтканда 882 жаран  пенсионер 189,88 га, 424 жаран көп балалуу 65,68 га, 148 жаран мүмкүнчүлүгү чектелгендер  25,39 га, ИИМде иштеп жүрүп каза болгондор  2 жаран  0,37 га , Ата мекен согушунун катышуучусу 2 жаран 0,34 га , Авган согушунун катышуучусу 16 жаран 2,53га , Тажик Авган согушунун  катышуучусу  5 жаран 0,77га , Баткен коогалаңынын  катышуучулары 19 жаран  3,08 га, ЧАЭС   6 жаран  1,16га.  жер аянтына жеңилдик  берилсин.

3. 2019- жылга  3650 кожолук такталган, бирок 1600  кожолук  үй салынбай бөлүнүп калгандыгы үчүн таштанды салыгынан бошотулсун.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга  түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча  (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.         

4. Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2020-2021- жылдарга айылдык  бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

 Кирешенин болжолу  2020-жылга  14181,7 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 10235,1 миң сом менен) жана 2021-жылга   15589,7 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар  9585,0 миң сом менен) бекитилсин.   Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2020-2021- жылдарга айылдык  бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.

5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген  өлчөмүнөн  ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык  бюджеттик мекеменин каржылоосуна  калаары аныкталсын.

          Айылдык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атйын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

6. 2019-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык  накталай  акча 80,0 миң сом  суммасында белгиленсин.

           7. 2019-жылда  айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү  айылдык  Кеңешке ыйгарылсын.

           8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына  жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынамилдеттендирилсин.

9. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердзүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-2/1

22.12.2018

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын  бөлүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын бюджетин бөлүүдө,

айлдык Кеңештин " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып  чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин  айыл  аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында  Кыргыз Республикасынын  Бюджет кодексинин  102-беренесинин  3 пунктуна ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши жалпы кеңеште карап  чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн  жумуштарга 7200,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.

 -       358700 сомЖайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка чыгымдарына

 -      1000000 сом   Долбоорлорду  даярдаганга                                                               

 -      350000 сом       Айыл аймагына караштуу айылдардын ген планан сыздырууга   

 -      190400 сом       Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн

 -      10000 сомФедоров айылынын Алибаев Б көчөсүндөгү көпүрөнү кеңейтүү

үчүн бетон шакекче.

 -      102000 сомФедоров айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө  үчүн                       

 -      30000 сомФедоров айылынын Карабаш көчөсүндөгү кайырма арыктан

өткөн көпүрөнү кеңейтүү үчүн бетон шакекче алууга                       -      50000 сом Чеч-Дөбө айылындагы Шеркулов көчөсүндөгү көпүрөнү толугу менен

бүтүрүү.

 -      50000 сом Федоров атындагы  айылынын  Кайрыма  арыгын техника

менен тазалоо үчүн                                                                         

 -    25000 сомФедоров атындагы  айылынын  Канжыга  арыгын техника

менен тазалоо үчүн                                                                        

 -1450000 сомКожоке айылынын Надиров Каримбай көчөсүн асфальтоого

 -      56000 сом Федоров атындагы айылдын А.Төрөев көчөсүнө электр мамычага

 -65000 сомФедоров атындагы айылдын Исаев Маматмуса көчөсүнө электр

мамыча жана чубалгы алууга                                                                 

 -      65000 сомФедоров атындагы айылдын Жаштар көчөсүнө электр

мамыча жана чубалгы алууга                                                                

-      117500 сом Федоров атындагы айылдын Төш көчөсүнө электр

мамыча жана чубалгы алууга                                                               

 -      42100 сомФедоров атындагы айылдын Асанов Абдалим, Нышанов Исак

көчөсүнө электр мамыча жана чубалгы алууга                                   

 -      1268000 сомЖар-Коргон айылынын борбордук жолун асфальтоого 

 -      849200 сомЖаңы-Базар айылына таза суу чыгарууга                                            

 -      64000 сомФедоров атындагы Подстанция көчөсүнө мамыча алууга                  

-          91800 сомЧеч-Дөбө айылынын Молдо Мажит көчөсүнүн Бак тарабына 

-           электр мамыча, чубалгы алууга                                                             

-       103000 сомЧеч-Дөбө айылынын Моторов атындагы көчөнүн Жар-Коргон

тарабындагы жаңы көчөлөргө электр мамыча, чубалгы алууга

-       133000 сомЧеч-Дөбө айылынын Марак палван  атындагы көчөсүнүн

сайдын бетиндеги уландысына электр мамыча, чубалгы алууга

-       630000 сомЧеч-Дөбө айылынын күнгөй тарабына таза суу чыгарууга

 

           2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин  мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

           3. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-3

22.12.2018

 

Улуттук фондунун жана муниципалдык менчиктеги жерлердин комиссия курамын түзүү  жөнүндө

    Кайра бөлүштүрүү фонду жеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу,Айылдык кеңештин 2018-жылдын 22-декабрындагы №26 отурумундагы Айылдык кеңештин депутаттарынан комиссия курамга киргизүү жөнүндө  сунуш пикирин угуп,талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.             Кайра бөлүштүрүү фонду жеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Чеч-Дөбө айылынын депутаты-Карамоторов,Кожоке айылынын депутаты-Н.Жолдошов,Кожоке айылынын депутаты М.Сыдыков комиссия курамына киргизилсин

2.         Жогорудагы аты аталган депутаттарды комиссия курамына бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн..

 

3.         Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-4

22.12.2018

 

АРИС программасынан алынган  техниканын механизатору М.Амировдун аткарган иштери боюнча маалымат

АРИС программасынан алынган  техниканынМеханизатору М.Амиров Аристен келген техниканын натыйжасында жолдорду оңдоп,өз жумушун ордунда аткарып,элдин кызматында  жүргөндүктөн ,берген маалыматына карап,Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушун угуп ,талкуулап Айылдык Кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           АРИС программасынан алынган  техниканынМеханизатору М.Амиров  берген маалыматына  жана аткарган иштерине карап, "Канааттандыраарлык" деп табылсын.

 

2.         ЛОКОЛ-953үлгүсүндөгү трактор иштеген 455 моточас, пайдалуу иштерге жумшалгандыгы анык деп белгиленсин жана 455 моточастын ижара акысын төлөөдөн бошотулсун.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы бюджет боюнча Туруктуу  комиссиясынын төрагасы  М.Мамановго  милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-5

22.12.2018

 

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун аянтын тактоо жөнүндө

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун токтому бар,бирок айланасындагы үйлөр  чыгып кеткендиктен,аянтын тактоо максатында Айылдык Кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жаңы-Базар айылындагы муниципалдык менчикте турган стадиондун аянтын тактоо максатында комиссия түзүлсүн.

 

2.         Түзүлгөн комиссия иш алып барып,2019-жылдын 1 кварталындагы отурумга маалымат берсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-6

22.12.2018

 

Н.Исанов атындагы  айыл аймагынын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз республикасынын Жоруктар жөнүндөгү Кодексин,К

ыргыз республикасынын Жазык-Процесстик Кодексин,  "Пробация жөнүндөгү" , "Мунапыс  негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8- майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык  мамилелер боюнча агенттик жөнүндө жобого ылайык Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде талкууга алынып,Айылдык Кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Типтүү жобо  1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3.         Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияна Типтүү жобого ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго тапшырылсын.

       5   .  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго  тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-7

22.12.2018

 

Н.Исанов атындагы  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  2018-жылга   жайыт   жерин

пайдаланууда  жургузгон  иштеринин   аткарылышы   жана 2019-жылга  карата  тузулгон  божомол  бюджети  жонундогу  №1 жалпы  жыйынынын токтомун   бекитуу  жонундо

     Н.Исанов  атындагы  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин  2018-жылдын 10-декабрындагы  "2018-жылга жайыт  пайдаланууда  жургузгон иштеринин  аткарылышы, жана 2019-жылга карата  тузулгон божомол бюджети  жонундогу  №1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык  кенеши бекитуу максатында  .

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин 2018-жылдын  10-декабрындагы  2018-жылга  жайыт  пайдаланууга  жургузгон  иштеринин  аткарылышы  жана  2019-жылга  карата  тузулгон  божомол  бюджети  жонундогу  №1-жалпы  жыйынынын  токтому  бекитилсин.   

 

2.КР Окмотунун 1992-жылдын  17-августундагы  №403  2004-жылдын         7-сентябрындагы №668-токтомдорунун  негизинде  жайыт  пайдалануучулар  тарабынан  мыйзам  бузуучуларга  жазана  ресурстарына  мал  жаюу  менен  байланышпаган башка  максаттарга  пайдалануу  укугун  беруу жонундогу №515- токтомун  аткарууга  алуу  жагы  ЖПБнын  торагасы  М Мамановго тапшырылсын  .

 

3          Н.Исанов  атындагы  жайыт  пайдалануучулар   бирикмесинин 2019--жыл учун  тузулгон  божомол  бюджети бекитилсин.жана  малдарын жайытка  чыгарууну  тиркемеге  ылайык  моонотундо  малдарын  айдап  чыгуусун  козомолго  алуу ЖПБнын  торагасы  Мамановго  тапшырылсын                                                                                                                                                    

 

4          Н.Исанов  жайыт пайдалануучулар брикмесинин      Н.Исанов  атындагы  жайыт  пайдалануучулар  тарабынан  пайдаланган  жайыт  акыларын  оз  убагында  ондуруу  жана  мамалекеттик  салыктарды  моонотундо  толоп  туруу  жагы  ЖПБнын  торагасы  М.Мамановго  тапшырылсын .

 

5.         Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине  откорулуп  берилген   жайыт  жерин  салыштыруу  эсеби  чыкканча   пайдаланган жайыт  жери  11825 га жерге  мамлекеттик  жайыт  салыгын  толоп  туруу жагы  белгиленсин .

 

6.         Жайыт  комитети  Ветврачтар  менен биргеликте  пост  куруп  1-марттан  1-ноябрга  чейин  иштеп  турсун  .

 

7.         Жайытка  моонотунон   мурун  уруксат  албай жайытка  чыккандар  учун   КР  административдик  жаза  коруу  мыйзамдарына  ылайык  иш  алып  барылсын .

 

8.         Ушул  токтомдун  аткарылышын  козомолдоо жагы  айыл  суу  чарба  жерге  жайгаштыруу , экология жана  жаратылышты  коргоо  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин .

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-8

22.12.2018

 

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылына Беккари чункурчасын куруу жөнүндө

Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн  Арис программасынын ПРЖР-2 ден келген акча каражатынын эсебинен Жар -Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасына эпизоотологиялык абалдын алдын-алуу жана жашоо тургундардын суроо-талабын канааттандыруу максатында Айылдык Кеңеш

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Арис программасынын ПРЖР-2 ден келген акча каражатынын эсебинен Жар -Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасына эпизоотологиялык абалдын алдын-алуу үчүн Беккари чункурун куруу белгиленсин.

2.         Жар -Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасынан Беккари чункурун куруу үчүн 0,01 га жер аянтын тактоо жагы башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.

3.         Жар -Коргон айылынын Күн чыгыш жагынын чет участкасына эпизоотологиялык абалдын алдын-алуу үчүн Беккари чункурун куруу үчүн тиешелүү юридикалык кагаздарын даярдап берүү Ноокат райондук архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин депутаты М.Сыдыковго жүктөлсүн.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-9

22.12.2018

 

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими  жөнүндө

 

    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январындагы №23 катына негиз Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими  жөнүндө А.Юлдашевдин сунушун жана Айылдык  Кеңештин депутаттарынын  сүйлөгөн сөздөрүн угуп, Айылдык Кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылы №715 токтомуна ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүү Келишими  бекитилсин.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Карыбековго  жүктөлсүн.

 

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

26-10

22.12.2018

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн    аймагында социалдык колдоо жана балалык спортту өнүктүрүү   жөнүндө

                 Н.Исанов атындагы кеңешинин 2018-жылдын  22-декабрь  № 2/1 токтому менен бекитилген ,Н.Исанов айыл аймагынын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 22-беренесинин негизинде,Н.Исанов айылдык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1.  Н.Исанов атындагы айыл аймагында катталган,16 жашка толбогон 100 балага спорттук кийимдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Н.Исанов айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетинен 250000миң сом каралсын.

          2. Субсидия алууга талапкер балдардын саны 100 баладан ашса,балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

           3 . Бөлүнгөн 250000 миң сом  акча каражатын ай сайын 25000 миң сомдон которуп туруу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Ботобаевге жүктөлсүн

            4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  экономика жана  бюджеттин комитетинин  төрагасы М.Мамановго милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад