М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

24-1

04.08.2018

"Комиссиянын курамын түзүү  жөнүндө"

2.

24-2

04.08.2018

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

3.

24-3

04.08.2018

"Муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана муниципалдык менчиктеги обьектердин реестрин бекитүү жана Муниципалдык менчик обьектерин башкаруу тартиби жөнүндөгү ЖОБО жөнүндө"

4.

24-4

04.08.2018

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын  бюджети жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №18-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

5.

24-5

04.08.2018

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга бюджетинин орто                                    мөөнөттүү   болжолу  жөнүндө"

6.

24-6

04.08.2018

"Жер бөлүп берүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

24-1

04.08.2018

 

"Комиссиянын курамын түзүү  жөнүндө"

                 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кичик Алай айылындагы  казылып жаткан көмүр кенинин иштери менен таанышып чыгып маалымат даярдоо үчүн   айыл Кеңешинин депутаттарынан жана айыл өкүмөтүнүн аппарат кызматкерлеринен комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кичик Алай айылындагы       казылып жаткан көмүр кенине   айыл Кеңешинин депутаттарынан жана айыл өкүмөтүнүн аппарат кызматкерлеринен комиссиянын курамын түзүлсүн.

2    Комиссиянын курамы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

- Карамоторов Жумамидин айыл Кеңешини депутаты

- Карыбеков Данияр айыл өкмөтүнүн салыкчысы

- Жапаров Таалай айыл Кеңешини депутаты

- Сыдыков Маматали айыл Кеңешини депутаты

- Жолдошов Асилбек айыл Кеңешини депутаты

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин депутатты Карамоторов Жумамидинге  тапшырылсын.

 

 

   Н. Исановатындагы

айылдык кеңешинин төрагасы                                     Ж. Нурмаматов

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

24-2

04.08.2018

 

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле "Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын" жетекчиликке алуу менен Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Муниципалдык кызмат көрсөтуулөрдүн кошумча тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).

2.         Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесинин көргөзүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин (№1, 2,3,4,5,6,7,8,9тиркемелер).

3.         Аталган токтом Ноокат райондук Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин                   5-чакырылышынын 15-отурумундагы №15-7 токтомуна негизделип мамлекеттик тилде кабыл алынып www.nookat.kg -сайтына жарыялансын.

4.         Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

5.         Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырам.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

24-3

04.08.2018

 

"Муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана муниципалдык менчиктеги обьектердин реестрин бекитүү жана Муниципалдык менчик обьектерин башкаруу тартиби жөнүндөгү ЖОБО жөнүндө"

         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди бекитүү максатында "Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө" КР мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын жарандык  Кодекси негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Н. Исанов атындагы айылдык Кеңешинин  Муниципалдык менчик обьектерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо)  Кыргыз Республикасынын Жер кодексине,    Кыргыз Республикасынын Жарандык  кодексине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган обьектерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилеп

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Муниципалдык менчиктеги обьектердин реестири тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.         Муниципалдык менчиктеги обьектерин башкаруу тартиби жөнүндөгү  тартиби жөнүндөгү ЖОБО бекитилсин (ЖОБО тиркелет).

3.         Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго милдеттендирилсин.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

24-4

04.08.2018

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын  бюджети жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №18-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн башчысынын   2018-жылда бекеитилген     6айлык бюджетинин  аткарылышы боюнча отчетун, 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 6 ай ичинде пландан ашыкча түшкөндөн  жана мамлекеттик сатып алуулардан  үнөмдөлгөн акча каражаттарын тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  депутаттардын  Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин    " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип  чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын   Бюджеттик Кодексинин  79-беренесинин  3- бөлүгүнүн жана  115-беренесин колго алып 4- бөлүгүнүн  негизинде депутаттардын  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын  2018-жылындагы 6айлык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канаттандырарлык деп табылсын.                        

2. Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн  2018- жылдын  бюджетинин киреше бөлүгү жарым жылдын  ичинде пландан ашыкча аткарылган  750,0  миң сом акча каражатын  №1 тиркеменин  негизинде кошумча киреше киргизилип, чыгашасын иштетүүгө макулдук  берилсин.

3.  Жыл ичинде үнөмдөлгөн  250,0  миң сом акча каражатын  №2 тиркеменин  негизинде чыгымдоосун үнөмдөлгөн беренелерден башка беренелерге жылдырып берүү жагы айыл өкмөтткө жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

24-5

04.08.2018

 

"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга бюджетинин орто                                    мөөнөттүү   болжолу  жөнүндө"

                        Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн   2019-2021-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги тарабынан жөнөтүлгөн   2018-жылдын 3-июлундагы № 14-02-2/7849 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесин колго алып, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Ноокат башкармалыгынын  6-июлундагы № 15 билдирүү катын  аткарылышын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү  бюджеттин  2019-2021-жылдарга орто  мөөнөттүү   болжолдуу долбоору тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  депутаттардын  Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин    " Экономика, бюджет, соода  жана ишкердүүлүк "  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип  чыгылгандыктан. Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

         1. Н.Исанов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2019-2021- жылдарга айылдык  бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2 тиркеменин  негизинде жактырылсын.

         2. Бул токтомдун аткарылышы  көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин " экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н. Исанов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 24 сессиясы

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

24-6

04.08.2018

 

"Жер бөлүп берүү жөнүндө"

                 Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын тургуну генерал лейтенант Абибилла Кудайбердиевдин Кыргыз мамлекетине теңдешсиз кызмат өтөгөндүгүн эске алып, анын туулуп өскөн жеринен 0,10га жерди эс алууга дача куруу үчүн бөлүп берүү сунушу айыл элдери жана  айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан келип түшкөн.  Айылдык Кеңештин  6-чакырылышынын 24-отурумунда талкуу болуп айыл Кеңеши  төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылынын тургуну генерал лейтенант Абибилла Кудайбердиевге 0,10га жер аянты дача куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2.         Жер участкасын мыйзамдуулугун карап  таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Асановго милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин депутатты М.Сыдыковго тапшырылсын.

Н. Исанов айылдык  төрагасы 

 

Ж.Нурмаматов                 

 

 

Назад