М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1-1

06.06.2015

« Айыл Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө»

2.

1-2

06.06.2015

« Айыл Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө»

3.

2-1

13.06.2015

 «Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин туруктуу комиссиясын бекитип   берүү жөнүндө»

4.

2-2

13.06.2015

«Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш пландарын бекитүү жөнүндө»

5.

2-3

13.06.2015

«Келишим түзүү жөнүндө»

6.

2-4

13.06.2015

"Кожоке айылындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү билими менен камсыз кылуу максатында Н.Исанов айыл өкмөтүнүн алдында балдар баракчасын түзүү жөнүндө"

7.

4-1

22.08.2015

«Пазилат эне балдар бакчасы жөнүндө»

8.

4-2

22.08.2015

«айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун 6 айлык отчету жөнүндө»

9.

4-3

22.08.2015

«улуттук фондун жеринин баасын көтөрүү жөнүндө»

10.

4-4

22.08.2015

«Тоо кендери жөнүндө»

11.

4-6

22.08.2015

«Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын 3-тайпасынын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу»

12.

5-1

05.12.2015

«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети бекитилген № ХХIX токтомуна өзгөртүп киргизүү жөнүндө»

13.

6-1

24.12.2015

«Таштандыларды бир жерге топтоп төгүү жана тазалык ишканасын ачуу жөнүндө"

14.

6-2

24.12.2015

«Барын үй бүлөлүк дарыгерлер  тобун Жаны-Базар айылына
алып келүү жөнүндөө»

15.

6-3

24.12.2015

«Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө»

16.

6-4

24.12.2015

«Н. Исанов айыл өкмөтүн эсептөө палатасынан келип текшерип кеткендиги жөнүндө»

17.

6-5

24.12.2015

    «Муз булак айылдык ичүүчү  суу керектелүүчү коомдук
      бирикмелеринин иштери жөнүндө»

18.

6-6

24.12.2015

«Тоо кендери жөнүндө»

19.

6-7

24.12.2015

"Байыш айылына курулуучу балдар бакчасы жонундо"

20.

6-8

24.12.2015

"Социалдык- экономикалык онугуунун планы жонундо"

21.

6-9

24.12.2015

«Н.Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканалар   жана жеке кожолуктар үчүн тазалыктарды сактоо жөнүндө»

22.

6-10

24.12.2015

«Ардак граммата менен сыйлоо жөнүндө»

23.

6-11

24.12.2015

"Кожеке айылына курулуп жаткан ФАП жонундо"

24.

6-12

24.12.2015

 «Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө
  талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө”

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 6-чакырылышынын 1-отуруму  (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

1-1

06.06.2015

 

« Айыл Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө»

 

            Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасына жашыруун жабык добуш менен көпчүлүк добушка ээ болгон Нурмаматов Жоодарбек Абдылхамитович төрага болуп шайлангандыгына байланыштуу айвл кеңеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасы болуп көпчүлүк добушка ээ болгон Нурмаматов Жоодарбек Абдылхамитович айыл кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин.

 

 

2.         Эсептөө комиссиясынын №1 протоколу тиркелет.

Н.Исанов атындагы айыл  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 6-чакырылышынын 1-отуруму  (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

1-2

06.06.2015

 

« Айыл Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө»

    Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасы Нурмаматов Жоодарбектин сунушу боюнча айыл кеңешинин төрагасынын орун басары Маматов Исматтин талапкерлигин көрсөтүп көпчүлүк айыл кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен айыл кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Маматов Исмат бекитилсин.

 

2.         Токтомду көзөмөлдөп иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.

Н.Исанов атындагы айыл  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат району Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 6-чакырылышынын  2-засиданиясынын  (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

2-1

13.06.2015

 

 «Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин туруктуу комиссиясын бекитип   берүү жөнүндө»

   Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин экономика соода, ишкердүүлүк жана финансы иштер боюнча төмөнкүдөй туруктуу комиссиясы бекитилсин.

1.         Маманов Мурзакарим Байдиллаевич

2.         Мадимаров Жанышбек Ташбалтаевич

3.         Тургунбаев Төлөгөн Дурусмаматович

4.         Маматов Исматилла Абдилазизович

5.         Эргешов Асилбек Абдисаламович

6.         Сыдыков Маматали

2  .Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин социалдык маданий билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана   саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын курамы . 

1.     Осмонов Орипжан Исмаилович

2.         Аттокуров Асилбек Сатыбалдиевич

3.         Эргешов Эгенберди Ысманалиевич

4.         Кадырбеков Урустамбек Кеңешович

5.         Жолдошов Асилбек

3.            Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика, айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология жана тоо кендери боюнча туруктуу комиссиясы

1.         Мурзамудин уулу Уланбек

2.         Артыков Мелис Канназарович

3.         Жолдошов Нургазы Жумабаевич

4.         Карамоторов Жумамидин Самидинович

5.         Нурматов Ыдырысбек Абдисамтович

4.         Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин мыйзамдуулук, укук, дин, депутаттык, этика, коомдук тартип боюнча туруктуу комиссиясы

1.         Жумабаев Атабек Шералиевич

2.         Кудайбердиев Бакыт

3.         Жапаров Таалайбек Маматович

4.         Кулушова Нуркан Оторовна

Жогорудагы бекитилген туруктуу комиссиялардын иштерин көзөмөлдөп иш алып баруу жагын этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Ноокат району Н.Исанов  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат району Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 6-чакырылышынын  2-засиданиясынын  (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

2-2

13.06.2015

 

«Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш пландарын бекитүү жөнүндө»

     3-кварталада карала турган масмелелер:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы жайгашкан мектептердин ремонт иштерин кароо боюнча (туруктуу комиссиясы)

2.         Тоо кендери боюнча анализ жүргүзүп келишимдерди түзүү (туруктуу комиссия)

3.         Күздүк дан эегиндерин оруп-жыйноо боюнча (айыл-чарбасы боюнча туруктуу комиссия)

4.         Бюджеттик кароо боюнча туруктуу комиссиясыныны иш планы, (туруктуу комиссия)

5.         Айыл кеңешинин депутаттарынын иш пландарын тактоо.

 

4-кварталада карала турган масмелелер:

 

3.Н.Исанов атындагы айыл аймагында жайгашкан айылдардын жана мектеп, ФАПтардын, ГЭСВ 7-8 спорт залдарын кышка даярдыгын көрүү жөнүндө. (туруктуу комиссия)

4.айыл өкмөтүнүн салыкты жыйноо боюнча 9-айлыгынын жыйынтыгын кароо боюнча (туруктуу комиссия)

Ноокат району Н.Исанов  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат району Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 6-чакырылышынын  2-засиданиясынын  (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

2-3

13.06.2015

 

«Келишим түзүү жөнүндө»

     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу маданият үйү мектептерге караштуу спорт аянтчаларды 2015-жылдын октябрь айында боло турган жогорку кеңештин депутаттарынын шайлоосуна карата баардык саясий партияларга бирдей шарт түзүп берүү максатында жогорку кеңешинин депутаттарына талапкер болуп катталган партиянын мүчөлөрүнө эл менен жолугушуу өткөрүү үчүн мектеп спорт аянтчаларына күнүнө 2000            (эки миң) сомго чейин келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши төмөнкүдөй:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына жолугушууга келген жогорку кеңешине талапкер болуп катталган партиянын мүчөлөрү эл менен жолугушуп жыйын өткөрүүгө келгенде айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин спорт аянтчаларына 1 күндүк мөөнөткө 2000 (эки миң) сомдон, ал эми маданият үйүнө 5 000 (беш миң) сомдон 10 000 (он миң) сомго чейин келишим түзүлүп макулдук берилсин.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Маматовго жана башкы эсепчи М.Ботобаевтерге тапшырылсын.

Ноокат району Н.Исанов  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Ноокат району Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин 6-чакырылышынын  2-засиданиясынын  (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

2-4

13.06.2015

 

"Кожоке айылындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү билими менен камсыз кылуу максатында Н.Исанов айыл өкмөтүнүн алдында балдар баракчасын түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана Кожоке айылындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү билими менен камсыз кылуу максатында Н.Исанов айыл өкмөтүнүн алдында балдар бакчасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Н.Исанов айыл кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов айыл өкмөтүнүн алдында «Пазилат эне» балдар бакча мекемеси түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын

 

Толук аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Пазилат эне» балдар бакча мекемеси.

Расмий тилде аталышы: Учреждение детский сад «Пазилат эне».

            Кыскартылган аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Пазилат эне» балдар бакча м-е.

Расмий тилде аталышы: У-е детский сад «Пазилат эне».

 

2.         «Пазилат эне» балдар бакча мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция  башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Асанонго жүктөлсүн.

 

        Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган доркументтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергилиутүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ноокат району Н.Исанов  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин эсептөө комиссиясынын

 

                                               Протоколу №1

 

 

Жаңы Базар айылы                                                                         6-июнь 2015-жыл

 

 

 

            Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасына сунушталган эки талапкер болду. Алардын тизмеси алфавит боюнча бюлетенге кире турган болду.  

 

 

1.     Нурмаматов Жоодар

 

2.     Сыдыков Маматали

 

 

Бюлетендин баардык саны 21 болуп мөөр басылды, баардык бюлетендер урнага түшкөндөн кийин эсептөө комиссиялары эсептеген учурда Нурмаматов Жоодарбекке 11 добуш Сыдыков Маматалиге 10 добуш каршы калыс жок.

Бир добуштан кабыл алынды. Жалпы бюлетендин саны 21 болуп чыкты. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин төрагасына талапкерн болгон Нурмаматов Жоодарбек көпчүлүк добуш менен төрага болуп шайланды.

 

 

Эсептөө комиссиясы:

 

 

1.     Эргешов Эгенберди – эсептөө комиссиясынын төрагасы

2.     Маматов Исмат - эсептөө комиссиясынын төрагасынын орун басары

3.     Осмонов Арип - эсептөө комиссиясынын төрагасынын мүчөсү

4.     Карыбеков Урустам- эсептөө комиссиясынын төрагасысынын мүчөсү

5.     Карамоторов Жуман- эсептөө комиссиясынын төрагасысынын мүчөсү

 

 

 

                                                        Төрага: Эргешоа Эгенберди

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы Айыл Кенешинин 6-чакырылышынын                                                 4-о

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

4-1

22.08.2015

 

«Пазилат эне балдар бакчасы жөнүндө»

    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан Күнгөй Кожоке айылындагы Кудайкулов Нурмат көчөсүндөгү жашаган Кудайбеордиева Апимза Дыйканеовнанын жеке менчик үуүнө уюштурулган « Пазилат эне» балдар бакчасынывн келишимин кароо жөнүндө. Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан Күнгөй Кожоке айылындагы « Пазилат эне» балдар   бакчасынын келишими айыл өкмөтүнүн 2016-жылда карала турган бюджетине каралсын, айыл кеңешинин бюджети боюнча   туруктуу таблицасына тапшырылсын.

2.         Жаңыдан уюшулган « Пазилат эне» балдар бакчасына 2015-жылда бекитилген бюджеттин эсебинен иштетилбеген беренелеринен 50,0 элүү миң сом акча жылытуу үчүн батарейкаларды коюуга ыйгарылып берилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Н.Исанов атындагы Айыл  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы Айыл Кенешинин 6-чакырылышынын                                                 4-о

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

4-2

22.08.2015

 

«айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун 6 айлык отчету жөнүндө»

      Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун азыркы мезхгилде жүргүзүп жаткан иштери боюнча 2015-жылдын 6-айлык отчету жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл кеңеши төмөнкүдөй:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановдун азыркы мезхгилде жүргүзүп жаткан иштери боюнча 2015-жылдын 6-айлык иштери кээбир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.

 

2.         Ушул токтомду көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин төрагасынын орун басары Маматов Исматиллага тапшырылсын.

Н.Исанов атындагы Айыл  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы Айыл Кенешинин 6-чакырылышынын                                                 4-о

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

4-3

22.08.2015

 

«улуттук фондун жеринин баасын көтөрүү жөнүндө»

     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан айылдардагы улуттук фондун суулуу, кайрак чөп чабынды жерлерди тактап чыгып азыркы мезгилде ар тараптуу баалардын өсүп жатканыдыгна байланыштуу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын көтөрүү максатында айыл тургундары менен 2017-жылга чейинки түзүлгөн келишим өз күчүн жоготуп, жаңыдан аукциондук негизинде жерлердин баасы жогорулатуу үчүн айыл кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагыдагы жайгашкан айылдардагы айыл тургундарын 2017-жылга чейинки ижарага алган суулуу, кайрак, чоп чабынды жерлерге түзүлгөн келишим өз күчү жоготулсун.

2.         Ар таратуу балдардын өсүп жаткандыгына байланыштуу жерлер аукциондун негизинде баалар менен берилсин.

3.         Ушул жер тилкелерин тактап аукционго иштетүү кагаздарды даярдап айыл кеңңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.

4.         Ушул токтомдун аткарылышыынын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н.Исанов атындагы Айыл  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

            Н.Исанов атындагы Айыл Кенешинин 6-чакырылышынын                                       

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

4-4

22.08.2015

 

«Тоо кендери жөнүндө»

     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Жаңы Базар айылындагы сайдын шагыл алып жаткан ишкерлерге, Кичик-Алай айылынын Зак Кашка суу чоң-кичи Кумтөр жайлоосундагы көмүр кендердин казып жаткан жеке ишкерлердин иштетүү иш кагаздарын көрүп, аларга ким тарабынана макулдук берилип, келишим түзүлгөндүгүн, аныктоо максатында айыл кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссияларды жөнөтүп тактап келүү жөнүндө токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин аймагына караштуу Жаңы Базар айылындагы сайдан шагыл алып иштеткен жеке ишкерлердин жана Кичик-Алай айылына караштуу Зак Кашка Суу, чон, кичи Кумтөр жайлоосунан көмүр казып жаткан жеке ишкерлердин иштөө учун макулдук берилген иш кагаздарын толугу менен такталсын

2.         Айыл кеңешинин депутаттарын төмөнкүдөй комиссиясынын курамы түзүлсүн.

 

-           Жапаров Таалай

-           Жолдошов Нургазы

-           КарамоторовЖумамидин

-           Маматов Исмат

-           Сыдыков Маматали

-           Тургунбаев Төлөгөн

-           Нурматов Идирис

-           Мадуморов Жаныш

-           Жолдошов Асил

-           Айтикулов Асил

 

3.         Айыл кеңешинин депутаттары тарабынана түзүлгөн комиссиянын курамынын жетекчиси болуп Жолдошов Нургазыны бир добуштан макулдук берип шайлашты.

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын комиссиянын жетекчиси депутат Жолдошов Нургазыга жүктөлсүн.

    төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы Айыл Кенешинин кезексиз сессиясынын

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

4-6

22.08.2015

 

«Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын 3-тайпасынын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу»

      Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын кошумча ачылган 3-тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу Жар Коргон айылынын жашоочуларынын суроталаптарын канааттандыруу максатында Н.Исанов айылдык кеңеши.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жар Коргон айылындагы жашоочуларынын суроо-талаптары канааттандырылсын.

 

2.         Жар Коргон айылындагы «Акинай Гүлү» балдар бакчасынын 3-тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук Билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Н.Исанов айылдык кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү,       миграция жана саламатты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н.Исанов атындагы Айыл  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Н.Исанов атындагы Кенешинин №6-чакырылышын   5 отурумунун

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

5-1

05.12.2015

 

«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети бекитилген № ХХIX токтомуна өзгөртүп киргизүү жөнүндө»

    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине кошумча түшкөне акча каражатын иштетүү жана Республикалык бюджеттен электр энергияга келгендиктен, электр энергияга бөлүнгөн акча каражатын башка көйгөйлүү маселелерге жылдыруусун Н.Исанов атындагы Айылдык кеңешинин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясы карап токтом чыгарышкан ошол токтомдун негизинде Н.Исанов атындагы жалпы айылдык кеңешинин кароосунан кийин төмөнкүдөй токтом кылат.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Н.Исанов атындагы айыл өкмөтү бюджетинин 2015-жылдагы бекитилген пландан ашыкча аткарган акча каражаттарын №1 тиркемеде көрсөтүлгөн маселелерге бөлүнүп берилсин.

2.         Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджетинде электр энергия бөлүнгөн 720,0 миң сомду Республикалык бюджеттен электр энергияга акча каражаты келгендигине байланыштуу №2 тиркемедеги муктаждыктарга жылдырып жумшоого макулдук берилсин.

3.         Ушул токтомду карап жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилсин, алардын финансылык мамлекеттик каражаттары максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «экономика бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Н.Исанов атындагы  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-1

24.12.2015

 

«Таштандыларды бир жерге топтоп төгүү жана тазалык ишканасын ачуу жөнүндө"

    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  аймагындагы жайгашкан айылдарда таштандылар көбөйүп жол боюнда жана чоң дарыялардын жээгинде төгүлүп жаткандыгын эске алып а/өкмөтү боюнча борборлоштуруп белгилүү бир жерге алып барып таштандыларды төгүү үчүн атайын жер ажыратылып берип тазалыкты сактоо боюнча муниципалдык ишкана уюштуру керектелип жаткандыгы үчүн а/кенешинин депутаттары макулдук токтом чыгарып берүү жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  аймагындагы жайгашкан айылдарда таштандыларды төгүү боюнча бир жерге борборлоштуруп төгүү үчүн а/өкмөтүнөн мыйзамдуу түрдө жер ажыратылып берүү жагы  а/өкмөтүнүн жер жана комуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге жүктөлсүн.

    - Муниципалдык тазалыкты сактоо боюнча ишкана уюшулсун, жана уюшулуп жаткан тазалык ишканасын уюштуруп ишке киргизүү жана ишкагаздарын мыйзамдаштыруу жагы а/кенешинин депутаты М.Сыдыковго тапшырылсын.

    - Муниципалдык тазалыкты сактоо ишканасы уюшулуп бүткөндөн кийин а/кенешинин депутаттарына отчет берилсин.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

14

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-2

24.12.2015

 

«Барын үй бүлөлүк дарыгерлер  тобун Жаны-Базар айылына

алып келүү жөнүндөө»

     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл тургундар Ноокат шаарына барып Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна көрүнүп келүү үчүн азыркыучурда кыйынчылык болуп жаткандыгы түйшүкө салып жаткандыгына байланыштуу а/кенешинин депутаттарына а/өкмөтүнүн аймагында жашаган элдер арыз менен кайрылышкан буга кошумча кошуна жашаган Көк-Бел,Кенеш а/өкмөттөрүнүн тургундары да ушундай арыз менен кайрылышкан, Ошол арызды карап чыгып элдин муктаждыгын чечүү үчүн Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобун  Жаны-Базар айылына алып келүү үчүн а/кенешинин департаменттери

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-    Н.Исанов атындагы аүөкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин арызын канааттандыруу максатында Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобун ишканасын шарты бар Жаны-Базар айылындагы ооруканага көчүрүп келүү үчүн макулдук берилсин.

-     Азыркы учудагы Барын үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып оорулуу адамдар үчүн жол каттоосунун ынгайсыз  же тескери болуп жаткандыгын эске алынсын.

Ушул токтомго кошумча кошуна Көк-Бел, Кенеш айыл өкмөттөрүнүн тургундарын кайрылууларын эске алып саламаттыкты сактоо министрлигинен  суралсын.

-           Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы

       а/кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

15

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-3

24.12.2015

 

«Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө»

    Н.Исанов атындагы а/ өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Чеч-Дөбө айылынын

төмөн жагындагы 2006-жылы тамарка үчүн берилген Т.Калбаевдан ылдый жагындагы көчөнү аты жок бирок жаныдан үй салып жаткан жаштар ошол көчөнүн атын эскиден көп жыл Жаны-Базар почтасында иштеген Боронов Ысакбайдын атын коюу үчүн а/кенеш департаменттерине кайрылган ошондой эле Кожоке айылындагы 6-көчөнүн аты жок болгондугу жөнүндө 1941-1945-жылдардагы согуштун катышуучусу Алиев Дыйкандын атын берүү жөнүндө жана Кожоке айылындагы Келечек деп айтылып жүргөн көчөнүн атын көп жыл боюу элге кызмат кылган жолдо иштеген Алибеков Осмоналинин атын коюу үчүн а/кенешинин депутаттарын айыл тургундары арыз менен канааттандыруу максатында төмөнкүдөй а/кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы Чеч-Дөбө айылында жашаган аты жок жаңы көчөнүн атын көп жыл элге кызмат кылып келе жаткан Жаңы-Базар почтасынын башчысы болуп иштеген Боронов Ысакбайга жаңы көчөнүн аты берилсин.

2.         Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Кожоке айылындагы 6-көчөнун аты жок болгондугун эске алып 1941-1945-жылдардагы согуштун катышуучусу Алиев Дыйкандын атынан,көчөнун атын коюшка макулдук берилсин.

3.         Н.Исанов атындагы кожоке айылынын Келечек көчөсунун атын өзгөртү  жөнүндө көп жыл боюу жол кызматында иштеп элге эмгеги сиңген Алибеков Осмоналинин аты ыйгарылып берилсин.

-           Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөрдун атын ыйгарып берилген көчөнүн аттарын жаздырып  номерлерин илдиртип иретке келтирүү үчүн айыл башчыларга  тапшырылсын.

-       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы

       туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

16

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-4

24.12.2015

 

«Н. Исанов айыл өкмөтүн эсептөө палатасынан келип текшерип кеткендиги жөнүндө»

     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн К.Р эсептөө палатасынын 1-январь

2014-жылдан 31-декабрь 2014-жылга чейинки аралыктагы бюджеттик каражаттардын түзүлүшүнүн аткарылышы  боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө кээбир кетирилген кемчилдиктерди оңдоп иш алып баруу жонүндө а/кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат .

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-    Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аткарган аудит жыйынтыгын карап чыгып кетирилген кемчилдиктерге тез арада оңдоо иш чаралары көрүлсүн.

-           Кассалык тартип эрежелерин сактоо бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн көзөмөлдөп иш алып баруу жагын а/өкмөтунун башкы эсепчиси М.Ботобаевка тапшырылсын.

-    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

17

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-5

24.12.2015

 

    «Муз булак айылдык ичүүчү  суу керектелүүчү коомдук

      бирикмелеринин иштери жөнүндө»

    Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Кожоке айылындагы Музбулак жеке ишкер уюму Кожоке атындагы айылындагы 1961-жылы курулган суу түтүктөрү союз таркагандан кийин кароосуз калып элге таза суу чыкпай калган. Кийинки мезгилде элдердин суроо талабы ,түрлүү оорулары көбөйүп кеткендигине байланыштуу таза суу ичүү үчүн муктаждыктар болуп жаткандыгы а/өкмөтүнун башчысына кайрылышкан,ошол муктаждыктарды чечүү үчүн аү өкмөтү тарабынан элдик суроо талабын колдоо үчун  музбулак жеке ишкер уюмуна 39000 миң сом акча которуп берип , бүгүнкү күнү Кожоке айылында таза суу менен камсыз болуп элдин суроо талаптарын канааттандырылып элдик жыйында музбулак СПАсынын жасаган иштери жакшы деген баа берилип а/кеңешинин депутаттарынын отурумунда каралып төмөнкүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-    Н.Исанов атындагы а/Кеңеши Музбулак жеке ишкер уюмунун иштери канааттандырылсын деп  белгиленсин.

-           Таза суу боюнча оңдолгон суу түтүкчөлөлүн этияттык менен пайдалануу үчун элге түшундүрүү иштерин жүргүзүүү жагын    Кожоке айылынан шайланган депутаттарын жана башка айыл башчыларга тапшырылсын.

-           Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын а/кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсун.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

18

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-6

24.12.2015

 

«Тоо кендери жөнүндө»

    Н.Исанов атындагы а/өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан Кичик-Алай айылынын Акчукур жайлоосунун айланасындагы көмүр кенин УСМ  ОсОО  водстрой ишканасы 27-январь 2014-жылы жылдагы түзүлгөн №3 келишимдин негизинде иштерди аткарбай жаткандыгына байланыштуу көмур казуу иштерине жана ошондой Жаңы –Доор жеке ишканасы Районунун Белалма участкасынан  көмүр кенин казып Кичик Алай айылы аркылуу көмүр ташылып жолдорду чоң машиналар Хоолор бузуп жаткандыгы жөнүндө элдердин сунуштарын угуп а/өкмөтунө караштуу жолдорго убактылуу көмүр ташуу үчүн келишим түзүлгөн болчу келишимдеги иштер бүтпөй жаткандыгын эске алып айыл кеңешинин депутаттары төмөнкудой токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-    Н.Исанов атындагы а/өкмөтү менен УСМ водстрой менен түзулгөн келишимге толугу менен аткарганга чейин көмүр казуу иштери токтосулсун.

       Жаңы –Доор ишканасы Кичик-Алай жайлоосу аркылуу өтүлүүчү 

       жолдорго келишим түзулгон 12-июнь 2014-жылы № 24 болуп түзүлгөн

       элге келишим түзулгон иштер аткарылбай жаткандыгын эске алып комур

       ташуу иштери токтотулсун

-              Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы

       туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

19

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-7

24.12.2015

 

"Байыш айылына курулуучу балдар бакчасы жонундо"

     Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Байыш айылына куруулучу балдар бакчасынын долбоорунун жалпы суммасы 3 404 810сом . Анын ичинен 10 пайызын тузгон 3 404 810 жергиликтүу бюджеттин бөлуп берүү үчүн айылдык кенештин депутаттары төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

                            Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган Р-709.11.ст   

                        3111390-жалпы инвестиция тарту үчүн каралган 340481 сом акча каражаты

                        өздук салымына берилсин.

 

                 2.        Өздүк салымга берилген акча каражатын өз убагында керектүү жерге

                         которуп берүү жагы айыл өкмөтунүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге

                         милдеттендирилсин.

 

                 3.          Ушул токтомдун аткарылышын козөмолдоп иш алып баруу жагын

                          айыл өкмотүнүн башчысынын орун басары Ү.Маткалыковго

                          тапшырылсын.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

20

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-8

24.12.2015

 

"Социалдык- экономикалык онугуунун планы жонундо"

    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү планы , Кыргыз Республикасынын  Ош облусунун өкүлчүлүгунүн  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Н.Исанов айыл өкмөтүнүн онугүү пландарынын негизинде толуктоо жана айыл окмотунүн социалдык стратегиясын айылдык кенештин сессиясында талкуулап төмонкүдөй.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

                   1.       Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата

                          социалдык экономикалык стратегиялык  планга

                          ылайык толуктоо жана өзгөрүүлөр бекитилсин.

 

                   2.        Ушул токтомдун аткарылышын козөмолдоп иш алып баруу жагын  айыл

                           өкмотүнүн башчысынын орун басары Ү.Маткалыковго тапшырылсын.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

21

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-9

24.12.2015

 

«Н.Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканалар   жана жеке кожолуктар үчүн тазалыктарды сактоо жөнүндө»

     Н.Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган үй ээлери жана мекеме ишканалардын айлана чөйрөдөгү     тазалыкты сактоо максатында айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-      Н.Исанов атындагы айыл аймагында жайгашкан ар бир кожолуктан жылына 100 сомдон таштанды үчүн акча   өндүрүлсун.

-      Н.Исанов  атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме ишканаларда таштандылар үчүн 200сомдон акча   өндүрүлсүн.

-      Н.Исанов  атындагы айыл өкмөтүнүн чектелген жерге таштандыларды алып барып таштабагандыгы үчүн 1-жолу 500сом,      

      2-жолу 1000сом,  3-жолу 2000мин сомго чейин айып пул салынсын.

  -   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы а/кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына       тапшырылсын.  

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

22

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-10

24.12.2015

 

«Ардак граммата менен сыйлоо жөнүндө»

     Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган Күңгөй Кожеке айылында жашаган Алибаев Чыңгыз  Акылбекович Кожоке айылына таза суу чыгарууга жакындан жардам бергендиги үчүн көпчүлүк элдин алкышына ээ болгондугун эске алып айыл кеңешинин Ардак грамматасы менен сыйлоо жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылат .

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-       Н.Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган Күнгөй Кожеке айылынын тургуну Алибаев Чыңгыз  Акылбековичге айыл кеңешинин ардак грамматасы менен сыйлансын.

-           Ушул токтомдун аткарылышын козөмолдоп иш алып баруу жагын айыл кенешинин торагасынын орун басары   И.Маматовко жуктөлсун.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

23

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкенешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-11

24.12.2015

 

"Кожеке айылына курулуп жаткан ФАП жонундо"

      Н.Исанов айылдык кенешинин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кожоке айылына курулуп жаткан ФАП курулушуна көзөмол жүргүзүү максатында БМжБТ (биргелншкен мониторинг жана баалоо тобун ) түзүу жөнүндө

      АРИСтин “ Карыздык милдеттерди конверсиялоо III,коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын денгээлин азайтуу “ долбоорунун алкагында айыл өкмөтунүн аймагындагы Кожоке айылына курулуп жаткан ФАП тын курулушун сапаттуу бүткорүлүшун козөмолдөө максатында Биргелешкен мониторинг жана Баалоо тобун тузүу үчун Н.Исанов айыл кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

.    АРИСтин “ Карыздык милдеттерди конверсиялоо III, коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын денгээлин азайтуу “ долбоорунун алкагында айыл өкмөтунүн аймагындагы Кожоке айылына курулуп жаткан ФАП тын курулушун көзөмөлдөө максатында төмөнкүдөйкурамдагы БМжБТ (Биргелишкен мониторинг жана баалоо тобу) тузүлсүн.

 

        Аты жөнү     Кызматы

1          Н.Асанов      Н.Исанв АКОБбашчысы ГСМиОнун комиссиянын торагасы

2          Кармышаков Л      Дыйкан чарбасы башчысыСМиО мучөсү ,жеке ишкер

3          Манасов Р    Айыл башчы

4          Аттокуров А Айылдык кенештин депутаты

5          Юлдашев А Тех көзөмөл куруучу .

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана графиктин негизинде мониторинг откөрүү ГСМиОнун торагасы   Н.Асановго жүктөлсүн.

Н.Исанов атындагы аүкенешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад

 

 

 

24

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Н.Исанов атындагы аүкеңешинин 6-чакырылышынын 6-отурумунун (сессиясы)

Т О К Т О М

Жаны- Базар айылы

6-12

24.12.2015

 

 «Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө  талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө”

“ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын   “Шайлоо комиссиясын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби “  жөнүндөгү ,  шайлоо комиссияларынын резерфин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү жоболордун талаптарына ылайык  Н.Исанов атындагы айылдык округунун кеңешинин аймагында жайгашкан Жаңы-Базар айылынын Байыш фермер чарбасынын жамаатынын 11-январь 2016-жылдагы №1 протоколу, Жаны –Базар айылынын жамаатынын 2014-жылдын 14-январындагы №1 протокол жана ошондой эле Чеч-Добо айылынын Чеч-добо айыл чарба копоративинин 18-январь 2016-жылдагы №1 протоколунун негизинде сунуш кылынган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулап Н.Исанов атындагы айылдык кенеши токтом кылат

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

-     Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылган байыш фермер чарбасынын мүчөсү Бурканов Мустапакул Анваровичтин талапкерлигин көрсөтүү боюнча 11.01.2016-жылдагы №1 протоколун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлигине сунуш кылынсын    ( протокол ж тийиштуу документтер тиркелет) .

-     Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылган Жаны-Базар айылынын жамаатынан Осмоналиев Алмазбек Шариповичтин талапкерлигин көрсөтүү боюнча  2014-жылдын

       14-январындагы №1 протоколу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына

       талапкерлике сунуш кылынсын.

       ( протокол ж тийиштуу документтер тиркелет) .

 

 

 

-         Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлике сунуш кылган

       Чеч-Добо айылынын Чеч-добо айыл чарба коопоративинин жамааты   

       Байдоолотов Абдисалам Пиратовичди 18-январь   2016-жылдагы

       №1 протоколунун негизинде сунуш кылынсын .

       ( протокол ж тийиштуу документтер тиркелет) .

 

 

-      Ушул токтомду бекитип беруу жагы Кыргыз Республикасыныын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук       комиссиясынан суралсын.

Н.Исанов атындагы аүкеңешинин  төрагасы 

 

Ж. Нурмаматов

 

 

Назад