М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

 

1.

30-1

19.03.2015

Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын май айындагы   шайлоого карата көп  мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө. (тиркемеси менен)

 

2.

30-2

19.03.2015

Кожеке айылындагы « Кожеке -1 » балдар бакчасынын үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу.

 

3.

30-3

19.03.2015

Ноокат районунун Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин жер салыгын эсептөөдө   колдонулуучу К-2 «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр»   коэффиценти жана

«мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык 0,8 коэффицентин бекитүү жөнүндө.

 

 

 

 

Жалпы токтом 3, тиркемелери 1 токтомдо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Н.Исанов атындагы айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезексиз  отузунчу сессиясы

 

Т О К Т О М

Жаңы-базар айылы

30-1

19.03.2015

 

 Н.Исанов аытндагы айылдык кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын май айындагы шайлоого карата көп  мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө

      « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктчасын, « Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1,2,4-пункттарын жана Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн Н. Исанов айылдык округунун аймагындагы элдүү пункттардагы калктын саны боюнча 2015-жылдын 1-январына карата берген маалыматын негиз кылып, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Н.Исанов айылдык кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын 17-май айындагы шайлоого карата Н.Исанов айылдык  Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин.

          (тиркеме тиркелет) .

 

  1. Н.Исанов айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун өз дарегине жетишин камсыз кылуу жагы айыл Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго тапшырылсын.

 

Н.Исанов атындагы айылдык                                            кеңешинин төрагасы:

 

 

Абай Дөөлөтов

 

 

Назад

 

 

 

 

Н.Исанов аытндагы айыл Кеңешинин 5-чакырылышынын 2015-жылдын

19-март   айындагы кезексиз 30-отуруму сессиясы. №30-1 токтомуна тиркеме.

 

Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2015-жылдын май айындагы

шайлоого карата айылдык Кеңешинин аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округун түзүү боюнча

МААЛЫМАТ

 

Шайлоо округунун №, мандаттын саны ,аталышы

Шайлоо округундагы калктын саны

Шайлоо оргундун чек ара аймагы

Шайлоочулардын саны

Шайлоочунун санына эсептел-н бир мандаттын саны

Бир мандатка тура келген шайлоочунун саны

1

№ 4  мандаттуу  Чөч-Дөбдө шайлоо округу

3547

Кичик Алай  айылы толугу менен

Чеч-Дөбө айылы Анаров Исраилдин үйүнөн төмөн жагы А.Шеркулов көчөсүндөгү А.Осмонов мектебинин айланасында жашаган айыл тургундары  толугу менен кирет.

1434

387

 

2

№ 4  мандатуу  Жар-Коргон шайлоо округу

3774

Жар-Коргон айылындагы күн чыгыш тарабындагы Артыков Нурландын үйүнөн төмөнкү жагы К.Абдыкалыков көчөсүндөгү жашаган айыл тургундары толугу менен кирет.

1436

387

 

3

№ 5 мандатуу  Кошчан шайлоо округу

5071

Кожеке айылындагы күн чыгыш тарабы Көп кыштоо кичи айылындагы жашаган Сыдыков Маматалинин үйүнөн төмөнкү жагы Ш.Камалов атындагы көчөсүндөгү жашаган Исмаилов Алтынбектин үйүнө чейинки жашаган айыл тургундары толугу менен кирет.

2141

387

 

4

  2  мандатуу Жаңы-Базар шайлоо округу

2000

Жаңы-Базар айылындагы күн чыгыш тарабындагы Дыйканов Раимжандын үйүнөн төмөнкү жагы Н.Исанов атындагы көчөсүнөн Байыш орто мектебинин айланасындагы Акчабу айылындагы жашаган айыл тургундары толугу менен кирет.

748

387

 

5

   6  мандаттуу  Күнгөй-Кожеке шайлоо округу

5031

Күнгөй-Кожеке айылындагы күн чыгыш тарабы Б.Алибаев атындагы көчөсүндө жашаган Эсеналиев Абдырахмандын үйүнөн төмөнкү жагы Ош көчөсүндөгү жашаган Төрөбаев Топчубайдын үйүнө

чейинки  жашаган айыл тургундары толугу менен кирет.

2376

387

 

Н.Исанов атындагы айылдык

 Кеңешинин төрагасы:                                                          А.Байдөөлөтов

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Н.Исанов атындагы айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезексиз  отузунчу сессиясы

 

Т О К Т О М

Жаңы-базар айылы

30-2

19.03.2015

 

 Кожеке айылындагы « Кожеке -1 » балдар бакчасынын үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу

   Кожеке айылындагы « Кожеке-1 » балдар бакчасынын кошумча ачылган үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу Кожеке айылынын жашоочуларынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Н.Исанов атындагы  айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кожеке айылынын жашоочуларынын суроо-талаптары канааттандырылсын.

 

  1. Кожеке айылындагы «Кожеке-1 » балдар бакчасынын үчүнчү тайпасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исанов айылдык Кеңешинин сциалдык ,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Н.Исанов атындагы айылдык                                            кеңешинин төрагасы:

 

 

Абай Дөөлөтов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Н.Исанов атындагы айылдык  кеңешинин (5-чакырылышы)

кезексиз  отузунчу сессиясы

 

Т О К Т О М

Жаңы-базар айылы

30-3

19.03.2015

 

 Ноокат районунун Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » коэффиценти жана « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык 0,8 коэффицентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында №231 кабыл алынган жаңы салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңешинин аймгында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » коэффицентин жана салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештин аймагында « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык коэффицентин кабыл алуу максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу концштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » коэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин жана 2015-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.

 

  1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык коэффиценти 0,8эсебинде бекитилсин.

 

  1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы калктын мекеме ишканалардын топтогон таштандыларын алып чыгуу жыйынын ставкалары бекитилсин жана 2015-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш баруу жагы айыл округунун туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысынын орун басары М.Маматовго милдеттендирилчин.

 

 

Н.Исанов атындагы айылдык                                            кеңешинин төрагасы:

 

 

Абай Дөөлөтов

 

 

Назад