Дата
публикации 16.03.2015
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№21-1 токтому
Жаны Базар айылы
25.01. 2014-ж
Мечит
салуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын
күнгөй тарабындагы жшаган 86 адам айыл кеңешинин
депутаттарына мечит салуу үчүн эч кимге тиешеси жок кайрак жерден
0,10 га жер ажыратып берүү жөнүндө атайын арыз
менен кайрылышкан ошол арызды канаттандыруу максатында Н.Исанов атындагы айыл
кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен
төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ :
1. Н.Исанов атындагы айыл
аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын күнгөй тарабындагы жашаган 86 адамдын колу коюлган
арызын канааттандыруу максатында эч кимге тиешеси жок таштак, кум басып жаткан
жерден өздөштүрүп мечит салуу үчүн 0,10 га
жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер
аянтынын чиймесин чийип берүү жагы Ноокат райондук архитектура
бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл
кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы
айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№21-2 токтому
Жаны Базар айылы
25.01. 2014-ж
Айыл Кеңешинин отчету жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл
кеңешинин төрагасы Байдөөлөтов Абдисалам
Пиратовичдин 2013-жылдын 2-жарым жылдыгы боюнча отчетун угушуп айыл
кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
Токтом
кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл
кеңешинин төрагасы Байдөөлөтов Абдисалам
Пиратовичдин 2013-жылдын 2-жарым жылдык жүргүзүп жаткан
иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2.
Ушул токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин
этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№21-3 токтому
Жаны
Базар айылы
25.01. 2014-ж
Кичик Алай көмүр кени жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кичи-Алай
айылынын Зак Кашка Суу жериндеги көмүр кенин бир тараптуу кылып
чечип, пайдаланып жаткан ишкана менен укуктук жана келишим
түзүү боюнча комиссия түзүү
жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл кеңеши
төмөнкүдөй
Токтом
кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл
аймагына караштуу Кичи-Алай айылынын Зак Кашка Суу жериндеги көмүр
кеин бир тараптуу кылып чечип, пайдаланып жаткан ишкана менен укуктук жана
келишим түзүү боюнча төмөнкүдөй
комиссиянын курамы түзүлсүн:
-
А.Байдөөлөтов – а\к төрагасы;
-
Э.Эргешов – а\к депутаты;
-
М.Сыдыков – а\к депутаты;
-
М.Карагозуев – а\к депутаты;
-
А.Осмонов – а\к депутаты;
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып
баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго
тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№21-4 токтому
Жаны Базар айылы 25.01. 2014-ж
Борбордук көчөлөргө асма шам коюу
жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына
караштуу Күнгөй-Кожеке, Тескей-Кожеке, Жаңы-Базар жана
Жар-Коргон айылдарынын борбордук көчөлөрүндө асма
шам жок болгондугуна байланыштуу көчөлөрдү
жарыктандыруу үчүн 150 000 ( бир жүз элүү
миң) сом акча каражаты
керектелээрин билдирип айыл өкмөтүнүн башчысы айыл
кеңешинин депутаттарына сунуш кат менен кайрылган. Ошол сунушту
канааттандыруу максатында айыл кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй
Токтом
кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл
аймагына караштуу Күнгөй-Кожеке, Тескей-Кожеке, Жаңы-Базар
жана Жар-Коргон айылдарынын борбордук көчөлөрүн
жарыктандыруу максатында айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетинин эсебинен 150000 (бир жүз
элүү миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп
берилген акча каражатын өз убагында таап берип камсыздоо жагы айыл
өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге
милдеттендирилсин.
3. Бекитилген иш-чаралардын
аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Юлдашевге
тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы
айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№21-5 токтому
Жаны
Базар айылы
25.01. 2014-ж
Айыл
өкмөтүнө кызмат кылган автоуна
жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнө кызмат кылуучу ВАЗ -2107 маркасындагы 6000 ОS
мамлекеттик номерлүү автоунаасына айыл
өкмөтүнүн мурунку башчысы Б.Кудайбердиевден жаңы
өкмөт башчы Н.Асановго өткөрүп
берүүдө атайын комиссия түзүлгөн. Ошол
комиссиянын актынын негизинде кээ бир эскилиги жетип калган тетиктерин
алмаштыруу үчүн 30000 отуз миң сом акча каражаты талап
кылынып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы
айыл кеңешинин депутаттарына атайын сунуш кат менен кайрылган. Ошол сунуш
катты канааттандыруу максатында айыл кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй
Токтом
кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнө кызмат кылуучу ВАЗ -2107 маркасындагы 6000 ОS
мамлекеттик номерлүү автоунаасынын жараксыз тетиктерин алмаштыруу
үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 отуз
миң сом бөлүнүп берлсин.
2. Бөлүнүп
берилген акча каражатын өз убагында таап берип камсыздоо жагы айыл
өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы: А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№21-6 токтому
Жаны Базар
айылы
25.01. 2014-ж
Убактылуу
жеке менчик автоунаны пайдаланып туруу үчүн
Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнө кызмат кылуучу ВАЗ -2107 маркасындагы 6000 ОS
мамлекеттик номерлүү автоунаасы оңдолуп чыккан убакытка чейин
айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асанов
өзүнүн S 36 86 B мамлекеттик номерлүү автоунаасын
пайдаланып туруу үчүн айыл кеңешинин депутаттарына кайрылган.
Ошол кайрылууну талкуулап карап чыгып
төмөнкүдөй
Токтом кылат:
1. Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн башчысы Н.Асанов өзүнүн S 36 86 B мамлекеттик
номерлүү автоунаасын пайдаланып турууга макулдук берлсин.
2. Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл
кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы
айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 21-отурумунун
№ 21-7 токтому
Жаны Базар айылы
25.01. 2014-ж
Н..Исанов атындагы айыл аймагынын
Тескей-Кожеке айылынын тургундары Н.Абдрасулов, А.Нурбеков,
С.Өскөновдордун 2014-жылдын 1-январында мал сарайлары,
Жаңы-Базар айылынын тургуну Ж.Маликовдун 2014-жылдын 13-январында
үйү күйүп кеткен. Ал эми 2014-жылдын 21-январь күнү
Күнгөй-Кожеке айылынын тургуну А.Раеванын мал сарайы
күйүп өрттү өчүрүү убагында
денесинен жаракат алган. Андан сырткары турмуш шарты оор
үй-бүлөөлөрдөн Ысманов Кушбакка жана
Жусупова Алимага жардам берүү максатында жергиликтүү
бюджеттин эсебинен жардам берүү максатында
төмөнкүдөй
Токтом
кылат:
1. Тескей-Кожеке айылынын
тургундары Н.Абдрасулов, А.нурбеков , С.Өскөнов, Ж.Маликовдордун ар
бирине 4000 төрт миң сомдон, ал эми А.Раевага жаракат алганын эске
алып 9000 (тогуз миң) сом, Ысманов Кушбакка 1000 (миң) сом ,
Жусупова Алимага 2000 (эки миң) сом жалпысынан 28000 (жыйырма сегиз
миң) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде
бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп
берилген акча каражатын өз убагында таап берип камсыздоо жагы айыл
өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл
кеңешинин финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
айыл кеңешинин төрагасы: А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун
№ 22-1 токтому
Жаны Базар айылы
18.02. 2014-ж
Жаңы-Базар айылына
балдар бакчасын куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын
Жар-Коргон, Чеч-Дөбө, Тескей-Кожеке, Күнгөй-Кожеке
айылдарында балдар бакчасы бар. Учурда алар балдарга жакшы тарбия берип
жатышат. Ал эми айыл өкмөтүнүн борбору Жаңы-Базар
айылында балдар бакчасы жок болуп жаткандыгына байланыштуу айыл тургундары
балдар бакчасын куруу үчүн жер ажыратып берүү боюнча
атайын арыз менен айыл кеңешинин депутаттарына кайрылышкан. Ошол арызды
канаттандыруу максатында айыл өкмөтүнө караштуу бош
жерлерди издеп чыгып кийинки отурумга коюп чечип берүү
жөнүндө айыл кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун
№ 22-2 токтому
Жаны Базар айылы
18.02. 2014-ж
Бедел молдобаевдин 80 жылдык
маарекеси жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу
Тескей Кожеке айылынын тургуну журналист – Бедел Молдобаевдин 80 жылдык
мааракесине карата иш чараларды түзүп ийгиликтүү
өткөрүү максатында Жаңы-Базар айылында борбордук
айылдык китепканага Б.Молдобаевдин ысымын ыйгаруу максатында айыл
кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ
КЫЛАТ
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы: А.Байдөөлөтов
Депутаттардын Н.Исанов атындагы Айыл округунун Кенешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун
№ 22-3
токтому
Жаны Базар айылы
18.02. 2014-ж
Ноокат
районунун Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин жер салыгын
эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык
аймактык өзгөчөлүктөрү » коэффиценти
жана « мүлккө салык »
салууда К-2 зоналдык 0,8 коэффицентин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
17-октябрында № 231 кабыл алынган жаңы салык кодексинин 339-беренесинин
4-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңешинин аймагында айыл чарба
багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын
экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » коэффицентин
жана салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык жергиликтүү
Кеңештин аймагында « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык
коэффицентин кабыл алуу максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н.Исанов атындагы
айылдык
Депутаттардын Н.Исанов атындагы Айыл округунун Кенешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун
№ 22-4
токтому
Жаны Базар айылы
18.02. 2014-ж
« Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн 2013-жылдан калган калдыктын 2014-жылга
аткарылышы жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн 2013-жылдан калган калдыктын, 2014-жылга
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « Экономика , бюджет, Кыргыз
Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жана
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
жөнүндөгү » Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык
депутаттардын Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н.Исанов атындагы
айылдык
Кеңешинин
төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Депутаттардын Н.Исанов атындагы Айыл округунун Кенешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун
№ 22-5 токтому
Жаны
Базар айылы
18.02. 2014-ж
« Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы,
2014-жылга айылдык бюджети жана 2015-2016 жылдарга бюджеттин болжолун
бекитүү жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы,
2014-жылга каралган айылдык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолун бюджети жана
2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын
негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын
жетекчилеринин катышуусунда депутатардын Н.Исанов атындагы айылдык
кеңешинин « Экономика, бюджет ,соода жана ишкердүүлүк»
Боюнча туруктуу комиссиясы тарабынн каралып
чыгылган. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
жөнүндөгү » Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык
депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
Айылдык бюджеттин чыгаша
бөлүгү 2014-жылга түшкөн кирешелердин жана
гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер
боюнча (эмгек акы, соц.фондко
чегерүү, тама-аш коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу
белгиленсин.
Атайын каражаттар казыналыктан
тышкары бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу чыгымдалган учурда Кыргыз
Республикасынын « Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана
2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын
14-беренесинин 5-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык
бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
-
Ушул
токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык
бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул
токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү
киргизүүгө;
-
Ченемдик
укутук акылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду
жүргүзүүгө;
-
Киреше
бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн
каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн
көбөйтүү жагын кароо.
Н.Исанов атындагы
айылдык
Кеңешинин
төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Депутаттардын Н.Исанов атындагы Айыл округунун Кенешинин 5-
чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун сессиясынын
№ 22-6 токтому
Жаны Базар айылы
18.02. 2014-ж
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин 2013-жылдын 28-декабрындагы иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга
карата түзүлгөн божомол бюджети
жөнүндөгү » №1
жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу.
Н.Исанов атындагы
жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 28-декабрындагы « 2013-жылга
жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана
2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети
жөнүндөгү » № 1
жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык кеңеши
бекитүү максатында.
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
Депутаттардын
Н.Исанов атындагы
Айылдык
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын
кезексиз 23-отурумунун
№23-1
токтому
Жаны Базар айылы
15.03. 2014-ж
Транспорматорду жылдыруу
жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу
Жар-Коргон айылындагы С.Атабаев көчөсүнүн А.Назаров
көчөсүнүн башталышынан АРИС уюму менен курулган
трасформаторду подсоб көчөсүнүн жашоочуларына айыл
кеңешине кайрылган сунуштарын, чогулуштун протоколун эске алып айыл
кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
Н.Исанов атындагы
айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын
кезексиз 23-отурумунун
№23-2
токтому
Жаны Базар айылы
15.03. 2014-ж
Айыл
өкмөтүнүн айланасынан топурак,шагыл алган жерлерди
иретке келтирүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына топурак,
шагыл алынган жерлерди иретке келтирип, мыйзамдаштырып,
көзөмөлдөө жөнүндө айыл
кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
Токтом кылат:
Н.Исанов атындагы
айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын
кезексиз 23-отурумунун
№23-3
токтому
Жаны Базар айылы
15.03. 2014-ж
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу
Тескей-Кожеке айылындагы Актерек көчөсүндө жашап
көп жыл элдик башкарма болуп иштеп жүрүп өтүп
кеткен Матибаев Мусанын атына коюу боюнча ошол көчөдө жашаган
айыл тургундары чогулуш
өткөрүп көчөнүн атын Матибаев Муса деп
өзгөртүү боюнча чогулуштун чечимин кабыл алышкан ошол
чечимдин негизинде айыл кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй
Токтом кылат:
Н.Исанов атындагы
айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы
айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын кезексиз 23-отурумунун
№23-4 токтому
Жаны Базар айылы
15.03. 2014-ж
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын
Тескей-Кожеке айылындагы Кошчан капчыгайынын ичинен жаш
өспүрүмдөрдү машыктыруу үчүн жай
мезгилинде спорттук аянтчасын куруу үчүн айыл
өкмөтүнө караштуу кайрак жерден 0,40 га жер ажыратуу
жөнүндө айылдык кеңеши
төмөнкүдөй
Токтом кылат:
Н.Исанов атындагы
айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы
айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын кезексиз 23-отурумунун
№23-5 токтому
Жаны Базар айылы
15.03. 2014-ж
Подсоб
көчөсүнө мечит куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын
Жар-Коргон айылынын Подсоб көчөсүндөгү эски
мечиттин ордуна жаңы мечит куруу үчүн айылдын жана Подсоб
көчөсүнүн эли демөөрчүлөр
аркылуу мечит куруу үчүн жыйын өткөрүшкөн.
Ошол жыйындын протоколун чечиминин негизинде айыл кеңешине кайрылышкан.
Ошол чечимди канааттандыруу максатында айылдык кеңеши
төмөнкүдөй
Токтом кылат:
Н.Исанов атындагы
айыл
кеңешинин төрагасы: А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын
кезексиз 23-отурумунун
№23-6
токтому
Жаны Базар айылы
15.03. 2014-ж
« Мечит жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жар-Коргон
айылынын тургуну Жапаров Рыскулдун өзүнүн жеке менчик тамарка
жеринен 0,06 га жерге мечит куруу үчүн макулдугун берип,
Таш-Күнгөй көчөсүнүн тургундары
өздөрү демөөрчүлүк менен мечит салуу
үчүн атайын жыйын өткөрүшүп, жыйындын
протоколкунун чечиминин айыл кеңешинин депутаттарына сунушташкан. Ошол
чечимди карап чыгып айыл кеңеши төмөнкүдөй
Токтом кылат:
Н.Исанов атындагы
айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын
кезексиз 23-отурумунун
№24-1
токтому
Жаны Базар айылы 15.03.
2014-ж
« Айыл аймагындагы шайлоо
участкаларынын резервдик курамын бекитүү »
№372
Чеч-Дөбө шайлоо участкасынын резервдик курамынын тизмеси:
№ 373 Жар-Коргон шайлоо участкасынын резервдик
курамынын тизмеси:
№ 374 Кошчан шайлоо участкасынын резервдик
курамынын тизмеси:
№375 Жаңы-Базар шайлоо участкасынын
резервдик курамынын тизмеси:
№ 486 Күнгөй-Кожеке шайлоо
участкасынын резервдик курамынын тизмеси:
№ 487 Кичик –Алай шайлоо участкасынын резервдик
курамынын тизмеси:
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Токтом
17.06.2014-жыл
Н.Исанов атындагы айылдык
Кеңешинин 5 чакырылышынын 25 отурумунун
№
25-1-токтому
« Аты жок
көчөлөргө ат коюу жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы
айылдарда жаңыдан түшкөн аты жок
көчөлөргө ошол көчөлөрдүн
жашоочуларынын протоколунун негизинде көчөлөрдүн аттары
бекитилсин:
-
Чеч-Дөбө айылындагы аты жок
көчөлөргө ат коюу:
1.
М.Мамат
садыков атындагы көчөсү
2.
А.Жолдошов
атындагы көчөсү
3.
Т.Калыбаев
атындагы көчөсү
4.
Келечек
атындагы көчөсү
-
Жар-Коргон айылындагы аты жок
көчөлөргө ат коюу:
1.
Жолдошов
Якуб атындагы көчөсү
2.
Жумабаев
Азиз атындагы көчөсү
-
Тескей-Кожеке айылындагы аты жок
көчөлөргө ат коюу:
1.
Раев
Иматила атындагы көчөсү
2.
Тешебаев
Медер атындагы көчөсү
3. Мамат бий атындагы
көчөсү
-
Жаңы-Базар айылындагы аты жок
көчөлөргө ат коюу:
1.
Ынтымак
көчөсү
2.
Ажимуратов
Абдыкар көчөсү
-
Күнгөй-Кожеке айылындагы аты
жок көчөлөргө ат коюу:
1.
Бак
көчөсү
2.
Таш
көчөсү
3.
Биримдик
көчөсү
4.
Үсөнбаев
Назарбек атындагы көчөсү
5.
Эргешов
Тургунбай атындагы көчөсү
6.
Токтосунов
Үсөнбай атындагы көчөсү
7.
Подстанция
көчөсү
8.
Ысманов
атындагы көчөсү
9.
Асанов
Абдалим атындагы көчөсү
10.
Исаев
М атындагы көчөсү
11.
Жаштар
атындагы көчөсү
Токтомду
көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин
төрагасынын орун басары Э.Эргешовго милдеттендирилсин.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 25-отурумунун
№25-2 токтому
Жаны Базар айылы
17.06. 2014-ж
« Мергенчилерге макулдук
бербөө жөнүндө »
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов
атындагы айылдык Кенешинин
5-чакырылышынын 25-отурумунун
№25-3 токтому
Жаны Базар айылы 17.06. 2014-ж
Муниципалдык
менчикке кабыл алуу жөнүндө
Н.Исанов атындагв айыл аймагына караштуу Тескей Кожеке айылында жашаган
Токторова Жылдыз Маматкадыровнанын жеке менчигине берилген 0,10 га жер
мамлекеттик каттоо №266613 номерлүү китебин
өзүнүн арызынын негизинде Тескей Кожеке айылынын элин таза
суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалдык менчикке
өткөрүлүп берилсин.
-
Муниципиалдык менчикке өткөрүлүп
берилген Токторова Жылдыз Маматкадыровнанын 0,10 га жерин айыл
өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине каттоого алынсын.
-
Ушул токтомдун аткарылышын
көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 26- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №26\1
Жаны
Базар айылы
23.08. 2014-ж
« Айыл
өкмөтүнүн 6 айлык отчетту жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл
Өкмөтүнүн башчысы Асанов Нурланбек Эсенбаевич Айылдык
Кеңешинин депутаттарына 2014-жылдын 6 айлык отчеттун берүү
учурунда, азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштерин
канаттандырарлык деп белгиленгендиги жөнүндө Айылдык
Кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй:
Токтом кылат:
-
Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Асанов Нурлан
Эсенбаевичдин 2014-жылдын 6 айлык
отчетту канаттандырарлык деп белгиленсин.
-
Ушул
токтомду көзөмөлдөп иш алып баруу жагын
Айылдык-Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 26- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №26\2
Жаны Базар айылы
23.08. 2014-ж
« Кышка даярдык жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин
аймагындагы мектептердин , айыл Кеңешинин депутаттары жана айыл
өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте даярдыгын
көрүп чыккан, учурда канаттандырарлык деп белгиленгендиги
жөнүндө айыл кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
-
Н.Исанов
атындагы Айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан 7-орто мектеп
2014-2015-жылдын кышка карата ремонт иштери толук
бүткөрүлгөндүгүнө байланыштуу канаттандырарлык
деп бекитилди.
-
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын
айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге жардамчы
эсепчи М.Айдаровго жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 26- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №26\3
Жаны
Базар айылы
23.08. 2014-ж
« Иштелбей жаткан акча
каражаттын беренелерин өзгөртүү »
Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн 2014-жылга карата бекитилген беренелерине кээ
бири бүгүнкү күнгө чейин иштелбей жаткандыгын
эске алып беренелерин өзгөртүү үчүн Айыл
Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл
өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевдер жоопкерчилиги
менен биргеликте Н.Исанов Айыл кеңеши төмөнкүдөй
токтом кылат:
ТОКТОМ:
-
Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бекитилген
бюджеттин негизинде игтелбеген беренени башка иштете турган беренелерге
жылдырууга макулдук берилсин.
-
Республикалык
бюджетке спорт залдын салымын кайтарууга бөлүнгөн 450,0
миң сом акча айыл өкмөтүнүн аймагындагы
мектептерге жана айыл өкмөтүнүн резерв фондусуна
семинар өткөрүү айыл өкмөтүнүн
кеңсесин сырлоого, биометрикалык маалыматты тактоо үчүн
жумшалсын.
-
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып бару жагын
бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы: А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 26- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №26\4
Жаны Базар айылы
23.08. 2014-ж
« Айыл өкмөтүнө
караштуу 30,0 га чөп орунду жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнө караштуу 30,0 га чөп орунду жердин ижара
акысын төлөмү арзан болуп жаткандыгына байланыштуу Айыл
кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен 2014-жылга 1,0 га чөп
орунду жердин ижара акысын 10,0 (он миң)
сомдон нарк коюп 30,0 га чөп орунду жерге 300 (үч жүз
миң) сом ижарага алган айыл өкмөтүнүн
тургундарынан өндүрүлүп кассага кириштөө
жөнүндө жана ошондой эле 2015-жылга карата айыл
өкмөтүнө караштуу орто фондун 30,0 га чөп орунду
жерин аукциондун негизинде жеңүүчүлөргө
берүү жөнүндө айыл кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй:
Токтом кылат:
-
Н.Исанов
атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу орто фондун 30,0 га
чөп орунду жери 2014-жылга карата ижара акысын төлөмү
арзан наркта төлөнүп жаткандыгына байланыштуу Айыл
Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен 1,0 га чөп орунду жерге
ижара акысы 10 он миң сомго төлөмүн жогорулатып, жатып
30,0 га чөп орунду жерге 300 үч жүз миң сом акча
ижарачылардан өндүрүлүп айыл
өкмөтүнүн кассасына кириштелсин.
-
Айыл
өкмөтүнүн экономикасын көтөрүү
максатында орто фондун сулуу, кайрак чөп орунду жерлердин баасы
2015-жылга карата мөөнөтү бүткөн
ижарачылардын жерин аукциондун негизинде
жеңүүчүлөргө берилсин.
-
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын
Айыл кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 26- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №26\5
Жаны Базар айылы 23.08. 2014-ж
« Мончо куруу боюнча »
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешине
караштуу Күнгөй Кожеке
айылынын тургуну Кадыров Шекербек Ысмаилович өзүнүн жеке
менчик жерине мончо куруу үчүн айыл тургундары менен биргеликте макулдашып
жыйын өткөрүп, чечим кабыл алышкан. Ошол жыйындын чечиминин
негизинде Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин депутаттары
төмөнкүдөй:
Токтом кылат:
-
Н.Исанов
атындагы айыл Кеңешине караштуу Күнгөй Кожеке айылынын
тургуну Кадыров Шекербек Ысмаилович өзүнүн жеке менчик жерине
мончо куруу үчүн макулдук берилсин.
-
Жеке
менчик мончонун чиймесин чийип керектүү иш кагаздарын
бүтүрүп берүү жагы Ноокат райондук курулуш
башкармалыгынан суралсын.
-
Ушул
токтомду көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл
өкмөтүнүн орун басары М.Маматовго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 26- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №26\6
Жаны Базар айылы
23.08. 2014-ж
« Күнгөй Кожеке айылы жөнүндө »
Н.Исанов атындагы Айыл Кеңешинин
аймагындагы жайгашкан Күнгөй Кожеке айылынын аты эскиден аталып
жүрүп кийинки мезгилде Февров айылы деп аталып калып Статка
катталып калгандыгына байланыштуу эскиден аталып жүгөн айылдын атын
Күнгөй Кожеке деп аталышы жөнүндө Н.Исанов
атындагы Айыл Кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
-
Н.Исанов
атындагы Айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Күнгөй Кожеке
айылынын эски аты Федров деп райондук Статка катталып
жүргөндүгүнө байланыштуу айылдын эскиден аталып
жүргөн Күнгөй Кожеке деп айтылсын.
-
Н.Исанов
атындагы Айыл кеңешинин токтомунун көчүрмөсү Ноокат
райондук Статка берилсин.
-
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын
Күнгөй Кожеке айылынын айыл башчысы А.Алибаевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 27- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №27\1
Жаны
Базар айылы
07.10. 2014-ж
« 2014-2015-жылдагы кышка
карата даярдык жөнүндө »
Н.Исанов атындагы айыл
Кеңешинин аймагындагы бардык мектептерде бала бакчаларда саламаттыкты
сактоо мекемелеринде электр энергиясы
боюнча 2014-2015-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыктарды
жүргүзүү , электр энергиясынын лимитин сактоо жана
белгиленген чектөөдөн
ашыкча сакталышына жол бербөө боюнча эл арасында
түшүндүрүү иштеринин абалы
жөнүндө:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Кеңеши:
-
2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл
өкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерге, бала
бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына
жеткирилген лимиттин сактоону камсыздоону жана белгиленген
чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө
үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери
жүргүзүлсүн.
-
Айыл аймагында калкты керектүү
көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо
үчүн сатуучу ишканалар кыш мезгилинде көмүрдүн
баасын бир деңгээлде сактоо үчүн аларга өз ара келишим
түзүшсүн, ал үчүн сатуу пунктарын акысыз ачып,
аларда көмүрдүн дайыма болушун жана сатылып жаткан
көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынсын.
-
Электр энергиясын үнөмдөө
үчүн жылытууга пайдаланбоо жана жылытуу үчүн
көмүр даярдоо боюнча эл арасында кеңири
түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтү
Ноокат райондук электр тармактар менен биргеликте.
-
районго жеткирилген электр энергиясын пайдалануунун чегин
сактоо максатында РЭТ ишканасы тарабынан
жеткирилген өчүрүү убактысын так сакталышын
камсыздоо менен аны элге туура жеткирүү.
-
Лиминттен ашып кетсе кошумча
өчүрүлөт
-
Электр чубалгаларына тийген бак-дарактарды
кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякталсын.
-
Айыл өкмөтүн аймагындагы 3 фаз иштеткен
абоненттерге түшүндүрүү иштерин
жүргүзүү менен аларды 3 фаздуу линияларын убактылуу
өчүрүү иштери 2014-жылдын 1-ноябрына чейин толук
аяктлсын.
3. Айыл Кеңешинин депутаттары:
- Айыл Кеңештин
сессиясында кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөттүн аппарат
кызматкерлери, коомдук уюмдар жана таасирдүү адамдар менен
биргеликте элдин калың катмарына жеткирилсин.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы: А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 27- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №27\2
Жаны Базар айылы
07.10. 2014-ж
« Кожеке айылындагы
1976-жылы жалпы айылды таза суу менен камсыз кылган водопавод 1990-жылы иштебей
токтоп калгандыгына байланыштуу , Кожеке айылынын жашоочуларын таза суу менен
кайрадан камсыз кылуу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл округуна караштуу
Кожеке айылындагы таза суу тартып алынуучу насос турган жердин аянты 1959-жылда
2260 м2 , ошондой эле таза суу сактоочу көлгө 0,11 га жер
ажыратылып берилген. 1990-жылы белгисиз себептердин негизинде, жашоочуларга
таза суу берүү токтоп калган. Ошондуктан азыркы мезгилде Кожеке
айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кулуу максатында уюштурулган.
« Муз Булак »
соопусуна жогоруда көрсөтүлгөндөй 2260 м2 жана
0,11 га жер аянтын өткөрүп берүүгө:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.
Н.Исанов
атындагы айыл округуна караштуу Кожеке айылындагы таза суу тартып алынуучу
насос турган 2260 м2 жер аянтын « Муз булак » соопусуна
өткөрүп берилсин.
2.
Ноокат
райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн иш кагаздарын
бүтүрүп берүү жагы суралсын.
3.
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы
айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы
адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 27- отурумунун
(сессиясы)
ТОКТОМ №27\3
Жаны Базар айылы 07.10.
2014-ж
« Байыш , Жар-Коргон
айылдарындагы ФАПтын иштери жөнүдө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин
аймагындагы жайгашкан Жар-Коргон, Байыш айылындагы ФАПтын имаратын эскилиги
жеткендигине байланыштуу ага жаңыдан заманбап имарат куруп
иштетүү жөнүндө кайрылышкан, ошол ФАПтардын
жараксыз экендигин аныктоо үчүн төмөнкүдөй:
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
-
Н.Исанов
атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Жар-Коргон, Байыш
айылындагы ФАПтардын имаратынын абалын аныктоо үчүн Ноокат райондук
мамлекеттик администрациясына сунуш берилсин.
-
Ушул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын
айыл Кеңешинин депутатты Осмонов жана Карыбековторго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 28- кезексиз
отурумунун (сессиясы)
ТОКТОМ №28\1
Жаны Базар айылы
22.11. 2014-ж
СПАнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши айыл
өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн СПА нын
бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан
иштери жөнүндө айылдарда жыйын
өткөрүлүп ошол жыйындын негизинде кайрадан отчетун
берүү жөнүндө төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 28- кезексиз
отурумунун (сессиясы)
ТОКТОМ №28\2
Жаны
Базар айылы
22.11. 2014-ж
« 30,0 га чөп орунду жер » жөнүндө.
Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши айыл
өкмөтүнүн орто фондусуна караштуу 30,0 га чөп
орунду жердин баасы келишимде аз болуп калгандыгына байланыштуу 2014-жыл
чөптүн бир таңгагы 180-200-сом болуп жаткандыгын эске алып
айыл өкмөтүнүн бюджетин жогорулатуу максатында
2014-жылдын 23-августундагы 26\4-токтомун ишке ашыруу тууралуу
ТОКТОМ
КЫЛАТ:
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы: А.П.Байдөөлөтов
Н.Исанов атындагы Айыл
Кенешинин 5-чакырылышынын 28- кезексиз
отурумунун (сессиясы)
ТОКТОМ №28\4
Жаны Базар айылы
28.11. 2014-ж
Айыл Кеңешинин бюджет
боюнча туруктуу комиссиясы жөнүндө.
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин
бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын азыркы учурда жүогүзүп
жаткан иштери жөнүндө төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
-
Н.Исанов
атындагы айыл Кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясынын
жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
-
Токтомду
көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин
төрагасынын орун басары Э.Эргешовго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы
Айыл
кеңешинин төрагасы:
А.П.Байдөөлөтов