Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 26 отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 26-1 4.12. 2021-жыл
Жаңы Базар
айылы
“Т.Сатылганов атындагы (эски ) мектептин жанына курулган
кичи футбол аянтчасына “Атабаев Сүйүн
Назаркуловичтин ысымын ыйгаруу” жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
айыл башчысы М.Мөнөковдун,
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын
тургундарынын 2021-жылдын 22-августундагы элдик жыйналышынын протоколундагы билдирүүгө
негиз, айылдык кеңештин
депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши ТОКТОМ
КЫЛАТ: 1.
Н..Исанов атындагы айыл аймагына караштуу
Жар-Коргон айылынын тургундарынын
2021-жылдын 22-августундагы элдик жыйналышынын сунуштары аткарууга
алынсын. 2.
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу
Жар-Коргон айылынын тургуну, Ош областык спорт комитетинин жетектөөчүлөрүнөн
болуп жүргөн Атабаев Сүйүндүн спортко сиңирген
эмгеги үчүн Т.Сатылганов
атындагы (эски ) мектептин жанына курулган кичи футбол аянтчасына
Атабаев Сүйүн Назаркуловичтин ысымы ыйгарылсын. 3.
«Атабаев Сүйүн Назаркулович» атындагы
кичи футбол аянтчасынын юридикалык иш кагаздарын даярдоо, келишим түзүп,
ижара акыларын мыйзамдаштыруу жагы
Жар-Коргон айылынын айыл башчысы
М.Мөнөковго милдеттендирилсин. 4.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Төрага Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 26 отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 26-2 4.12
2021-жыл
Жаңы Базар
айылы
“Н.Исанов атындагы айыл аймагынын стратегиялык-экономикалык өнүгүү
планына толуктоолорду киргизүү” жөнүндө Н.Исанов атындагы
айыл аймагынын КАИА «Коомчулуктагы
айылдардын инвестициялык ассоциациясы» менен биргеликте өнөктөш
болууда, Н.Исанов атындагы айыл аймагынын стратегиялык-экономикалык өнүгүү
планына толуктоолорду киргизүү
жөнүндө М.Мөнөковдун билдирүүсүнө негиз,
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин
угуп ,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.
Н.Исанов
атындагы айыл аймагынын
стратегиялык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолор
киргизилсин. 2.
Стратегиялык-экономикалык өнүгүү
планына толуктоолор киргизүү менен Жар-Коргон айылындагы
27-ҮДТга тез жардам унаасын алуу жана Федоров айылындагы 7-ҮДТны
оңдоп-түзөө пландуу иштери менен толукталсын. 3.
Федоров айылындагы № 7
ҮДТ нын оңдоп-түзөө иштерине сметалык
документтерди даярдоого айыл өкмөтүнүн
бюджетинен акча каражат ажыратылып, иш
кагаздарын бүтүрүү М.Мөнөковго милдеттендирилсин. 5.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 26 отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 26-3 4.12.
2021-жыл
Жаңы Базар
айылы
“Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын бюджети жана
2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолун Кыргыз Республикасынын бюджеттик
кодексинин 79 беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-
беренесинин 4 бөлүгүнүн негизинде №16-2 токтомуна өзгөртүү
киргизүү” жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы
бюджетинин 9 айлык аткарылышын алып караганда киреше бөлүгүндө
кээ бир салыктар ашыкча кээ бир салыктар кем аткарылган. Ошондуктан
аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү
мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов
атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3- бөлүгүнүн
жана 115-беренесин колго алып 4- бөлүгүнүн негизинде
депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Н.Исанов
атындагы айыл өкмөттүн 2021-жылдагы бюджетинин 9 айлык
аткарылышын алып караганда киреше бөлүгүндө киреше
салыгы жана жер сатуудан ашыкча түшкөн 1427,3 миң сом акча
каражатын планга кошумча киргизилип, лицензия жана роялти салыктарынын
планынан 643,9 миң сом кыскартылсын. 2. Жогоруда
көрсөтүлгөн кошумча түшкөн акча
каражаттарын аткарылбай жаткан салыктарды пландан кыскартылгандан киийн ашкан
783,4 миң сом акча каражатын №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл
өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына
милдеттендирилсин. 3. Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Төрага Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезексиз 27- отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 27-1 18.12.
2021-жыл Жаңы Базар айылы “Кыргыз
Республикасынын Санариптик өнүктүрүү
министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын
15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу” жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Кыргыз
Республикасынын Санариптик өнүктүрүү
министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин
2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катын аткарууга алуу
тууралуу Н.Исанов атындагы
айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп , талкуулап, депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап
чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү
министрлигинин калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин
2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш каты аткарууга
алынсын. 2. Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы
№715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн
республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү
трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн
убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө»
токтомунун 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,
Келишимдин шарттары жана өткөрүп берүүчү
ыйгарым укуктардын төмөндөгү
тизмеги бекитилсин:
--Баланын туулгандыгын каттоо, ошондой
эле туулгандыгы жөнүндө
күбөлүктү берүү; -никени
каттоо, нике күбөлүгүн берүү;
-Өлгөндүктү каттоо, өлгөндүгү жөнүндө
күбөлүктү берүү; -«балага сүйүнчү»
арызын каттоо; 3. Бул
токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезексиз 27- отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 27-2 18.12.
2021-жыл Жаңы Базар айылы “Жаңы-Базар
айылына курулуучу өрт өчүрүүчү пункттун
имаратын куруу иштерин 2018-2023-жылдардагы стратегиялык-өнүгүү
планына киргизип, долдоорду ишке ашыруу
үчүн каржылоо жагын райондун “аймактарды өнүктүрүү
фондусуна сунуштоо” жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө Жаңы-Базар
айылына курулуучу өрт өчүрүүчү пункттун
имаратын куруу иштерин 2018-2023-жылдардагы стратегиялык-өнүгүү
планына киргизип, долдоорду ишке ашыруу
үчүн каржылоо жагын райондун “аймактарды өнүктүрүү
фондусуна сунуштоо жөнүндө Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын
сунуш-пикирлерин угуп , талкуулап, депутаттардын Н.Исанов
атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнө
караштуу Жаңы-Базар айылына курулуучу өрт өчүрүүчү
пункттун имаратын куруу иштери 2018-2023-жылдардагы стратегиялык-өнүгүү
планына киргизилсин. 2. Жаңы-Базар айылына курулуучу өрт өчүрүүчү
пункттун имаратын куруу долбоорун жүзөгө ашыруу
үчүн каржылоо жагы, райондун “аймактарды өнүктүрүү
фондусуна сунушталсын. 3. Бул
токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин депуттарынын « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-1 22.01. 2022-жыл Жаңы Базар айылы Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн
Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2022-жылга
карата түзүлгөн
болжолдуу бюждетин бекитүү
жөнүндө Н.Исанов атындагы
айыл өкмөтүнө
караштуу Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы М.Ташиевдин
2022-жылга карата берген бюджет тууралуу билдирүүсүнө
негиз , айылдык Кеңештин депутаттарынын
сунуш-пикирлерин
угуп,талкуулап Н.Исанов
атындагы айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ : 1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2022-жылга
бюджетинин киреше жана
чыгашалары 543,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине бөлүнгөн 543,0
сомдун 3\1
бөлүгү
жайыт комитетинин өзүндө калтырылсын. 3. ЖПБнин мал башына
бекитилген жайытка чыгуу баалары боюнча жайыттарды башка
максатта пайдалануучулар үчүн белгиленген
баасы көтөрүлүп,
ЖПБнин эсептөө
комиссиясы чыгарган тиркемесинин негизинде
кошумча көтөрүлгөн баанын
айырмасы алты айлык бюджеттин
кароосуна киргизилсин
(Тиркеме тиркелет ) 4. Бул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы
депутаттардын Н.Исанов атындагы
айылдык Кеңешинин “Экономика ,бюджет, соода жана
ишкердүүлүк боюнча
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн Төрага Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин
№ 7 чакырылышынын кезексиз 28-
отурумунун (сессиясы) №28-1 токтомуна №1 тиркеме Н.Исанов атындагы ЖПБ нин 2022-жылга жайытка чыгуудагы мал башына болгон бааларынын болжолу
Кичи-Алай боюнча
Жайытты
кыйыр максатта пайдалангандар үчүн 1. Жайыт жерин
тосуп,кыйыр максатта пайдалангандыгы үчүн суулу 0,01 га жерге 35 сом. 2.
Жайыт жерин оздоштуруп,тосуп кыйыр
максатта пайдалангандыгы үчүн
0,01 га жерге 20 сом.
3.
Бал челек кармагандарга 1 бал челек үчүн 70 сом.
4. Сырттан келген бал челек кармагандарга 1 бал челек үчүн
120 сом. 5. Жайыт жеринен топурак таш
ташуучуларга 1 машинасына 100
сом. 6.
Жайыт жерин мал жаюу максатта эмес жол салып башка максатта пайдалангандыгы үчүн
1 метр квадрат жерге 20 сом. Чет
жактан алып келип айылга жана жайлоого мал баккандар үчүн.
Айыл арасында жайыт комитетинин келишими жок,чет жактан мал алып келип
баккандар үчүн 5000 сомдон 10000 сомго чейин айып пул төлөйт.
Жооптуу катчы Г.Байышова
Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ
№ 28-2 22-январь
2022-жыл
Жаңы-Базар айылы “ Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024- жылдарга
бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө” Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган айыдык бюджети жана 2023-2024- жылдарга болжолун бекитүү
жөнүндөгү маселени
Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор
тиешелеүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика,
бюджет, соода жана ишкердүүлүк
» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан
каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти
Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап
чыгып Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1. 2022-жылга Н.Исанов атындагы айыл
өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана
чыгашалары 21986,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 2. 2022-жылдын бюджетинин
кирешесиндеги тамарка салыгынан 284,31 га жер аянтына жеңилдик берилсин. Тактап айтканда 899 жаран пенсионер 187,60 га, 447 жаран көп
балалуу 62,61 га, 134 жаран мүмкүнчүлүгү
чектелгендер 26,50 га, Авган согушунун
катышуучусу 15 жаран 2,36 га , Тажик Авган согушунун катышуучусу
5 жаран 0,89 га , Баткен коогалаңынын катышуучулары 22 жаран 3,44 га, ЧАЭС 5 жаран
0,91га. жер аянтына жеңилдик берилсин. 3. 2021- жылга 3690 кожолук такталган, бирок 1580 кожолук
үй салынбай бөлүнүп калгандыгы үчүн
таштанды салыгынан бошотулсун. Айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө
колдонулуучу К-2 коэффиценти 0,1 эсебинде бекитилсин.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана
гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер
боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү,
тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
2023-2024- жылдарга айылдык бюджетинин
болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3
тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин
болжолу 2023-жылга 17829,1 миң сомго (республикалык
бюджеттен алынуучу граннтар 4507,0 миң сом менен) жана 2024-жылга 18084,1 миң сомго (республикалык
бюджеттен алынуучу граннтар 4507,0 миң
сом менен) бекитилсин. Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн
2023-2024- жылдарга айылдык бюджетинин
негизги көрсөткүчтөрүнүн
болжолу жактырылсын.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу
менен айылдык бюджеттик мекеменин
каржылоосуна калаары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн
тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атйын каражаттарын чыгымдоого тыюу
салынсын.
6. 2022-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү
кассалык накталай акча 80,0 миң сом суммасында белгиленсин.
7. 2022-жылда айылдык бюджеттин
киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн
каражаттарды бөлүштүрүү
жана өзгөртүү, киргизүү айылдык
Кеңешке ыйгарылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык –
экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик
каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн
башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн
башчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк
кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода
жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө
алынсын. Төрага:
Н.Жолдошов Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 28-отурумунун № 28-2- токтомуна № 1 тиркеме Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга
айылдык бюджети (миң сом)
Жооптуу катчысы Г.Байышова Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 28-отурумунун № 28-2-
токтомуна № 2 тиркеме Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык бюджетинин болжолу
(миң сом)
Жооптуу катчы Г.Байышова Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 28-отурумунун № 28-2- токтомуна № 3 тиркеме Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджетинин болжолу
(миң сом)
Жооптуу катчы Г. Байышова
Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 28-2/1 22-январь
2022-жыл
Жаңы-Базар айылы
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылга
жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга
акча каражатын бөлүү
жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бөлүүдө, айлдык Кеңештин
«
Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк
» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан
каралып чыккандыгын эске алып, жалпы
Кеңештин караоосунан кийин
айыл аймагындагы көйгөйлүү
маселелерди чечүү максатында
Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште
карап чыгып Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1.
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
2022-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 5652782 сом акча каражаты
бөлүнүп берилсин. Анын ичинен төмөнкүлөргө
бөлүнсүн. - 100000 сом Айыл өкмөткө караштуу
айылдардын ички жолдоруна грейдер кызмат
акысына
-
50000 сом
Федоров атындагы айылынын Атканага жардан өтүүчү
чоң көпүрөнү
оңдоого
-
200000 сом Жарандык коргоого жана өзгөчө
кырдаалдарга -
72000 сом УСМ «Водстрой»
ишканасы төккөн акчаны кайтарып берүүгө -
543073 сом Долбоорлорду даярдаганга
-
200000 сом Эпзотикалык
абалды туруктуу кармоо үчүн -
70000 сом Федоров атындагы
айылынын ички арыктарын тазалоого -
40000 сом Федоров
атындагы айылынын Карабаш участкасынын
ички арыктарын тазалоого
-
400000 сом Кожоке айылынын
Мырза-Дөбө көчөсүнө
асфальт төшөөгө -
140000 сом Кожоке
айылына
-
300000 сом Жаңы-Базар
айылына таза суу чыгарууга -
65000 сом Жаңы-Базар
айылынын Байыш участкасына мамыча алууга
-
100000 сом Кичик-Алай айылына
көпүрө курууга -
225000 сом Чеч-Дөбө
айылынын Ө.Турасанов, Бак-1 жана башка көчөлөрүнө
мамыча жана
чубалгы алууга -
830000 сом Жар-Коргон айылын
Б.Маликов атындагы көчөгө асфальт төшөөгө -
300000 сом Чеч-Дөбө
айылынын Марак палван көчөсүнө
жөө адам өтүүчү көпүрө курууга -
150000 сом Федоров
атындагы айылынын Төш
участкасынын Жаштар, М.Исаев, Бак
көчөлөрүнө мамыча алууга -
250000 сом Федоров
атындагы айылынын Карабаш
участкасынын жаңы көчөлөрүнө мамыча
алууга -
275000 сом Федоров айылынын Төш
участкасынын суу сактоо көлмөсүнүн ичин тазалоого,
айланасын тосуу өздүк салымына -
252709 сом
Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасындагы сел өтүүчү каналды тазалоо,
темир бетон латокторду орнотууга ЧП
Амиракуловго кредитордук акысына -
420000 сом
Федоров атындагы айылынын Даминов Шамши, Ж.Эрматов көчөлөрүнө трансформатор алууга -
30000 сом
Кожоке 1 балдар бакчасынын печкасын ондоого -
40000 сом
Алтын-Казык орто мектебинин тосмосун жылдырууга -
600000 сом Кожоке орто
мектебинин электр энергия менен жылытуусун көмүр
менен жылытууга өткөрүүгө 2. Ушул токтомго
карап жергиликтүү бюджетин
мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо,
алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу
пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык
бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун
аткарылышы көзөмөлдүк
кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода
жана ишкердүүлүк
боюнча» туруктуу комиссиясы
тарабынан көзөмөлгө алынсын. Төрага:
Н.Жолдошов.
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28 отуруму (сессиясы)
ТОКТОМ № 28-2/2 22. 01. 2022-жыл
Жаңы-Базар айылы “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
2021- жылдан калган калдык акча каражатынын
2022-жылга бөлүнүшү
жөнүндө” Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан калган калдык акча
каражатын 2022-жылга иштетүү
боюнча Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана
ишкердүүлүк » боюнча
туруктуу комиссиясы тарабынан каралып
чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет
кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште
карап чыгып Т О К Т О М К Ы Л А Т: 1.
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан
бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2909,2
миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана
чыгашалары 268,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 2.
2021-жылга калган калдык акча каражаттан аппарат кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн № 131 токтомунун 4 пункутунун негизинде 2 айлык үстөк
акча каражаты жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1тиркемеге ылайык берилсин. 3. Ушул токтомго карап жергиликтүү
бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык
– экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик
каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн
башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн
башчысына милдеттендирилсин. 4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу
жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык
Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө
алынсын. Төрага
Н.Жолдошов Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 28-отурумунун № 28-2/2 токтомуна № 1 тиркеме
Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн
2021-жылдан бюджетик счетунан калган
калдык акча каражаттарынын
2022-жылына чыгымдалышы
Жооптуу катчысы Г.Байышова
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-3 22.01.
2022-жыл Жаңы Базар айылы Н.Исанов атындагы
айыл өкмөтүнүн
Жаңы –Базар айылынын
“Байыш” бөлүмүндө жайгашкан Шералиев Маматжан
Ысмаиловичке тиешелүү 0,12 га коммерциялык багыттагы жер тилкесинин максаттык
багытын өзгөртүп,
турак жай куруу жөнүндө
Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын “Байыш” бөлүмүндө
жайгашкан Шералиев Маматжан Ысмаиловичке тиешелүү 0,12 га
коммерциялык багыттагы жер
тилкесинин максаттык багытын
өзгөртүп, турак жай
куруу жөнүндөгү 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызына ,Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын
2021-жылдын 13-декабрындагы № 227/21
корутундусуна ,Ноокат райондук
ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун
07.12.2021 жылдагы №
14-258 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер
кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп
,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ : 1. Н.Исанов атындагы
айыл өкмөтүнүн
Жаңы –Базар айылынын
“Байыш” бөлүмүндө жайгашкан Шералиев Маматжан
Ысмаиловичке тиешелүү 0,12 га коммерциялык багыттагы жер тилкесинин максаттык
багытын өзгөртүп,
турак жай куруу жөнүндөгү 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызы, Кыргыз Республикасынын “Жер
кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык канааттандырылсын . 2. Жер аянтына ,курулушуна
тиешелүү юридикалык иш
кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү
жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин
Ноокат филиалынан , Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын суралсын
. 3. Бул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «айыл чарба жана жерге
жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин №7 чакырылышынын
кезектеги 28-отуруму( сессиясы)
ТОКТОМ № 28-4 22.01.2022-ЖЫЛ
Жаны Базар
айылы
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө
айылынын төмөн жагындагы Ош-Папан жолунун
бойлоруна 500м аралыкта карып,эскирген
дарактарды кесип , кайрадан көрктөндурүү
жашылдандыруу үчүн арча , карагай, кайын
көчөттөрун отургузуу жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө
айылынын төмөн жагындагы Ош-Папан жолунун бойлоруна 500м аралыкта
карып,эскирген дарактарды кесип ,
кайрадан көрктөндурүү
жашылдандыруу үчүн арча , карагай, кайын көчөттөрун
отургузуу жөнүндөгу айыл башчы С.Рахмановдун билдирүүсунө
негиз, айылдык кенештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп Н.Исанов
атындагы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө
айылынын Ош-Папан жолунун бойлоруна 500м аралыкта карып, эскирген дарактардын
ордуна , жаны көчөттөрдү отургузуу үчүн
,Экология жана Экотех мекемелери менен макулдашып , мыйзам чегинде уруксат
берилсин. 2.
Кыргыз
Республикасывнын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жөнүндө ” Мыйзамынын 27-беренесинин
9-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы №53 “Айлана-чөйрөну
коргоо” мыйзамынын 42-беренесине негиз , Чеч-Дөбө айылынын төмөн
жагындагы Ош-Папан жолунун бойлоруна 500 м аралыкта карып, эскирген
дарактарды мыйзам чегинде кесип , көрктөнүрүү
жана жашылдандыруу максатында арча , карагай , кайын көчөттөрү
отуругузулсун. 3.
Бул
көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
айылдык Кенешинин айыл чарба , жерге жайгаштыруу жана экология иштери боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-5 22.01.
2022-жыл Жаңы Базар айылы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын
тургуну Орунбаев Улан
Маматжунусовичке тиешелүү
“элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 1075 м2 жер
тилкесинин максаттык багытын
өзгөртүп, турак жай
куруу жөнүндө Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын
тургуну Орунбаев Улан Маматжунусовичке тиешелүү болгон
“элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 1075 м2 жер
тилкесинин максаттык багытын турак
жай куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү 2021-жылдын 15-ноябрындагы жазган арызына ,Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын
11-мартындагы № 35/21 корутундусуна
,Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун
09.03.2021 жылдагы № 14-34 сандуу чыгыш катына негиз,Кыргыз Республикасынын “Жер
кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп
,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ : 1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын
тургуну Орунбаев Улан Маматжунусовичке тиешелүү болгон
“элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 1075 м2 жер
тилкесинин максаттык
багытын турак жай
куруу үчүн жазган
арызы Кыргыз Республикасынын
“Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык канааттандырылсын . 2. Жер аянтына ,курулушуна
тиешелүү юридикалык иш
кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү
жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин
Ноокат филиалынан , Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын суралсын
. 3. Бул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «айыл чарба жана жерге
жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-6 22.01.
2022-жыл Жаңы Базар айылы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын
тургуну Орунбаев Маматжунус Орунбаевичке тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 1620 м2 жер тилкесинин максаттык
багытын өзгөртүп,
турак жай куруу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын
тургуну Орунбаев Маматжунусовичке тиешелүү болгон
“элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 1620 м2 жер
тилкесинин максаттык багытын
турак жай куруу
үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү 2021-жылдын 15-ноябрындагы жазган арызына ,Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын
11-мартындагы № 36/21 корутундусуна
,Ноокат райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун
09.03.2021 жылдагы № 14-35 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер
кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп
,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ : 1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылынын
тургуну Орунбаев Маматжунус Орунбаевичке тиешелүү болгон
“элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 1620 м2 жер
тилкесинин максаттык
багытын турак жай
куруу үчүн жазган
арызы Кыргыз Республикасынын
“Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык канааттандырылсын . 2. Жер аянтына ,курулушуна тиешелүү юридикалык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү
жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин
Ноокат филиалынан , Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын суралсын
. 3. Бул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «айыл чарба жана жерге
жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-7 22.01.
2022-жыл Жаңы Базар айылы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылында жайгашкан Ботобаев Мухамедалиге тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 931,0 чарчы метр жер
тилкесинин максаттык багытын
өзгөртүп, турак жай
куруу жөнүндө Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылында жайгашкан Ботобаев Мухамедалиге тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 931,0 чарчы метр жер
тилкесинин максаттык багытын
өзгөртүп, турак жай
куруу жөнүндө 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызына,Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын
2022-жылдын 21-январындагы № 05/22
корутундусуна ,Ноокат райондук
ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун
14.01.2022- жылдагы №
014-03 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жер
кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын
“Турак жай “ Кодексинин 13-88-беренелерине
ылайык, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш –пикирлерин угуп
,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ : 1. Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы –Базар айылында жайгашкан Ботобаев Мухамедалиге тиешелүү “элге кызмат көрсөтүү”
багытындагы 931,0 чарчы метр жер
тилкесинин максаттык багытын
өзгөртүп, турак жай
куруу жөнүндө 2021-жылдын 1-декабрындагы жазган арызына негиз,
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-14 беренесине, Кыргыз
Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
мыйзамынын” 18-41-беренесине,Кыргыз Республикасынын “Турак жай “ Кодексинин
13-88-беренелерине ылайык
канааттандырылсын . 2. Жер аянтына ,курулушуна
тиешелүү юридикалык иш
кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип ,даярдап берүү
жагы “Кадастр “ мамлекеттик мекемесинин
Ноокат филиалынан , Ноокат районунун
шаар курулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгынын суралсын
. 3. Бул токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «айыл чарба жана жерге
жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн. Төрага
Н.Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-8 22.01.
2022-жыл Жаңы Базар айылы Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмүнүн
дарыгери У.Карыбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы –Базар айылында
жайгашкан “Мээрим –Нуру “ МЧББМнин
ордунда калктын саламаттыгы үчүн кызмат көрсөтүп жаткан Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмүнүн
дарыгери У.Карыбековдун кайрылуусуна негиз, айылдык
Кеңештин депутаттары угуп,талкуулап Н.Исанов атындагы
айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.
Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы –Базар айылында
жайгашкан “Мээрим –Нуру “ МЧББМнин
ордунда калктын саламаттыгы үчүн кызмат көрсөтүп жаткан, Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлумүнүн
дарыгери У.Карыбековдун кайрылуусу аткарууга алынсын. 2.
Н.Исанов
атындагы айыл Кеңешинин
2018-жылдын 6-чакырылышынын
09-июндагы №22-1 токтому айыл өкмөтү
тарабынан аткарууга алынбагандыктан, 2021-жылдын 21-сентябрындагы Ош
облустук Админстративдик сотунун аныктамасына негиз, Ноокат райондук ЖДПБнын Көк –Бел бөлүмү
Терапия катары пайдаланып келген имараты эки тараптуу келишимдин негизинде,жаңы
имарат курулганга чейин,убактылуу пайдаланууга берилсин. 3.
Н.Исанов
атындагы айыл Кеңешинин
2018-жылдын 6-чакырылышынын
09-июндагы №22-1 токтомунун
негизинде чечим кабыл алуу Н.Исанов
атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго
милдеттендирилсин. 4.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «айыл чарба жана жерге
жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн. Төрага Жолдошов
Н.Исанов атындагы айыл
Кенешинин № 7 чакырылышынын
кезектеги 28- отуруму
(сессиясы)
ТОКТОМ № 28-9 22.01.
2022-жыл Жаңы Базар айылы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
алдындагы “Алчалуу тазалык”
Муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө аймактарды тазалоо,
КТК чыгаруу, коммуналдык кызмат көрсөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик
админстрация жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65-беренесинин 1-2-3-пунктуна
негиз, “Тазалык”Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
айыл өкмөтүнүн
сунушун айылдык Кеңештин депутаттары угуп,талкуулап Н.Исанов атындагы
айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө
аймактарды тазалоо, КТК чыгаруу, коммуналдык кызмат көрсөтүү
максатында Кыргыз Республикасынын
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик
админстрация жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65-беренесинин 1-2-3-пунктуна
негиз, Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.
Маматовтун “Алчалуу тазалык” Муниципалдык ишканасын түзүү
боюнча айткан сунушуна маакулдук берилсин. 2.
“Алчалуу тазалык”муниципалдык ишканасынын
юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, жетекчисин дайындап берүү жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы М.Маматовго милдеттендирилсин. 3.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык
Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн. Төрага Жолдошов |