М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
№31-1 |
23.01.2020 |
Бел айыл аймагынын жайыт
пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетине түшүп
жаткан акча каражатын 100%
кайрадан жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө |
2. |
№31-2 |
23.01.2020 |
Бел айылынын
тугундары Сыдыков Митал жана Абдиллазиз уулу Жылдызбектин арызын кароо
тууралуу |
3. |
№31-3 |
23.01.2020 |
|
4. |
№31-4 |
23.01.2020 |
|
5. |
№31-5 |
23.01.2020 |
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына берүү жөнүндө
келишимди бекитүү тууралуу |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
23.01.2020 |
|||
|
Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт
пайдалануучулардан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетине түшүп
жаткан акча каражатын 100%
кайрадан жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө |
|||
Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы Д Сулаймановдун билдирүүсүн
угуп , талкуулап депутаттардын Бел
айылдык Кеңешинин (алтынчы
чакырылышынын) кезексиз 31-сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Бел айыл аймагынын жайыт
пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан айыл өкмөтүнүн
жергиликтүү бюджетине түшүп
жаткан акча каражатын 100%
кайрадан жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүүгө макулдук берилсин. 2.
Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт
пайдалануучулардан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетине түшүп
жаткан акча каражатын 100%
кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
инфраструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып, жергиликтүү бюджеттен
бөлүп берүү
жагы айыл өкмөтүнүнФЭБ
башчысына тапшырылсын. 3.Болүнүп берилген
акча каражатын максаттуу иштетүү
жагы жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин төрагасы Д.Сулаймановко милдеттендирилсин. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө
алуу жагы айылдык кеңештин
бюджет, экономика жана инвестиция
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн
башчысына милдеттендирилсин. |
||||
Бел айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Т.М.Бекботоев |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
23.01.2020 |
|||
|
Бел айылынын тугундары Сыдыков
Митал жана Абдиллазиз уулу
Жылдызбектин арызын кароо тууралуу |
|||
Депутаттардын Бел айылдык кеңешине келип түшкөн Бел айылынын
тургундары Сыдыков Митал жана Абдилазиз уулу Жылдызбектин арыздарын карап,
угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 31-сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Бел айылынын тургундары Сыдыков
Миталдын Бел айылынын Додоң-Бак
бөлүмүнүн Кичи-Талтай тарабында таш майдалоочу (дробилка) шайман орнотуу
жана Абдилазиз уулу Жылдызбектин Бел айыл аймагынын түндүк тарабында Жийде айылы
менен чектеш "Улан" кафесинин жанында таш майдалоочу (дробилка) шайман орнотуу боюнча жазган арыздары
канааттандырылсын. 2.Жайыт пайдалануучулар
бирикмесине (Сулайманов Д.) Бел айылынын тургундары Сыдыков М. жана Абдилазиз
уулу Жылдызбек менен таш майдалоочу
(дробилканы) шайманды жайгаштыруу, иштетүү боюнча
эки тараптуу ижара
келишимин түзүү жагы
сунушталсын. 3.Токтомдун
аткарылышын көзөмөлдөө жагы
айылдык кенештин жер боюнча
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
||||
Бел айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Т.М.Бекботоев |
||
|
|
|||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
23.01.2020 |
|||
|
Көчөгө ат коюу тууралуу |
|||
Бел айыл
аймагынын Бел айылынын тургундарынын көчөгө ат коюу
боюнча жыйынынын протоколуна негиз депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз
31-сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Бел айылынан
өткөн Найман каналынын куур бөлүгүнөн түндүк-чыгышты карай Ноокат-Кызыл-Кыя авто жолуна чейинки ички көчөгө маркум полковник үсөн Ниязбековдун
ысымы ыйгарылсын. 2.Бел
айыл өкмөтү бул
токтомду аткарууга алсын жана өздүк маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул
токтомго ылайык келтирсин. 3.Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
22-октябрындагы №610 сандуу
токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын
даректерди ыйгаруу жана
даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобонун
25-пунктуна ылайык тиешелүү
өзгөртүү
киргизүү боюнча
каттоого алуу маселесин кароо "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын
Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана
укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын. 4.Жаңы
көчөнүн атын, үй
номурларын жазуу жана илүү боюнча чыгымдарын
көтөрүү жагы
айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бел айыл өкмөтүнүн
башчысы М.Дорбаевке жүктөлсүн.
|
||||
Бел айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Т.М.Бекботоев |
||
|
|
|||
|
||||
4 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
23.01.2020 |
|||
|
Айылдын аталышын өзгөртүү
тууралуу |
|||
Бел айыл
аймагынын Борбаш айылынын тургундарынын 2021-жылдын 18-январындагы айылдын
аталышын которуу боюнча өткөн элдик жыйынынын чечимине негиз депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз
31-сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Бел айыл аймагынын Борбаш айылынын
тургундарынын айылдын атын Кайрагач
деп которуу боюнча 2021-жылдын 18-январында өткөн элдик
жыйынынын чечимине жана Борбаш деген
атты колдоп арыз жазгандардын арызын
кароого коюп, көпчүлүк добушту алгандыгына байланыштуу Бел айыл аймагынын Борбаш
айылы Кайрагач айылы деп аталсын. 2.Бел
айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач деп атоо боюнча керектелүүчү
ищ-кагаздарын даярдоо, депутаттардын
Бел айылдык кеңешинин токтомун канааттандыруу жагы
тийиштүү жогорку
органдардан суралсын. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө
айылдык кеңештин
"Мыйзамдуулукту сактоо,
укуктарды коргоо, аксакалдар соту, үрп-адат, каада-салт" маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
||||
Бел айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Т.М.Бекботоев |
||
|
|
|||
|
||||
5 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
23.01.2020 |
|||
|
Статистикалык маалыматтарды жыйноо
боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына берүү
жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу |
|||
Бел айыл аймагынын депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз
31-сессиясы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына берүү жөнүндө келишимди угуп, талкуулап |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына берүү жөнүндө Ноокат райондук статистикалык бөлүмү менен Бел айыл өкмөтү тарабынан
түзүлгөн
келишими бекитилсин (келишим 13
баракта тиркелет). 2.Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө
жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысына
тапшырылсын. |
||||
Бел айылдык Кенешинин
төрагасы |
|
Т.М.Бекботоев |
||
|
||||
|
||||