Бел айылдык Кенешинин 2020-жылдын                                                                       16-мартындагы  №25-6  токтомуна                                                                                    тиркеме

Бел айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү  фондунун  жерлерин инвентаризациялоодон өткөрүү  жана  аукцион аркылуу конкурс өткөрүү  боюча  түзүлгөн   комиссиянын   курамы.

 

к/№

Фамилиясы,аты ,жөнү

Аткарган   кызматы

1

Асамидин уулу Максат

Комиссиянын төрагасы,айылдык кенештин депутаты(макулдугу менен)

2.

Абдазов Масиркул  Алиевич

Комиссиянын мүчөсү, айыл тургуну

3.

УраимовМедербек Абдикаарович

Комиссиянын мүчөсү,Борбаш айылынын айыл башчысы

4.

Сулайманов Шарабидин

Комиссиянын мүчөсү,айылдык Кенештин депутаты (макулдугу менен)

5.

Абдилазиз  уулу Чынгыз

Комиссиянын  мүчөсү,айыл тургуну

6.

Расулов Максут

Комиссиянын мүчөсү,айылдык кенештин депутаты(макулдугу менен)

7.

Мурзабаев Камал  А

Комиссиянын мүчөсү,Жаш айылынын айыл башчысы

8.

Шамуратов Азизбек  Г

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,комиссиянын  мүчөсү

9.

Абабакиров Абдисалам  С

Комиссиянын  мүчөсү,айыл өкмөтүнун жер адиси

 

 

Бел айылдык Кенешинин жооптуу катчысы                             А.С.Жумаева.        

 

 

 

 

 

 

 


Депутаттардын   Бел  айылдык   Кенешинин  VI чакырылышынын кезексиз  XXVI сессиясынын    

                                               №26-1    ТОКТОМУ  

2020-жылдын 15-июну                          Бел айылы

                                                           Бел айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы                                                                                      айылдык  бюджетинин аткарылышы,2021-                                                                    жылга  айылдык бюджети жана 2022-2023-                                                             жылдарга  бюджетинин болжолун  бекитүү                                                               жөнүндө.

          Бел айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  айылдык бюджетинин  аткарылышы,2021-жылга каралган  айыл өкмөтүнүн  бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз  Республикасынын 2021-жылга  республикалык бюджети жана 2022-25023-жылдарга болжолу жөнүндөгү”Мыйзамынын негизинде  иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  депутаттардын  Бел айылдык кенешинин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүулүк” боюнча  туруктуу  комиссиясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статбсынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын  Бел айылдык Кенеши

                               Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

        1.2021-жылга бел айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин  кирешелери жана чыгашалары 16413,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин

       2.2021-жылга айылдык  бюджеттин кирешелерин  түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар гранттардын чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча(эмгек акы,соц.фондго чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтаргша) каржылануусу   белгиленсин.

       3.Бел айыл өкмөтунун 2022-2023- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги  көрсөткүчтөрү  колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2022-жылга 16501,2 мин сомго( республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6283,4 мин сом менен) жана 2023-жылга 16541,2 мин сомго(республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6289,3 мин сом менен) белгиленсин.

 Бел айыл өкмөтунүн 2022-2023- жылдарга  айылдык  бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде какб ыл алууда тактоо  жүргузүү  жагы белгиленсин.

       4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен  айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

          Айылдык  бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын   каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

5.Атайын каражаттар казыналыктан тышкаркы (бюджеттик мекемелердин  кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда “Кыргыз Республикасынын 2021- жылга  республикалык бюджети 2022-2023- жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-бернесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке  алынып  коюулары эскертилсин.

       6.2021-жылдын 1-январына айылдык  бюджетти боюнча  жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 610,0 мин сом   суммасында белгиленсин.

        7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:

- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү  киргизүүгө:

- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн  негизинде жыл ичинде тактоолрду  жүргүзүүгө

-  киреше Кенешке ыйгарылсын.

      8  Жергиликтүү  бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнун жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

1.      Бел айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы айылдын бюджетинин киреше бөлүгү  15992,3 мин сомго,чыгаша бөлүгү 15049,3 мин сомго же кирешенин чыгашадан 943,0 мин сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.

2.       Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  депутаттардын Бел айылдык кенешинин “Экономика,бюджет,соода жана  ишкердүүлүк  боюнча” туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 Бел айылдык            кенешинин    төрагасы                              Т.М.Бекботоев.