М А З М У Н У |
|||
№ п/п |
Токтом № |
Токтом датасы |
Кыска мазмуну |
1. |
12/1 |
11.07.2018 |
Г.Эргешов атындагы" Бел-Өрүк" жана" Кенеш" орто мектептеринде жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбиялык иштеринин абалы жөнүндө |
2. |
12/2 |
11.07.2018 |
Айылдык
кенештин 2018-жылдын 3-мартында өткөрүлгөн
10-сессиясында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана кошуна айыл өкмөттөрү
менен талашты жараткан жерлерди тактоо
боюнча берилген тапшырмалардын
аткарылышы жөнүндө |
3. |
12/3 |
11.07.2018 |
|
4. |
12/4 |
11.07.2018 |
Бел айыл аймагындагы уччасткалык
шайлоо комиссияларынын курамын
бекитүү жөнүндө |
5. |
12/5 |
11.07.2018 |
Борбаш айылындагы "Күн-Балдары"
балдар бакчасынын 2 тайпасын жана Жаш
бөлүмүндөгү "Карлыгач-Канды" балдар
бакчасынын 2-тайпасын бюджетке өткөрүү жөнундө |
6. |
12/6 |
11.07.2018 |
Жаш бөлүмүнун
жашоочуларынын 2018-жылдын 1- июлундагы №1- токтомун бекитүү жөнүндө |
|
|
|
|
1 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
12/1 |
|||
|
Г.Эргешов атындагы" Бел-Өрүк" жана" Кенеш" орто мектептеринде жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбиялык иштеринин абалы жөнүндө |
|||
Бел айыл аймагында жайгашкан Г.Эргешов
атындагы" Бел-Өрүк"
орто жана "Кенеш "
орто мектептеринде жүргузүлүп жаткан окуу тарбиялык иштердин абалы жөнүндөгү айылдык Кенештин билим берүү,саламаттыкты
сактоо боюнча туруктуу
комиссиясынын төрайымы
Абдивалиева Патийма
Сайдаматовнанын
баяндамасын угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын ) он экинчи
сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Айыл
аймагындагы Г.Эргешов атындагы "Бел-Өрүк" жана "Кенеш" орто мектептеринде жүргузүлуп жаткан окуу-тарбиялык иштердин абалы
жөнүндөгү
туруктуу комиссиянын төрайымы Абдивалиеванын билдирүүсү эске алынсын. 2. Аталган
мектептерде окуучуларга терен билим,татыктуу тарбия берүү жаатында
бир катар иштердин
аткарылгандыгы белгиленсин. 3. Мектептерде
окуучуларга билим берүүнүн сапатына көнүлдүн борбору бурулгандыгына карабастан
тарбиялык иштерде
кемчилдиктердин орун алып жаткандыгын эске алып, мектеп менен
ата-энелердин байланышын күчөтүп
мектеп окуучулары тарабынан жасалып
жаткан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча
кечиктирилгис чараларды көрүү
жагы мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин. 4. Кыргыз
Республикасынын "Билим берүү
жөнундөгү" мыйзамынын
жана "Мугалимдер
статусунда" белгиленген
талаптардын так мыйзам чегинде
аткарылышын камсыз кылуу мектеп жетекчилеринин негизги милдети болуп саналсын. 5. Мектептердин материалдык-техникалык базаларын чындоо боюнча коомдук эмес уюмдар менен биргеликте долбоорлор менен иш жүргузүүнү
уюштуруу,турмушка ашыруу жагы мектеп
жетекчилерине жана мектептин эмгек
жамааттарына жүктөлсүн. 6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенгештин билим берүү боюнча
туруктуу комиссиясыа жүктөлсүн. 7. Айтылган
кемчилдиктерди жоюу боюнча аткарган
иштеринин жыйынтыгын
2018=-жылдын 10-октябрына жазуу жүзүндө маалымат
берүү жагы мектеп
директорлору Аширбаевага жана
Арзыкуловага тапшырылсын. |
||||
Бел айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Сулайманов.Ш.Ж |
||
|
|
|||
|
||||
2 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
12/2 |
|||
|
Айылдык кенештин 2018-жылдын
3-мартында өткөрүлгөн
10-сессиясында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана кошуна айыл өкмөттөрү
менен талашты жараткан жерлерди тактоо
боюнча берилген тапшырмалардын
аткарылышы жөнүндө |
|||
Күн
тартибиндеги маселе боюнча айыл
өкмөтүнун жер
адисинин милдетин аткаруучу
Абабакировдун билдирүүсүн
угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) 12-сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү
фондунун иштетилиш абалын анализдеп.пайдалануу мөөнөтү бүткөн
жер аянттарын тактап,жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акылардын төлөнүшүн
жакшыртуу боюнча бир топ иш аракеттердин
жүргүзүлгөндүгү эске алынсын. 2.Бел айыл өкмөтү менен талашты пайда кылып келе жаткан
кошуна айыл өкмөттөрүндөгү : Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү
12,7 га,Жийде айылындагы 9,12 га жер аянты,Жаны-Ноокат айыл өкмөтүндөгү
25 га жер аянттарын айыл өкмөтүнө
өткөрүп алуу боюнча
жетишсиз иш жүргузүлүп жаткандыгы белгиленсин. 3.Тийиштүү мекеме
ишканалардан керектүү
документтерди тактап, соттук териштирүүгө
далил болуучу тийиштүү иш кагавздарды топтоп,аткарылган иштер боюнча 2018-жылдын 1-октябрына маалымат берүү жагы жер адистин милдетин аткаруучу Абабакировго жүктөлсүн. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо
айыл чарбасы жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Бел айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Сулайманов.Ш.Ж |
||
|
|
|||
|
||||
3 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
12/3 |
|||
|
Жергиликтүү жамааттын
Уставын бекитүү жөнүндө |
|||
Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Ош
облусунун Ноокат районунун бел
айылдык аймагынынын жергиликтүү жамааттынын
элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын
Уставынын долбоорун
талкуулап,жыйындарда жергиликтүү жамааттын,депутаптардан түшкөн сын-пикирлерин эске алып
Бел айылдык Кенешинин
туруктуу комиссияларынын
кортундусун угуп Бел
айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын жерпгиликтүү өз алдынча
башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын
31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна
таянып(алтынчы чакырылышынын)кезектеги
он экинчи сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Тиркемедеги
Бел айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын
Уставы бекитилсин. 2. Ушул
токтом жана бел айыл аймагынын
жергиликтүү
жамаатынын Уставы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
өз алдынча башкаруу
иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча
мамлекеттик агентигине www.gamsumo.gov веб сайтына жарыялансын. 3. Ушул
токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрин киргизүү
жагы Бел айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин. 4. Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел
айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына
милдеттендирилсин. 5. Токтом
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз
алдынча башкаруу иштери жанан этностор аралык мамилелер боюнча мамлекет
агенттигинин www.gamsumo.gov веб сайтына жарыяланган күндөн
баштап күчүнө кирет. |
||||
Бел айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Сулайманов.Ш.Ж |
||
|
|
|||
|
||||
4 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
12/4 |
|||
|
Бел айыл аймагындагы уччасткалык
шайлоо комиссияларынын курамын
бекитүү жөнүндө |
|||
Бел айыл
аймагындагы эмгек жамаааттарынан,жашаган жерлерден участкалык
шайлоо комисссиясынын курамына
өкулдөрдү көрсөткөн чогулуштарынын протоколдорун угуп
жана талкуулап Бел
айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги он экинчи сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Айыл аймагындагы
№5410-Кайрагач,№5411-Бел,№5453-Ой-Талаа,№5526-Жаш участкалык шайлоо
комиссиясынын курамдарына көрсөтүлгөн төмөнкү талапкерлердин тизмеси
бекитилсин.( Участкалар
боюнча тизме тиркелет) 2.
Айыл аймагындагы №5410-Кайрагач,№5411-Бел,№5453-Ой-Талаа,№5526-Жаш
участкалык шайлоо комиссиясынын курамдарына көрсөтүлгөн төмөнкү талапкерлерди бекитип берүү жагы
Ноокат райондук аймактык шайлоо
комиссиясынан суралсын. |
||||
Бел айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Сулайманов.Ш.Ж |
||
|
|
|||
|
||||
№ 5526 – Жаш участкалык шайлоо
комиссиясынын курамы.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.
Казначиев. Бел айыл
өкмөтүнүн
катчысы
А.С.Жумаева. № 5411 – Жаш
участкалык шайлоо комиссиясынын курамы.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.
Казначиев. Бел айыл
өкмөтүнүн
катчысы
А.С.Жумаева. № 5453 – Ой-талаа участкалык шайлоо комиссиясынын курамы.
Бел айыл
өкмөтүнүн
башчысы
К.А. Казначиев. Бел айыл
өкмөтүнүн
катчысы
А.С.Жумаева. № 5410 – Кайрагач участкалык шайлоо комиссиясынын курамы.
Бел айыл
өкмөтүнүн
башчысы
К.А. Казначиев. Бел айыл өкмөтүнүн катчысы
А.С.Жумаева. |
5 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
12/5 |
|||
|
Борбаш айылындагы "Күн-Балдары"
балдар бакчасынын 2 тайпасын жана Жаш
бөлүмүндөгү "Карлыгач-Канды" балдар
бакчасынын 2-тайпасын бюджетке өткөрүү жөнундө |
|||
Айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүндө
кезекке тургандардын саны арбын.
Ошондуктан Борбаш айылындагы "Күн-Балдары
" балдар бакчасына 2 тайпа,Жаш бөлүмүндөгү
"Карлыгач-Канды" балдар бакчасына кошумча бир группа ачылып иштеп жатат.Ачылган тайпаларды бюджетке өткөрүү
боюнча топтолгон материалдар менен
таанышып чыгып жана талкуулап ,Бел айылдык кенешинин (алтынчы чакырылышынын)
12-сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1.Борбаш айылындагы "Күн-Балдары"
балдар бакчасындагы 2 тайпа жана Жаш бөлүмүндөгү
"Карлыгач-Канды" балдар бакчасындагы 1 тайпа бюджетке
өткөрүлсүн. 2.Балдар бакчаларындагы 3 тайпада
тарбияланып жаткан балдардын
тамак ашы үчүн ар бир балага 9 сомдон акча каражатын бөлүп берүү жагы
Бел айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо
билим бюерүү жана бюджет боюнча ттуруктуу комиссиясына тапшырылсын. |
||||
Бел айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Сулайманов.Ш.Ж |
||
|
|
|||
|
||||
6 |
||||
|
||||
|
||||
Бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12
сессиясы |
||||
Т О К Т О
М |
||||
Бел
айылы |
12/6 |
|||
|
Жаш бөлүмүнун
жашоочуларынын 2018-жылдын 1- июлундагы
№1- токтомун бекитүү жөнүндө |
|||
Бел айыл аймагынын Жаш мааласинин аты жок көчөлөрүнө
ат коюу жөнүндөгү
Бел айыл өкмөтүнүң Жаш бөлүмүнүн жашоочуларынын 2018-жылдын 1-июлундагы №1-
токтомун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын
1997-жылдын 25-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын географиялык
аталыштары "жөнундөгү 67-мыйзамынын 7-беренесинин
"Жергиликтүү өз
алдынча башкаруу"жөнүндөгү Мыйзамынын 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-августундагы №467
токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын географиялык обөектерди атоо,каттоодон өткөрүү
тартиби "жөнундөгү Жобонун 6-пунктуна ылайык Бел айылдык кенешинин (алтынчы
чакырылышынын) он экинчи сессиясы |
||||
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
|
||
1. Бел айыл аймагынын Жаш участкасынын Кашка
бөлүмүндөгү Артыков
Таластын үйүнөн
Матраимов Нияздын үйүнө чейинки
аралытагы көчөгө
айылдын тургуну маркум Шарапов Базарбайдын
атын коюу жөнүндөгү
Жаш участкасынын жашоочуларынын чогулушунун
2018-жылдын 1-июлундагы №1-токтому бекитилсин. 2. Аты
коюлган көчөгө
тиешелүү болгон көрөнөктөрдү,үйдүн номерлерин
жаздырып илдирүү,көчөнү
иреттеп,тартипке келтирүү иштерине демөөрчүлүк кылуу
маркумдун балдарын тапшырылсын. 3. Токтомдун
аткрылышын көзөмөлдөө Бел айылынын айыл башчысына жүктөлсүн. |
||||
Бел айылдык Кенешинин төрагасы |
|
Сулайманов.Ш.Ж |
||
|
|
|||
|
||||