Бел айыл
өкмөтүнө
караштүү билим берүү мекемелеринин
жүргузүп жаткан иштери жөнүндө депутаттардын
Бел айылдык Кеңешинин саламаттыкты сактоо жана бмлим берүү
боюнча туруктуу камиссиясынын төрайымы П. Абдивалиеванын доклады. 2015-2016-окуу
жылында Г.Эргешов атындагы “ Бел –
Өрүк” орто мектеби били берүү мыйзамынын, билим
берүү тармагында иштеп жаткан улуттук программалардын жана
мектептин уставынын негизинде иш алып барылды. Г.Эргешов
атындагы “ Бел – Өрүк” орто мектебинин жаңы имараты 1985 –
жылы пайдаланууга берилген. Мектеп 627
окуучуга ылайыкташтырылган. Азыркы мезгилде
2015 -2016- окуу жылында 776 окуучу билим алды. Билим сапаты 53% ды түздү. 1-4-класстар- 305 5-9-класстар -348 10-11-класстар-123 Мектепке
30 класс комплект бар. 1-4- класстар-11 5-9- класстар-14 10-11- класстар-5 Окутуу 2
сменада жүргүзүлөт .Мектепте
иштеп жаткан мугалимдердин саны- 52
булардын ичинен жогорку билимдүүсү – 47 Атайын
орто билимдүү – 5 Акысыз
өргүүдөгү
мугалимдердин саны – 15 Мугалимдердин
алган сыйлыктары : Эл
агартуунун мыктылары – 11
Кыргыз Республикасынын билим
берүү министирлигинин
Ардак грамотасы -3 Облустук
администрациясынын ОМБӨИнун
Ардак грамотасы -13 Райондук
билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы- 18 Райондук
администрациясынын Ардак грамотасы – 4 Облустук
профсоюз комитетинин Ардак грамотасы-
4 Райондук
билим берүү бөлүмүнүн
кесиптик бирлигинин Ардак грамотасы-7 Бел айыл
өкмөтүнүн Ардак громатасы- 11 Мектепте окуучуларда олимпиадага
даярдоо боюнча үзгүлтүксүз иш
жүргүзүлүп келет.10 олимпиадалык топто 187 окуучу
катышып, билимдерин өстүрүшүп жакшы жыйынтыкка ээ
болушту.Зоналдык олимпиадага 29 окуучу катышып, 15и
райондук турга катышты, алардан 13 окуучк байгелүү орунга ээ
болду, бир окуучу областтык турга катышты. Англис тилинен 9- класстын
окуучусу Чыңгызали кызы Ширин райондо 1 орунду,физика
предметинен 11- класстын окуучусу Туратали кызы Элиза райондук турда 11-
орунду, география предметинен 11- класстын окуучусу Абдыкахар кызы Бибинур 11
орунду, кыргыз тили жана адабияты предметинен 11- класс окуучусу Асилбек кызы
Мадина 11- орунду камсыз кылышыты. Олимпиадага даярдоо
төмөндөгүү мугалимдерди
өзгөчө белгилесек болот. Чет тили предметинен Пратова Н,
физика Осмонова Ж, Пазылова Г, география Нишанбаева
Э, биология Маматалиева А, кыргыз тили Тиленова Ж, тарых Акимова А. Алар жыл
ичи тымбастан үзгүлтүксүз окуучуларын олимпиадага
даярдап келет. Бул ийгиликтерди камсыз кылууда
математика мугалими, окуу бөлүмүнүн
башчысы Б.Андакулованын, ангилис тили
мугалими Н.Пратованын, кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Тилевонанын, физика
мугалими Ж.Осмоновалардын эмгеги чоң. Окуу жылынын башында жылдык, айлык,
жумалык пландар түзүлүп,
бекитилди. Ал пландардын негизде 7 усулдук бирикменин жетекчилери да
пландарын түзүшүп бекиттиришти.
Пландар негизинен мамлекеттик билим берүү мыйзамына, стандартына
жана планына карата түзүлдү. Негизги багыт окуучуларга
таттыктуу тарбия, сапаттуу билим берүүгө каратылды. Быйылкы жылы орус тили предметинен
райондук, кыргыз тили предметинен областтык семинарлар
өткөрүлдү. Орус тили боюнча өткөрүлөгөн райондук семинарда Абдувалиев А. Чалабаева
К.Сапарова А. Мадраимова А. Эң жакшы сабактарды
өтүшүп “ Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасын” алышты. Ал эми “ Кыргыз тили жана
адабияты сабагында интерактивдүү ыкмаларды этнопедагогика менен
айкалыштыра пайдалануу жолдору” деген
темада областтык семинар жакшы деңгээлде өтүү. Мында
Тиленова Жамила 11-а- класс “ Фразеологизимдер менен
макал – лакаптардын карым каттышы “. Салибаева Шайыргүл 7-б-класс
“Тактоочторду кайталоо”, Саитова 8-б-класс “ Алыкул акындардын алпы”, 5-в- класс “ Ч.Айтматоа Атадан калган туяк” Анарбаева Патма
эжекелер эң сонун сабактарды өттүү менен областык
мугалимдердин билимин өркүндөтүү
институнун Ардак грамоталарына жана башка сыйлактарга ээ болушту. Айрыкча
Тиленова Жамила,Анарбаева Батма эң жакшы
мактоолор менен айтылды. Ошондой эле “Тарых жана маданият”
жылына карата мектептин бардык
мугалимдери өз иш чараларын
түзүштү. Мектеп окуучуларынын руханий билимин жогорулатуу,
атуулдук, эстетикалык тарбиясын өнүктүрүү
максатында жыл ичинде ачык жана тарбиялык сааттар
өткөрүлдү. “Тарых
жана маданият” жылына карата “ Театр мектеп турмушунда” атуу театрлаштырылган
кечелер өттү. Натыйжада
“Тарых жана маданият” жылына карата өткөрүлгөн
бул семинарда Тиленова Жамийла “ Ардак грамота” менен “Ыйык тил” деген төш белги, Кыргыз
Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссиясынын Ардак громатасын, ал эми
Анарбаева Батма, Саитова Айганыш, Салибаева Шайыргүл, Пратова
Нурийла ОМБӨнун “ Ардак грамоталарын”
алышты. Спорт
боюнча мекткпте алгылыктуу иштер жүрүп
келет. Дене тарбия мугалими балейбол боюнча кыздар командасы райондо 1-
орун, областта 2- орунду алышты. Март айында “Спорт ден соолуктун булагы”
аттуу улуттук спорттук жарышка окуучулар, мугалимдер катышып
байгелүү орундарды ээлешти. Мында дене тарбия мугалими Шамуратов
Эсендин эмгеги зор. “Тарых жана маданият” жылына карата
өткөрүлгөн Театралдык
фестивалда биздин мектептин кружок мүчөлөрү “
Курманбек” драмасын райондук турда коюшуп 1- орунга, областтык турда 3-
орунга ээ болушту. Мында мугалимдердин Абдувалиев А,
Тиленова Ж, Акимова А,
Жолдошова Б чоң жардам беришти. Тарых
мурасыбыз “Манас” эпосу болгондуктан “ Манас тануу” конкурсуна Саитова
Айканыш эжекенин жетекчилиги менен 8- класс окуучулары катышып зонадан жакшы
жыйынтык менен кайтышты. Мектепте дагы бир белгилей кете турган
Пайизов Жоробай атындагы тарыхый музейибиз бар. Ал
музейге Акимова Айзирек эжекебиз жетекчилик кылат. Тарых жана маданият жылына
карата музей дагы жаңыланып иреттелди, ар түрдүү
тарыхый буюмдар менен байытылды . Тарыхты тактап билүү,
маданиятты өстүрүү максатында мектепке ар түрдүү долбоорлор
боюнча кино, театрлар келип
өздөрүнүн кино-
театрларын коюп кетишти. М: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана
илим министирлигинин долбоору боюнча “ Маңкурт баяны”
деген фильм, Топчубай Айтматовдун
концерти жана цирк коюлду. “Улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000
жылдыгына “ карата класстык
сааттар өтүлдү. Тарых жана маданият жылына карата
өткөрүлгөн “Улуу мурас”
фестивалында ангилис тили мугалими Аманов Бактияр Т.Кулатовдун ролун
аткарып,чоң таасир калтырды. “Кылымдардын байланышы
үзүлбөсүн”, “Көчмөндөр оюну балдардын көз карашында” атуу
сүрөт конкурсуна катышып окуучулардын
сүрөттөрү Ошко жөнөтүлдү,
Алымбек датканын 215 жылдыгына
карата
“ Куурчактар конкурсунда” эмгек
мугалими Жороева Марвет жетектеген
окуучулар райондо 1- орунга ээ болуп, областтык турга катышты. “ Тарых жана маданият “ жылына
карата айрыкча тарых мугалимдеринин
Акимова Айзирек эң сонун иш чараларыны түзүп, аткарылып жатат. Анын айрыкча музейге тарыхый инсандардын өмүр баяны боюнча беттерди, жергиликтүү ыйык
жерлердин макеттерин түздүрүп койгонун белгилеп
кетсек болот. “Менин кыялымдагы баатыр” сүрөт
конкурсу өтүп “ Тайлак баатырдын 220” жылдыгына карата буклеттерди түздүрдү.
Ошондой эле Кыргыз АССРинин 90 жылдыгына карата “ Кыргыз Республикасынын
түптөлүшү” деген темада ачык сабак өттү. Соц педагог
Б.Жолдошова эжеке тарых мугалимдери менен бирге “ Тарыхы болбой эл болбойт,тамыры болбой жер
болбойт” деген темада 5-11- класстар
арасында “Акыл ордо”, “Билерман ордо”
конкурстары өттү. Мында 9-б-кл,5-в-кл,11-а-класс эң жакшы
жыйынтыктарга ээ болушту. “Жаш” толук эмес орто мектебинин
2015 - 2016 жылындагы аткарылган иш
чаралары тууралуу билдирүү. “Жаш” толук эмес орто мектебинде ремонт
иштерине жана жаңы мектептин курулуш
проектисине айыл өкмөтү 125 миң сом жардам
көрсөттү. Ал эми “
Каңды” айылындагы жашаган тургундардан 24 миң сом, камкорчулар
19миң сом, райондук билим берүү тарабынан 13 миң сом,
жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөрдөн
23 миң сомдку проектор жардам кылынды. Мектеп толугу менен ремонттолуп бүттү. 2015-2016- окуу жылындагы
А.Калыкулов атындагы башталгыч мектебинин
аткарган иштери тууралуу маалымат. А.Калыкулов
атындагы башталгыч мектеби 2015 – жылы
29 - сентябрда ачылды. Мектеп имараты
2009 - жылы Москва шаарындагы Бел айылынын мигранттарынын демилгеси
менен курулуп башталган. Алар 605000 сом акча
жөнөтүшүп, мектептин
фундамети жана дубалы ашар жолу менен
буткорулуп, токтоп калган. 2015-жылы Буткул Дуйнолук Жаштар
Ассамблеясынын Президенти Саид Баюми тарабынан 1млн 600000 сом,айыл элинен
333000 сом айыл өкмөтүнөн
320000 сом жеке ишкер Асамидин уулу Максаттан 500000 сом сапталып,мектеп
курулушу бүткөрүлдү. КР билим берүү
министирлиги 128000 сомдук парта,стул Ноокат райондук администрациясы 4 даана
доска менен камсыз кылды. Октябрь айында айыл демөөрчүлөрүнүн жардамы менен
мектепке откана курулуп, жылытуу системасы ишке киргизилди жана
веранда бүткөрүлдү. Азыркы күндө 6 окуу каанасы, мугалимдер канаасы жана
директордун кабинети бар. Жаңы 2016-2017- окуу жылына
мектепти ремонттор үчүн
Ноокат райондук Билим берүү бөлүмү
тарабынан 6680 сомдук краска берилип пол, дубал, жылытуу системасынын
трубалары краскаланды. Айыл өкмөттөн
150 миң сом забор үчүн каралып,анын 132800 сому тендерден
(каралып) өтүү. Бул каражат
заборго жумшалып мектеп айланасы толугу менен тосулуп
бүттү. Мектеп жаңы окуу жылында
окуучуларды кабыл алууга даяр. “Кеңещ”
орто мектебинде жаңы окуу жылына даярдык боюнча
төмөндөгү иштер аткарылган. Кеңеш орто
мектебинде 61 мугалим иштейт. Жогорку билимдүүлөр 48, атайын орто билимдүүлөр 48, атайын
орто билимдүүлөр 8, бүтпөгөн жогорку
билимдүүлөр 5. Эл агартуунун мыктысы 4 мугалим эмгектенет.
Мектепте класс комплектси 25 класс. ¼ 266, 5-9 класстарда 279.
10-11-класстарда 271 жалпысы 616-окуучу билим жана тарбия алат, окуучулардын
окуу китеби менен камсыз болуусу 82
пайызды түзөт. Мектептин материалдык техникалык базасын
чыңдоодо төмөнкүдөй иштери аткарылды. Мектептин
киреберишиндеги жазуулар – 8000 сом
акча каражаты жумшалып жаңыдан
жазылды. № 1 кабинеттин
инвентарлары – 12 даана стол, 24 даана стул, 1 маркер доска, 1 даана
магниттик жазылуу доскасы, 1 даана мугалимдин столу, 2 даана шкаф жана
көрсөтмө куралдар алынып келинди. Ашкананын печкасы
ремонттолду жана кошумча 1 электрдик печка алынды. Окуучулардын татыктуу билим жана тарбия
алуусу үчүн 2 интерактивдүү доска камкорчулар
кеңешинин эсебинен 50 миң сом жана айыл өкмөттүн эсебинен 89 миң сом акча каражатынын
эсебинен сатылып алынды. Кыргыз Республикасынын финансы
министирлигинин үлүштүк
түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2981582 сомдук
долбоордун үстүндө мектептин терезелери толугу менен
жаңыланды. Мектептин жылытуу системасы бир катар
ремонттон өткөрүлдү, орус
тили боюнча бурч жаңыдан жасалгаланды. 2015-16-окуу жылынын
11-классынын
бүтүрүүчүлөрү тарабынан
43600 сомго мектептин маданий массалыгы үчүн музыкалык центир
колонкасы менен кошо алынды. Сырткы инвестиция 2 981 502 сом стимулгрант Ички инвестиция – 314100 сом Жалпы киреше – 3 295 602 сом болду. Мектепте “Тарых жана маданият жылына”
карата төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
Камкорчулар кеңешинин эсебинен 10 000 сомго боз үй жасалып
“Тарых жана маданият жылына” бурч
уюштурулду. Окуучулардын маданий
деңгээлин көтөрүү
жана таланттуу окуучуларды аныктоо
максатында квартал сайын (тамашоо) уюштурулду. Мындан тышкары Акыл-Ордо,
Билерман –Ордо, интелектуалдык оюндары класстар
арасында өткөрүлдү. Мугалимдер арасында ыр кесе
өткөрүлдү. “Из кубарлар тобу” менен биргеликте Борбаш
айылынын көчөлөрүнүн
тарыхын изилдешип буклеттерди жана дубал газеталарды чыгарышты. “Край” таануу
илиминин жетекчисинин астында окуучулар Ош шаарынын маданий жайларына алып
барылды. Борбаш айылынын белгилүү инсаны обончу жана тарыхчы
Шашканов Таабалды менен жолугушуу өткөрүлдү.
21-кылымдын интелектуал балдары программасы боюнча
атайын кружок уюштурулуп, анда окуучулар өзүнүн ойлоп
табуучулугу, кол
өнөрчүлүгү боюнча көп иштерди
пландаштырып райондук иш-чараларга катышты алсак “Жаш ойлоп табуучулар
илиминин” мүчөсү Сагынали у Адилет райондук этапта
өзүнүн “коопсуз керемет” аттуу чыгармасы менен биринчи
оорунду ээлеп областык этапта 3-оорунду ээлеп кайтты. Мектепте олимпиадалык
топто иштеп 38 - окуучу зоналдык турга катышып 3 окуучу Райондук турга
катышты. Райондук этаптагы олимпиадада Имаров Санжар 2 чи оорунду ээлеп
Ноокат рай б.б нын 2 чи даражадагы диплому менен сыйланды. Жыл мугалими конкурсунун аймактык
этабында орус тили жана адабият мугалими Исламидин к Диларам 3-чү
оорунду ээледи. Дене-тарбия мугалим
Ураимов Сагындын окуучулары Бурканов Муса, Акунжан у
Абай кыргыздын улуттук оюну болгон “Тогуз коргол” мелдешинин райондук
этабында байгелүү оюндарды камсыз кыла алышты. Жалпы республикалык теске 31 окуучу
катышты. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга 11-класстан 41 окуучу жана 64
окуучу киргизилди. Азыркы мезгилде Кеңеш орто мектеби толугу менен
ремонттон өткөрүлүп
жаңы окуу жылына даяр. Бел айыл
өкмөтүнүн отуруму жогорудагы Бел айыл
өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү
мекемелеринин жаңы окуужылына карата даярдыктардын жана жыл ичинде
аткарылган иштери боюнча билдирүүлөрдү угуп жана
талкуулап анда кетирилген кемчилдиктердин четтетүү максатында Бел айылдык Кеңешинин
саламаттыкты сактоо жана бмлим
берүү боюнча туруктуу камиссиясынын төрайымы: П. Абдивалиева. |
|
Бел ыйыл
өкмөтүнүн Борбаш айылынын айыл башчы Ураимов Медердин
билдирүүсү.
Бел аыйыл
өкмөтүнүн Борбаш айылынын
айыл башчы Ураимов Медердин төмөнкүдөй
билдирүү жасады. Бел ыйыл
өкмөтүнүн Борбаш айылынын
Күнгөй участкасын 2км
аралыкка Дүкөр аркылүү суу алынып
өткөрүлгөн.
Бул жумуш Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында “Агахан” фондунун жардамы
менен аткарылган проектиде
2 км ге жакын жолдор казылып бузулган. Бул
бузулган жолдорду оңдоого “Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектисинен
үнөмдөлгөн акча каражатын жумшоого уруксат
бнрүүңүздөрдү суранам. Бел айыл өкмөтүндөгу Борбаш айылында
“Агахан” фондунун жардамы менен аткарылган проектиде бузулган жолдорду оңдоо боюнча Борбаш айылынын башчысы М. Ураимовтун
билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( бешинчи
чакырылышынын) кезектеги жыйырма экинчи сессиясында токтом чыгарып
берүүңүздөрдү сүранам. Бел ыйыл
өкмөтүнүн Борбаш айылынын айыл башчы:
Ураимов Медер. |