Дата публикации 29.12.2014

 

Депутаттардын Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз экинчи сессиясынын

           Т о к т о м у

Бел айылы                    №2-2                                 4-февраль 2013-жыл

Бел айылдык Округунун Кенешинин туруктуу

комиссияларын түүзүү жөнүндө.

Бел айылдык Кенешинин типтүү регламентин 8-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүнө ылайык Бел айылдык Округунун Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз экинчи сессиясы

                                      Т о к т о м    к ы л а т :

        Депутаттардын Бел айылдык Кенешинин томонкүдөй туруктуу комиссиялары түзүлсун:

А) Финансы, бюджет, экономика жана өнөр жай, бизнес, ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча

                Шамасиров Алымкул

                Абдилазиз уулу Жаныбек

                Мамажанов Нурбек

                Сулайманов Шарабидин

                Кожоев Абдивахап

Б) Айыл, суу чарба тармагы, жерге жайаштыруу жана энергетика, жайыт, экология жаратылышты коргоо боюнча

                  Айтиев Маматжан

                  Кенжебаев Токтосун

                  Маматиса уулу Мелисбек

                  Махмудов Аширбай

                  Бөрүбаев Жолчу

В) Мыйзамдуулукту сактоо, укуктарды коргоо, аксакалдар соту, үрп-адат, каада-салт боюнча:

                    Миңбаев Абдырахман

                    Асамидин уулу Максат

                    Каратаев Мамадияр

                    Абдивалиева Патийма

                    Мурзаев Сайдазим

Г) Социалдык тармактарды өнүктүрүү (билим берүүнү камсыздоо, ден-соолукту коргоо спорт жана туризимди өнүктүрүү, жаштар жана үй-бүлө саясаты) боюнча:

                      Сапаров Абдилаким

                       Алибеков Мамасыдык

                       Эсенбаев Жеңишбек

                       Сулайманов Данияр

                       Абдувалиева Патийма

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                      Т.Бекботоев

 

 

 

 

                                         Постановление № 2/2  

депутатов  Бельского айыльного кенеша внеочередной второй сессии (пятого созыва)

Село Бель                                                                                            4-февраля 2013 года

О  создании  постоянных комиссий Бельского айыльного кенеша

 

            Согласно  1 подпункта 8 пункта  типового регламента  Бельского айыльного кенеша  внеочередняя вторая сессия (пятого созыва)  депутатов Бельского айыльного округа

                                                    Постановляет:

 

            Создать следующие  постоянные комиссии депутатов Бельского айыльного кенеша:

А) комиссия  по финансам, бюджету, экономике и промышленности, бизнесу и развития предпринимательства

 

            Шамасиров  Алымкул

            Абдилазиз уулу Жанибек

            Мамажанов  Нурбек

            Сулайманов  Шарабидин

            Кожоев Абдилвахап

           

            Б)комиссия по вопросу села, водному ресурсу, землеустройству и энергетике, пастбища, экологии и  по охране природы

 

            Айтиев Маматжан

            Кенжебаев Токтосун          

            Маматиса  уулу  Мелисбек

            Махмудов Аширбай

            Борубаев Жолчу

 

            В)комиссия  по права и законодательства, суда  старейшин, обычаям

 

            Минбаев Абдырахман

            Асамидин уулу Максат

            Каратаев  Мамадияр

            Абдивалиева Патийма

            Мурзаев Сайдазим

 

            Г) комиссия  по социальным вопросам ( об  образовании, развития спорта и туризма, защита здоровья,  молодежной  и семейной политике)

 

            Сапаров Абдилаким

            Алибеков Мамасыдык

            Эсенбаев Женишбек

            Сулайманов Данияр

            Абдувалиева Патийма

 

Торага депутатов Бельского айыльного кенеша                          Т.Бекботоев

 

 

 

 

 

    

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин

(бешинчи чакырылышынын) үчүнчү сессиясынын

           Т о к т о м у

Бел  айылы                        №3-1                            15-март  2013-жыл

Бел айыл Өкмөтүнүн 2012-жылда социалдык-эконо-

микалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана

2013-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү-

сүнүн милдеттери жөнүндө.

  Бел айыл Өкмөтү 2012-жылда түзүлгөн иш пландарын аткаруу менен бир топ алгылыктуу иштерди жасоого жетишти. Жашап жаткан нак калктын саны 10264 кө жетип, эки жакта иштеп жашап жүргөн жарандардын саны 951 ди түзүп жалпы калктн саны 11215 ке жетти. Жыл ичинде 305 наристе төрөлүп, 107 жаран никеге турса, 56 жаран дүйнөдөн өткөн. Кара малдын саны 3325 ке, майда жандыктардын башы 8554 кө, жылкынын башы 420 га жеткен. Жыл ичинде жарандар тарабынан 27 үй курулуп бүткөрүлгөн. 2012-жылы жаштарды колдоо жылнда айылдык жаштарды колдоо үчүн Таш-булак участкасынан 2 адамга жер участкасы берилди. Ички жана тышкы инвестицияларды тартуу менен 1 млн 300,0 миң сомдук Түрктөрдүн Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Күңгөй каналын ремонттоо иштери жүргүзүлсө, жеке  ишкер  Асамидин уулу Максат тарабынан 5,5 млн сомдук ресторан, 190,0 миң сомдук жыгач тилүүчү пилорамма, ишкер Мурзабаев тарабынан 250,0 сомдук элди тейлөөчү чайкана, Борбаш айылында Кулбаев тарабынан 165,0 сомдук пилорама 50,0 сомдук жүөрү тартуучу станок, Караев Абдивали тарабынан 46200 сомдук самса бышыруучу печка, ишкер Мамажанов Нурбек тарабынан 280,0 сомдук тамактануучу жай ишке киргизилен. Элдин суроо-талаптарын чечүү  багытында Бел айылындагы 1 км 200 метр борбордук жол учур талабына ылайык асфальтталды 2 даана учур талабына ылайык аялдама курулду. Тротуарлар асфальтталып суу кетүүчү латоктор орнотулду. Демөөрчүлөр тарабынан Т.Султанов атындаы Ой-талаа көчөлөрүнө шагал төгүлсө, жеке ишкер  Бекботоев тарабынан Анарбаев атындагы көчө асфальтталды. 1782 кожолукка социалдык паспрт  толтурулуп анын негизинде 543 үй-бүлө мамлекеттик жөлөк пул алышат. Кургак учук оорусу менен ооруган атуулдардын даарылануусу үчүн жериликтүү бюджеттин эсебинен 60000 сом акча каражаты каралып 42000 сомдук жардам көрсөтүлгөн. Балдардын эмегегин тамекиден четтетүү долбоору менен тыгыз иш жүргүзүлүп 48 үй-бүлөгө 72000 миң сомдук кредит берилген. Актед уюму тарабынан 798 үй-бүлөгө 59870 к гун, 4718 литр май берилген. 2012-жылы 865 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери айдалып 1713,0 тонна түшүм жыйналган. Жыл ичинде 630 тонна эт, 2134 ц сүт, өндүрүлүп былтыркы жылга салыштырганда өсүү байкалган. 2012-жыл ичинде 5081 баш кой, 2903 баш эчки, 403 баш жылкы эмдөөдөн өткөрүлгөн. 3350 баш кара мал шал оорусуна карата эмделген. 236 дейди ит мышыктар атылып жок кылынган. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин толуктоодо иштеринде райондо биринчи жолу орунга жетишүүнү камсыз кылган. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн жакшыргандыгы калк арасында жугуштуу ооруулардын санын азайгандыгынан байкалууда. Ошол эле учурда сарык оорусу көбөйүп жаткандыгы маалым. Билим берүү тармагы  боюнча Бел-Өрүк орто мектебинен 1 окуучу республикада 1 орунду, 2 окуучу 3 орунду. Ой-талаа орто мектебинен 1 окуучу 1 орунду камсыз кылган. 2012-жыл ичинде 2 кылмыш иши катталган. 1 уурулук, 1 денеге залал келлтирүү экөөнүн тең бети ачылган.

    2013-жылга 2247 гектар жерге айыл чарба эгиндерин эгүү болжолдонууда. Бардык дан эгиндер 1062 га анын ичиен кылкандуу дан 890 гектар, күздүк буудай 465 гектар, жаздык буудай 405 гектар, АРПА 20 гектар, дандык жүгөрү 172 гектар, 105 гектар картошка, 34 гектар жашылча, 175 гектар май өсүмдүгү, 15 гектар тамеки.

    Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) үчүнчү сессиясы

                                            Т о к т о м     к ы л а т :

1.      2012-жылы айылды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында айыл Өкмөтү тарабынан бир катар иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.

2.      2013-жылга айылды социалдык жана экономикалык жакан өнүктүрүүнүн негизги иш чараларын иштеп чыгып, калкка жеткирип, демөөрчүлөр аркылуу элдин эң көйгөйлүү маселелерин чечүүгө көңүлдүн борборун буруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Атакановага жүктөлсүн.

3.      Айыл өкмөтүнүн бюджетин толуктоо боюнча кошумча булактарды издеп табуу, бекитилген бюджетти сарамжалдуу пайдалануу менен негизги статьяларга бөлүнгөн акча каражаттарын өз багытында пайдаланууну камсыз кылуу ФЭБ нүн башчысынын неизги милдети болуп эсептелсин.

4.      Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алууда жана өндүрүлөн продукциялардын сапатын жакшыртуу, эгин талааларын көтөрүштүрүп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу. Өз мөөнөтүндө суугат суусу менен камсыз кылуу жагы айыл башчыларга, чарбалык субьектилердин жетекчилерине, жер адисине, мурабдарга тапшырылсын.

5.      Мектеп окуучуларына татыктуу билим берүүнү камсыз кылуу багытында, калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалын жакшыртуу боюнча чыгармачылык менен иш жүргүзүү мектеп директорлоруна, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчыларына жүктөлсүн.

6.      Мал чарбачылыгынын асылдуулугун арттыруу максатында ветеринардык тейлөөнүн абалын жакшыртуу, малды түрдүү ооруларга каршы керектүү ваксиналар менен камсыздоо боюнча тынымсыз иш алып баруу жагы вет кызматкер Сулаймановго милдеттендирилсин.

7.      Калкты колдоого муктаж болгон катмарына тынымсыз көзөмөл жүргүзүп жөлөк пулдардын, мыйзамда белиленген жеңилдиктеринин өз убагында берилишине көңүлдүн борборун буруу айыл башчыларга, соц.адистерге тапшырылсын.

8.      Айыл арасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмге каршы күрөш жүргүзүүдө коомдук уюмдар менен байланышы күчөтүү. Милициянын участкалык инспекторуна жүктөлсүн.

9.      Аткарылган иштер боюнча мезгил-мезгили менен калк арасына маалымат берип туруу жагы айыл башчыларга тапшырылсын.

10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.                   

 

                 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                        Т.Бекботоев

 

 

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи

чакырылышынын) кезектеги үчүнчү сессиясынын

 

 

                                         Т о к т о м у

 

Бел  айылы                          №3-3                               15-март 2013-ж

 

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин

2013-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.

 

  Түзүлгөн иш-планды угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин бешинчи чакырылышынын үчүнчү сессиясы

 

 

                                          Т о к т о м         к ы л а т :

 

1.      Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин 2013-жылга негизги иш планы бекитилсин.

 

2.      Түзүлгөн иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин Жооптуу катчысы Жумаева Анар Сатыевнага жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                               Т.Бекботоев

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кенешинин (бешинчи

чакырылышынын) учунчу сессиясынын 3-3 токтомуна тиркеме

 

         Бел айылдык кенешинин 2013-жылга тузулгон иш чаралары

Аткарылуучу иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мооноту

Ким жооптуу

1

Бел айыл окмотунун 2012-жылдагы социалдык-экономикалык жактан онугуусунун жыйынтыктары 2013-жылга социалдык экономикалык жактан онугуусунун пландары жонундо

1 чейрек 2013-жыл

Жер адис, ФЭБу айыл окмотунун кызматкерлери

2

2012-жылы бекитилген айыл окмотунун бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджетини бекитуу жонундо

1 чейрек 2013-жыл

ФЭБу

3

Бел айылдык кенешинин 2013-жылга иш планын бекитуу

1 чейрек 2013-жыл

Жооптуу катчы Жумаева А

4

Айыл окмотунун коп балалуу, пенсионер, майып кожолуктарын салыктан бошотуу жонундо

1-чейрек 2013-жыл

Башкы салыкчы Акматов А

5

Айыл округунун аймагындагы мектептерде окуучуларга терен билим беруу багытында жургузулуп жаткан иштердин абалы

2-чейрек 2013-жыл

Туруктуу комиссиялар Мурзаев К

6

Саламаттыкты сактоо, билим беруу боюнча туруктуу комиссиянын отчету

2-чейрек 2013-жыл

Туруктуу комиссиянын мучолору

7

Айыл окмотунун 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча айыл окмотунун башчысы Атаканованын отчету

3-чейрек 2013-жыл

Айыл окмотунун кызматкерлери

8

Финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отчету

3-чейрек 2013-жыл

Туруктуу комиссиянын мучолору

9

Айыл округунун аймагындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин пайдалануунун абалы

4-чейрек 2013-жыл

Туруктуу комиссия, жер адистери

10

Калкты медициналык жактан тейлоо боюнча №22 УБД тобунун жургузуп жаткан иштеринин абалы

4-чейрек 2013-жыл

Туруктуу комиссия

                       Уюштуруу практикалык иш-чаралар

1

Кыргыз Республикасынын Окмотунун, Жогорку кенешинин, Президенттин, токтомдорунун аткарылышын камсыз кылуу

дайыма

Туруктуу комиссиялардын торагалары

2

Шайлоочуларды кабыл алууну уюштуруу жана алардын арыз даттанууларын кароо

дайыма

Айылдык кенештин торагасы

3

Депутаттардын оз шайлоочуларынын алдында отчет беруулорун уюштуруу

Мезгил-мезгили менен

Т.Бекботоев, А.Турдуев, А.Жумаева

4

Депутаттык окууларды откоруу

Чейрек сайын

А.Жумаева

 

 

Бел айылдык кенешинин жооптуу катчысы:                 А.Жумаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи

чакырылышынын) үчүнчү сессиясынын

 

                                        Т о к т о м у

 

Бел  айылы                        №3-4                                   15-март 2013-ж

 

Айыл Округунун аймагындагы кожолуктарга салык

төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү жөнүндө. 

 

   Айыл Округунун аймагындагы кожолуктарга салык төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү жөнүндөгү тизмелерди угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) үчүнү сессиясы

                                           

                                           Т о к т о м      к ы л а т :

 

1.      Айыл Округунун аймагындагы 2168 кожолугунан 637 кожолугу жер салык төлөмүнөн бошотулсун.

 

 

Анын ичинен пенсионерлер                                 441 кожолук

Көп балалуулар                                                       165 кожолук

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары   3 кожолук

Ооган, Чернобылда кызмат кылгандар              15 кожолук

Эмгек майыптары                                                   13 кожолук

 

2.      Айыл Округунун аймагындагы 2168 кожолугунан 224 кожолугу таштандыларды ташып чыгаруучу жер салыгынан бошотулсун (үйүндө жашабагандар)

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл Өкмөтүнүн башкы салыкчысы А.Акматовго милдеттендирилсин.

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                              Т.Бекботоев

 

Бел айылдык кенешинин 5-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын

                              Т о к т о м у

Бел айылы               №3-5                                              15.03.2013-ж

 

Бел айылдык кенеши тарабынан кабыл

алынган токтомдорду мамлекеттик тилде

жазуу жонундо

 

  Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жонундо мыйзамына озгортуулор жана толуктоолор киргизилип, “Ченемдик укуктук актылары жонуундо” мыйзамынын 26-беренесиндеги озгортуулорго ылайык тиешелуу администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын копчулугу жашаган шарттарда жергиликтуу оз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органынын тиешелуу чечими болгондо жергиликтуу оз алынча башкаруунун окулчулуктуу органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп корсотулгондугуно негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Бел айылдык кенеши

                               Т о к т о м     к ы л а т :

1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын копчулугу мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизуу жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилин.

2. Айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизууго жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизуу учун жонотулсун.

3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы депутаттардын Бел айылдык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Бел айылдык кенешинин торагасы:                           Т.Бекботоев

 

                                           

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз  төртүнчү  сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №4/1                          26-апрель    2014-жыл.

 

                                                           Бел  айылынын  тургуну  Мамазаитов  Ма-

                                                           масалинин  арызын  канааттандыруу жө-

                                                           нүндө.

 

Бел   айылынын   тургуну Мамазаитов   Мамасалинин Ноокат кызыл-Кыя жолунун  түндүк  тарабындагы  “ Тимурлан” кафесинин  чыгыш  тарабындагы  жер  аянтына  дүкөн жана  склад  салуу  үчүн  бардык  документтерин   даярдап  бүткөн.  Дүкөн  жана  склад   салуучу жер  аянтын мыйзамдаштырып  берүү  жөнүндө  жазган  арызын  угуп  жана  талкуулап  депутаттардын  Бел  айылдык  Кенешинин ( бешинчи чаыкырылышынын)  кезексиз  төртүнчү   сессиясы   

                                          Т о к т о м      к ы л а т : 

 

1.Бел   айылынын  тургуну  Мамазаитов  Мамасалинин  арызы   канааттандырылып,Ноокат  кызыл-Кыя  жолунун түндүк  тарабындагы “Тимурлан” кафесинин чыгыш  тарабындагы жер  участкасына дүкөн жана склад  салоууга  уруксат  берилсин.

 

2.Берилген  жер  аянтынын  экологиялык абалын  жана  Жер Кодексинин  негизинде  төлөм  каражаттарын  өз  убагында төлөп  туруу  жагы Мамазаитов  Мамасалига   милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө  айылдык Кенештин жер жана жерге жайгаштыруу,суу чарба  тармагы,жайыт ,жаратылышты  коргоо  боюнча  туруктуу   комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

Депутаттардын  Бел  айылдык Кенешинин

                                                   төрагасы:                                   : Бекботоев.Т.М

 

      Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                                №5/1                                                    26.06.2013-ж

Кыркол участкасындагы кайра бөлүштүрүү  фондусунун

жерлерин тактоо боюнча комиссиянын курамын

бекитүү жөнүндө.

   Кыркол участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин тактап чыгуу максатында комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз бешинчи сессиясы

                                             Т о к т о м      к ы л а т :

1.      Кыркол участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин тактап чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн.

 

    Махмудов Аширбай – комиссиянын төрагасы

    Айтиев Маматжан – комиссиянын төраасынын орун басары

    Бөрүбаев Жолчу – комиссиянын катчысы

 

                                М ү ч ө л ө р ү :

 

    Кенжебаев Токтосун – туруктуу комиссиянын мүчөсү

    Маматиса у Мелисбек – туруктуу комиссиянын мүчөсү

    Миңбаев Абдыракман – дыйкан чарбанын жетекчиси

    Мурзаев Сайдазим – дыйкан чарбанын мүчөсү

    Муратов Муктар – жайыт комитетинин төрагасы

    Абдазов Масиркул – жер адиси

    Сулайманов Данияр –

    Матраимов Надир – мам.каттоонун адиси

 

2.      Түзүлгөн комиссия арендага алынган бардыкжерлердин документтери менен жеринде таанышып, 2013-жылдын 10-июлуна бардык маалыматтарды айылдык кеңештин төрагасына тапшыруу жагы комиссиянын төрагасы Махмудов Аширбайга жүктөлсүн.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                     Т.Бекботоев  

 

 

Бел айылдык кеңешинин (5- чакырылышынын) алтынчы сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №6/2                                                    24.08.2013-ж

 

Бел айыл округунун аймагында Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык

1,2,3 топтогу жер жана мүлк салыгын 2014-

жылга колдонууга киргизүү жөнүндө.

 

  Бел айылдык Округу, Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө”  17.10.2008-жыл №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 5 беренесинин 5 бөлүгүнүн талаптарына ылайык 1,2,3 топтогу жер жана мүлк салыктарын 2014-жылга колдонууга киргизүү максатында

 

                                          Т о к т о м    к ы л а т :

 

1.      Бел айыл округунун амагындагы 1,2,3-топтогу жер жана мүлк салыктарын 2014-жылда колдонууга алынсын.

 

2.      Ушул токтомдун аткарылышы Бел айыл округунун бюджети боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                     Т.Бекботоев  

 

    Бел айылдык кеңешинин (5- чакырылышынын) алтынчы сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №6/3                                                  24.08.2013-ж

   Бел айыл өкмөтүнүн Борбаш айылынын ой мааласиндаги элдердин жашаган үйүнөн жер тамаркасынан суу чыгып кеткендиктен алардын арызынын негизинде 1 км 30 метр жерди Ч.П Юсупжанов айыл өкмөт менен келишим негизинде дренаж каздырылды анын кызмат акысын төлөөгө кырдаалга байланыштуу сметадагы акчаны бөлүмдөн-бөлүмгө которууга айылдык кеңештин 5-чакырылышынын 6-сессиясы

                                         Т о к т о м    к ы л а т :

1.      Р 706 ЖКК бөлүмүндө акча 3-кварталда калбагандыктан төлөө үчүн сметада көрсөтүлгөн Р 708 маданият бөлүмүндөгү СТ-22152100-55800 сом Бел айылдык кеңешинин депутаттарынын 5-чакырылышынын 6-сессиясынын токтомунун негизинде айыл өкмөттүн аймагында аткарылган иштерге келишимдин, актынын негизинде тиешелүү ишканага которулуп берилсин.

 

2.      Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

 

3.      Акча которуу айыл өкмөттүн эсепчисине милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                     Т.Бекботоев  

 

 

 

    Бел айылдык кеңешинин (5- чакырылышынын) алтынчы сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №6/4                                                  24.08.2013-ж

 

Бел айыл өкмөтүнүн Борбаш айылындагы

“Жоогазын-Нуру” мектепке чейинки билим берүү

мекемесин мамлекеттик каржылоого өткөрүү жөнүндө.

 

  Бел айылдык аймагынын Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасыны мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча Борбаш айылынын тургундарынын 2013-жылдын 23-августундагы арызын карап жана талкуулап Бел айылдык кеңеши

 

                                                  Т о к т о м    к ы л а т :

 

1.      Бел айылдык аймагынын Борбаш айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.

 

2.      “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасын мамлекеттик каржылоого өткөрүү маселесин чечип берүү жана жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлмүнөн суралсын.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                     Т.Бекботоев  

 

 

 

 

 

 

 

 

    Бел айылдык кеңешинин (5- чакырылышынын) кезексиз тогузунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №9/1                                                  17.01.2014-ж

 

Айылдык кеңештин депутаттары Эсенбаев

жана Каратаев жөнүндө.

 

      Айылдык кеңештин депутаты Каратаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгын жана депутат Эсенбаевдин депутаттык полномочиесин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз тогузунчу сессиясы

 

                                            Т о к т о м    к ы л а т :

 

1.      Борбаш шайлоо округунан айылдык кеңешке депутат болуп шайланган Каратаев М.А айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу, депутат Эсенбаев Жеңишбектин өз арызынын негизинде депутаттык полномочиелери мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

2.      Бошоп калган депутаттык орунга келүүчү кийинки талапкерди аныктап берүү референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча комиссиясынан суралсын.

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев

 

 

 

    Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз тогузунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №9/2                                                 17.01.2014-ж

Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү

фондусунун жерлеринен ижарага

берилген жерлеринин ижара

акысын жогорулатуу жөнүндө.

 

      Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таш-Булак, Тегирмен-Башы, жана Кыркол бөлүмдөрүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери ижарага берилип жарандар тарбынан иштетилип келүүдө. Бирок келишимдер мындан бир нече жылдар мурун түзүлгөндүктөн анда белгиленген ижара акылары аз өлчөмдө белгиленип калган. Ал баалар менен айыл Өкмөтүнүн аймагындагы муктаж болгон маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошондуктан айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз тогузунчу сессиясы

                                                Т о к т о м     к ы л а т :

1.      Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарага берилген жер аянттарынын ижара акылары төмөнкүдөй болуп белгиленсин.

     Тегирмен башы, Таш-Булак участкаларында 1 га жеринин ижара акысы 1000(миң) сом, ал эми Кыркол участкасында 1 га жер аянтынын ижара акысы 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин. (соц салыгы жана жер салыгы ичинде)

 

2.      Бардык ижарачылардын келишимдерин алып, жана белгиленген ижара акылардын негизинде башкадан түзүп чыгуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдазовго милдеттендирилсин.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

   Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев

 

    Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз онунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №10/1                                                 7.02.2014-ж

Бел айыл аймагынын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык

жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2014-жылга социалдык-

экономикалык жактан өнүгүүсүнүн милдеттери жөнүндө.

 

  Бел айыл өкмөтү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга социалдык өнүгүү стратегиясын негиз катары кабыл алуу менен ал айыл аймагында тездетилген экономикалык өсүштү жана социалдык камсыздоочу программа болуп эсептелген. Айыл өкмөтүнүн Бел айыл аймагынын 2013-2017-жылдары өнүгүү стратегиясы боюнча кабыл алган программанын негизинде иш алып барып, бир топ алгылыктуу иштер аткарылган. 2014-жылдын 1-январына карата айыл аймагында жашап жаткан нак калктын саны 10455 убактылуу эки жакта иштеп жүргөндөрү 896 жараанды түзүп жалпы калктын саны 11351 адамга жеткен. Жыл ичинде 295 наристе төрөлүп 126 жараан никеге турса 53 жараан ааламдан өтүп, 46 жараан аталыкты аныктоо менен күбөлүк алган. Бул жерге баса белгилеп кетүүчү жагдай жардамдардын өздөрүнүн күндөлүк жашоо турмушунда керектелүүчү документтүүлүккө шалаакылык менен мамиле жасагандыгынан кабар берет. Жыл ичинде жараандар тарабынан 27 үй курулган. Райондо айылдардын инфраструктурасын которуу жылы деп жарыялаган 2013-жыл 22.02.№19-токтомду жетекчиликке алып, айыл аймагында бир топ иштер аткарылган. Бел айылында жеке ишкер Темирова Кимсан тарабынан 1 милион сомдук соода дүкөнү курулган. 3 адам жумуш менен камсыз болгон. Бел айылынын Жаш мектебине өтүүгө көпүрө салынып айыл өкмөтүнөн 70 миң сом жамаат тарабынан 130 миң сомдук акча каражаты жумшалган. Заитов көчөсүнө түнкү жарыктандыруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 80 миң сомдук акча каражаты бөлүнүп берилген. Ошондой эле Борбаш айылынын Ырысбаев Абдилла көчөсүнө, Ыйман көчөсүнө шагал төгүлүп 2 көпүрөө салынган. Айыл өкмөтү тарабынан 5 плита 10 миң сом акча каражатынан колдоо көрсөтүлгөн. Жеке ишкер Таштемиров Гулам 110 миң сом Ысаков Рустам тарабынан 130 миң сом, Шамасиров атындагы көчөгө шагал төшөлүп, Шамасировдордун үй-бүлөсүнөн 30 миң сом, Ботобеков Абдразак көчөсүнө 120 миң сомдук аткарылса жеке ишкер Мамытов Дүйшөбай тарабынан 115 миң сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Ошого карабастан жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо кемчилдиктер орун алган. Жаңы түптөлгөн көчөлөрдө электр мамычалары орнотулбаган. Электр зымдары тартылбаган, көптөгөн көчөлөргө таза суу жеткирилбеген, көчөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүндө таштандылар ташталып, тазаланбаган. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги булагы салыктарды топтоонун негизги көрсөткүчү 117% ке аткарылганы менен айрым көрсөткүчтөрүбүздүн планы толбой калган. Айрыкча кайра бөлүштүрүү фонд ижара салыгына түшүүчү салык толук өндүрүлбөй калган же айыл өкмөтүнүн кызматкерлери толук кандуу иш жүргүзүлбөгөндүгү болуп саналат. Өнөр жайын өнүктүрүү боюнча жеткиликтүү иш жүргүзүлбөгөн. Жогоркулардын негизинде Бел айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 10 сессиясы

                                                    Т о к т о м     к ы л а т :

1.      2013-жылда айылдык социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында бир топ иштер аткарылгандыгы белгиленсин.

2.      Айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алууда жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын жакшыртуу, эгиндерди которушуп айдоо, жер аянттарын кошумча азыктандыруу, өз мөөнөтүндө сугат суусу менен камсыздоо боюнча зарылчараларды көрүү, чарбалык субьектилердин жер адисинин айыл башчыларынын суу пайдалануучулардын бирикмесинин кызматкерлеринин негизги милдети болуп саналат.

3.      Мал чарбачылыгынын асылдуулугун арттыруу максатында ветеринардык тейлөөнүн абалын жакшыртуу, жасалма уруктандыруу, малдын түрдүү ооруларына каршы керектүү ваксиналар менен камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү А.Сулаймановго жүктөлсүн.

4.      Калктын медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жогорулатуу менен калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, энелердин жана ымыркайлардын набыт болуусуна жол бербөө, аз кандуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү №19,22 УБДБ нун жетекчилеринин негизги милдети болуп эсептелсин.

5.      Калктын колдоого муктаж болгон катмарына тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жөлөк пулдарын өз мөөнөтүндө берилишин көңүл борборуна коюу айыл башчыларына, соц кызматкерге жүктөлсүн.

6.      Айыл аймагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар ачуу, инвестиция тартуу жана жумушчу орундарды түзүү приоритеттүү милдеттерден болуусу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.

7.      Айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу диний экстремизимге каршы күрөш жүргүзүү коомдук уюмдар менен бирге иш алып баруу милициянын участкалык инспекторуна жүктөлсүн.

8.      Аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча маалымат берип туруу жагы айыл башчыларына, мектеп директорлоруна, УБДБ нын жетекчилерине, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

9.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

  

 

 

   Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз онунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №10/3                                                 7.02.2014-ж

Бел айыл өкмөтүнүн 2014-жылга

социалдык-экономикалык жактан

өнүгүүсүнүн стратегиясын бекитүү

жөнүндө.

 

    Бел айыл аймагынын 2014-жылга социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүнүн стратегиясын турмушка ашыруу жөнүндө түзүлгөн иш-чараларды угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) 10-сессиясы

 

                                                       Т о к т о м     к ы л а т :

 

1.      Бел айыл аймагынын 2014-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн стратегиясы бекитилсин (иш план тиркелет).

 

2.      Иш планда белгиленген маселелерди турмушка ашыруу боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.

 

 

3.      Токтомлдун аткарылышын көзөмөлдөө Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Каратаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев    

 

 

                            Бел   айылдык  Кенешинин (бешинчи чакырылышынын)  

                                10 сессиясынын  №10/3 токтомуна  тиркеме                             

 

Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 13-январындагы 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз  Республикасынын  туруктуу өнүктүрүүнүн улутттук  стратегиясы жөнүндөгү Жарлыгынын программасын ишке   ашыруу боюнча 2014-жылга  Бел айы Өкмөтүнүн  иш чаралары.

Жеке  ишкердикти өнүктүрүү  жана  аларга шарт  түзүү

1

Кичи жана  өнөр жай  ишканаларын ачууга жетишүү,алардын  продукциясынын көлөмүн өстүрүү,жаны технологияларды  табуу,

айыл

Өкмөтү

дайыма

2.

Бизнес проектилер боюнча    иш алып баруу

айыл  Өкмөтү

жыл ичинде

3.

Кредит алуу  мүмкүнчүлүктөрүн ынгайлуу шартттарын жаратууга жетишүү,ишкерлерге маалымат жеткирүү

айыл Өкмөтү

жыл ичинде

Айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү

1.

Малдардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу боюнча жасалма уруктандыруучу пунктту      ишке киргизүү

Вет.сервис

Бөрүбаев.

жыл ичинде

2.

Малдарды жугуштуу  ооруларынын алдын алуу боюнча эмдөөлөрдү үзгүлтүксүз  жүргүзүү

Вет.сервис

Сулайманов. Бөрүбаев

жыл ичинде

3.

Борбаш айылынын Күнгөй,Бел айылынын Канды айылдарын таза  суу менен камсыз  кылуу

Айыл Өкмөтү,демөөрчүлөр

жыл ичинде

4.

Бел  айылындагы Тегирмен-Башы бөлүмүндөгү үлүштүк жерлерге суу  жеткирүүчү труба орнотуу

айыл Өкмөтү

2-чейрек

                                                 Өнөр    жай

1.

Айыл  чарба продукциясын кайра иштетүүчү кичи  ишканаларды ачууга жетишүү

 айыл Өкмөтү

жыл  ичинде

                                               Билим берүү

1.

Додон участкасындагы башталгыч  класстардын мектебинин  имараттын     бүткөрүүнү  колго алуу.

айыл  Өкмөтү

жыл  ичинде

2.

Мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоо,Бел-Өрук орто  мектебинин терезелерин жанылоо,кенеш  орто  мектебинин жылытуу системасын ондоо

айыл  Өкмөтү,        мектеп директорлору

жыл  ичинде

3.

Алдынкы  окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктарды берүүнү уюштуруу

айыл  Өкмөтү

жыл  ичинде

4.

Жоогазын-Нуру жамаатык балдар бакчасын бюджетке өткөрүүгө  көмөк  көрсөтүү

айыл  Өкмөтү

жыл  ичинде

                                     Саламаттыкты   сактоо

1.

Жугуштуу оорулардын алдын-алуу кургак учук,жүрөк кан  тамыр,гепатит  ооруларынын  санын кескин кыскартууга жетишүү

 УБДТ

жыл ичинде

2.

Энеликти жана балалыкты коргоо  боюнча иш  жургүзүү

 ҮБДТ

жыл  ичинде

3.

Жалгыз бой жарандарга медициналык  тейлөөнүн маданиятын жогрулатуу

 ҮБДТ

дайыма

                               

                                  Инвестиция  тартуу

 

  

1

Борбаш айылына май куйуучу станция  куруу

жеке  ишкер

жыл  ичинде

2.

Борбаш айылына мончо куруу

жеке  ишкер

жыл ичинде

3.

Бел  айылына тех.сервис куруу

жеке  ишкер

жыл  ичинде

                       СОЦИАЛДЫК   КОРГОО

1.

Калктын  аз  камсыз  болгон уй-бүлөлөрүнө төмөнкү  көрсөткүчтөр  боюнча жардам көрсөтүү,жөлөк  пул аплууга жардам көрсөтүү,туулгандыгы  тууралу күбөлүк алууга,мектептерге жана балдар бакчасына жайгаштырууга

айыл  Өкмөтү,

соц адис

жыл ичинде

2.

Жалгыз  бой жарандарга даректүү жардам көрсөтүү

 соц адис

жыл ичинде

3.

ВИЧ-СПИД менен  ооруган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү

соц адис,айыл Өкмөту,УБДТ

жыл  ичинде

 

 

         Экологиялык  коопсуздукту камсыз  кылуу.

1

Бел  жана Борбаш айылдарынын  Күнгөй  бөлүмүндөгү  селканаларды                                                  тазалоо

ӨКМ кызматкери

жыл ичинде

2

Борбаш айылындагы  Таштемир  атындагы көчөнүн  күн батыш тарабындагы сел өтүүчү каналды тазалоо

Айыл  Өкмөтү

жыл  ичинде

3

Додоң бактагы ноодон түшкөн селканаларды тазалоо

Айыл Өкмөтү

жыл ичинде

4

Айыл чарба багытындагы сугат жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга жетишүү

Айыл Өкмөтү

жыл ичинде

                      Электр  энергиясы  менен  камсыз  кылуу

1

Күңгөй жана Додоң участкаларында жаңы трансформатор  орнотуу

Айыл  Өкмөтү

жыл  ичинде

2

Айыл  аймагындагы  эскилиги жеткен электр  мамыларын, зымдарын  жаңылоо

Айыл Өкмөтү

жыл  ичинде

3

Электр зымдарына тоскоолдук жараткан  бактарды  кыркуу

Айыл  Өкмөтү, 

РЭТ

жыл  ичинде

 

           

 

 

Бел  айыл  Өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы:                            А. Жумаева.

 

 

 

 

 

    Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз онунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №10/4                                                7.02.2014-ж

Айыл округунун аймагындагы кожолуктарга салыктардын

төлөмдөрүнөн жана таштандыларды ташып чыгуу

салымынан жеңилдик берүү жөнүндө.

 

   Айыл округунун аймагындагы кожолуктарга салык төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү жөнүндөгү тизмелерди угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) онунчу сессиясы

 

                                               Т о к т о м    к ы л а т :

 

1.      Айыл аймагындагы 2161 кожолуктун 858 кожолугу жер салыгынан бошотулсун.

 

Пенсионерлер – 600

Көп балалуулар – 165

УАМ согуштун катышуучулары – 1

Авган, Чернобылда кызмат кылгандар – 30

Эмгек майыптары – 62

 

2.      Айыл аймагындагы 2161 кожолуктун 405 кожолугу таштандыларды ташып чыгаруу салыгынан бошотулсун (үйүндө жашабагандар).

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө башкы салыкчы Абдилазиз у Акболушка тапшырылсын.

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев

 

 

 

    Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз онунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №10/5                                               7.02.2014-ж

Бел айылдык кеңешинин 2014-жылдын

иш планын бекитүү жөнүндө.

 

   Түзүлгөн иш планды угуп жана талкуулап, депутатардын Бел айылдык кеңешиннин бешинчи чакырылышынын онунчу сессиясы

 

                                                Т о к т о м     к ы л а т :

 

1.      Депутатардын Бел айылдык кеешинин он төртүнчү жылга негизги иш планы бекитилсин.

 

2.      Түзүлгөн иш-пландын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Жумаева Анар Сатевнага жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев

 

 

 

 

 

 

                                              Бел  айылдык Кенешинин 2014-жылдын 7-февра-

                                              лындагы №10/5-токтомуна   тиркеме.

Бел  айылдык  Кенешинин 2014-жылга карата түзүлгөн иш-планы жөнүндө.

Аткарылуучу иш пландын мазмуну

аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

 

1.

Бел  айыл аймагынын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары,2014-жылга  милдеттер жөнүндө.

2014-жылдын биринчи чейреги

ФЭБү

2

Бел  айыл Өкмөтунун 2013-жылы бекитилген  бюджетинин  аткарылы-шы 2014-жылдынбюджетин бекитүү

1-чейрек

2014-ж

ФЭБү

3.

Калкты медициналык жактан тейлөөдө №19ҮБДТобунун жүргүзүп жаткан иштеринин  абалы

2-чейрек

2014-ж

Ырысбаев  А.К.

туруктуу комиссия

4.

саламаттыкты сактоо  боюнча  туруктуу  комиссиясынын отчету

2-чейрек

2014-ж

туруктуу комиссия

5.

Бел  айыл Өкмөтунун 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган  иштери боюнча  айыл Өкмөтүнүн башчысы Каратаевдин отчету

3-чейрек

2014-ж

Айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Каратаев

6.

Калкты  таза  суу  менен камсыз кылуу багытында ИСКАК Бнын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы

4-чейрек

2014-жыл

Шакиров Н.

айыл  Өкмөтү

   УЮШТУРУУ  ПРАКТИКАЛЫК   ИШ   ЧАРАЛАР:

1.

Кыргыз  Республикасынын Президентинин,Жогорку  Кенештин,Кыргыз РЕспубликасынын  Өкмөтүнүн токтомдорунун аткарылышын камсыз кылуу

дайыма

айылдык Кенештин депутаттары,туруктуу комиссиялар

2.

Шайлоочуларды кабыл алууну уюштуруу  ,алардын арыз-даттанууларын кароо

дайыма

айылдык Кенештин төрагасы

3.

Депутаттардын өз  шайлоочуларынын алдында  отчет берүүлөрун уюштуруу

мезгил-мезгили менен

Бекботоев

Турдуев

Жумаева.

4.

Депутаттык  окууларды өткөрүу

чейрек сайын

Жумаева.

 

 

 Бел  айылдык  Кенешинин  жооптуу  катчысы                          Жумаева.А.С.

 

    Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз онунчу сессиясынын

                                              Т о к т о м у

Бел айылы                               №10/6                                               7.02.2014-ж

Айыл өкмөтүнүн алдындагы жер

комиссиясынын курамына толуктоолор

жана өзгөртүүлөр киргизүү.

 

   Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер боюнча комиссиянын курамындагы кээ бир жарандардын башка ишке которулгандыгын эске алып депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) 10-сессиясы

 

                                              Т о к т о м    к ы л а т :

 

  Бел айыл өкмөтүнүн алдында  түзүлгөн жер комиссиясынын курамына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

 

1.      Каратаев М – комиссиянын төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы

2.      Абдазов М – комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүн жер адиси

 

 

                                       М ү ч ө л ө р ү :

 

1.      Жумаева А – Жооптуу катчы

2.      Махмудов А – Айылдык кеңештин депутаты

3.      Ураимов М – Айыл башчы

4.      Маматалиев А – Жер боюнча адис

5.      Сатиев Т – мам.каттоонун өкүлү

6.      Кожонов К – Ноокат райондук архитектура мекемесинин адиси

7.      Кенжебаев Т – Айылдык кеңештин депутаты

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин

                                  төрагасы:                                                          Т.Бекботоев

 

 

    

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 11- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №11/2                               29.04.2014-жыл

Бел айылынын Каңды бөлүмүнүн жашоочула-

рынын арызын канааттандыруу жөнүндө.

 

  Бел айылынын Каңды мааласында жашаган жарандардын огород участкасы жана үлүштүк жерлери насос аркылуу сугарылат. 2014-жылдын сезон учуруна иштетүүгө даярдоого РЭТ ишканасынан уруксат алуу үчүн насостун эки жылдардан калган 18100 сом акча каражатын төлөөгө туура келүүдө. Айыл тургундарынын көп жылдан бери келе жаткан карызды төлөөгө айыл Өкмөтүнөн жардам сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 11-сессиясы

                                                     Т о к т о м    к ы л а т :

1.      Бел айылындагы Каңды мааласынын жашоочуларынын арызын канааттандырып, насостун эски карызы үчүн Өкмөттүн аппаратынын ар түрдүү чыгымдарынын эсебинен ст. 22154900 дөн  18100 (он сегиз миң бир жүз) сом акча каражаты өткөрүлүп берилсин.

 

2.      Бел айылынын Каңды мааласындагы насостун эски карызына бөлүнгөн акча каражатынын тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Мурзаевге тапшырылсын.

 

 

3.      Акча каражаты которулгандан кийин РЭТ ишканасынан насостун иштөөсүнө уруксат алуу, иштетилген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөм каражаттарын төлөп туруу моторист Темировго жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 11- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №11/3                               29.04.2014-жыл

Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Бел

айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк”

орто мектебинин жылытуу системасын, эшик

жана терезелерин жаңылоо жөнүндө.

 

    Бел айылдык аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасын, эшик жана терезелерин жаңылоо боюнча үлүштүк гранттан алынуучу акча каражаты жөнүндө маселени карап жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык кеңеши

                                                   Т о к т о м      к ы л а т :

1. Бел айылдык аймагынын Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин жылытуу системасын, эшик жана терезелерин жаңылоо боюнча үлүштүк гранттан ажыратылып берилүүчү 2 687 268,6 (эки миллион алты жүз сексен жети миң эки жүз алтымыш сегиз сом 60 тыйын) сом акча каражаты өз максатында пайдаланылсын.

1.      Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган проектилерди колдоо боюнча ажыратылган акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнүп берилин.

2.      Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган проектилерди колдоо боюнча ажыратылган акча каражатынын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым үчүн ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Мурзаевке милдеттендирилсин.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 12- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №12/1                               24.05.2014-жыл

“Жоогазын-Нуру” балдар бакчасынын эмгек

жамаатынын кайрылуусун кароо жөнүндө.

 

  Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасынын эмгек жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он экинчи сессиясы

 

                                           Т о к т о м    к ы л а т :

 

1.      Борбаш айылындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ойноочу жайы үчүн Ой-Талаа орто мектебинин жер аянтынан 0,30 га жер аянты ажыратылып берилсин.

 

2.      Ой-Талаа орто мектебинин каклган жер аянтын жана “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасына бөлүнүп берилген жер аянттарын пландаштырып берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.

 

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

   

 

Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

 

 

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 12- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №12/3                               24.05.2014-жыл

Бел айылындагы “Тимурлан-Алым”

атындагы балдар бакчасынын жер

аянттарын тактоо жөнүндө.

 

  Бел айылындагы Тимурлан-Алым балдар бакчасынын иштегенине бир топ жыл болсо да бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик актысы жок.

    Бала бакчасы үчүн берилген жалпы жер аянты 0,52 га болсо азыркы учурда аймагынан турак-жай салуу үчүн жерлер берилип кеткен. Коңшу жайланышкан үйлөрдүн жылып алган фактылары бар. Балдар бакчасынын жер аянтын тактоо максатында Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он экинчи сессиясы

 

                                                 Т о к т о м        к  ы л а т :

 

1.      “Тимурлан-Алым” атындагы балдар бакчасынын жер аянтын тактап чыгуу максатында төмөнк ү курамдагы комиссия түзүлсүн.

 

1.Абдазов М.А – комиссия төрагасы, айыл Өкмөтүнүн жер адиси.

2.Акматов А.К – комиссиянын катчысы, башкы адис.

 

                                           М ү ч ө л ө р ү :

 

3.Махмудов А – айылдык Кеңештин депутаты (макулдугу менен)

4.Маматалиев А.А – Бел айыл өкмөтүнүн адиси

5.Айдарова К.Т.-Тимурлан Алым балдар бакчасынын башчысы

 

      2.  Жер аянты такталып чыккандан кийин нак болгон жер аянтына мамлекеттик акт алып берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин төрагасы:                         Т.Бекботоев   

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 12- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №12/4                               24.05.2014-жыл

 

Айыл аймагындагы Кашка, Күңгөй, Додоң-Бак

Ой бөлүмдөрүнөн ген план түзүү жөнүндө.

 

  
Айыл аймагындагы Кашка, Күңгөй, Додоң –Бак, Ой бөлүмдөрүндөгү жарандарга турак жай салуу үчүн берилген жер участкалары өз учурунда кээ бир кызматкерлер аркылуу ген планы жок эле тартылып берилген. Жарандар өздөрү салып жашап жатышкан турак жайларына мыйзамдуу түрдөгү документтерди жасоодо бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Ошондуктан жарандардын маселелерин чечүү максатында депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он экинчи сессиясы

 

                                             Т о к т о м     к ы л а т :

 

1.      Бел айыл аймагындагы Кавшка, Күңгөй, Додоң-Бак, Ой бөлүмдөрүнө деталдуу пландоо долбоору түзүлсүн.

 

2.      Аталган бөлүмдөргө деталдуу пландоо долбоорун түзүп берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

 

 

3.      Аткарылган иштерге акча каражатын бөлүп берүү жагы Бел айыл окмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 13- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №13/1                               17.06.2014-жыл

 

Айыл аймагындагы Бел жана Борбаш

айылындагы ат коюулбаган көчөлөргө

ат коюу боюнча өткөрүлгөн чогулуштарынын

протоколдорун бекитүү жөнүндө.

 

  Айыл аймагындагы Бел жана Борбаш айылдарындагы кээ бир жаңыдан түптөлгөн көчөлөргө ат коюу боюнча айылдарда өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору менен таанышып чыгып жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он үчүнчү сессиясы

 

                                                    Т о к т о м    к ы л а т :

 

1.      Бел айыл аймагындагы Бел жана Борбаш айылдарында жаңыдан түптөлгөн көчөлөргө ат коюу боюнча айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору бекитилсин жана айылдардын картасында жаңыдан ат коюулган көчөлөргө өзгөчө белгилер киргизилсин.

 

                                                   

 

2.      Жаңыдан ат коюулган көчөлөргө атайын жасалган тактайчаларды жана номерлерди жасатып илүүнү аты көчөгө коюулган жолдоштордун туугандары менен биргеликте жүргүзүү айыл башчыларга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 13- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №13/2                               17.06.2014-жыл

Бел айылына жаңы көрүстөн үчүн жер

ажыратып берүү жөнүндө.

  Бел айылында маркумдар коюулуп жүргөн көрүстөн толуп калгандыгына байланыштуу башка жерден жер көрсөтүп берүү жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз 13-сессиясы

 

                                                  Т о к т о м     к ы л а т :

 

1.      Бел айылынын жашоочуларынын сунуштарын эске алып, жаңы көрүстөн үчүн ыңгайлуу жер болгон Бел айылынын жашоочулары Эркебаевдердин кайрак үлүштүк жерине тиешелүү болгон 4 га жер аянты берилсин.

 

2.      Эркебаевдердин үлүштүк жерин башка жерге которуштуруп берүүнүн мыйзамдуу жолдорун издеп таап, үлүштүк жерлерин тез арада чечип берүү жагы Бел айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

 

 

     Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз 13- сессиясынын

                                                     Т о к т о м у

Бел айылы                                     №13/4                               17.06.2014-жыл

     Бел айыл Өкмөтүнүн 2014-жылдын 07.02.2014-жылда бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү бюджетине 2014-жылдын жарым жылдыгында өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

                                             Т о к т о м     к ы л а т :

 

1.      2014-жылдын 6 айында аткарылган бюджеттик акчанын планын тактоо үчүн 4-кварталга 2-кварталга Р 701 айыл өкмөттүн аппарат бөлүмүнө статья 22154-115,0 миң сом, Р 708 статья 22154-35 миң сом жалпы 150,0 миң сом акча каражатын жылдырууга уруксат берилсин.

    Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн ФЭБ башчсынына жүктөлсүн.

 

2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Бел айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын Бел айылдык

             Кеңешинин  төрагасы:                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

 

 

 

Бел а.                                                                                                                      « 20 » сентябрь 2014-ж

Депутаттардын  Бел  айылдык  кенешинин         

 ( бешинчи чакырылышынын )

                                                                        XIV – сессиясынын

                                                        Токтому .

                                                        № 14/2         

Айыл окмотунун  2014-жылы  бекитилген  бюджетине  озгортуулорду  жана  толуктоолорду   киргизуу  жонундо . 

            2014-жылдын  7-февралда бекитилген  айыл окмотунун   бюджети  боюнча   сметага   ылайык   Г.Эргешов  атындагы Белорук орто мектебине туртку беруучу  грант  алуу учун  195,0мин сом  акча каражаты болунгон . Бул акча орто мектептердин  актив болумундо  статья 3111 ( здания  и сооружения ) негизги мулк имараттарга  керектуу  эмеректерди сатып алууга  каралган  .Бирок  туртку беруучу грантты орто  мектеп  ала албай калган себептуу   болунгон акча каражаты иштелбей калгандыктан  , ал акчаны  башка  статьяга которуп  иштетууго  жана  шартка жараша зарыл болгон статьяларга акчаны  жылдырууга   Бел айылдык  кенешинин  ( бешинчи чакырылышынын )  XIV –сессиясы

 

                                         Токтом  кылат :

 

1.      туртку беруучу  грантка деп сметада  орто мектептердин  2014-жылдын  IV –кварталындагы актив  болумундогу статья 3111-195,0мин сом  каралган акча каражаты  томонку  статьяларга  иштетилсин .

 

2.      а) Р70921 орто мектептерге актив болумундо приобретение  машин  и  оборудование  статья -3112-50,0мин сом (движок ток чыгарчу кыймылдаткыч  алуу учун  ) .  б) Приобретение  предметов и  материалов для текущих хозяйственных  целей  статья -22221100-50,0мин сом   мулкторду сатып алууга жана чарбалык иштерге  иштетилсин .

--- Р70921 электр энергия учун  статья – 15,0мин сом

--  Р70921 артурдуу  чыгымдарга статья 2215-15,0мин сом

--- Р70911 бала/бакчаларга чарбалык  иштерге   статья  - 2222- 50,0мин сом

--- Р70911 бала/бакчаларга  комурго  статья  -2224 -10,0мин сом 

--- Р710  соц жардам учун  статья  2721 – 5,0мин сом .

 

  3.    Ошондой эле  Р70823 Маданият  болумундогу  Спорт онуктурууго  ар турдуу чыгымдарга каралган        статья 2215 -140,0мин сом акчадан   Ноокат  Рай администрациянын 20.08.2014-ж 1-10-632 катынын  негизинде  Эл аралык Ыссыккол кочмондор оюунуга ар турдуу спорттук  мелдештерге   барып катышууга  айыл тургундары  Бекботоев Т, Жороев К, Сыдыков А , Султанов А, Аманов Б , Карабаев К, Кожоев Ы ушул жети кишиге статья 22154900 - 40,0мин сом акча ар турдуу чыгымдар эсебинен толонуп берилсин .

 

4.      Р701 статья -3111 актив болумундогу 150,0мин акчаны томонку багытка жылдырып  Р704 статья 22154900-75,0мин сом  кунгой малага  жаны конуштарга  электро столба алууга ,  р701ст 22154900-75,0мин сомун  айыл тургундарынын  жер участкаларын  деталдык пландоо долбоору учун ( ген план) , кароосуз калган КТП эл/трансформаторлордун  жайгашкан жер ордун  ипз инженердик пландоо шартарын аткаргандыгы учун  келишимдин негизинде толоп беру  максатында  сметадан  статьядан  жылдырып  Ар турдуу  чыгымдардын эсебинен   которуп иштетууго р701 статья -22154900-75,0мин сом  аткарылган ишке  рай архитектурага  которуп берилсин

 

 

 

 

 

 

 

 

Депутаттардын  Бел айылдык кенештнин

                                             Тороагасы                                                                 Т.Бекботоев

 

 

 

      Бел айылдык кеңешинин ( бешинчи чакырылышынын) кезексиз    он бешинчи   сессиянын

                                          Т о к т о м у     

Бел  айылы                      №15/1                                     9-октябрь 2014-жыл       

                                         

                                    2014-2015-жылдардын  кыш  мезгилине  карата                                                                      даярдыктарды  жүргүзүү,электр энергиясынын

лимитин  сактоо жана белгиленген чектөөдөн

ашыкча  сарптоого жол бербөө боюнча эл

   арасында түшүндүрүү  иштерин алып баруу

    жөнүндө.

 

Айыл аймагында социалдык объектилерге электр энергиясын пайдалануу боюнча жеткирилген лимитти так сактоо, ашыкча сарптоого жол бербөө жана эл арасында белгиленген график боюнча электр энергиясынын өчүрүрүлүшү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу. Бел айыл өкмөтүнүн 9 айда түшкөн кирешеден кошумча смета жасап төмөнкү бөлүмдөргө акча каражаты каралсын. Р 701 аппарат бөлүмүнө кошумча түшкөн кирешеден смета жасап, статья 2211 сапар чыгымына акча бөлүү жана Р 704 Күңгөй мааласына жаңы конуштарга электр мамычалары үчүн столба орнотууга акча каражат табуу ст.22154900 максатында   депутаттардын  Бел  айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз  он бешинчи  сессиясы

 

                                         Т о к т о м       к ы л а т :

1.      Бел  айыл  аймагындагы бардык  социалдык  объектилер 2014-2015-жылдын күз-кыш  айларына карата  өздөрүнө  жеткирилген  лимиттерди  так  сактоо,ашыкча сарптоого  жол  бербөө  жагы  социалдык  объектилердин  жетекчилеринин  жеке  жоопкерчилигине   жүктөлсүн.

2.      Айыл   аймагына электр знергиясынан   пайдалануу боюнча  бекитилген лимитти так  сакталсын жана  бекитилген  лимиттен           ашыкча  иштетүүгө жол  берилсе, айыл  аймагында электр энергиясы  кошумча  өчүрүлө  тургандыгы  эске  алынсын.

3.      Өчүрүү  жылытуу мезгили   башталганга чейин графиктин  негизинде эрте  мененки саат 9-оо дөн кечки 18 –оо гө чейин,кыш  мезгилинде саат  9-оо дөн 17- оо гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча  макулдашылгандыгы  жөнүндө   айыл  калкына жеткирилсин.

4.      Мектептерди ,балдар  бакчаларын,саламаттыкты  сактоо мекемелерин кыш  мезгилинде  үзгүлтүкүз  иштөөсүн  камсыздоо үчүн элдин,демөөрчүлөрдүн,жеке  ишкерлердин колдоосу  менен атайын электр  кыймылдаткычтарын сатып  алууну  уюштуруу  чараларын  көрүшсүн.

5.      Айыл  аймагында  калкты  керектүү көлөмдөгү көмүр менен  камсыздоо үчүн сатуу  пункттарын ижарасыз  ачып,аларда көмүрдүн дайыма болушун жана  туруктуу  баада  сатылышын  көзөмөлгө  алуу   айыл  Өкмөтүнүн  тиешелүү  кызматкерлерине  милдеттендирилсин.

6.      Айыл   аймагындагы  электр  чубалгыларына  тийген  бак-дарактардын бутактарын  райондук электр  тармактар ишканасынын кызматкерлери менен  кесүүнү  уюштуруу  айыл   башчыларга  тапшырылсын   жана  бул  ишке   айыл  аймагындагы  коомдук  уюмдардын  жетекчилери да тартылсын.

 

7.      Сессиянын  токтомдорун  калк  арасына  жеткирүү  айылдык  Кенештин  депутаттарына,айыл  өкмөтүнүн  кызматкерлерине,

таасирлүү  адамдарга  тапшырылсын.

 

8.      Айыл өкмөттүн 9 айында киреше салыгына түшкөн подоход, жер салыктардын түрлөрүнөн кошумча смета түзүп, Р 701 статья 2211.35000 сом, Р 704 ст. 22154900 75000 сом, акча каражаты бөлүнүп, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жана акча табуу ФЭБ башчысы К.Мурзаевге жүктөлсүн.

                                                                                           

                             

 

 

 

                                        

 

 

 

 

 

 

Бел  айылдык   Кенешинин  төрагасы:                                 Т.Бекботоев