М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№25-1

19.06.2020

"Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023 -жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"

2.

№25-2

19.06.2020

Он Эки Бел айыл кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө

3.

№25-3

19.06.2020

"Он Эки Бел айылдык кеңешинин 26-декабрь 2019-жылда бекитилген № 20-2 токтомунун 2-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№25-1

19.06.2020

 

"Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023 -жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023 -жылдарга болжолун бекитуу жөнүндөгү маселени " Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-2023- жылдарга болжолу жөнүндөгү " Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелуу мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенешинин " Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук " боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган . Кыргыз Республикасынын " Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү " Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023 -жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 1 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

 2. Кирешенин болжолу 2021-жылга 7061,1 сомго , 2022-жылга 7072,1 сомго,

 2023-жылга 7082.1 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттардан

 тышкары) белгиленсин.

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023 -жылдарга айылдык бюджетинин

 негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл

 алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

3. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык

 негиздерин чындоо ,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу ,

 сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел айылдык Кенешинин " Экономика , бюджет, соода жана ишкердуулук боюнча " туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№25-2

19.06.2020

 

Он Эки Бел айыл кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде калкы 6001ден жогору болгон Он Эки Бел айыл аймагынын Он Эки Бел айылдык кеңешинде 1 штаттык кызмат орду (Он Эки Бел айылдык кеңештин жооптуу катчысы) жана анын айлык акылары каралгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25/119-сандуу чыгуу катынын негизинде Он Эки бел айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаттык жадыбалын бекитип берүү боюнча Он Эки Бел айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.         Он Эки Бел айыл кеңешинин 1 (бир) жооптуу катчысы штаттык бирдиги бекитилсин. (№1 Тиркеме тиркелет)

3.         Бекитилген штаттык бирдикке акча каражатын төлөп берүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн ФЭБнө милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Он Эки Бел айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" жана "Укук, регламент жана мыйзамдуулук " боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Он-Эки бел айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

Т О К Т О М

Он Эки Бел  айылы

№25-3

19.06.2020

 

"Он Эки Бел айылдык кеңешинин 26-декабрь 2019-жылда бекитилген № 20-2 токтомунун 2-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

 Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Парманованын 2020-жылдын март айынан баштап короновирус илдетине байланыштуу айыл аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү убактылуу токтоп калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттары угуп чыгышын төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Он Эки Бел айылдык кеңешинин 26-декабрь 2019-жылда бекитилген № 20-2 токтомунун 2-тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

 3. Финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан аткарууга алынсын.

 2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел

 айылдык Кенешинин " Экономика , бюджет, соода жана ишкердуулук боюнча "

 туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Он-Эки бел айылдык  төрагасы 

 

Д.Кантов                     

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад